Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин кечиккен махабаты
Мектептен шашып чыккан Айжан алыстан эле күнгө чагылышып жаркылдап келаткан капкара "Лексусту" көрө коюп, кадамын атайын басаңдатты. Темир тосмону бойлой машинени көздөй баратса, кесиптеши, математика мугалими Батма Казиевна алдынан чыкты. Келишкен укмуш машинени көрүп алып, артын кылчак-кылчак карайт. Караңгыланган айнектен ким отурганын көрө албаган соң, Айжанды кыйнай баштады:
- Дем алыш күндөрү эмне иш кыласың?
- Достор менен жолугушабыз. А сенчи? - Айжан кызарып баратканын сезип, тескери бурулду. Бирок баары бир кыраакы Батма байкады окшойт.
- Бул машине сага келдиби, ыя?
- Кечирип кой, Батма, мен шашып баратам... Дүйшөмбүдө жолугушканча!..
Машинага жакындаганда Касым байке чыгып, Айжандын сумкесин алды. Батма болсо жалдыраган бойдон казыктай катты. Арткы эшик ачылып Капар Алиевич кызды бир топко баштан-аяк карап алды.
- Кечиктиң го.
- Мени окуу бөлүм башчыбыз кармап калды, - деп түшүндүрдү кыз агайынын олурайган көз карашынан жүрөгү түрсүлдөп.
- Бир нерсе болдубу?
- Жок. Мага эскертүү берди, алты жаштагы балдарга философиянын кереги жок деди.
Президент кабак чытып ойлонуп калганда Айжан чыдабай бырс күлүп жиберди.
- Тамашаладым дечи. Мен дагы ал эмнеси деп ойлонуп калгам. Отур эми, кеттик.
Кызык, бу киши деги тамашаны түшүнөт болду бекен? Айжан машинеге жайланышып отурду да, эки жагын каранды. Салондун ичи кызыл жыгачтан жасалган, жаздыктары булгаары менен капталып, бут алдында чакан килемче төшөлүптүр. "Өмүрүмдө чоң жаңылыш кетирип жаткан жокмунбу?" - деп кыз дагы санааркап ойго бата түштү. Анын күмөн санаганын сезгенсип Президент байкалаар-байкалмаксан жылмайып койду эле, кыздын жаман ою чар учкандай тарады. Сыягы, чын эле бул эркек кызга абдан күчтүү таасир берет өңдүү, ага каршы туруш кыйын же эч эле мүмкүн эместей.
- Бүгүнкү күнүң кандай өттү? - деп ал кыздан сылык сурады.
- Кадимкидей, кыйкырык-сүрөөн менен, - деди Айжан күлүп. - Сиз тынбай сүйлөгөн алты жашар балдардын арасында бир нече саат отуруп көрдүңүз беле?
Айжан сыртынан тамашаламыш болгону менен ичинен далбастап өзүн-өзү тынчытууга аракет кылып жатты. Бирок ал аракетинен азырынча майнап чыга элек. Атүгүл жылмаюусу да бетине жабышып, денеси кан жүгүрбөй катып калгансыйт. Ушундай да болобу? Бул кишинин таасири күчөгөндөн күчөп баратат, мындайга жол бербеш керек.
- Жок, - деп Президент ойго бата башын чайкады, - Андай мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Кыз түшүнөм дегендей башын ийкеп тим болду... Капар Алиевичтин көңүлү жайланып, эми өзүн эркин кармап алдыдагы боло турган жыргал кеч жөнүндө кыялданды. Айжанды каалаган сайын, тим эле жинди немече бир ордунда тура албай, акылынан адашып кетчү болду. Бүгүн кечке ушу тыпырайган кара тору кыз эси-дартын ээлеп, жолугушуу кокусунан болбой калат деген ойду жакын жолотпой алыс айдады. Ушул убакка дейре бир да аял анын чакыруусунан баш тарткан эмес. Президент күмөн саноо, тайсалдоо дегендин баарын четке какчу. Кырктын кырына чыккыча өзүн дайыма ишенимдүү, салабаттуу алып жүргөн... Анан эле ушул кыз тынч уйкусун бузуп, тынч жашоосуна бүлүк салды. Миллиондогон акчаларды айландырып иш жүргүзгөн киши айтканы айткандай, дегени дегендей болгонго көнгөн. Чоң кызматтагы кишинин үй-бүлөсүндө туулуп, эч нерседен кем болбогон неме он алты жашында эле секс деген жыргал бар экенин билген жана ошондо эле көзү түшкөн кыздардын бирөөсү да ага "жок" дей алган эмес. Эрезеге жеткенде эки куралды тең: эркектик сүйкүмү менен сансыз байлыгын бирдей колдоно баштады. Бир гана кыйынчылык: өзүнө жаккан кыз-келиндердин арасында аялдыкка ылайыктуусу болбоду. Анткен менен күнүмдүк ойноп-күлгөнгө кыз издеп убара болгон жок, бирөөнөн жадаганча экинчиси кезекке туруп калчу. Кийинчирээк жумушка көбүрөөк кызыгып, акырындап аялдарга көп карабай калды. Аялдардан жадап да кетти болуш керек. Тобокелге салган опурталдуу келишимдерге барып, акча менен байланышкан иштерге өтүп кетти. Бизнеске баш-оту менен кирип кетип, үй-бүлө күтүштү да ойлогон эмес экен. Анткени чоң бизнес көп акылды, күчтү жана убакытты талап кылат эмеспи. Ошондуктан акыркы үч-төрт жылдан бери туруктуу көңүл ачары жок, болгону убактылуу бир-эки күндүк "көпөлөктөр". Ал мындай жашоосуна эч өкүнчү эмес. Бирок азыр Айжандын табигат берген сулуулугуна көз кыйыгын салып, суктана карап баратты. - Астанага кандай барып келдиңиз? - Айжан күтүүсүздөн сурады. Машинанын ичи ысык болгондуктан, курткасынын топчуларын чечти.
