Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Эмнеге КСДПга коалиция түзүү укугу берилди?

Өлкөдөгү саясий окуя, процесстердин кескин өнүгүп аткандыгына байланыштуу атайын тегерек стол уюштуруп, Кыргызстандагы бүгүнкү саясий абалдын тегерегинде кеп кылууну туура көрдүк. Калыстык болсун деген максатта парламенттеги ар бир фракциядан өкүлдөрдү чакырдык. "Барып катышам, айтар сөзүмдү айтам",- деп келүүгө убада беришкен менен чакырылгандардын кээ бирлери ар кандай себептерден улам келбей коюшту. Депутат Курманбек Дыйканбаев келүүгө убада берип, ал күнү Таласка кетип калыптыр. Тегерек столубуз депутаттар Өмүрбек Абдрахманов, Туратбек Мадылбеков жана Каныбек Осмоналиевдин катышуусунда өттү.

-Коалиция таркап, өкмөт да отставкага кетти. Мындан аркы саясий жагдай кандай болушу мүмкүн? Ушул туурасында кеп кылсак.
Каныбек Осмоналиев,
ЖК депутаты, "Ар-Намыс" фракциясынан:
-Кээ бирлер өлкөдө азыр саясий абал оор, эми кыйын болот деп атышат. Экинчилери эч нерсе болгон жок, баары жайында деген пикирде. Окумуштуу катары бир нерсени айткым келет. Бизде чынында жөнөкөй эмес кырдаал түзүлдү. Конституцияны жаңылап, парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин ушул система менен жашап көрүшүбүз керек. Бул системанын табигаты ушундай. Азыркыдай көрүнүштөрдүн болуусу мыйзам ченемдүү нерсе. Мен муну бул жерде "атамекенчи" Турат Мадылбековго жагалданып айтып атканым жок. "Ата Мекен" фракциясы Бабановдун отставка маселесин эң туура көтөрдү. Керек болсо маселе кечигип көтөрүлдү. 4 фракциянын колдооосун алып, өкмөт башына келгенден кийин иште да. Иштей албасаң, иштей алчуларга бер. Бул жерде Бабановдун кеткенинен саясий оюндарды чыгарбастан, "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" фракциясын колдоп коюшубуз керек. Эки фракциянын коалициядан чыгуусун президент колдоп, өкмөттүн отставкасын кабыл алганына рахмат айтышыбыз кажет.
Туратбек Мадылбеков, ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
-Коалициянын бузулуп, өкмөттүн кеткенин трагедия кылбайлы. Коалицияга кирип атканда "Ата Мекен" фракциясы кыйылып атып араң кирген. Коалицияда болсок да, өкмөттү сындап турабыз дегенбиз. Бабановду Жогорку Кеңешке көп чакырдык, эки эле жолу келди. Коалициялык кеңешменин жыйынына ай сайын келип туруусу керек болсо, бир гана жолу келди. Анда да өзүнүн меркантилдик кызыкчылыктары үчүн келген. Биз коалицияга кирип аткандагы сөзүбүздү аткарып, Бабановдун мыйзамсыз, былык иштерин ачыкка алып чыктык. Бул жерде Өмүрбек Абдрахманов олтурат. Бул киши 2011-жылы комиссиянын башында туруп, Бабановдун көп жаман жактарын алып чыккан. Туурабы, Өмүке?
Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын эркин депутаты:
-Туура, бүт Текебаевдин "данныйлары" менен болгон ошолордун баары. Көрсө, ошонун баары алдын-ала жасалган экен. Менин кабинетимден чыкчу эмес Текебаев ошондо.
Т.М.:
-Ошол комиссиянын башчысы катары ишти аягына чыгарбай койду. Бизде күмөн бар. Бабанов менен сүйлөшүп алып, ишти токтотуп койду деген. Болбосо иш аябай жакшы жүрүп аткан. Бабановду ошондо эле кетириш керек болчу. Бабанов ошондо 1 жыл 8 ай иштеди. Анан айрымдар 8 ай, 1 жыл иштеди деп атышат. Мындай "мошенниктерди" Кыргызстандан кууш керек. Ал деген "мошенник высшего класса".
