Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Жума цитаталары
Жеңиш Молдакматов,
"Кыргызстан жаштар кеңеши" кыймылынын лидери:
Депутат Асия Сасыкбаева АКШга мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, балдарына барып жатат. Акылбек Жапаровдун да чет өлкөдө бизнеси
Бар

Акылбек Жапаров,
Финансы министри:
8 айдан бери Кыргызстан өз бюджетинин эсебинен жашап келатат. Мугалимдерге эле 3 миллиард сомдон ашык төлөп
Бердик

Амангелди Муралиев,
Centerra Gold Ink компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү:
Мен жаңы эле Көлдөн келдим. Премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканымды жаңы эле журналисттен уктум. Макулдугумду азыр айталбайм


Валентин Богатырев,
саясат таануучу:
Парламенттеги партиялар бөлүнүп-жарылып бүтүштү. "Республика" партиясы Р.Отунбаева, Э.Каптагаеев, А.Бекназаров, Т.Тургуналиев менен бирдикте жаңы партия түзсө, таластык-революциялык партия болуп жатып калмак. Кийинки шайлоодо түндүктөн бир, түштүктөн бир, анан Таластан бир болуп, чоң үч партия чыгышы мүмкүн

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэри:
Бакай-Ата" конушундагы чоң
көчөнү бир жылдан бери бүтө албай коюшту. Бир жумада бүтүшпөсө, подрядчиктерди
сотко беребиз




