Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

"Ары жокко дары жок" дечү беле?
Парламенттеги "партизандар" парады
Кыргызстандагы саясатчылардын ичинде туруктуу принцип, позициянын жоктугун ушундан билели, бийлик алмашкан сайын кечээ эле аркы жээкте жүргөн саясатчыларды берки жээктен көрүп, кайнаса каны кошулбагандардын бир казандан көрүп эле келатабыз. Кыргыз саясатындагы мындай саткынчылык, принципсиздик көрүнүшү Жогорку Кеңеште да орун алган. Алгач "Ар-Намыс" фракциясындагы депутаттар тобу Куловго каршы чыгышса, кийинчерээк "Ата-Журт" фракциясынын бир катар депутаттары өзүнчө блог болушкан эле. Кечээ жакында эле "Республиканын" ичинде ырк кетип, кээ бир "кыйындары" өз алдынча кыймыл түзгөнгө чейин барышты. Эми болсо "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Республика" фракцияларынын 12 депутатынан турган "Тартип жана стабилдүүлүк үчүн" блогу түзүлдү. Бул коалиция түзүлүп, саясий, кызматтык "соодалар" башталар алдындагы ажого болгон "биз барбыз, эске алып коюңуз" деген кошоматчылык, жагынуучулук беле, ким билсин, чү дегенде эле ажого кат жолдоп, анда "...биз сиздин саясий багытыңызды колдойбуз. Премьерликке кимди сунуштасаңыз, кош колубуз менен колдойбуз" деген тейде билдиришти. Ушул жерден бир нерсени байкасак болот, ушундай блогдун курамына өз алдынча туруктуу позициясы, сөзү, кеби жок, харизмадан куржалак, эң ириде меркантилдик кызыкчылыктарын ойлогон, "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" принцибинде ыргылжың абалда жүрүшкөн депутаттар кирип келишет. Бул жолу да ошондой болду. "Тартип жана стабилдүүлүк үчүн" блогунун курамына өңчөй бизнесмен депутаттар кирген. Мисалы, Хаджимурат Коркмазов, Нарынбек Молдобаев, Роман Шин, Кубанычбек Туманов, Камила Талиева, Кожобек Рыспаев, Бактыгул Маматов, Абдыжапар Бекматов, Курманбек Дыйканбаев, Нурбек Алимбеков, Нурбек Мурашев жана Элмурат Обдунов дегендер. Албетте, бул эл өкүлдөрүнүн биз билбеген, өздөрү гана билген саясий кызыкчылыктары бар экенин танууга болбойт. Анан да блогдун ичинде жаңы түзүлүүчү коалиция сыртында калуусу мүмкүн болгон "Ата-Журт" менен "Республика" фракциясынын депутаттары көпчүлүктү түзөрү да көп нерседен кабар берет. Болбосо, Өмүрбек Бабановду дзотко төшүн тоскондой эле коргоп келаткан республикачы Курманбек Дыйканбаевдин заматта Атамбаевге ыктап кетүүсүнө ишенүү кыйын. Бул жагынан алганда саясий серепчи Табылды Акеровдун айтканы жүйөөлүүдөй туюлат. Ал: "...Тынчтык жана тартип" калп эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүмүш болуп, чечүүчү кырдаалда коалицияны түзбөй интрига кылышы мүмкүн. Жаңы альянстын негизги максаты ушу деп эсептейм. Блогдун артында жаңы коалициянын түзүлүшүнө кызыкдар эмес лидерлер, атап айтканда, биринчи кезекте Өмүрбек Бабанов, андан соң Акматбек Келдибеков, балким, Камчыбек Ташиев турушу мүмкүн" деп билдирди. Ал эми Марс Сариевдин пикиринде, мунун артында президенттик күчтөр турган болушу мүмкүн. "Коалиция түзүүдө, жаңы өкмөт башчыны шайлоодо таасирин бекемдөө максатында ушуну уюштуруп атат. Парламент ичиндеги саясий күрөштө мындай блогдор буга чейин өз натыйжасын берди, аны дагы пайдалана башташты" дейт. Анын айтымында, бул биздеги партиялык түзүлүштүн али калыптана электигинен кабар берет. Эгерде бирдиктүү идеясы, программасы бар партиялардын курамынан ушундай блогдор бөлүнүп чыкканда, ал туура эмес болмок. Бирок Кыргызстандагы партия аталгандар азырынча өнүгүү, жаңыдан калыптануу этабында болгондуктан, мындай блогдордун түзүлүүсүн мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааланат.
Кандай болгон күндө да "Тартип жана стабилдүүлүк үчүн" блогу элдин, өлкөнүн тагдырын чечкени жаткан фракциялардын ичинде биримдик, бирдиктүү саясат жок экенин көрсөттү. Орой айтканда, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы эмей эле партизандардын башкаруусу жүрүүдө. Жалпак тилге салып, образдуу айтканда, "башы жок баканын, көзү жок көгөндүн" башкаруусу болууда. Фракциялар ичинде эч кандай тартип жок. Лидерлери "партизан" депутаттардын тартипке чакырууда алсыз. Элди, башкаларды тартипке, биримдикке чакыргандын ордуна фракция ичиндеги тартипти камсыз кылышса болмок. Мындан ары да Парламент ичинде блог, кыймыл дегендер түзүлө берсе, жүрүп олтуруп Парламенттеги фракциялардын чачылуусуна, партиялардын ыдыроосуна, акыры келип Парламенттин таркатылуусуна алып келери бышык. Башкы "атажуртчу" Камчыбек Ташиев бекеринен күйүп-бышып "фракция ичин тазалайм, адашып келип калгандарды, саткындарды, өзүмчүлдөрдү, тартипке баш ийбегендерди партия катарынан чыгарам" деп айтпаган тура. Сыягы, андай тазалоо иштерин башка фракциялардын лидерлери деле жасашы керек го.