Ө. А.:
-Мамлекеттин тагдыры, өнүгүү, эртеңки абал боюнча сүйлөшпөйлүбү. Мындай болсо мен кете берейин анда. Дароо эле мага чабуул коюп киришти.
Т. М.:
-Бул киши качып кетет азыр. Бабановдун алдына качып барат. Өмүрбек Абдрахманов жүргөн жер чатак. Эч нерсени "разбиратся" этпей эле оюна келгенди оттой берет.
Ө. А.:
-Эмне чатак кылдым?! Мен силерге окшоп гектарлаган жерлерди алган жокмун! Силерге окшоп Ширшовдун үйүн өздүктөп алган эмесмин!
Т. М.:
-Сенин шишиң толду. Жакында Америкаңа кайра качасың. Жогорку Кеңеште диванды кантип сатканыңа чейин ачыкка чыгарабыз. 100 миңдик эмеректи миллионго сатканыңды Эсеп палатасы чыгарбадыбы! Жогорку Кеңештин акчасын керегинче жедиңер! Ошол үчүн жооп бересиңер!
Ө. А.:
-Керек болсо 10 миллионго сатам. Бул сенин ишиң эмес! Силер анда Жогорку Кеңештин жанындагы кеңсеңердеги эмеректердин акчасын төлөп бергиле! Асия Сасыкбаеваныкын толугу менен төлөп койгула! Жекшенкуловдун үйүндөгүлөрдү төлөп бергиле! Асия АКШга канча жолу барып келди?!
DF:-Темабыздан четтеп кеттик, өлкөдөгү саясий абал боюнча кеп кылсак. Туратбек мырза, сөзүңүздү аягына чыгарсаңыз.
Т. М.:
-Тилекке каршы, бул премьерибиз жакшы болбой калды. Кыргызстан үчүн эч нерсе кылган жок, жебеген, ичпеген, коррупциядан алыс адамды алып келишибиз керек. Бизнесмен адам өкмөт башчы болбошу керек экен. Алар мамлекеттики менен өзүнүн капчыгын алмаштырып алат турбайбы. Биз муну менен токтобой, Бабановдун башка былык иштерин ачыктап, анын ким экенин элге көрсөтөбүз. Чүйдү эле алалы. Бабанов премьер болгону, Чүй аймагында бир күркө коерлук пайдубал тургузулган жок.
Ө. А.:
-Бул өкмөт асмандан түшкөн жок. Ушул кечээ таркаган коалиция кураган. Мен башында эле коалицияга кошулбай эле коелу деп айткам. Ал убакта Бабановду сындап жүргөнбүз. Текебаев ал убакта менин кабинетимен чыкчу эмес. Текебаев Бабановго каршы көптөгөн негизи жок фактыларды бере берчү мага. Ошентсе да мен алардын баарын көтөрүп чыккам. Кийинчерээк кайра: "Бабанов премьер болот, жакшы жигит, коалицияга киришибиз керек",- деп калды. 20-декабрда мен үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу АКШга кетип калган элем. 10-январда келсем, бир добуштан Бабановду өкмөт башчылыкка шайлашыптыр. Таң калганым, 20-январдан тартып "давайте Бабановду кетиребиз" деп депутаттар келе башташты. Депутат Каныбек Ималаниев келиптир: "Бабановду кетирбесек болбойт",- деп. Депутат Равшан Жээнбековду бир топ эле күүлөп коюптур. Экөөсү Равшандын иш бөлмөсүндө Бабановду кетирүүнү катуу сүйлөшүшкөн. " Анда эмне добуш берип колдодуңар? Ошондо каршы добуш берсеңер, азыр "кетсин" дегенге моралдык укугуңар болмок. Ошондо шайлап, бир ай өтпөй кайра кетиребиз дебаткан силерде уят барбы? Мындай афералык оюнуңарга катыша албайм",- деп чыгып кеткем.
