Сейрек кездешүүчү металлдар Кыргызстанды ирдентеби?
Сейрек кездешүүчү металлдарды өздөштүрүү менен адам баласы көптөгөн артыкчылыкка ээ болду. Жерде туруп эле телескоп, спутник жардамы менен космостогу кубулуштарга көз салууда. Өтө тез ылдамдыкта жүрүүчү поезддер, автомашиналар пайда болду. Чоңунан кичине балага чейин уюлдук телефон көтөрүп, ишканалар компьютерлешип жатат.

Дүйнө экономикасы сейрек металлга көз каранды
Сейрек кездешүүчү элементтерге Менделеевдин мезгилдик системасындагы: родий, марганец, кобальт, индий, ниобий, галлий, тантал, палладий, платина, ванадий, титан, литий, теллур, селен, гафний, цирконий, рений, германий жана лантан баштаган сейрек кездешүүчү 17 элемент кирет. Учурда дүйнө экономикасын буларсыз элестетүү өтө кыйын. Айталы, мындан 20 жыл мурда телефондор жез менен темирден, арип терүүчү машина ванадий болотунун турса, азыркы уюлдук телефон 40, компьютер 60 элементтин кошундусунан турат. Родий, палладий, ванадий, неодим, лантан автоиндустрия үчүн абадай зарыл. Жарым өткөргүч, оптика жана электроника тармагы германий, галлий, индий жана европийге муктаж. Литий электр тогун өндүрүү үчүн керек. Ниобий, молибден, вольфрам жана танталды өтө бекем куймаларды алуу үчүн колдонушат. Теллур, индий, галлий жана селен күн нурунан энергия алууга жардам берсе, титан менен ренийсиз эч бир учак асманга көтөрүлбөйт. Сейрек кездешүүчү металлдар жаратылышта өз алдыча кездешпейт. Мисалы катары айтсак, дүйнөнүн эч бир жеринде кобальт, галлий, индий, родий, германий, селен, теллур жана ренийдин кени жок. Буларды көбүнчө темир, алтын, жез, күмүш менен чогуу казып, бөлүп алышат.

Гибрид машине көбөйгөнү талап дагы өстү
2008-жылы серепчи Айвэн Херринг дүйнөлүк экономикага абадай зарыл металлдардын тизмесин жарыялаган. Алар: родий, молибден, платина, литий жана сейрек кездешүүчү металлдар тобу. Айрыкча табиятта чогуу кездешчү родий менен платинага болгон талап күн санап өсүүдө. Ар бир жаңы үлгүдөгү автомобилге родий менен платина кошулмасынан жасалган катализатор коюлат. Бул эки металл анда толук күйүп, жок болуп кеткендиктен, кайра калыбына келтирүү эч мүмкүн эмес. Окумуштуулар бул экөөнүн ордун алмаштырчу кошулма жасоого канча аракет кылбасын, азырынча майнап жок. Автомобиль жасоочу компаниялар болсо күн санап чыгымды аз талап кылган гибрид машиненин санын көбөйтүүгө жан далбас урууда. Мисалга, Toyota Prius жана Honda Insight компаниялары жасаган акыркы үлгүдөгү машинелердин аккумулятору кеминде12 кил лантан, 30 кил никель, 2 кил кобальттан турат. Дүйнөлүк эксперттердин айтымында, 2015-жылы дүйнөдө гибрид машинелердин саны 25%га көбөйөт. Бул демек, сейрек кездешүүчү металлдар көбүрөөк керек деген кеп.

Кытай экспорту жапондорду Орто Азияга түрттү
Дүйнөдө сейрек кездешүүчү металлды өндүрүү боюнча Кытай астына эч кимди сала элек. Баян-Обо кенинен жылына 125 000 тонна сейрек кездешүүчү металл казып алып, Япония, АКШ жана Батыш өлкөлөрүнө сатып турат. Көзүр кимдин колунда болсо, оюн ошого жараша жүргөндөй Кытай 2009-жылы сейрек металлдарды сыртка ташууга чектөө кийриген. Ушундан кийин расмий Токио, Вашингтон жана Брюссель Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Кытайга каршы чара көрүү талабы менен кайрылган. Алар Бээжинди өндүрүлгөн затты өлкө ичинде алып калууда деп айыптап чыгышкан эле. Жакында эле Кытай экспорттоо квотасын 2,7%га көбөйткөнү маалым болду. Бул уруксаттын негизинде кытай компаниялары сыртка 21 миң 226 тонна металлды сыртка сата алат. Бирок, мындай сумма дүйнөлүк өндүрүш үчүн өтө аз. Ошол себептүү, Япония сейрек кездешчү металлды башка мамлекеттерден сатып алууну да көздөп атат. Ушундай мүдөө менен жакында эле жапон инвесторлору Казакстанга келип 30 тонна диспрозий (сейрек металл) алууга келишим түзсө, Кыргызстанга мындан ары иштешүү сунушун киргизип жатат.