Кызды карап кыялдын кемесинде термелип бараткан Президент шыр жооп бере албай такала түштү.
- Буюрса, азыр биз орун ала турган мейманкананын ээси менен келишим түзөм. Көрөсүң го, аябай кооз жана тынч жерде жайгашкан, жасаган тамактары укмуш даамдуу, бөлмөлөрү мизилдейт, жайлуу, андан башка сапаттары да арбын. Биздин Бишкекке дал ошондой мейманкана салыш керек.
- Анда жетерибиз менен тамактанып алалы.
Качанкы эски имаратты азыркы заманбап стилде кайра кооздоп, жасалгалап койсо ажайып кооз мейманканага айланыптыр. Президент айткандай шарты да эң жогорку деңгээлде экен. Атайын жалаң президенттер үчүн салынгансып калың бактын ортосунда заңкаят. Айжан жыпар жыттуу ваннага кирери менен эч нерсени ойлогусу келбей көзүн жумуп, ысык сууда ырахатка батып жатты. Кайда шашылмак эле? Капар Алиевич менен кечки сегиз жарымда гана жолугушат. Ошондуктан айлана-чөйрөгө көнүп, кааласа бак аралап сейилдейт, кааласа мамыктай жумшак керебетте оонап эс алат. Эмне кылам десе өз эрки. Бул жакка эмнеге келгенин жакшы билет. Албетте, жыйырма жетиге чыккыча сүттөн акмын деп айталбайт дечи. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин дагы бир ирет бактысын табууга аракет кылды. Бир жылдай өзүнө окшогон мугалим жигит менен жолугушуп жүрдү. Бирок экөөнүн мүнөзү бири-бирине төп келбей койду. Капар Алиевич менен гана Айжандын мүнөзү бардык жагынан толук ачылды, өзүн алда канча эркин сезди. Эми эчтекени түшүнбөгөн секелек кыз болбогондон кийин мунун баары убактылуу экенин, агайынын колтугунда такай жүрө албасын түшүнөт. Экөөнү жакындаткан жалгыз гана нерсе: жан эргиткен жалындуу жан кумары!
Саат тогуздан өттү. Капар Алиевич дале жок. Айжан ресторанда күтүп отурат. Сумкесинен китеп алып чыгып окуп көрдү, бирок көңүлү улам ар кайсыга алаксып, тамгалар секирип туруп алды. Беш мүнөттөн кийин официант келип: "Капар Алиевич кечирим сурайт, кармалып калды, сүйлөшүүлөр узарып кетиптир",- деп билдирди. Андыктан Айжан тамак алып иче берсин дептир. Ал китепти коюп, көңүлсүз эки жагын карап, алдында жаткан менюну барактап кирди. Ачкалыктан ашказаны кулдурай баштаган. Анын үстүнө күтө берип нерви да чыңалып чыкты. "Бекер кылдым, келбей эле койсом болмок" деп жаңы гана ичинен кейий баштаган, аңгыча... мына сага... Капар Алиевич пайда болду. Көнүмүш адатынча, өзүн зордоп күлүмсүрөй Айжан отурган үстөлдү көздөй келатты, анысынан эч кандай жылуулук сезилбейт. "Ушинтип өзүн калп кыйнабай эле койсо болмок экен же жарк этип чын ниетинен жылмайса бирдемеси короп калабы?" Агайы кечиккени үчүн өзүн күнөөлүү сезип, жан дили менен жылмайып келатса да, жогорудагыдай ойлорго чөмүлгөн Айжандын маанайы көтөрүлгөн жок. Ага ушул учурда Президент тамакты жалгыз эле отуруп ичкиси келип тургандай туюлду. Анын үстүнө чала тааныш кыз менен эмне жөнүндө сүйлөшөт эле? Дагы жаңы көйнөк кийип жасанып алганын кантесиң!