Андан кийин Келдибековду кетирүү маселеси көтөрүлдү. "Ата Мекендин" бир жыйынында депутат Калмаматов: "Спикерди да, өкмөт башчыны да кетирели",- деген маселе койду. Биздин "лидерибиз" аябай кыраакы киши да. "Жок, шашылбайлы, бирден кетиребиз. Алгач Келдибековду, андан соң Бабановду, андан кийин тээ жогору жактагы бирөөнү кетиребиз",- деп колунун сөөмөйү менен көрсөтүп койду. Анысы ким экенин биз билбейт экенбиз... Ушул жерден сиздерге бир суроо бергим келип атат. Элдин баары билсин. Абийириңердин алдында чын жооп берсеңиздер. Эми премьерликке дагы чоң бизнесмен сунуш кылынса, позицияңыздар кандай болот?
К. О.:
-Тилекке каршы, акыркы 20 жылда ким чоң бизнесмен, ким кичине бизнесмен экендигин көрсөткөн критерий жок. Эгерде бул жолу да өзүнүн бизнесин 1-орунга кое турган адамга добуш бериш керек болуп калса, мен анда ачык эле каршы добушумду берем. Себеби бизнесмен адам эч убакта өзүнүн бизнесин унута албайт экен. Адамдын табияты ушундай турбайбы.
Т. М.:
-Ири бизнесмен келе турган болсо, мен колдобойм. Бул менин жигиттик сөзүм, шертим.
Df:-Бизде бир адат бар. Чоң коррупциялык иштер менен айыпталып шектелгендер да эч кандай жоопкерчиликке тартылбай калышат. Азыр "атамекенчилер" Бабановду коррупциялык иштер боюнча айыптаса, "республикачылар" "атамекенчилерди" мародерлук боюнча айыпташууда. Бул маселени көз жаздымдан кетирүүгө болбой калды. Чоң маселеге айланып кетти. Бул иштин аягында кимдир-бирөө жоопкерчиликке тартылабы? Же ушинтип барып, дым-дым болуп калабы?
К. О.:
-Бул намыстын иши болуп калды. Чынында абдан чоң айыптар тагылууда. Бир бала абакта олтуруп алып эле оозуна келгенди айтып атат. Ошондуктан эки тарап тең бири-биринин айыптоолору боюнча тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлөрү жок болсо акталышып, айыптоолор далилденсе жоопкерчиликке тартылуусу абзел. Мында Бабанов да, Текебаев да чоң эрдик кылып атат. Элге ачык айтып, бири-бирин айыптоодо. Кептин баары ушунда. "Аке-үкөлөп" маселени жең ичинен бүткөрүп же элди көчөгө алып чыгып, чабыштырып коюшу мүмкүн болчу да. Андайга барышкан жок. Парламентаризмдин, демократиянын бир көрүнүшү болууда.
Т. М.:
-Келдибеков спикерликтен кетип атканда да ушул маселени көтөргөн. Абдулла Юсупов деген кат жазып койсо, Келдибеков ошону таркаткан. Андан бери 10 ай өттү. Бабановдор ошондо кыйкырып чыкпайт беле. Биз анын былыктарын ачык чыгара баштаганда ушул нерсени чыгарып, коомчулуктун көңүлүн ушуга буруп койду. "Мени көп чукубай өздөрү менен алек болуп турсун" деген ыкма болгон. Мен 2010-жылы апрелде Бишкек шаарынын коменданты катары мародерлук кылганга дегеле убактым болгон эмес. Менин ар бир кадамым башкалардын көзөмөлүндө болчу. Мен укук коргоо органында 30 жылга жакын иштедим. Ким "мошенник", ууру экенин жакшы билем. Ошол эле бизди, "атамекенчилерди" айтыптап аткан "республикачы" Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматовдордун ким экенин билем. Булар Бүргөндүдөгү газ сактоочу жайды өздүктөп алышыптыр. Керек болсо, биз алардын былыктарын, коррупциялык иштерин ачыккка чыгарып, Бишкектен кууп чыкканга чейин барабыз. Өмүрбек Абдрахманович да Бабановду коргоп, жактап атат. Менимче, бул киши да ага көз каранды болуп, алчусун алып койсо керек.
