Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Марат Мамытов,сүрөтчү:
"Сөз таттуусун таппадым"

Сүрөтчү Марат Мамытов Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын кулуну. Тоо курчанган айылдын тестиер баласы кичинесинен сүрөт тартууга шыктуу болду. Пейзажбы, портретпи, колуна калем кармаганда эле тарткан сүрөтүнө жан кирген Марат орто мектепти аяктары менен борбор калаабыздагы С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырат.

Нооруз
Байыркы Нооруз майрамынан бир көрүнүш. Ак калпакчан аталар узун санжырага, узун уламышка киришкен. Ак элечек энелер чоң казанга сүмөлөк кайнатып жатат. Түтүнү, сүмөлөктүн жыты бурулдап, алыстап асманга сиңип кеткенсийт. Кыз-жигиттер колуна комуз ойнотуп, оюн-зоокко киришкен. Нооруз мартын жыйырма биринде болсо, асманда да жыйырма бир чабалекей учуп жүрөт.


Сары-Челек
Жаңы өңдөр менен жаңы стилде, улуттук колоритте тартылган. Боз үй, тоо, жер, суу, арчалар. Бардыгы оюм сыяктуу көрүнөт. Бардыгы өз мүнөзүн айтып турат.


Боз салкын
Болуп-толуп турган жайдын кечи. Тоонун кечи. Айлананын баарына боз түшүп, күн булуттарга жашынып күүгүм каптап барат. Түтүн бурулдап кечки аш жасалып, койлор короосуна кирип, бөбөктөр боз үйдө чурулдаган ирмем.


Улак тартыш
Улак тартыш оюнунан бир үзүм. Улакчы жеңиш биздики деп кубанычы койнуна батпай турат. Көк асмандын алдында боз топурак сапырылып, улакчынын аты да кубанычтан атырылып турат. Кызыл өң кызуу кандуулуктун, кызыган кандын өңүн көрсөтүп турат.


Аңгемелешүү
Эл-жерди ойлогон ата-бала. Эртеңкини ойлогон ата-бала. Келечек тууралуу, журт башчылары тууралуу баарлашып турат. Алардын аңгемеси улангандай, жашоо да уланып, асмандагы куштар да, булуттар да уланган кербен турмуштан бир көрүнүш.


Таңкы чай ичүү
Таңзаарда апасы менен кызы чай ичип олтурат. Күн шооласы жаңыдан тарап, мөлтүрөгөн шүүдүрүмдөр кургай албай турат. Жаңы турмуш, жаңы күндүн башталуу ирмеми. Таңкы тамактануудан соң эле адамдарга тирүүлүктүн түйшүгү башталат. Таң таза эмеспи. Жашыл өң да тазалыктын белгиси.


Кыргызбай
Кыргыз уулу, тоонун уулу. Артында калдайган Ала-Тоо, калдайган эл жатат. Булуттар чуудаланып учуп жүрөт. Кыргыз жигити ойго чөгүп, эмнегедир муңга чөгүп, элинин эртеңкисин ойлонуп турат.


Сүрөтчүнүн тагдыры ошол экен. Ал окуу жайды аяктай элегинде аскерге алынып, ошол учурда согуш оту жанып турган Ооганстанга аттанат. Ал жерде ачкачылык, өмүр менен өлүмдүн учкундары, төгүлгөн кан, жоготуулар, ар убак сүрөтчүнүн муңканып ыр жазган, күндөлүк жазган күндөрү өтөт. Нечен ирет ажал тооруйт. Бирок түркүн жүздөгөн сүрөттөрү, Орунай аттуу жубайы, алты баласы Мараттын тагдырында күтүп турган экен. Арадан эки жыл өткөн соң аман-эсен Ата Мекенине кайтып келип, окуусун аяктайт. Бирок дайым бала кезден "Биз эмнеге жарык дүйнөдөн жок болобуз, өлөбүз?" - деген ойлор кыйнап, ошол суроого жооп издеп далай күндөрүн өткөрөт. Астрономияны, Иога, Будданы изилдеп жүрүп, акыры мусулманчылыкка токтойт. Суроосуна жооп табат. Ошондой өзүн-өзү издеген күндөрдө жазган ыры:

Нечен жолу ушул жолду баспадым,
Нечен жолу ойду жыйнап чачпадым.
Нечен жолу ушул жолго сөз арнап,
Нечен жолу сөз таттуусун таппадым.

Азыр өз жолун, өз стилин тапкан элдик
сүрөтчүнүн сүрөттөрүнө чет элдиктер жогору баа берип, сатып алып кетип турушат.

Жамийла Таштанбекова







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??