Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ,
Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси:
"Акмат Бакиевдин качышына Шейшенбек Байзаковду күнөөлүү деп кызматтан алышкан"

Кеңешбек Дүйшөбаев убактылуу өкмөтчүлөрдүн курамында МУКК жетекчилигине келип, Алмазбек Атамбаев президент болгондо кызматтан кеткен. Артынан "башка өлкөгө качып кетиптир", "Акмат Бакиевдин качышына жардам берген", "Мурат Суталиновду бошотуптур" сымал айың сөздөр ээрчип, көптөн бери жоопсуз калып келаткан. Кеңешбек Асанбекович эми өз чындыгын айтып берди.

- Кеңешбек мырза, эртең Эгемендигибиздин 21 жылдыгы. Ушул арада 4 президенттүү, 24 премьер-министрлүү болуппуз. Өкмөт башчынын орду кайрадан талашта. Кандай жыйынтыкты күтүп жатасыз?
- 21 жыл ичинде 24 деген эсеп жакшы көрсөткүч эмес. Дүйнөлүк коомчулук деле жакшы баа бербейт буга. Саясий өйдө-төмөн интригалар менен өкмөт тез-тез эле алмашып жатат. Ынтымак, биримдикке келип, өлкөгө стабилдүүлүктү орнотуп, экономикабызды көтөрсөк жакшы болот эле. Эми премьерликке татыктуулар көп. Өзүнүн эмес, жалпынын кызыкчылыгын ойлогон, мамлекет үчүн, эл үчүн ак, так, таза, адилет иштеген инсан келсин деп үмүт кылалы.
- Бир учурда президентикке талапкерлигиңизди койдуңуз эле, ал амбицияңыздан кайткан жоксузбу?
- 2005-жылдагы саясий кырдаал президенттикке талапкерлигимди коюуга түрткү болгон. Өзүбүздүн, элибиздин намысы үчүн аттанып чыккам. Азыр эми учур, мезгил өзгөрдү, өзүбүз өзгөрдүк. Президентти 6 жылга шайладык, ага жардамдашып, жакшылыгыбызды ашырып, жамандыгыбызды жашырып, чогуу-чаран ийгилик жараталы. "Чабал өрдөк эрте учат" боло бербейли.
- Азыркы кызматка сизди бири Алмазбек Атамбаев алып келди десе, дагы бири Роза Отунбаева дейт. Бирок Өмүрбек Бабанов "өз чечимим менен алып келдим" деп айтты. Мамилеңиздер кандай?
- Өмүрбек Бабанов жакшы көргөн инилеримдин бири. Менден бир топ жаш кичүү. Жаш болгону менен саясатчы катары да, бизнесмен катары да өсүп жатканы элдин көз кырында. Өкмөт башчы катары буйрук чыгардым десе, анда айтканы туура. Бу кызматка Алмаз Шаршеновичтин сунушу менен келгенимди жашырбайм. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен кызматка жутунган, суранган киши эмесмин. Ары-бери чуркап аракет кылган да эмесмин. Кудайдын буйругу экен, келип калдым. Алмаз Шаршенович ишенип алып келгенден кийин чын ниеттен таза иштеп бергенге аракет кылабыз. Канча убакыт отурам, аны бир кудай билет.
- Эгер Алмазбек Шаршенович ишенип алып келсе, МУКК жетекчилигинен эмнеге алып салды эле, кайсы күнөөңүз үчүн?
- Кандайдыр бир күнөөм үчүн алындым деп ойлобойм. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Роза Исаковна менен бир жыл сегиз ай иштедим. Анан парламенттик-президенттик шайлоо болду, президент шайланды. Жаңы президент келгенден кийин, албетте, ал өзү каалагандай кадрдык жана башка саясатын жүргүзүшү керек. Президенттин: "Бу жерде башка киши иштеш керек",- деген чечимин мен туура эле көрдүм, кадыресе эле кабыл алдым. Кызмат бүгүн бар да, эртең жок. Атабыздан калган мурас эмес да.
- МУККнын жетекчилигинен кеткенден кийин көпкө көрүнбөй калганыңыздан ар кыл кептер, божомолдор айтыла баштады, чет өлкөгө чыгып кетиптир, качып кетиптир деген сыяктуу. Деги кайда жүрдүңүз?
- (Күлөт) Кайда жүрдүк?.. "Качып кетиптир, андай болуптур, мындай болуптур",- дегендер жөн эле ушак. Кайсы күнөөм үчүн мамлекеттен качышым керек? Кылмыш иши козголгон жок, козголушу да мүмкүн эмес. Себеби мамлекеттин, элдин алдында абийирибиз таза, ишибиз ак. Эч жакка качкан жокпуз жана качпайбыз. Ата-бабам баскан, киндик кан тамган жерди кантип таштап кетем?! "Качты" деген ушакты жамандык издеген гана адам таратса керек. Болбосо кызыкдар адам издеп тапмак. Мен Кыргызстанда эле болдум. 8 ай бош жүрдүм. Ден соолугумду чыңдап, үйдүгү иштер менен алектендим. Жубайымды ээрчитип, Кавказга барып эс алып келдик. Достордун чакыруусу менен Кытайга барып келдик.
