Августтун акыркы бир күнү
Мен жыйырма бир жашка чыктым, буюрса. Ахахаев деген акбаш бадыша келгенде туулдум эле. Беш жашка чыккыча жакшы бакты. Элге тегиз карады. Беш жылдан кийин уктап жаткан сулуусу ойгонуп кетип, керебеттин кырына отуруп алып, түшүн айтып бере баштады…
Он жыл түшүн айтты. Ахахаев жалаң түш менен жашап калды. Анысы түшүн айтат, мунусу түшүн жоруйт. "Миң бир түн" бери жактале калды. Күнүгө эртең менен Ак үйгө ишке барайын десе, жаңы түшүн айтып баштайт. Анын түшүн жоруп бүткүчө кеч да ирет. Журт караганга убактысы калбай, элден алыстап кетти. Ошентип, ачып көздү жумгуча ортодон он беш жыл жайдын кыска түнүндөй өттү да кетти. Мен ар кайсы жериме жүн чыгып, өспүрүм курактан жигиттикке оой баштадым. Кыз жандай турган курак айттырбай келип калган экен. Ахахаев түптөгөн Моссовет, Цирксовет деген жерлерден ыстажиропкеден өттүм. Ага чейин Ош базарда, Дордой базарда таңазандан тачке түртүп, тарамышым түйүлүп, батирден батирге көчүп, көчмөн турмуштун ачуу азабын баштан кечирдим. Ырымга бир сом берип койгула деп, кошуна-колоңдон, алыс-жакын туугандан битир-садака сурап, далай жашоо текке кетти. Азыр эсептеп көрсөм, баш-аягы эки миллиарддан ашык битир чогулткан экем. Битирден бир айырмасы - анысынын азан чакырып койгон аты киридит экен. Кайра кайтарып берме битир экен көрсө. Киридит берген алыс-жакын туугандар эшигимди тытып келе башташты, назаат качан бересиң, сурогу өтүп баратат деп. Таза балээ эми башталды. Анысын билбейле, бүт жеп алгам да. Илибой убакта илибой карыздан какыс кутулуп кое беребиз деген биринчи ажо Москувага чейин өткөрүлгөн жарышта экинчи орунду ээлеп калып, иштен куулуп кетти. Мен муну марадиорлук жасап жүрүп кеч угуп калыпмын. Иттей капа болдум. Марадиорлук кесипти эш тутуп, буттан туруп кетейин деген акүйдөй ак тилегим бар эле да. Ал тилегим өшөнтүп таш капты. Анын ордуна экинчи ажо келди. Ал да беш жыл ужас түш менен жашады. Кашмар түш менен күн кечирди. Жалаң триллер түштөрдү көрдү. Түшүндө ондогон оңду-солду каармандар кан төгүп жүрүштү. Донорлор го деп ойлоп жүргөн. Кийин билсе, кирим элементтердин жасаган иштери экен. Ал эмне элемент болдукен деп Менделейип деген химзаводдун бакыйган деректиринин мезгилсиз элементтер деген таблицасын ачып караса, тогуз граммдык таза коргошун болуп чыкпаспы! Ошо менен иш тетири качып, нерв болуп, тирниропка текке кетип, Минискиге чейинки марафондук жарышта экинчи орунга араң дегенде илинди. Биринчи орундан куру калды. Иштен арызы жок айдалды. Анын ордуна Шершеляфам деген заман келди. Бирак да, бул заман февраль айындай тез эле өтүп кетти. Эч кандай марафондук мелдеш өткөрүлгөн жок. Жүз метрликке болгон жарышта марага биринчи болуп төртүнчү ажо келди. Араң келди. Себеп дегенде, этегине 120 баласы бар Жокеш деген неме илээшип алып, арышын арбытпай койду. Короосуна кирип алды. Баксаң да багасың, бакпасаң да багасың деп догун артып жатып алды. Мен болсо жыйырма бирге чыктым. Мындан аркы жашоо кандай болот - айтыш татаал. Бүдөмүк! Аристонбек деген бирөө "Быйыл кар жаабайт!" дегенден бери ошондон сурасамбы деп коем. Точну айтат экен деп элден угуп атырык. Билсе, ошо киши билээр деп үмтөтүп коюп жашап атабыз…