Руслан КАЗАКБАЕВ, КР Тышкы иштер министри:
"Эл аралык сүйлөшүүдө улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн сөзсүз соодалашуу болот…"
Илим Көлөпов, Бишкек:
- Руслан мырза, Сауд Аравиядагы консул, Малайзия, Англия, Америкадагы элчилерибиз Кыргызстанга кандай пайда келтиришүүдө? Өлкөбүзгө инвестиция тартып же жок дегенде чет жактарда жүргөн мекендештердин укугун коргой алабы?
- Элчилерибиз: Америкада Муктар Жумалиев, Англияда Бактыгүл Каламбекова милдеттерин жогорку деңгээлде билишет. Малайзияда да акыркы жолу азыркы министрдин орун басары, профессионал дипломат Аскар Бешимов элчи болгон. Кыргызстанга инвестиция тартып жатышат. 2011-жылы өлкөбүзгө тартылган чет элдик түз инвестициянын көлөмү 849 миллион АКШ долларынан ашты. АКШ элчилиги тейлеген Канададан 445,5 миллион, Англиядан 51,4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция келди. Малайзия болсо балдарыбызды окутуп, адал индустриянын өнүгүшүнө интеллектуалдык жана руханий инвестиция жиберип жатат десем болот. Түштүк-Чыгыш Азияга ачылган дарбазабыз да Малайзия аркылуу өтчүдөй болуп турат. Айтмакчы, сентябрь айында биздин чакыруубуз менен Малайзияны азыркы деңгээлге алып келген даңазалуу Мохамад Махатхир келе жатат. Анын келиши менен Кыргыз-Малайзия кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгышына жол ачылат деп ойлойм. Эгерде аты аталган элчилерге эл нааразылыктар болсо, анда аны сөзсүз талкуулайбыз. Нааразычылык каттар көз жаздымда калбайт.
Асыл Шаршен кызы, Ош:
- Руслан мырза, биздин мыкты улан-кыздар кайсы чет өлкөдө окуса, ошол жерде калып калууда. Аларды калтырбай алып келүү боюнча маселени караштырып жатасыздарбы?
- Так эле ушундай суроо Роза Исаковна уюштурган "Мекендештер" форумунда да берилди. Ал форум менен катар эле "Замандаш" ассоциациясынын конференциясы өттү. Бул жакшы саамалыктарга көптөгөн мекендештер келип, долбоорлорун сунушташты. Айтылган суроолор, сунуш, долбоорлор жоопсуз калбайт. Азыр өкмөттө программалык план жазылып жатат. Чет өлкөдө иштеп, окуп жаткан мекендештерибиз чынында эле көп. Аларды биз кыйнап-зордоп алып келе албайбыз. Себеби айлыгын канааттандырарлык кыла албайбыз, жумуш менен камсыздандыра албайбыз. Биздин улан-кыздарыбыз патриот, андыктан качандыр бир кезде өз өлкөсүнө кайтып келет, болбосо, Мекен пайдасына чоң иштерди жасашат деп ишенем.
Нурлан Султанбеков, Нарын:
- Калп айткан учурларыңыз болобу?
- Болот. Калыстыкты кармап калп айтпаганга аракет кылам. Эл аралык жолугушууларда жана сүйлөшүүлөрдө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Мекенибиздин жаманын жашырып, жакшысын ашырып, жалаң оң жактарын гана айтабыз. Кээде чындыкты айтпай коюуга да аргасыз болобуз.
Эрнис Ишенбеков, Чүй:
- Пара берип же алып көрдүңүз беле?
- Кызык суроо. Белек берип жана алган учурлар болот. Бирок бул пара деп эсептелбесе керек. Батыш өлкөлөрүндө белек берүүгө да жол берилбейт. Бизде бул кадыресе жакшы эле көрүнүш. Мухамбет пайгамбардын деле: "Белек беришкиле, сүйүүңөр артсын", - деген хадиси бар го. Кыргызстан кичинекей, ар бир министрликте ким эмне кылганын эл таразалап көрүп турат. ТИМде күнүгө 50дөн 100гө чейин адамдарды кабыл алабыз, ошолор баасын берисин. Биздин министрликте пара алып-бергенге негиз да жок.
Айнура Дүйшөбаева, Беловодск:
- Руслан мырза, сиз жакында эле Мекке шаарында Ислам кызматташ уюмунун чогулушунда болуп келдиңиз. Кандай маселелер каралды жана Кыргызстан үчүн анын канчалык пайдасы бар?
