Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Текебаев "крайний" кылам дептир...
Мунун канчалык чындыгы бар экенин билбейбиз, бирок "2010-жылдын 7-апрелинде морадерлук иштерди кылышкан" деп айыпталып аткан "атамекенчилердин" башчысы Өмүрбек Текебаев тар чөйрөдө: "Эгерде жооп берүүгө убакыт келсе, Мадылбеков менен Төлөгөновду "крайний" кылып салып берем",- деп айткан имиш. Кандайча берки экөөсүн "крайний" кылып, өзү "суудан кургак чыгууну" пландап атат, анысы бизге белгисиз. Муну мурдагы "атамекенчи" депутат Өмүрбек Абдрахманов ылайыгы келген жерде шыбырап, кобурап айтып жүрөт.

Камчыбек мырза, сизге не болду?
Кечээ эле "Мен "ярый" бойдонмун, мындан ары да оппозициялык милдетимди аткара берем. Мени эч ким, эч нерсе "сындыра" албайт",- деп аткан "атажуртчулардын" анабашчысы Камчыбек Ташиев саясаттан оолактаптыр. Бизге ушинтип билдирди. "Башка темада сүйлөшсөм да, экинчи саясат жөнүндө сүйлөшпөйм",- деп таң калтырды. Себебин айткан жок. Сыягы Камчыбек мырзанын: "Министрлик кызматка деле ыраазымын", - дегени чын окшойт. Премьерлик жарышка түшкөн мезгилде ашыкча "балп" эттирип ийбейин деп сактанып жаткан кербези го. Кыргызда "сурасаң төө сура, бээсин алып каласың" демекчи, Камчыбык мырза түз эле өкмөт башчылыкты мелжеп атат, премьерлик болбосо, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барып калгысы бардыр...


Аты бар, заты жоктор бирикти...
Өкмөттүн таркап, коалициянын ыдыроосу көмүскөдө жаткан саясий күчтөргө, топторго шык берген бейм, бир катар саясий күчтөр жандана башташты. Саясаттан эбак кетип, пенсияда жүргөн ЖКнын кезиндеги спикери Мукар Чолпонбаев да башын көтөрдү. "Кыргызстанды сактоо үчүн" саясий блоктун билермандарынын бирине айланыптыр. Бакиевдерди жоопко тартуу талабын коюшат экен. "Талап менен эле чектелбей, митингерди өткөрөбүз" деп эскертүү берди. Блоктун курамын карасак, "Асаба", "Кайран эл", Жаңы күч", "Жаңы мезгил", "Элдик кеңеш" сыяктуу өңчөй аты бар, заты жок кыймыл, партиялар түзөт экен. Буга чейин каякта жүрдү эле десеңиз. Демарштарына караганда, бир нерсенин жытын искеп калышкан го?


АШАга ким джихад жарыялады?
24-августта МУККнын атайын кызматы 22 жаштагы кыргыз жараны Д. Б.ны колго түшүрдү. Улуттук коопсуздук комитетинен билдиргендей, кармалган жаран ушул жылдын 2-июнунда интернет аркылуу президент Алмаз Атамбаевге джихад жарыялаган. Анда кыргыз ажосунун Манастын эстелигин орнотууда сыйынууга жол берип, шарияттын нормаларын бузгандыгы айтылат. Б. Д. Египетте жатып алып Интернет аркылуу экстремисттик маанайдагы жана диний конфессиялар ортосунда от тутантуучу лекцияларды таратып, президенттин дарегине коркутууларды билдирип турган. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 297, 299-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, айыпкер МУККнын СИЗОсунда кармалууда.

Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер арасында бильярд жана шахмат турнирин өткөрөт
Мелис Эшимканов атындагы фонд 8-сентябрь - журналисттердин шериктештик күнүндө кайталангыс талант, белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган бильярд жана шахмат боюнча турнир өткөрөт.
Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Курч калемдүү журналисттин мааракесине арналган бул иш-чара 8-сентябрь күнү "Дасмия" эс алуу борборунда саат 10.00дө башталат.
Турнирге катышууну каалаган журналисттерге жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө да эшик ачык. Шахматты "чаккан", кийди "дос" кылган кесиптештер 2012-жылдын 7-сентябрына чейин 0(778) 23-99-46 (Сурат), 0(550) 24-45-24 (Асел) телефон номерлери аркылуу жазылсаңыздар болот.

