Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Аукцион артында алдым-жуттумдук жатканбы?

Кендерди пулдай албай калышты...
28-августта КРнын Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин өлкөдөгү 12 кенди геологиялык чалгын иштери үчүн аукцион аркылуу сатуу аракети ишке ашпай калды. КТРКнын залындагы 34 ишкана, компаниялар катышкан түз эфирдеги аукцион жаңы гана башталганда кендерди инвесторлорго сатууга нааразылыгын билдиришкен 50дөй бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү кирип келип, аукционду токтотуп салды. Инвесторлорду мажбурлап сыртка чыгарып салганга чейин барышты. Мындай кадамын активисттер: "...баалуу металл, минералдар чыкчу кендерди геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин жетекчиси Учкун Ташбаев жең ичинен эчак эле сатып ийген, аукцион эл көзүнө процедуралык моменттерди аткаруу үчүн гана өткөрүлүүдө. Баалары эбак эле аныкталган",- деп түшүндүрүштү. Активисттердин бири Бактыбек Нуралы уулу кендер чалгын иштери үчүн эмей эле өндүрүш иштери үчүн сатылып атканын билдирди. Эске сала кетсек, кендерге лицензияларды берүү чечими өкмөт жетекчилиги тарабынан кабыл алынып, 11-июлда 12 кенди иштетүүгө лицензия аукцион аркылуу сатылары расмий айтылган эле. Буга чейин боло келгендей лицензияларды жең ичинен берүү токтогонун, кендерди иштетүүгө лицензия бекем тартипте, аукцион аркылуу гана бериле баштарын Учкун Ташбаев бир нече ирет айткан.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун бул инцидентке реакциясы дароо болду. "Тилекке каршы, ачык аукцион үзгүлтүккө учурады. Анын ордуна эмне сунуш кылышат? Эмне, аукцион өткөрбөй, анын ордуна лицензияларды 300 сомдон сатышыбыз керекпи?! - деп аукциондун өтпөй калганына ачууланганын жашырган жок.

Аукциондун артында Бабанов турган дейт...
Канчалык чындыгы бардыгын ким билсин, бирок "Ата Мекен" фракциясы 16-августтагы кезексиз жыйынында 12 кенди аукциондук негизде пулдоону токтотуу чечимин кабыл алышкан. Фракция депутататтары лицензияларды сатуунун артында Өмүрбек Бабанов турарын каңкуулашкан. Ал эми депутат Райкан Төлөгөнов Геология жана жаратылыш ресурстары агенттиги лицензия берүүдө мурдагы коррупциялык схемалар жанданып атат деп айыптаган. Фракциянын жогорудагы чечимине өкмөт эч кандай реакция жасаган эмес.
Коомчулукта бул тармакта коррупциялык схемалар жүрүп, лицензиялар Кайсар деген табышмактуу казактын амири менен жең ичинен берилип, пулданып аткандыгы көп эле айтылып, жазылып келген. Бирок ошол эле мезгилде Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев бир дагы кен иштебей турганын билдирсе, экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев лицензиялар берилбей, өлкөнүн тоо-кен тармагы оор абалга кептелгенин, инвесторлор келбей калганын тармактын банкроттук абалга кептелүү коркунучу бардыгын кыйыткан.
"Атамекенчилердин" айыптоолорунун канчалык негизи бар? Чын эле активисттер айтышкандай аукцион эл көзүнө өткөрүлүп аткан гана иш-чарабы? Же аукциондук комиссиянын мүчөсү А. Түнкатаров айтып аткандай, мында түшүнбөөчүлүк, билбестик орун алдыбы? Албетте, бул суроолорго кесе жооп берүү кыйын. Бирок мыйзамдарга каршы келгенине карабай, аукциондук комиссиянын төрагасы Учкун Ташбаев экендиги ар кандай ойлорго түртпөй койбойт. Мындан сырткары, чалгын иштери үчүн эле 34 компаниянын аукционго катышуусу да күмөндүү. Анткени чалгын иштерин жасоого кызыкдарлар мынчалык көп болбостугу, негизинен өздөштүрүлгөн кендерге кызыккандар арбын болорун тажрыйбабыздан көрүп келатабыз. Лицензия алууга Польша, Кытай, Азербайжан, Орусия, Түркия ж.б. өлкөлөрүнөн келген ишканалар талапкер болгондуктары эле бир топ нерседен кабар бербейби? Же чын эле чалгын иштерин шылтоо кылып, тармактын жетекчилиги 12 кенди жең ичинен пулдаган беле?