- Күн тартибиндеги негизги маселе Сирия кризиси болду. Тынч жашаган атуулдардын арасында курмандыктар ого бетер көбөйөт деп кооптонуп, кризисти чечүү үчүн Сирияга тышкы куралдуу кийлигишүүгө саммитке катышкан 57 мамлекет тең каршы экенин билдирди. Бирок Сириянын Ислам кызматташтык уюмуна мүчөлүгү убактылуу токтотулду. Андан башка Палестина, Мали жана Мьянма мусулмандарынын абалына байланышкан маселелерди карадык. Саммиттин аягында мусулман дүйнөсүн ынтымакка чакырган коммюнике кабыл алдык. Визиттин алкагында Уюмдун баш катчысы, Ислам өнүгүү банкынын президенти, Омандын султаны, Египеттин, Кувейттин, Катардын, Сауд Аравиясынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары менен жолугушуп, соода жана инвестиция тармагындагы кызматташууну бекемдөө тууралуу сүйлөштүк. Араб дүйнөсү биз үчүн али ачылбаган кенч, казына сыяктуу. Экономикалык кызматташууну жолго коюп алсак, көлөмдүү инвестиция тартсак болот.
Сатылган Сазаев, Бишкек:
- Руслан мырза, менин кызым Айзада Сазаева Франциядан окууну бүтүп келди. Кыргыз, орус, англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Өз Мекенинде калып иштесемби деген тилеги бар. Жумушка ала аласыздарбы?
- Бизге сиздин кызыңыздай сабаттуу адистер керек. Бирок адегенде стажировкага келип көрсүн. Андан кийин вакансия пайда болсо биз мыйзам боюнча конкурс жарыялайбыз. Ошого катышса бир катар тапшырмалар менен кошо тилден да тест тапшыртабыз. Конкурстук комиссияда ТИМдин жооптуу кызматкерлеринен башка да Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бар. Ошолордун элегинен ийгиликтүү өтсө, кызыңызды жумушка алууга даярбыз.
Гуля Абдылдаева, Ат-Башы:
- Миграциянын ТИМге кошулганын колдобогондор көп. Өзүнчө министрлик кылынчу тармак дешет. Кандай дейсиз, сиз башкарган министрликке кошулганы өзүн актап жатабы? Мигранттар канча акча которду? Азайды дешет го?
- Миграция маселесин тейлөө укугу ТИМге берилиши да тегин жерден эмес. Расмий эле эсептер боюнча жарым миллиондон ашуун биздин мекендештерибиз чет жактарда иштеп, жашап жүрүшөт. Ошолордун кызыкчылыктарын коргоо, ал-акыбалын жөнгө салган укуктук базаны өнүктүрүү, аларга консулдук жардам көрсөтүү ансыз да тышкы саясий ведомствонун милдети болуп келген. Ошондуктан миграция маселесин жөндөөдө ТИМ жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө, тажрыйбага жана кадр ресурстарына ээ. Расмий маалыматтар боюнча кыргыз эмгек мигранттары жылына болжол менен $1,5 миллиарддай акча которушат. Азайды деген маалымат чындыкка жатпайт. ПРООНдун экономикалык байкоо кызматынын маалыматы боюнча 2012-жылдын алгачкы беш айында өткөн жылдагы ошондой эле аралыкка салыштырмалуу каражат которуу 22% га өскөн.
Замира Жакшылыкова, Кажы-Сай:
- Мигранттардын Орусияга иштеши татаалдашкандан татаалдашууда. Орус тилинен жана тарыхынан экзамен бере турган кылышты. Эми алардын ИИМинде мыйзамсыз миграция менен түздөн-түз иш алып барчу бөлүмдөр иштеп баштады. Биз тараптан эмнелер жасалууда?
- Президент Путиндин "Улуттар аралык ынтымак" тууралуу указына ылайык, 2012 - жылдын ноябрына карата мигранттарга орус тили жана Орусия тарыхы тууралуу сынак тапшыруу эрежесин киргизүү каралган. Мамлекет ички аймагында кандай мыйзам кабыл алса, өз эрки эмеспи. Ага карата таасир этүүгө болгон аракет өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары бааланышы мүмкүн. Ошон үчүн профессионалдык техникалык окуу жайлардын базасында "миграцияга даярдык" долбоору менен орус тилин үйрөтүү жолго коюлууда. Өкмөттүк структуралар менен окуу жайлар биргеликте орус тили боюнча тестирлөө борборлорун уюштуруу маселесин карашууда. ТИМ болсо тил билбей, укугу тепселген атуулдарыбыз кайрылса, сөзсүз жардам берет. Азыр биз 2020-жылга чейинки миграция жарандарын жөнгө салуу стратегиясын иштеп чыгып жатабыз. Эмгек мигранттарынын укуктарына байланыштуу бир мыйзамдын, эки токтомдун долбоорун даярдадык. Бул аракеттерибиз эмгек миграциясында жүргөн мекендештерибиздин абалын жакшыртууга багытталууда.
