Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

Ай дирилдейт, аалам дирилдейт...

23- августтан 28-августка чейин Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде "Орто Азияда Сиху көлүн тартабыз" деген аталышта азыркы кытай сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөдө кытайдын белгилүү 33 сүрөтчүсүнүн 110 картинасы коюлган. Кытай живописчилеринин эң негизги темасы Сиху көлү болуп эсептелет. Көргөзмөдө живопись, жогорку деңгээлдеги каллиграфия жана башка көп түрдүү жанрларды өзүнө камтыганы менен кызыктуу. Айрыкча бул картиналардан улуу элдин табигатка болгон терең суктануусун баамдайсың. Айлананы курчап турган табигаттын поэзиясын көрөсүң. Гүлдөр, чымчыктар, дарактар, тоолор кытай сүрөтчүлөрүнүн жакшы көргөн темасы. Төмөндө кытай сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине көз жүгүртүп, рухий азык алыңыз.


Күздүн бийи
Күзгү кайыңдардын токою. Кусалуу, муңдуу шамалга кайың эле эмес, жалбырактары да жабыла дирилдешет. Бийлешет. Кайыңдардын бийи коштошуу, айрылуу бийине окшошконсуйт. Күз тууралуу бул сүрөт Аньхой провинциясында жарык дүйнөгө келген Ма Цзюндун эмгектери.


Токойдогу улуу сөздөр
Янь Юань деген шакирти көз жумганда кытай ойчулу Кун Фу зы (Конфуций): "Оо, бул өлүмдү асман жиберди! Асман жиберди өлүмдү!" - деген сөзү бар. Бул сүрөттө да устат менен шакирт олтурат. Улуу сөздөрдү сүйлөшүп олтурушат. Аалам, асман, өмүр менен өлүм, тагдыр, бешене, өкүмдарлар жана кулдар жөнүндө аңгеме-дүкөн курушуп... Бул 57 жаштагы кытай сүрөтчүсү Фань Яндын эмгеги.


Улуу тоолордогу уламыштар
Жер каймактаганы канча адам жаралып кайра жок болду. Жер менен жексен болду. Унутулду. Улуу тоолор гана жарыкчылыктын арманын, азабын, турмуш жомогун, уламышын бүтүндөй төрөлүү менен өлүүнүн ортосундагы миң-милиондогон адамдардын тагдырларын боюна катып үнсүз мелтейишет. "Даракка катылган махабат" менен "Улуу тоодогу уламыштар" 43 жаштагы кытайдын белгилүү сүрөтчүсү Ван Цзешаньга таандык.


Ай менен жарышуу
Ак боз ат. Ак канатчан ат. Улуу түндө, ак түндө, айлуу түндө деңиз кечип чуркап баратат. Ай менен жарышып баратат. Жаныбар болсо да тулку-боюна улуулукту, сулуулукту сиңирген ак боз ат, жарык дүйнөдөн безген, ашыктыктын азабын тарткан жаралуу жүрөккө окшошот. Бул 1961-жылы жарык дүйнөгө келген Яо Дисюндун керемет картинасы.


Гүлдөр жана чымчыктар
Бул 1954-жылы Шаньдун провинциясында жарык дүйнөгө келген Хао Лянбиндин картиналары. Жазды тоскон куштар. Ажайып кызыл-тазыл гүлдөр. Тынчтыктын, бейпилдиктин ырын ырдаган куштар. Адамдын эле эмес гүлдөрдүн, канаттуулардын бактылуу тирүүлүгү.


Күз
Жалбырактар дирилдейт. Бири сапсары, бири жашыл. Бирок жашылы деле, сарысы деле дирилдеп учуп жерге түшүп жатат. Үзүлүп жатат. Мына ошол үзүлгөн жашыл, сары жалбырактай арабыздагы ар кыл курактагы адамдардан ажырап калабыз. Бу сүрөттү да Ма Цзюн тарткан.


Даракка катылган махабат
Көп жыл жашаган дарак. Көптү көргөн дарак. Эртели-кеч шуулдаган, шуудураган, жалбырактары дирилдеген дарак. Нечен кыз-жигиттер сүйүү сырларын, армандарын төккөн дарак. Ошол сырлардын баарын, сүйүүлөрдүн баарын тереңине каткан дарак.


Жамийла Таштанбекова







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??