Саммит санаага салганда
Назарбаев насаат айтып, Абдулла Гүл качканча шашып, Алиев келбей... Мүйүздүү шайтан болдукпу?
Алгач Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары 21-август күнү кечинде баштала тургандыгы маалымдалган. Өкмөттүк ММКлардын билдиргендерине ылайык, Н. Назарбаев 21-август күнү кечинде Бишкекке келип түнөп, биздин өлкөнүн ажосу Атамбаев менен расмий эмес түрдө жолугушуп, кошуна туугандарча сүйлөшүп, өз ара маселелерди чечишкенден кийин 22-август күнү эртең менен мамлекеттик иш сапарын баштамак болгон. Бирок Н. Назарбаев 21-августта эмей эле 22-августта келип, мамлекеттик иш сапарын өткөрүп, эртеси күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышкандан кийин шашыла Алматыга жөнөп кетти. Мамлекеттик иш сапардын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынындагы сөзүндө Кыргызстандагы саясий, экономикалык абалга нааразы экендигин жашырбады. "Мен силерге насаат айткым келбейт, мен өзүбүздөгүлөргө да ушуну айтам, - деди ал. -Иштемейинче ийгилик кайдан болот? Эл иштеши үчүн жумушчу орундарды түзүү керек. Жардам күтүп эле отура бербеш керек".
Интернетке чыгарылган айрым материалдарга ылайык, Н. Назарбаев тар чөйрөдөгү эки тараптуу жолугушууда: "Силердин саясий жаңжалдарыңар, ызы-чууларыңар деги качан токтойт? Элиңердин тагдырын ойлобойсуңарбы?"- деген маанидеги сөздөрдү да айтыптыр. Анын саммиттен кийинки "чай-пайга" катышпай жөнөп кеткендигинин себеби ошондон дешет.
Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн Кыргызстанга расмий иш сапары 24-августта же саммиттен кийинки күнү баштала тургандыгы маалымдалса, ал кийинкиге калтырылды. Сыртынан сопсоо эле көрүнгөн Абдулла Гүл сасык тумоого шылтоолоп, Кыргыз-Түрк Манас университетине байланышкан документтерге кол коюп, ал да шашыла Мекенине жөнөп кетти. Эки президент кол койгон документтерге ылайык, биз Кыргыз-Түрк Манас университетин 80 гектардан ашык жери менен Түркияга толугу менен өткөрүп бердик. Башка эч нерсе чечилбеди.
Келерки жылдан тартып түрк тилдүү өлкөлөрдүн шериктештигине төрагалык кыла турган Азербайжандын президенти И. Алиев да келген жок. Ордуна премьер-министрин жиберди. Мындан үч-төрт ай мурда салтанаттуу түрдө жарыяланган, кубаттуулугу 2 млн. тонналык нефти иштетүүчү заводду куруудан Азербайжан тараптын баш тарткандыгы айкын болду. Азербайжандын өкмөтү саясий туруктуулугу жок өлкөгө ири көлөмдө инвестиция салуунун кажети жок деп чечиптир. Булар эмнелерди айгинелейт?
Бул Кыргызстандын, биринчи кезекте саясий жетекчиликтин алыскы түгүл, жакынкы шериктеш өлкөлөрдүн жетекчилеринин арасында деле эч кандай кадыр-барктарынын жок экендигин айгинелейт. Эки революциядан кийин бизден цивилдүү дүйнө мүйүздүү шайтанды көргөндөн бетер четтей баштагансыйт. Экинчи революциянын убагындагы уюшкан мародерлуктар жөнүндөгү маалыматтар аларга жеткенден кийин жийиркенүү сезимин гана пайда кылып алдык окшойт. Анткени базар экономикасында жашагандардын моралынын негизин жеке менчиктин кол тийбестиги түзөт. Бирөөлөрдүн менчиктерин тартып алып жашагандар деградациянын эң төмөнкү тепкичине түшкөндөрдөн да жаман көрүнөт. Мына ушулардын фонунда Орусия өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри В. Шуваловдун абройлуу делегацияны баштап келип, жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга ниеттенгендиктерин билдиргендери азыркы бийлик үчүн саясий дипломатиялык чоң жеңиштей көрүнөт. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну аябагандай көп суроолорду пайда кылат. Биринчиден, өкмөттүк ММКлар Орусия тарап Нарын каскадынын жогорку бөлүгүндөгү ГЭСтерди курууга 400 млн. доллар каражат сарптай тургандыгын маалымдашты. Бирок компетенттүү адистердин айткандарына ишенсек, ал каражат жаңы 4 ГЭСти курууга түгүл, курулуш иштери 60 %га бүткөрүлүп калган Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аягына чыгарууга да жетпейт экен. Же 400 млн. доллар жалаң техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоого, алдын- ала даярдык көрүү иштерин жүргүзүүгө гана жумшалабы? Экинчиден, өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри А. Карашев курула турган ГЭСтердин акциялары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 50 %дан тең бөлүнүп, анан Кыргызстандын акцияларынын 25 %ын Орусияга башкарууга бере тургандыгын маалымдады. Бирок алар канча убакытка бериле тургандыгын айткан жок. Демек, жаңы ГЭСтерде Кыргызстандын 25 %дык гана үлүшү болот экен. Бул - жердин, суунун жана мамлекеттин ээси болуп турган өлкө үчүн өтө эле оор шарт. Факты жүзүндө жаңы ГЭСтерге Кыргызстан кожоюн болбойт дегенди гана билдирет. Өнөктөшүбүз келечекте ал ГЭСтерди бай кошуналарыбыздын бирине сатып жибербейби? Ага кепилдик жок. Мекенчилдерибиз республикабыздын "Кумтөрдөгү" 33 %дык үлүшүн аз деп жер сабап жатышкан мезгилде алтындан да маанилүү байлыгыбыз болгон суу-энергетикалык ресурсундагы үлүшүбүздүн 25 % гана болуп калышына элибиз макул болобу? Алтын кенин кезинде канадалыктарга карматып ийгендей эле эми энергоресурстарды Орусияга карматтыкпы?
Казак боордошторубуз августту тамыз дешет экен. Тилекке каршы, августтагы расмий жолугушуулар үмүтүбүзгө от тамызбай эле эле санаалуу ойлорго дуушар кылып, үмүттөргө суу сээп таштады окшойт...

Мирлан Дүйшөнбаев







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??