Анарбек Темирканов, Талас:
- Миграция боюнча канча өлкө менен кандай макулдашуулар, кандай жеңилдиктер кылынды?
- Кыргыз Республикасы Жумушчу мигранттарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо тууралуу Конвенцияга кошулган. Орусия менен Эмгек миграция жаатында макулдашууга кол коюлган. Корея Республикасы менен да кыргыз атуулдарын уюшкандыкта кореялык ишканаларга жумушка орноштуруу меморандуму түзүлгөн. Жаңы жагдайларды эске алып, ал меморандумга толуктоолорду киргизүүдөбүз. АКШдагы кыргыз атуулдарына иштегенге жакшы шарт түзөлү деп АКШ Мамлекеттик департаменти менен консультацияларды баштаганбыз. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун визитинен кийин Катарга кыргыз атуулдарын жумушка орноштуруу боюнча келишимдин долбоорун сунуштап атабыз. Түркия менен да бул маселени чечүүдөбүз. Башка да өлкөлөрдө бул багытта иш алып барып атабыз. Албетте, ал жактагы кыргыз жарандарынын укук-кызыкчылыктарын коргоо жана кепилдикке алуу ниетинде.
Токтобүбү Абдыкулова, Кемин:
- Кыргызстандын сырткы карызы канча? Андан кантип кутулабыз?
- Азыр 2 миллиард 845 миллион долларга жетти. Бул жүрөктү өйүй турган көрүнүш, бирок биз, дипломаттар, карыз маселесин оң чечүүгө колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Тышкы карызды төлөштү бир эле өкмөттүн же президенттин милдети деп түшүнүү туура эмес. Кыргызстандыктар жапа тырмак аракет кылбасак, бул иштин өтөсүнө чыга албайбыз. Алганыбызды акчалай төлөп бергенден башка бизде азыр карыздан кутулуунун бир канча варианттары бар. Маселен, айлана-чөйрөнү жакшы коргоо милдеттемесин аткарсак, кредиторлор карыздын бир бөлүгүн кечүүгө даяр. Анткени технология, өндүрүш, өнөр-жай өнүккөн сайын жаратылыш болуп көрбөгөндөй жабыркады. Мунун зыяны бардык адамзатка тиерин Арал экологиялык катастрофасы көрсөттү. Ошон үчүн тоолуу өлкөлөрдүн табиятын татынакай сактап бериши карыз берген өнүккөн өлкөлөрдүн да кызыкчылыгына туура келет. Андан сырткары карызды өлкөдөгү кен-байлыкты иштетүү жана чоң кирешелүү объектилерди менчиктөө укугуна алмашалы деген сунуштар болот. Бирок биз улуттук кызыкчылыктарыбызды эч кимге тебелетпешибиз керек. Андан көрө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бардыгыбыз өз чөнтөктөрүбүздөн төлөгөнүбүз дурус.
Биз, дипломаттар, мамлекет башчысынын жана өкмөттүн тапшырмасы боюнча донорлор жана эл аралык финансы институттары менен көп тараптуу жана эки тараптуу форматта тышкы карызды кечүү багытында сүйлөшүүлөрдү системалуу мүнөздө жүргүзүп турабыз. Натыйжада, айрым биздин тышкы партнерлорубуз карыздарын кечип, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө иш жүзүндө көмөк көрсөтүп жатат. Өткөн жылы Түркия 51 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү карызынан баш тартса, азыр Орусия ири суммадагы карызын кечүү маселесин карап жатат. Кредиторлордун Париж Клубунун алкагында да дипломаттарыбыз ушул багыттагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Салима Сариева, Бишкек:
- "Манас" аэропортунда жайгашкан америкалыктардын Транзиттик жүк ташуучу борборун качан чыгарабыз? Эмне үчүн аларды чыгарууга күчүбүз жетпей жатат?
- Жакшы суроо. Кыргыз жана АКШ өкмөттөрүнүн 2009-жылы 22-июнда түзгөн келишимине ылайык Транзиттик жүк ташуучу борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Ага чейин бул борбордук Кыргызстандан чыгаруу тууралуу кеп да болгон эмес. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аягына чыгышын күтүүгө туура келет. Ал убакытка карай АКШ да аскерлерин Ооганстандан чыгарууну аяктап калат. Ошондо бул Борбордун азыркы абалда жана статуста кыргыз жергесинде калуусуна азыркыдай зарылчылык деле болбойт деп ойлойм. Жүк ташуулар жана кызмат көрсөтүүлөр убагы келсе, аскердик максаттарда эмес, граждандык гана мүнөздө болот го деп ойлойм. Бул маселени Ооганстандагы абалдын өзгөрүшүн жана регионалдык коопсуздукту талдап чыгып, жети өлчөп, бир кесип чечиш туура болот деп ишенем.