Df:-Коалицияны түзүү КСДП фракциясына президент тарабынан берилди. Жаңы коалиция кандай курамда түзүлүшү керек деп ойлойсуздар?
К. О.:
-КСДП фракциясы өзүнүкү болгон үчүн 3-ирет берип олтурат. Кимге берет, аны менен ишим жок. Анткени мен коалиция түзүүгө катышып, "соода" кылганга акым жок. Эркин депутатмын да. Кайра эле ушул коалиция куралып, өкмөттү түзө турган болууда.
Т. М.:
-"Кол ийрисине тартат" дегендей, президент өзүнүн фракциясы турса, башкага бериши кыйын эле. Биздин фракцияга берилет го деген ойдо элек. Бирок биз "Республика" фракциясы менен чабышкандыктан, бизге берилбей калды окшойт. Эми биз өткөн катачылыктардан сабак алып, министрлерди шайлоодо бир орунга 2-3 талапкерди алып чыгуу аркылуу добуш беришибиз керек. Жумшак рейтингди министрлерге карата колдонгон туура болот. Ошондо тандоо болуп, күчтүү талапкер утуп чыгат. Мындай жол менен өкмөттү түзүүнү мыйзамдаштырып койсок да болот.
К. О.:
-"Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" деген болуудабыз. Эсиңиздерде болсо, "Ата Мекен" менен "Ар-Намыстын" жарымы оппозициялык милдетибизди жакшы аткардык. Ушул функцияны "Ата Журт" фракциясы аткара алган жок. Коалицияны түзүүдө "Ар-Намыс" менен "Ата Мекендин" моралдык укугу бар болчу. Себеби КСДП буга чейин 2 ирет түздү, "Республика" да түздү. Эми бул ирет да КСДПга орусча айтканда "из каких соображений" коалиция түзүү укугу берилди, түшүнүксүз.
Df:-Кээ бирлер өкмөттүн отставкасы менен бирге парламенттин таркатылуусу керектигин айтып атышат. Парламентарийлер катары буга сиздердин позицияңыздар кандай?
К. О.:
-Таркашы керек болсо таркасын. Мен деле колдойм. Башка маселе, биз кетсек, ким келет? Эгерде парламент азыр күч менен таркатыла турган болсо, кайра эле күч менен башкасы келет. Андан кандай утуш алабыз?
Т. М.:
-Парламентти таратуу керек деген маселени өткөн шайлоого катышып, өтпөй калган партия лидерлери, активдүү мүчөлөрү көтөрүшүүдө. Парламент таркап кетсе, биз келип калабызбы деген ниеттери бар. Биздин парламенттик тарыхта биздей иштеген депутаттар болгон эмес. Ачык тирешүү, чабышуу жолдо иштеп атабыз. Ушундай жолдо коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеп, башка бийлик бутактарын көзөмөлдөп, тескери, мыйзамсыз иштерин айтып атабыз. Эл, коомчулук парламенттеги тынчтыкты, биримдикти депутаттардын милдетин аткарбай калгандыгы, өкмөт менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык көрүнүштөргө батып аткандыгы катары түшүнө башташы зарыл. Тескерисинче эл, коомчулук бүгүнкү парламенттин ишин колдоп, кубаттап турса, бизге дем, күч болмок. Ошондуктан бүгүн парламентти таратууга эч кандай негиз, себеп жок.
