Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Айдоочу эки адамды өлтүрүп, актанып жүрөт

Ош шаарындагы "Себат" кыздар лицейинин 8-класстагы окуучусу, 13 жаштагы Максатбек кызы Таттыбүбү менен кошо 40 жаштагы Дамира Аманбаеваны машина менен коюп өлтүрүп, бир жашар эмчектеги баласын энесиз калтырып, дагы 11 кишиге жаракат келтирген Үмүт Коликов бир да жолу кечирим сурабай, актанып жүрөт.

Бул окуя ушул жылдын 7-август күнү Ош шаарынын Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө болду. Катуу келаткан "Мерседес-600" маркасындагы бирөөнүн унаасын айдаган, айдоочулук күбөлүгү жок Үмүт Коликов жолдун четинде соода кылып жаткандарды коюп кетип, ошол жердеги "Ынтымак" дүкөнүн жарып кирген. Анын кесепетинен эки адам каза болуп, 11 адам оор жаракат алган. Жабырлануучулардын айтымында, көпкөн айдоочу эл соода кылган базарчанын жанындагы тар жолдун бурулушунда катуу ылдамдыктагы унааны башкара албай, соода кылып жаткандарды көздөй айдап жөнөгөн.
Кырсыктуу окуя учурунда аялы Дамираны каратып туруп жоготкон Боронбай Жабызаевдин айтымында, жубайы эт алганы түшкөн жеринен жол кырсыгына кабылып, ошол жерден мүрт кеткен.
- Мен бир жашар баламды карап, унаада отургам. Аялым менен уулум соода кылганы базарчага түштү эле. Тиги бурулуштан "Мерседес-600" үлгүсүндөгү унаа аябай катуу келе жаткан. Айдоочу токтотконго да аракет кылбады. Аялым дарбыз алып жаткан болчу. Алчылантып айдаган айдоочу аялымды сүзүп, ошол жердеги эт саткан күркө менен "Ынтымак" дүкөнүнө кирип кетти. Дамира ушул айда 40 жашка чыкты эле. Коюп кеткен неме кечирим сурап алдыбызга келген жок. Адвокат жалдап, унаадан техникалык айып издеп, актанганга аракет кылууда, - дейт Боронбай аке.
Ушул кырсыкта каза болгон 13 жаштагы Максатбек кызы Таттыбүбүнүн таякеси Замирбек Шакировдун айтымында, секелек кыз Орусияга кеткен апасы менен 6 жылдан бери эми гана көрүшкөн экен.
- Таттыбүбү Оштогу "Себат" кыздар лицейинде эң жакшы окуган кыздардан эле. Менин колумда чоңойгон жээним апасын сагынып, жаңыдан гана көрүшкөн болчу. Дарбыз сатып алып жаткан учурда ушул кырсыкка дуушар болушту. Жээним каза болду, карындашымдын абалы аябай оор, эки буту жанчылып калган. Кырсык болгон жерде жарым саат жатып калышкан. Тез жардам убагында келбей, жабыркагандарды кой жүктөгөн унаанын артына салып, ооруканага алып барышкан. Күбө болгондордун айтымында, бул унаа Оштогу чиновникке тиешелүү экен. Айдоочунун жанында ал чиновниктин баласы, артында эки кыз да болгон дешет, - дейт Замир мырза.
Айтор бул кырсыктуу окуя боюнча учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп, иши сотко тапшырылган. Канткен менен ошол окуя болгон жердеги сатуучуларга да эл нааразы. Анткени соодагерлер дарбыз-коонун атайын сатылуучу жайларда сатпай, чоң жолдун жарымына чейин чыгарып алышкан. Мындай тартипсиздикти Ош бийлиги ордуна келтирип койсо, кырсыктын алдын алышмак.

Кайрат Жапаров, Ош шаары




"Канадада 15 миңдей кыргыз жашайт"

Мекендешибиз Талгар Албанов 1995-жылдан бери үй-бүлөсү менен Канада мамлекетинин Монреаль (Канаданын Квебек провинциясы) шаарында жашайт. Ал жакта юридикалык компания ачып, Канададагы бардык аймакта жашап жаткан кыргыздардын укугун коргоп келет.

- Талгар мырза, Канадада канча кыргыз жашайт жана жашоолору кандай?
- Канадада 15 миндей кыргыз жашайт. Кедей - кембагалдар жок. Канададагы кыргыздар өз кесиби менен иштегендер да, кесибин алмаштырып, башка иште иштегендери да бар. Юридикалык компанияларда эмгектенишет. Мисалы, мен деле экономистмин. Юридикалык компания ачып, иш алып баруудамын. Биринчи жолу Канадага барганда элдин жашоо-тиричилиги, көз карашы таптакыр башка болчу. Жергиликтүү юристтер, адвокаттар болсо Советтер Союзу (саясий, психологиялык жактарын, үрп-адаттары) боюнча маалыматы аз болгондуктан, мени консультант катары көп чакырышчу. Консультант болуп бир жыл иштегенден кийин билимдүү юристтерди чогултуп, юридикалык компания ачтым. Биз АКШдагы, Улуу Британиядагы, Германиядагы кыргыз юристтери менен байланыштабыз. Биздин компания оор абалда калган кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча иш жүргүзөт. Мекендештерибиз Канадага келүүнүн жол-жобосун, кандай кесип менен иштөөнүн жолдорун ж.б.у.с. суроолор менен кайрылышат. "Мекендештер" форумунда "Кыргызстанды кыргыздар эл аралык сахнада коргош керек" деген сунуш киргизгем. Анткени чет мамлекетте юристтер кандай иштерин, процесстер кандай жүрөрүн жакшы билем.
- "Мекендеш" форумунда "канадалык юристтер "Кумтөр" кенин коргоого даяр" деп Өмүрбек Бабановго айтканыңызда ал "сүйлөшөлү" деп кабинетине чакырды эле го. Кабыл алдыбы, маселе чече алдыңыздарбы?
- Премьер-министр менен жолугушуп, көп маселени чечүүнүн жолдорун сүйлөшөйүн деп келгем. Кудай жалгап, кабыл алам дегенде сүйүнгөн элем. Тилекке каршы, жолугушуу болбой калды. Өмүрбек Бабановдун эки күн катар зарыл жумуштары чыгып, жолугуша албай койдук. Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык мамлекет. Биздин өлкө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн чет элдик компанияларды жалдап жатышат. Бул компаниялар акча алып, бардык процессти формалдуу түрдө гана жүргүзүшөт. Алардын мындай мамилеси менен Кыргызстан уттуруп гана коет. Бул процесске кылдаттык менен даярданып, болгон нюанстарын баарын караштырсак, утушка ээ болмокпуз. Албетте, суроолор жана маселелер болуп, сот аркылуу чечилет. Андан коркпош керек. Кыргызстанда көп таланттуу юристтерибиз бар. Алар эл аралык тажрыйбаны алышы керек. Алар келечекте эл аралык деңгээлде иш алып барарына толук көзүм жетет.
- Сизге "Мекендештер" форуму жактыбы?
- Жакты. Монреалда Роза Отунбаева менен жолугушканда "Мекендештер" форумун угуп, сүйүнгөнбүз. Бул жакка келгенде "Замандаш" ассоциациясынын конгресси өтүп жатканын билдик. Мурунураак билгенде ал жерге да катышмакпыз. Чогуу өткөрүшкөндө андан жакшы болмок. Кандай болгон күндө да мекендештер жолугушуп, Кыргызстандын проблемасын чечүүгө аракет кылып жатканыбыз жакшы көрүнүш. Кудай ушуну кут кылсын.

Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??