Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

"Майыптыгыма карабай, шаардык кеңештин шайлоосуна катышайын деп жатам"
Эгерде Кыргызстанда майыптардын социалдык, юридикалык жактан укуктарын коргоо жаатында каарманыбыз Мирбек Асангариевдей жарандар көбүрөөк болгондо бир топ маселелер, көйгөйлөр оң жагына чечилип калат беле деген ой кетет. Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу жарандардын абалы эске алынып, кандайдыр бир деңгээлде көңүл бөлүнүп, үндөрү жогору жакка жетип аткан болсо, буга Мирбек Асангариевдин ролу чоң. Физикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү экенине карабай дени-карды соо адамдар кылбаган иш-аракеттерди кылып келет. Учурда майып жаштар кыймылынын төрагасы, андан сырткары социалдык ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директорунун милдетин аткарат.
Мирбек 18 жашында Ички иштер министрлигинин академиясында 2-курста окуп аткан мезгилде буттун тизесинен жаракат алып, жүлүндөрү иштен чыгып калат. Ага карабай академияны ийгиликтүү бүтүрөт да, Польшада окуп, билимин жогорулатат. Бир катар өлкөлөрдө стажировкада болуп, тажрыйба алмашып келгенге үлгүрдү. "Мен бул жашоодо көп нерсени өзгөртсөм дейм. Бирок бизге окшоп ойлонгон, колдогон жаштар аз болуп атат. Ошентсе да жакынкы жылдары көп өзгөрүүлөрдү жасаганга жетишерибизге ишенем",- дейт Мирбек.

"Менин башкалардан эмнем кем?.."
Мирбек өзүнүн жеке турмушу жөнүндө көп айта бербейт. Ошентсе да бизге үй-бүлөсү, жеке турмушунан азыноолак кеп кылып берди. Жубайы, бир кыз, бир уулу бар. Жубайы дайыма жанында жүрүп, физикалык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп келаткан жардамчысы. "Кырсыктан кийин жашоом кескин өзгөрдү. Башында баарын түшүнө бербейт экенсиң, эмне болуп кеткенин деле түшүнбөй калдым. Акырындык менен жашоо баарын өз нугуна салат экен. Ал убакта мага моралдык колдоо көрсөткөндөрдүн жардамы чоң болду. Окуп, билим алам деп атып, бутумдун баспай калганына депрессия же стресс (күлүп) болгонго убактым болбоду окшойт. Жашоого болгон көз карашың өзгөрүп, кандайдыр позитивдүү бир нерсе ала турган адамдар менен достошуп, сүйлөшкүң келип калат экен. Андай адамдардан акыл алдым, кеңештерин уктум",- дейт.
Ошондой эле айрымдардай комплекске кабылбаганын айтат. Анын айтымында, адам өзүн-өзү жакшы көрүп, өзүнүн барк, баасын билсе, комплекстен алыс болот. "Чындыгында менин комплекске бата тургандай эч нерсем жок. Эмне үчүн мен тартынышым керек? Көп адамдарды көрүп жүрөм. Болбогон майда-барат нерселер үчүн деле азап чегип, кыйналышат. Жашоого жеңил караш керек экен. Мен жашоого аябай эле жеңил карайм. Адам өмүрү аз. Бул аз өмүрдө колдон келишинче көбүрөөк жакшы иштерди кылып өткөнгө не жетсин?"
Каарманыбыздын айтымында жеке турмушунда кескин өзгөрүү болгондон тартып, жашоону эки эсе баалай билип, барктай баштады. Болор иш болгондон кийин ага кайгыра бербестен алдыга умтулуп, жашоого жаркын маанай менен карап, зор максаттарды коюп, ошого жетүүнүн үстүндө ойлонгон туура деп эсептейт. "Башкаларга жамандык каалап, карасанатайлык кылууну ойго да албаш керек. Ката кетиргенден коркпошуң керек, андан корксоң, эч качан ийгиликке жетпейсиң",- дейт. Мирбек бош убактысын машыгуу залында булчуң чыңап, бассейнде сууда сүзүү менен өткөрөт. Үй-бүлөсү менен тоого чыгып, таанып - билүүчүлүк багыттагы китеп окуганды жанындай көрөт.
"Мени майып деп атап, таарынтып, "сындыргысы" келген адамдар кээде болуп калат. Тилекке каршы, ошондой адамдар бар. Бирок Ассоль Молдокматованын: "Бул жашоодо моралдык майып болгон коркунучтуу, физикалык жактан майып болсоң эч нерсе эмес",- деп айтканы эске түшөт. Биздин акыл-эсибиз, аң-сезимибиз баары жайында. Моралдык, нравалык принциптери бузулган адамдар бар. Мен ошондой адамдарды көрүп, алардын катарын толуктабай калганыма ыраазы болом",- деп кошумчалады.