Жеңиш Молдокматов, "Кыргызстан жаштар кеңеши" коомдук уюмунун мүчөсү:
"Мыйзамсыз саталы дешкен"
-Мында Учкун Ташбаев мыйзамсыз түрдө баарын сатайын деди. Жакында кызматынан кетерин билип, куру кетпей капчыгын калыңдатып кеткиси келип атат. Аукционду мыйзамсыз деп эсептейбиз. Себеби У. Ташбаев Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин директору. Анын аукцион өткөрүүгө моралдык укугу жок. Буга чейин да бир канча жолу лицензияларды мыйзамсыз саткан. Биз ага ишенбейбиз.

Анара Дауталиева, "Таза табигат" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"Коррупциялык схемалар токтой элек"
-Аукционду үзгүлтүккө учуратуу туура болдубу? - деген суроо туулат. Биз канчалык ишенгибиз келбесин, мында чоң коррупциялык схемалар бар. "Тендердик комиссия" дегендин өзү ачык-айкындыктын, калыстыктын кепилдиги эмес. Бул медалдын бир жагы гана. Эл көзүнө документтер ачылып, баалар бычылып дегендей процедуралар жүрөт. Ал эми медалдын ар жагын билбейбиз. Кендерди сатып алгысы келген компанияларды карап көрсөк, көпчүлүгү кытайлыктар экен. А кытай инвесторлору бул тармакта эң арзан технологияларды колдонуу менен иш жүргүзөт. Экономикалык жактан өздөрүнүн пайдасына иштешсе, экологиялык жактан биздин зыяныбызга иштешет. Кендерге жакын жерлерде биздин жарандар жашашат. Алардын саламаттыгын да эстен чыгарбасак. Инвесторлор кендерди иштетип, алчусун алып кетип калышат. Зыянын жергиликтүү атуулдар тартып калмайы бар. Эске түйчү дагы бир жагдай, бизге эч качан ак ниеттүү инвесторлор келбейт. Себеби коррупциялык схемада лицензияларды берүү бизде катуу өнүккөн. Ага инвесторлорду да көндүрүп койдук. Ошондуктан аукциондун өтпөй калганы туура болду деп эсептейм. Кендерди инвесторлорго иштетүүгө "Жер кыртышы жөнүндө" мыйзамын кайрадан иштеп чыккандан кийин бергенибиз туура. Анткени аталган мыйзам элибиздин, өлкөбүздүн пайдасына иштебейт.