- Мен кечигип калдым. Кечирип кой. Заказ бердиңби? - Капар Алиевич Айжандын маңдайына отурду. Көз карашы салкын, кайдыгер.
- Жок, жаңы эле берейин деп аткам. Жолугушуу ойдогудай болбой калдыбы?
Капар Алиевич анын сезимталдыгына таң берди. Демейде өзүнүн маанайын эч кимге билдирчү эмес эле... Чынын айтыш керек, жолугушуудан жолу болгон жок! Мындайды башынан өткөрбөгөн соң жеңилгенин мойнуна алгысы келбеди. Андан көрө татынакай кыз менен маңдай-тескей отуруп тамак ичип, алаксыйын деди. Айжандын жупуну жасанганы өзүнө абдан жарашып турган, болгону ачык көкүрөгү уятсыз ойлор менен каалоолорго түртүп жатты.
- Айжан, кечирип кой, мен бизнес жана эс алууну аралаштырбайм. Ошондуктан менин ишимди талкууга албайлы, бүгүнкү кечибиздин ыраатын бузбайлы. Айтмакчы, көйнөгүң сага абдан жарашат экен!
Күтүлбөгөн комплимент кулагына ушундай сонун угулду, Айжан атүгүл чоочуп да кетти. Муздак сууну башынан ылдый куюп жибергенсип ичиркенип алды. Бул эркек эч нерсеге тойбостугу, муздактыгы жана башка кылыктары менен кээде жүрөктү түшүрөт.
- Рахмат. Мен муну өткөн жылы арзандатылган дүкөндөн…- Айжан дароо тилин тиштеди, бирок кеч эсине келди.
- Кайдан алсаң да ал сенин жүзүңө, фигураңа укмуш жарашып турат, - деди миллионер эч кебелбей.
Мындай жооткоткон жооп да Айжанды соорото албады. Анын айтканы экөөнүн ортосундагы бай-кедей деген жараканы ого бетер өтө алгыс аңга айлантып салды.
Айжандын кабагы түйүлө түшүп жооп айткыча Президент ордунан шарт туруп келип, сөөмөйү менен кыздын эриндерин жаба салды. Жүзүн сылап келип, эңилип көздөрүнөн өптү да, кызды элпек көтөрүп, уктоочу бөлмөгө кирди. Чөгөлөй отура калып туфлисин чечти. Анан кыздын келишкен кынтыксыз мүчөсүн суктана карап, шашпай чечиндире баштады. Көгүлтүр жибектен тигилген узун көйнөктү акырындап этегинен өйдө түрө берди. Ансай кыздын дем алышы тездеп баратат... Капар Алиевич эңсөөсүн, каалоосун токтоолук менен башкарып, Айжанды шашпай өпкүлөп кирди... Эркектин баш айланткан жытына тумчуга, Айжан махабаттын туу чокусуна калкып учуп жөнөдү! О, кудай, бу дүйнөдө ушундай да ырахат болот экен да?! Жаш келиндин денеси бирде муздак толкун үстүндө сүзүп бараткандай чымырап, бирде ысык жалынга чөмүлгөндөй ээрип балкып баратты... Атаганат, Айжан мындай ырахатты өмүрү көрбөсө керек... Азыр жер астын-үстү болсо да кебелээр түрү жок. Эки дене биригип, бир лаззаттын кучагында жуурулушту...
Анан жупталышкан бойдон көпкө жатып калышты. Капар Алиевич кызды акырын мурдунан өөп:
- Бирдеме десең боло, - деди.
- Мындайда сөздүн кереги жок окшойт, - Айжан уялганынан көзүн жумду.
Капар Алиевич акырын өйдө турду да, калган кийимдерин чечип, ваннага кирди. Ачык эшиктен Айжан анын жуунганын байкап жатты. Жашы кырктын кырына жетсе да денеси машыккан жигиттикинен бетер чымыр экен. Анын жылаңач денесин караган жаш келин кайрадан дүүлүгө баштады. Анысын сезген Президент аарчынбай эле жылаңач бойдон керебетке кыйшая жатып, кыздын тирсийген эки эмчегин, майда гүлдүн чанагындай бажырая ачылган үрптөрүн алмак-салмак аймалаган сайын кыз чыдамы ого бетер түгөндү. Капар Алиевич болсо шашпай эркелете берди... Бу жолкусу жанды жыргаткан жагынан жанагыдан да ашып түштү окшойт...

(Уландысы кийинки санда)