КМШдагы эң бай өлкө болот экенбиз...
Ушу кыргыздын журт башчылары Кыргызстандын эртеңи жөнүндө сөз кылганда эле оптимист, мекенчил болуп чыга келишет. Өлкөнү коррупцияга, карызга белчесинен батырып, кызмат дегенде ит-мышыктай болуп алышып, досун эмес, бир тууганын деле сатып ийгенден кайтпаган кыргыз чиновниктеринин Кыргызстандын жаркын келечеги жөнүндө сөз кылгандарына жол болсун! Жакында премьер болом деп жүргөндөрдүн бири Жоомарт Оторбаев өлкөбүздүн 20 жылдан кийинки келечегине көзү ачыктык кылыптыр. "Экономикалык жактан кошуналарыбыздын баарынан алдыга чыгабыз",- деди. Оозуңузга май! Албетте, жаркын келечекке үмүт кылышыбыз керек. "Жакшы тилек - жарым ырыс" дейт. Бирок 20 жылда кошуна өлкөлөрдөн алдыга озуу үчүн сизге окшогон эл багарларыбыз алкымдарын аз да болсо тыйып, өлкөнү, элди ойлоп коюшу керек го! Же кошуналарыбыз "Кыргызстан бизди кууп жетип алсын" деп күтүп турмак беле?! "Мамлекетте саясий ызы-чуулар токтоп, саясий стабилдүүлүктөр орун албаса кайдан өнүкмөк элеңер?!" - деп кечээ эле казак президенти Нурсултан Назарбаев агынан жарылбадыбы.


Жол ачкыла, Азике келатат!
Кечээ Азимбек Бекназаров кайрадан саясатка кайрылып келгенин расмий маалымдады. "Чү" дегенде эле азыркы пармаментке оппозицияга өткөнүн, парламентти таркатуу үчүн аягына чейин турарын билдирди. Парламент менен өкмөттүн курамында акаевдик, бакиевдик кадрлар дале иштеп, тазалануу болбой атканын сынга алды. Коррупционерлердин кара тизмесин ажого бергенин айткан революциялардын бульдозери: "Коалиция президент сунуштаган кайсыл талапкерди болбосун колдоого даяр, аларга өкмөттөн кызмат тийсе эле болду",- дейт. Мындан сырткары, парламентти таратуу зарылдыгын, бул маселени аягына чыгарууга киришерин каңкуулады.


Кайрадан митинг…
Белоруссиянын элчилиги эмнеге ташбараңга алынды?
28-августта, "Мекен шейиттери" уюмунун жана "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин (60ка жакын) өкүлү Белоруссия элчилигинин алдына бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн элчиликтин ишин токтотуу талабы менен митингге чыгышты. Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенконун чыгуусун талап кылып, элчиликтин айнектерин ташбараңга алып, тосмолорду сындырганга аракет кылышты. Митингчилер менен тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов жолугушуп, учурда бул маселе кандай чечилиши керектиги иликтенип, такталып жатканын айтып, элчи менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Виктор Денисенко эки бирикменин бирден өкүлүн кабыл алып, бу маселе Белоруссияда талкууланып жатканын жана бакиевдерди Кыргызстанга экстрадициялоо иштери кандай жүрүп жатканы боюнча үч күндө бир бирикмелердин өкүлдөрүнө маалымат берип турарын билдирди. Бирок анын жообуна укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров ишенбей, элди жооткотуп жаткан жомок экендигин айтты. Ал эми "Мекен шейиттери" уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариевге "ушундай кадамга барганыңар туурабы?" - деген суроо узатсак, ал күн ал жерге куран окутуп барбай калганы менен алардын чыгаарын билгендигин жашырган жок. "Албетте, мындай кадам мыйзам бузгандыкка жатат. Бирок аларды да туура түшүнсө болот. Күйүттөн чыгышты. Лукашенко деле одоно мыйзам бузуп, басып жүрбөйбү…" ,-дейт Осунбек мырза.

Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??