Мирлан Дүйшөнбаев




Оомат "социал-демократчыларга" оодубу?

Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү вазыйпасын парламенттеги КСДП фракциясына ыйгарды. Мамлекет башчысынын жана карапайым калктын кайрадан КСДПга ишеним артышынын сыры неде? Акыл калчап көрөлүчү.

Элге төбөсү көрүнгөн инсандар парламенттик көпчүлүктү түзүү мандаты "социал-демократчыларга" берилерин күн мурунтан божомолдоп атышкан. Мисалы, легендарлуу парламенттин бараандуу өкүлү, коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков Focus.kg сайтына курган маегинде КСДП абройлуу, эл ишениминдеги партия болгондуктан, ага мындай зор милдет жүктөлөрүн төмөндөгүчө билдирген эле:
- Элдин көз карашы менен алып караганда, КСДП - салмактуу партия. Бул партиянын мүчөлөрү ит-мышыктай ыркырашпай, устукан (кызмат) талашпай, өздөрүн тартиптүү алып жүргөнү менен айырмаланып турат. Интригаларга өтө көп аралаша беришпейт, саясий оюндардан алыс. Мындан улам, президент КСДПга ишеним артат го деп турам. Себеби мандат алган фракция элдин ишенимин актаган өкмөт курашы абзел.
Коомчулукка белгилүү инсандардын дагы бири, "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов да маалымат агенттиктеринин бири аркылуу "көзү ачыктанып", президент коалиция куруу мандатын КСДПга берерин жар салганы эсибизде. Ал киши мунун себебин аталган партиянын туруктуулугу, бекемдиги жана ар кандай саясий оюндарга, чыр-чатактарга аралашпагандыгы менен түшүндүргөн болчу.
Ошентип, коомдук ишмерлердин тарткан "төлгө ташы" төп келип отурат. Макаланын башында айтып өткөндөй, дүйшөмбү күнү президент парламенттик көпчүлүктү түзүү милдетин КСДПга жүктөдү. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков ошол эле күнү башка фракциянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы раундун өткөрдү.

Кыргызстандын келечеги КСДПдан көз карандыбы?
Коалиция кулаганда өкмөт автоматтык түрдө отставкага айдалат. Ал эми мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы өз ордунда калышы абзел. Демек КСДПнын алдында эң жооптуу иш - экономиканы көтөргөн, карапайым калк турмушун оңдогон өкмөт түптөө вазыйпасы турат. Мындан улам фракциялар ортосундагы соодалашуунун өзөгүн премьер-министрдин орду түзөрү айтпасак деле түшүнүктүү. Бирок кызык жери, фракция лидерлери Ч.Турсунбеков менен жолугушканда жаңы коалицияга кирүүгө даяр экенин, эч кандай кызмат талашуу болбостугун бир ооздон билдиришти. Тескерисинче, бийликтин үч бутагындагы "эки тизгин, бир чылбыр" бир партиянын колунда болсо, Кыргызстаныбызда бейпилдик орноорун айрым лөктөр кыйытууда. Мисалы, "Ар-Намыстын" төрагасы Феликс Кулов ММКга берген маегинде позициясын ачыкка чыгарган. "Эгер КСДП премьер-министрликке талапкерлигин сунуштап, өлкөнү кризистен алып чыгуу милдетин алса, анда эл тынчтанат. Биз аны колдоого даярбыз",- дейт ал.
Келерки өкмөткө болгон терең ишенич, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик артылары шексиз. Саясатта башы бышкан фигуралардын божомолдору айкүрүнөн туруп, өкмөт башчысы КСДПдан шайланып калат өңдөнөт. Анда эле өлкөнүн келечеги социал-демократтардын колуна өтөт эмеспи. Ушундай шартта "мен кыйын, жок сенден дагы мен кыйын" деген "кочкорлордун" "челишмей" көрүнүшүнөн арылып, Ак үй, Көк үйдө отургандар саясий интригаларын, саясий тирешин токтотуп, "Экономиканы кантип өнүктүрөбүз? Калк турмушун канткенде жакшыртабыз?" - деген маанилүү маселелердин тегерегинде баш оорутуп, мамлекеттик масштабдагы маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө эмгектенип калары талашсыз. Анын аркасында стабилдүүлүк толук кандуу орноп, Кыргызстаныбыздын өнүгүү жолуна түшүшүнө жол ачылат. Ылайым эле ошондой заманга жетели.