Кыргызстан сейрек металлга байбы?
Жапондордун Кыргызстанга көз артып жатышы бекеринен эмес. Геология жана минералдык ресурстар агенттиги берген маалыматка таянсак, Кыргызстанда 20га жакын сейрек металлдардын кени бар. Алардын эң ириси Чүйдөгү Кутессай кени. Бул жерде лантан, церий, празеодим, неодим, иттрий, европий и лютеций элементтеринин өтө чоң запасы жатат. Андан тышкары, Ысык-Көлдөгү Сары-Сай, Таластагы Кара-Жылга, Жалал-Абаддагы Чүмөлү, Чүйдөгү Куперлисай, Оштогу Талдык, Кундалек, Ак-Суу, Кырк-Булак, Жиндон кендеринде сейрек кездешчү элементтин кору уюп жатат. Адистердин айтымында, алардын кору кеминде 56 жылга жетет. Жылына 250 миң тонна казып алып, сыртка сатса өлөсөлү экономика ирденмек дешет.


Кубат Осмонбетов, академик:
"Сейрек металлдар иштетилбей калууда"
Белгилүү геолог, академик Кубат Осмонбетов бир ирет алтын менен кошо казылып алынган молибден жана рений иштетилбей ташталып атат деген эле. Бүгүн биз ошол маселеге кайрылууну эп көрдүк.

- Кубат агай, Кыргызстандын аймагында рений элементи барын айттыңыз эле. Дүйнөлүк рынокто бул металлдын куну жогору дешет.
- Рений бул-өтө баалуу жана сейрек металл. Негизинен аскер өнөр-жайында, аба-космостук чөйрөдө колдонулат. Жер бетинде өтө сейрек кездешет. Мурда аны молибден менен чогуу жайгашат деген түшүнүк бар эле. Кийин көмүрдө да болорун аныкташты. Бирок, негизинен молибден менен чогуу кездешет. Союз учурунда ренийди казактын Жезказган кенинен алышчу. Азыр орустар Курилдин Итуруп аралындагы Кудрявый жанар тоосунан ала баштаптыр. Ал жерден күн сайын абага курамында 2, 5 тонна ренийи бар газ бүркүлөт экен. Дүйнөлүк рынокто бул металлдын 1 кили 2,5-3,5 миң доллар турат деп угам.
- Молибден менен чогуу болот деп атасыз? Бизде молибден кени канча?
-Биздин аймакта рений молибден менен чогуу жайгашкан. Биринчи жолу молибден кени 1927-жылы Жумгал районунун Орто-Кууганды суусунун жанынан табылган. Учурда 180ге жакын молибден жана молибдендүү кендер бар. Түндүк Тянь-Шандын молибден кендери тоо тектери менен байланышта. Алар: Жанграк, Курган, Ак-Түз, Куперлисай, Кувакы жана Безводный кендери. Ал эми ортоңку Тянь-Шандагы Көктурпак кенинде молибден-вольфрам, Кызыл-Бел кенинде молибден-ванадий, Куру-Тегерек кенинде алтын-молибден бар. Тескей Ала-Тоодо Сары-Жаз кенинде да молибден-ванадий чогуу жатат. Кен Оттук суусунан чыгышты карай созулуп, Муз-булак суусуна чейин барат. Санай берсе мындай кендер көп эле. Маселе аларды чалгындап, изилдөөдө эмеспи. Тилекке каршы, бул иштер бизде жүрбөй келет. Жападан - жалгыз Кутессай 1,2,3 кенинде гана геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, сейрек металдардын запасы эсептелген. Ал жердеги молибденди иштетсе запасы кеминде 50-60 жылга жетет.
- Сейрек кездешчү металлдарды өндүрүү менен Кыргызстандын казынасы толобу?
- Азыр ренийге, дегеле сейрек металлдарга дүйнөдө талап аябай өсүп атат. Ренийди көбүнчө жаңы муундагы реактивдүү кыймылдаткычтарды жасоого колдонушат. Пайдасы аябай эле жогору. Тилекке каршы, бизде ал иштетилбей жатат. Буга чейин мен көп эле жолу айттым. Инвесторлордун көбү кендердин алтын же күмүшүнө эле кызыгып казууда. Ал эми калган элементтер иштетилбей калууда.

Санжи Туйтунова