Кимдин кандай фобиясы бар?
Кубанычбек Исабеков, ЖКнын мурдагы вице-спикери:
"Машинесин катуу айдагандар кооптонтот"
- Негизи эч нерседен деле коркпойм. Бирок акыркы учурларда көчөдөгү катуу ылдамдыкта жүргөн, катуу тормоз берген машинелерге фобиям пайда болуп баратат. Алкынтып, жулкунтуп айдаган жаштар көбөйдү. Ошондой машинелердин алдында калгандан корком. Светофорлордо жөө жүргөндөрдү урматташпайт. Чоочутуп сигнал беришет, тормоз тебишет.


Азизбек Турсунбаев, Жалал-Абад облусунун губернатору:
"Машине менен жүргөндү оң көрөм"
- Учакка фобиям бар. Өз өмүрүмө кооптонгондуктан болсо керек, самолетко түшкөндөн корком. Алыс жакка барганда аргасыз учакка түшпөсөм, Кыргызстан ичинде машине менен эле жүргөндү оң көрөм.


Болотбек Ногойбаев, ИИМдин мурдагы башчысы:
"Тынччылык тилей берем"
- Өзүм күч органынын адамы болгону менен согуштан, согуштук конфликттерден корком. Дайыма тынччылык болушун тилей берем. Башка мен корко турган бул жашоодо эч нерсе жок.


Абдыгул Чотбаев, Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси:
"Балкондон жерди карай албайм"
- Бийик кабаттуу үйлөрдүн балконуна чыгып, жерди карагандан корком. Карасам эле балкондон кулап кетчүдөй боло берем. Анан асты көрүнбөгөн, тунук эмес суудан корком.


Турсунбек Чынгышев, КРнын мурдагы өкмөт башчысы:
"Бир гана Кудайдан корком"
- Мен бул жашоодо бир гана кудайдан корком. Башка мейли, жаратылыш кубулуштарыбы, жырткыч жаныбарбы, эч нерседен коркпойм. Атүгүл өлүмдөн да коркпойм. Бул эртеби-кечпи ар бирибиздин башыбызга келчү нерсе. Абийири таза адам эч нерседен коркпойт.


Айбек Турганбаев, Ош облусунун прокурору:
"Менде коркуу сезими деле жок"
- Менде кандайдыр бир көрүнүштөргө, кубулуштарга коркуу сезимим жок. Арстан, жолборстон коркоюн десем, алар бизде жок. Африкага болсо барбайм. Кишилерден коркоюн десем, алар деле мага окшогон жандар. Бир кудайдан, анан мыйзамды бузгандан коркуп, мыйзамсыз жолго баргандан кооптонмоюм бар.





Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты:
"Авторитардык мамлекетте гана саясатчылар бири-биринин былыгын чукубайт"
- Равшан мырза, өкмөттү кетирүү маселесин мындан 1-2 ай мурда эле көтөрүлдү эле. Ага аргымак чыры чекит койгонсуду. Бирок коомчулукта парламент аткана деңгээлине түшпөй, өкмөттү башка жүйө менен кетирсе болмок деген сөздөр айтылууда. Буга пикириңиз кандай?
- Ар бир мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктин баскан-турганы, материалдык абалы дайыма коомдун көз кырында болушу керек. Эгер президент, премьер-министр, депутаттарга жарандык коом, ЖМК талап койсо, анда биз өнүгүүгө бир кадам таштаган болобуз. Ошол себептүү, мен өкмөттү аткана деңгээли менен отставкага кетирип жатышат дегенге кошулбайм. "Ата Мекен" фракциясынын мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүүгө толук укугу бар. Ушундай эле укук "Республика" фракциясына дагы берилген. Бул менимче абдан жакшы көрүнүш. Коом ушундай жол менен гана тазаланууга тийиш. Авторитардык мамлекетте гана саясатчылар бири-биринин былыгын чукубайт. Премьер-министрге, президентке каршы компромат ыргыта албасак, анда Бакиевдин режимине кайтабыз.
- "Республика" фракциясынын "атамекенчилерди" 2010-жылдын 7-апрелинде мародерлук кылган деп айыптап жатышы боюнча эмне айта аласыз? Бийлик башында турган адамдардын түрмөдөгү адамдын пикирине таянышы мыйзамга жатабы?
- Демократияны колдогон адам катары айтаарым, тергөө жүрүп атканда түрмөдөгү адамды үч-төрт саат бою көргөзүүгө эч бир телеканалдын укугу жок. Бул жерде объективдүүлүк принциби көз көрүнөө бузулуп жатат. Демократия курабыз деген өлкөдө бул акылга сыйбаган нерсе.
- Кечиресиз, өкмөттү алмаштыруу укугу парламент колунда эмеспи. Ошого карабай "Республика" менен "Ата Мекен" фракциясынын президентке кат жолдоп атышы эмнеден кабар берет?
- Менимче, бул жакшы нерсе. Президентте азыр арбитрдин ролун ойногонго мүмкүнчүлүк пайда болду. Анткени анын кол астында прокуратура жана МУКК турат. Бул органдар аркылуу эки фракциянын айтканын мыйзамдуу түрдө далилдеп, туура маалымат берүүгө президенттин толук укугу бар. Бирок өкмөттү кетирүү маселесине ачыктан ачык кийлигишип, тигил же бул фракцияга жан тартууга акысы жок.
- Мародерлук маселеси "Ата Мекен" фракциясынын аброюна мындан ары да көлөкө түшүрбөйбү? Буга чейин мындай айыпты "атажуртчулар" коюп чыгышпады беле?
- Акыркы бир жылда мародерлук маселеси "атамекенчилерге" каршы саясий компромат катары колдонулуп келди. Бирок "Республика" фракциясы принципиалдуу болсо, эмне үчүн бул маселени бир жыл мурда көтөрүп чыккан жок? Өз кызыкчылыгына жооп бербей калганда гана айта баштады. Бул "Республиканын" саясатта принциби жок фракция экенинен кабар берет. Эми мародерлук боюнча айтсам, бул жерде үч бүдөмүк маселе болуп жатат. Биринчиси, тартылып алынган курал-жарактар мамлекетке кайтарылганбы же жокпу? Экинчиси, Текебаев башында турган адамдар мамлекеттик мүлктү басып алып өз кызыкчылыгына жараша пайдаландыбы же жокпу? Үчүнчүсү, 1,5 тонна алтынды чындап эле ташып кеткенби же жокпу? Муну укук коргоо органдары далилдеп, коомго, ЖМКга маалымат бериши керек. Ага чейин мындай жарлык тагууга эч кимдин укугу жок.
- Кечээ "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары коалициядан чыкканын кабарлады. Фракциялар ичинде пикир ­келишпестиктер, ажырым болуп жатат. Айрым серепчилер минте берсе парламент таркап, күзгө жаңы шайлоо белгиленет дешет...
- Эгер "Ата Мекен" жалгыз өзү ушундай чечим кабыл алса, коалиция урамак эмес. Бирок "Ар-Намыс" дагы ушундай кадамга барып жатат. Биз парламенттик өлкө катары өкмөт иштей албаса, аны алмаштырып, жаңысын алып келгенден коркпошубуз керек. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешти таркатканга олуттуу да, объективдүү да негиз жок. Таркаткан күндө деле ушул адамдар кайра келет.
- Кепти өзүңүзгө бурсак, саясий коомчулукта Акматбек Келдибеков "Ата Журттан" кетип, сиздин партияга кошулганы тууралуу сөз болууда. Чын-бышыгын өзүңүздөн тактасак?
- Акматбек Келдибеков биздин партияга кирем деп келген жок. Мен да ага барган жокмун. Азырынча биздин "Демократиялык альянс" партиябыз билимдүү жаштардын турат. Мүчөлөрүбүз ашып кетсе 30-40 адамдын тегереги.
- Премьер болом деп жүрчү элеңиз. Өкмөт кетсе премьерликке талапкер болосузбу?
- Тилекке каршы, биздин мамлекетте фундаменталдуу өзгөрүү болгону менен чоң өзгөрүү болгон жок. Премьерди кандайдыр бир мыйзам бузуу, интрига аркылуу эмес, программа, көз караш жана команда менен шайлоо керек. Ошондо гана өлкө алдыга жылат. Эгер келерки шайлоодо ушундай процесстер жүрсө, анда сөзсүз түрдө премьерликке ат салышам.
Маектешкен
Санжи Туйтунова
De-факто гезити