Мирлан Дүйшөнбаев





Жүзүңдү аччы, Абдулла!

Кулатылган бийлик режими криминалдык аракеттерин моралдык баалуулуктардан куржалак, кудайдан жөө качкандар аркылуу ишке ашырып келишкен. Бакиевдер үчүн бул ролго Абдулла Юсупов куп жарашкан. Абакта жатканына карабай, Абдулла өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго тийиштүү белгилүү телеканал аркылуу бүгүнкү күндүн "каарманына" айланды. Абдулла Юсупов ким?

Бакиевдерге жагынышты Абдулла Юсупов 2005-жылдын февралынан тарта баштаган. Алардын Акаевдин бийлигине каршы чыгууну каалабай турган өзбек улутундагыларды өз жагына тартууга күчтөрү жетишсиз экенин түшүнүп, Акаевге каршы өткөрүлгөн митингдердин биринде Абдулла жалындуу кеби менен чыгып, бакиевдердин көңүлүнө жаккан.
Ал бийлик кулатылган соң, портфель бөлүштүрмөй аракеттеринде да Абдулла пайдаланылган. Эсиңиздерде болсо, 2005-жылы Курманбек Осмонов мыйзам боюнча Жогорку Соттун төрагалык кызматын улантмак. Бирок сот системасын "өздүккө" айлантуу үчүн бакиевчил бийлик башындагылар атайын ОБОНдорду пайдалануу менен соттордун ишин үзгүлтүккө учуратууну каалашкан. Андай ОБОНдордун бирин дал ушул А.Юсупов жетектеген. Андагы мыйзамга сыйбаган аракеттери үчүн камакка алынган жагдайы бар. Кийин бакиевдердин бийлигине нааразы күчтөрдүн акцияларына антимитингдерди уюштурууда да Абдулланын күчү пайдаланылган.
Ээн баштык (хулиганство) боюнча - Кылмыш кодексинин 234-беренеси менен Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту тарабынан 2005-жылы 4 жылга соттолуп, бирок 3 жылга сыноо менен шарттуу түрдө кесилген (Соттун өкүмү 25.07.2005 тарта күчүнө кирген). Ишенимдүү "крышасына" таянып, ал дайым ишенчээк адамдардын акчасын алдап алып турган. Ички иштер органдарынын маалыматында, Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча эле Абдулла Юсуповго 9 иш козголгон. Ишенчээк адамдардын акчаларын алдап, кээсин карактап алып турган. Анын мындай аракеттеринин курмандыктары: Г.Отамырзаева (130 000 сом), Р.Назаралиева (200 000 сом), К. Казакпаева (5 000 сом), К. Раимов (700 АКШ доллары), Ж. Батыркулова (40 000), У.Батыркулова (75 000 сом), У. Гудукбаева (7 600 сом), Т.Атокозиева (5 000 сом), Т.Усенова (10 000 сом).
"Крышасы" мыйзам алдында жоопкерчиликтен куткарып жүрүп көнүккөн Абдулла 2010-жылы өлкө муфтийин уурдоодон да айбыккан эмес. Бул кылмышы аны темир торго түшүргөн. Ал эми Жаныш тарабынан Юсупов табышталган ИИМдин 9-башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Акжолов бу жолу ага жардам бере албады. Анткени экс-муфтий Мураталы ажыны уурдоо ишине милициянын бул өкүлү да аралашкан. Натыйжада, булардын мындай ыплас аракеттеринен кийин муфтий Мураталы ажы көз жумган.
Акжолов-Юсупов тандеми Тян, З.Усубалиев, К.Жунушалиев, Б.Усенов аттуу жарандарды да карактап, миллиондогон акчаларын тартып алышкан. Ал тургай, Юсупов динчил адамдардын кеңселерине граната, хизбут-тахрирдик адабияттарды да таштап, кайра Акжолов менен биргеликте алардан акча өндүргөнгө аракет кылышкан. Кочкордун мечитиндеги Максат имам, борбор шаардагы мечиттердин биринин имамы Абдыманап жана азыркы парламенттин вице-спикерлеринин бири да - Юсупов-Акжолов тандеминин курмандыктары.
Далай адамдарды, айрыкча аялдарды жана динчил адамдарды кылтагына илип, алдаганга маш Абдулла бул ирет адашты. Ал бийлик башында тургандардын убадаларына алданып, белгилүү саясатчыларды каралоого өттү. Юсупов бул ирет сот алдында жооп берип, жасаган кылмышы үчүн жазасын өтөшү кажет. Күнү кечээ анын аялы: "Күйөөмдү өлтүрүүгө 60 миң доллар берилиптир деген сөз уктум. Аны коргоп калгыла",- деп жар салды.

Эрмек НУРБЕК уулу







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??