Наби Эшназаров, Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин статс-катчысы:
"Чалгын иштерге лицензия сатылмак"
-Активтисттердин уюшкандыкта болгондугу мунун алдын-ала пландалганын көрсөттү. Менимче алар тарабынан түшүнбөстүктөр болду окшойт. Алар жерди сатып атат деп ойлошту. Жер эмес, чалгын иштерин жүргүзүүгө лицензия сатылмак. Кенди өздөштүрүү иштери бүткөндөн кийин жер кайтарылат. Кээ бир лицензиялар болсо чалгын иштерине гана берилмек. Биз бул багыттта 4 ай бою көп иштерди жүргүзгөн болчук. Жаңы эрежелерге ылайык, лицензия аукциондун негизинде берилери маалымат иретинде элге, коомчулукка жетиштүү айтылган. Биз элге ачык-айкын түрдө сатылсын деп атайын түз эфирде өткөрүү чечимин кабыл алган элек. Тилекке каршы, натыйжасы тескери болуп калды. Бул эми аукцион өткөрүлбөйт дегенди билдирбейт. Комиссия курамы сүйлөшүп, бир чечимге келгенден кийин жайын, убактысын тактап, аукционду башка күнү өткөрөбүз. Артка кайтууга болбойт. Катышуучулардын баары кепилдик төлөмдөрүн, аукционго катышууга зарыл сумманы төлөп коюшкан. Аукционго катышып аткан инвесторлор тарабынан түшүнбөстүктөр, нааразылыктар болду. Бирок азырынча эч кимиси катышуудан баш тарта элек.

Орозбек Дүйшеев, Тоо-кен ассоциациясынын төрагасы:
"Аукциондун өтпөгөнү туура болду"
-Бул биздеги тоо-кен тармагынын анархиялык, башаламандык абалга кептелгенин көрсөттү. Акыркы жылдары тармакты түшүнбөгөн, бир күн да иштебеген адамдар жетектеп, алар эл менен такыр иштешкен жок. Максаты эле эптеп лицензия сатуу менен акча жасоо болуп калды. Аукционду өткөрүү менен да чоң акчаларды жасоону максат кылышкан чынында. Аукцион деген эмне? Элге, коомчулукка ачык түрдө сатуунун жолу. Бирок аукциондо ачык түрдө кендер сатылбашы керек. Бул эч бир акылга сыйбас нерсе. "Лицензияны сатабыз",- деп атышат. Бул такыр эле туура эмес. Лицензия эч качан сатылбайт, лицензия берилет. "Чалгын иштери үчүн сатылат",- деген шылтоо менен кендерди иштетүүгө берели дешкен. Буга чейин кен иштетүүгө 1000дей лицензия берилсе, алардын биринде да Кыргызстандын үлүшү жок. Бул ирет да ошондой болмок. Активисттердин аукционду өткөрбөй койгондору эң туура болду.

Салмоорбек Дыйканов, "Асаба" партиясынын төрагасы:
"Бабанов, Сулайманов, Атамбаев пара алган имиш"
-Ушул жылдын башында президент Алмазбек Атамбаев Түркия парламентинин алдында сүйлөп, анда канадалыктар акыркы 10 жылда 10 млрд. доллардан ашык алтынды чыгарып кеткенин, Кыргызстан арзыбаган гана алтын алганын айткан. Бирок "Кумтөр" боюнча депутат Садыр Жапаров башында турган комиссия компанияны улутташтыруу керек деген маселени көтөргөндө, Атамбаев менен Бабанов каршы чыгышты. Муну кандай түшүнүүгө болот? Негизи "Кумтөр" боюнча келишим оң жагына чечилмейин, башка лицензиялар берилбеши керек. 12 кендин сатылып кеткенин, аукцион өткөрүү менен жөн гана эл көзүнө "показуха" экенин мага бийлик сересиндеги адамдар айтышты. Алардын аты-жөндөрүн айта албайм. Алардын айткандарына ишенсек, лицензия берүүдө паранын 50 %ын Бабанов алса, калганын депутат Алтынбек Сулайманов менен Атамбаевдин мурдагы шоопуру Икрамидин Айткулов бөлүп алыптыр.
Кыскасы, аукциондун үзгүлтүк­кө учурашы менен маселе бүдөмүк суроолорду жаратып, ар кандай пикирлердин ордосуна айланып олтурат. Ал эми Учкун Ташбаев буш иштин артында айрым саясий күчтөр тургандыгын, кээ бир депутаттардын кендерге лицензиялары бар экенин айтты. Бул маселени биз да көз жаздымда калтырбайбыз.

Мирлан Дүйшөнбаев







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??