Ө. А.:
-Албетте, депутаттар эч качан кеткилери келбейт. Бир гана учурда, президенттен сигнал болгон учурда кетиши мүмкүн. Эгерде президент парламенттин тарашына кызыкдар болсо, анда ага жетише алат. Алгач фракция ичинде каралат, анан элди көтөрүп чыгат. Бүгүн парламентти таратууга президент кызыкдарбы? Эч кандай кызыкдар эмес. Президент үчүн мындан ыңгайлуу, мындай жагымдуу парламент табылбайт. Күнүнө баары чачпагын көтөрүп, чуркап турушат. Ар кандай сунуш, кеңештерин айтып, жагынышып, президенттик бийликти күчөтүп атышат. Айтты, койду дебегиле, эмитен президенттик бийликти абсолютташтыруу аракеттери ушул эле парламент тарабынан жүрүүдө. Конституцияны аттап өтүп, тышкы саясатта президенттин ыйгарымын чоңойткон мыйзамды кабыл алып беришти. Кокус тышкы саясатта "провал" болуп калса, ким жооп берет? Коррупция маселесин да Текебаев президентке жүктөп койду. Коррупция менен күрөштүн натыйжасы болбосо ким жооптуу болот? Бүгүн премьерди тандоо укугун берип, кээ бирлер "каалаган талапкериңизди сунуш кылыңыз, колдоп беребиз" деп атышат. Ошентип президенттик бийлик күчтөнөт. Мындан ары спикер, премьер күнүнө барып ажого отчет берип турат. Жүрүп олтуруп президенттин да шиши толушу мүмкүн. Анан ошол эле кошоматтын коюн сойгон кишилер импичмент жарыялап чыгышат. Дагы саясий туруксуздук башталышы мүмкүн. Ошондуктан биз президентке тийбейли, Башмыйзамдагы ыйгарым укуктарынын негизинде иш алып бара берсин. Кошоматчылык, жагалдануучулуктарды токтотуш керек. Биз буга чейинкидей болуп президенттик бийликти абсолютташтыргандан коркушубуз кажет. Премьер кетет, жаңысы келет, иш жүрө берет.
Df:-Өкмөттүн отставкага кетишине өлкөнүн экономикасынын солгундап кеткендиги негизги себептерден болду. Эми Бабанов кетирген катачылыктарды оңдоп, экономиканын абалын жакшыртчу премьерге ээ болобузбу? Же дагы бирин шайлап, ал да жакшы иштей албай, бир жылга жетпей анын отставкасын талап кыла баштайбызбы?
К. О.:
-Акаев бийликте турганда "ашууда ат алмаштырганга болбойт" деп айткан элек. Бакиев келер замат да ошентип айттык. Эми ушул маселе Бабановго байланыштырып айтылууда. Таң калам, ушинтип айткандар кыргыздын салтын, кыргыз элин, кыргыздын генефондун мазактагандар. Кыргыздын уучу куру эмес, Манас өлгөндө Каныкей, Чыйырды, Бакай үчөө эле оокатын кылып кетишкен. Колунан иш келген, акылдуу, даанышман, көрөгөч адамдар көп бизде. Маселе, ошондойлорду таап, иштете билишибиз зарыл болуп турат. Бизде 1000ден ашык премьерликке талапкерлер бар.
Ө. А.:
-Жаңы өкмөттүн башына керт башын сайып иштей турган адам келиши керек. Бабановдон мыкты премьерге ээ болобузбу? Мыкты деген түшүнүктүн критерийи жок. Эгерде батышчыл болсун десек, анда мен премьер болушум керек. Күч менен башкара турганды кааласак, анда Текебаев турат. Либералдык көз караштагы адам болсун десек, анда Равшан Жээнбековду шайлайлы. Кийинки премьерликке ким келсе да чындап элди, мамлекетти ойлогон адам болсун. Анан буга чейинкидей фракциялар ичинде "меникин койбой койдуң, тигини дайындабай койдуң" дегендей көрүнүштөр болбоого тийиш. Эгерде андай болсо, 3 ай өтпөй ал өкмөт башчыны да "кетсин" дей башташат. Маселенин баары ушунда болуп атат...
Мирлан
Дүйшөнбаев






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??