- "Акмат Бакиевдин абактан качып кетишине жардам берген" деп да жүрүшөт…
- Мен кызматтан кеткенде Акмат Бакиев бу жерде эле, камакта болчу. Анын качып кетишине менин кандай тиешем бар? Менин билишимче, Акмат Бакиевдин качышына Шейшенбек Байзаковду күнөөлүү деп кызматтан алышты.
- Апрель ыңкылабынан соң Мурат Суталиновду каратып туруп кое бергениңизчи? Ал кишинин сиз кызматтан кетериңиз менен сот залында пайда боло калганы да кызык…
- Мурат Суталинов мен кызматта турганда келсе, анда кеп-сөзү жок камалмак. Мен кызматтан кеткенден кийин чыга калганы мага да табышмак. Ким менен сүйлөшүп, кантип, кандайча келгенин биле албайт экенмин. Ал эми Суталиновдун 7-апрелде кеткени боюнча да кээ бир саясатчылар "каратып туруп кое берген" деген ушак таратып, тастыктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлүп, Баш прокуратура кылдат иликтеп чыгып, күнөөм жоктугун тастыктаган. Эчак аныкталган ишти кайра ушакка айлантуунун канчалык кажети бар, түшүнбөйм. Мени каралоо үчүн чыгарылган ушак деп эсептейм.
- "Мекен шейиттери" уюму пикетке чыкканда каржылаганыңыздын канчалык чындыгы бар?
- Ал дагы болбогон сөз. "Мекен шейиттери" уюму менин каржылоомо муктаж деле эмес. Алар массалык маалымат каражаттарына маалымат берип жатып, сөз арасында менин акча бергеним тууралуу айтышкан экен. Аларга бир жолу акча бергеним чын, аны танбайм. Аны саясатка айлантуунун кереги жок, мен аны 7-апрелде шейит кеткен баатырларга куран окутуп койгула деп бергем. Кызматтан кеткенден кийин бир нече айлык акымды, кошумча каражатымды, кыскасы мыйзамдуу түрдө алган маянамды кошуп, ошонун эсебинен 100 миң сом бергем.
- Кримавторитет Камчы Көлбаев менен Акматбек Келдибековдун "Капризде" жолукканы тууралуу маалыматыңыз болгон турбайбы? Дегеле криминалитеттин чабышы канчалык деңгээлде сиздин көзөмө­лүң­үздө болгон?
- Ал боюнча да сөздөр айтылып, жазылган. Баш прокуратура текшерип чыккан. Биз дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп, жообубузду Жогорку Кеңеште бергенбиз. Ал жоопту кайталоонун кажети жок го дейм.
- Азыр уруу-урууга бөлүнүп, курултай өткөрүп чогулмай адатка айланып барат. Сарбагыш уруусунун мыктыларын чогултуп, жыйын өткөрүп жаткан турбайсызбы. Мындай көрүнүш санжыра чечмелөөбү же саясатпы?
- Ооба, мен сарбагыш уруусунан болом. Чогулуп, курултай өткөргөнбүз, өткөрүп жатабыз жана келечекте дагы өткөрөбүз. Бирок муну дагы саясатка айлантпаш керек. Уруу-уруулардын чогулганы саясат эмес, ата-бабабыздын санжырасын, тарыхын, акыл-наасаатын, мурасын калыбына келтирүү деп эсептейм. Улууну кичүү сыйлабай калды, аял эркекти урматтабай калды. Үй-бүлө ынтымагы кетти. Адамдык касиетти артка таштап, акча, байлык, дүнүйө дегенди биринчи орунга коюп алдык. Ушундай бир туңгуюктан чыгуу үчүн санжыраны, басып өткөн жолубузду, тарыхыбызды билип алсак жаманбы?! Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак жаманбы?!
21 жыл мурун Кыргызстан эле эмес, көп мамлекет эгемендик алып, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүгө алды. Дээрлик көпчүлүгү далай жаман-жакшыны башынан өткөрүп, көп кыйынчылыктарды көрдү. Алардын арасында, албетте, биз дагы, кыргыз эли барбыз. Канча кыйынчылык көрсөк, баарын жеңип келатабыз. Далай-далай ийгиликтерибиз дагы алдыда деп ойлойм.
Эртеңки Эгемендик майрамыбыз менен кыргыз элимди куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм. Ал эми сиздер, журналисттер, жалаң жакшылыгыбызды жазып, чындыкты гана чагылдыргыла.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??