Жашоонун баары - тоскоолдук...
"Чындыгында бизге тоскоолдуктар көп. Биздин абалыбызды эске алган, жардам берейин деген адамдар жокко эсе. Түшүнгүлөрү деле келишпейт. Социалдык өнүгүү министрлигинде эки жылдын ичинде 6 министр алмашты. Биздин көйгөйлөрдү чындап чечкенге аракет кылган министрге жарыбай койдук. Баары жоопкерчиликтен коркушат, демилге көтөрбөйт. Бул тармакта компетентсиз адамдар көп. Менин жашоомдун баары эле тоскоолдуктардан турат окшойт... Атүгүл "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн" деген кыймыл түзгөнбүз. Алдыда ой-максаттар көп. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн көп иштерди кылгым келет. Өзүмө окшогон жаштарды чогултуп, бир күчкө айлануу максатыбыз бар. Социалдык жактан аялуу жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо багытында ишибизди мындан ары да күчөтө беребиз. А күзүндө Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышабыз. Биздин балдар катышат, мен өзүм да катышам..."
Мирлан Дүйшөнбаев





"Базарные женщины"
Аял чыкса, колундагы
Баштыктары томпоюп.
Ачылчудай жолуң дагы,
Калабыз биз компоюп.
Уясына жем ташыган,
Канаттуудай чырылдап.
Катын байкуш эң башынан,
Калат экен ыр ырдап.
"Ырдайт" сага жатарда да,
Жашоо сырын үйрөтүп.
"Ырдап" жөнөйт базарга да,
Жашоо үчүн күрөшүп.
Бул жашоонун кемтиги көп,
Өзүң акча табалбай,
"Базарные женщины" деп,
Сынтагабыз аларга.
Сен бакпасаң отун алып,
Сатпайт аял нени да!
Балдарыңа кошуп алып,
Багып жатат сени да.
Базарында таңдан кечке
Баарын сатып олтурат.
Бал аарыдай талбай кечке,
Бакытты үйгө толтурат.
Капчыгындай камкордукта,
Кармап колго баштыгын.
Келет чыдап ар кордукка,
Базар алат жаштыгын.
Эх, сулуулар, болдуң карып,
Баарыңарды аяймын.
Өпкүм келет колун барып,
Базардагы аялдын!
Базар басып баарыбызды,
Бардыгына үйрөттү.
Базардагы жарыбызды
Бакылдатып сүйлөттү.
"Базардагы аялдардай",
"Ар-р!" -деп беттен алат деп.
Башкача бир жаралгандай,
Ар ким кээде салат кеп.
Жок, жок! Алар балапан деп,
Сууга салган канатын.
Аруу - эне, жан азап жеп,
Баккан үйүн, баласын.
"Базарные..." деп бүгүн алар,
Бекер кээси кордошот.
Базар, Мекен, үйүн алар,
Эрден артык коргошот.
Токчулуктун символундай,
Сумкелери торсойгон.
Базардагы бир боорумдай,
Оо, сулуулар, койкойгон.
Качан болсо бардарсыңар,
Колдо пакет жарашып.
Көз боочу да, балбансыңар,
Жоктон барды жаратып.
Көз кубанат, көк беттер, аа!
Карааныңды көргөндө.
Силер барда Өкмөткө да,
Болбойт азыр өлгөнгө!
Базар - дүйнө, базар - үйдө,
Ар базарда аял бар.
Баарыбызды багып жатат,
Базардагы аялдар!
Жедигер СААЛАЙ







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??