Клара Жакыпова, Арча-Бешик:
- Чет өлкөдө жүргөн кыргыздар кош жарандуулук алууга болобу? Кайсы мамлекеттер менен бул маселе укуктук негизде чечилген? Эгерде мындай тажрыйба жок болсо, бул демилгени көтөрсө болобу?
- Кош жарандуулук боюнча бир да мамлекет менен укуктук келишим түзүлгөн эмес. 2006-жылы Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясына ал жактагы мекендештерибиздин абалы жакшырат деген үмүттө кош жарандуулук системасын кийирүү сунушу менен кайрылган. Бирок Орусия мындай чечимге келүүгө азыр эртелик кылат деген позициясын билдирип, биздин демилгеге кошулбаган. Чынында кош жарандуулуктун бир топ маселелери да бар. Маселен, эки атуулдугу бар адам кайсыл өлкөдө аскерий милдетин өтөйт, кайсыл казынага салык төлөйт, пенсияны кайдан алат деген сыяктуу. Ушундай жагдайдан улам кош жарандуулукту жокко чыгарып жаткандар да бар. Мисалы, Түркмөнстан менен Орусия кош жарандуулук тууралуу макулдашуусунан баш тартышты.
Алгазы Оморов, Сокулук:
- Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыздардын бирден бир көйгөйү - бул кандайдыр бир себеп менен көз жумган мекендештерибиздин сөөгүн Мекенине жеткирүү (жүк -200). Мындай учурларда силердин министрлик кандай жардам көрсөтө алат? Анткени ошол эле коңшу мамлекеттерде бул көйгөй чечилген. Жеткирүү мамлекеттин мойнунда.
- Албетте, тиричилик кылам деп барып бөтөн эл, бөтөн жерде ажал тапкандардын тагдырлары баарыбыздын эле каңырыгыбызды түтөтөт. Ошон үчүн биздин чет элдеги дипломаттарыбыз "200-Жүктү" жөнөткөндөргө негизинен укуктук, транспорттук, консулдук анан албетте моралдык жардамдарды көрсөтүшөт. Негизинен ал жактагы диаспораларыбыздын өкүлдөрү ынтымакта мындай маселелерде бири-бирине көмөктөшкөнү кубандырат.
Бирок коңшу өлкөлөрдө бул көйгөй чечилген деген маалыматыңыз чынын айтсам, так эмес. Тескерисинче Кыргызстанда гана чет өлкөдө каза тапкан кыргызстандыктардын денелерин мекенине жеткирүүгө кеткен чыгаша мамлекеттик казынадан төлөнөт деген маанидеги өкмөттүн токтому чыккан. 2011-жылы Жумушка жайгаштыруу борборуна четте көз жумгандардын туугандарынан 94 арыз түшүп, алардын 80ни 2 миллион сомдон ашыгыраак чыгашалары мамлекет тарабынан компенсацияланган.
Негизинен Россияда мындай окуялар көбүрөөк болгондуктан, Москвадагы элчилигибизден сырткары Екетаринбургда, Новосибирскиде консулдук мекемелерибиз иш алып барышат. Орусия чоң мамлекет эмеспи, андыктан дагы кошумча консулдук мекемелерди ачуу зарылдыгы бар жана биз бул маселени карап жатабыз.
Камчыбек Жолдошов, Кара-Балта:
- Улуу Британияга балама барганда Лондон шаарындагы кыргыз элчилигине кирип чыгайын десем, диаспорадагы кыргыз балдар элчи айымдын кыялы чатак, маданияты, билим деңгээли төмөн экендигин айтышты. Элчи деген өлкөнүн, элдин, улуттун жүзү да. Ошону бир иликтеп көрбөйсүзбү?
- Туура, элчи - биздин жүзүбүз. Андыктан элчилерди кызматка коердо алардын иш тажрыйбасын, билимин карайбыз. Ал жерде Бактыгүл Каламбекова аттуу элчибиз бар. Бактыгүл айымдын тажрыйбасы мол, билими жогору. ТИМде 15 жылдан ашык иштеген, Түркияда элчиликте кеңешчи, министрдин орун басары болгон.
- Ал айымды кызматка Роза Отунбаева алып барган турбайбы. Алигүнчө колдойт дейт. Ошон үчүн аны кызматтан эч ким алалбайт дешет, чынбы?
- Роза Исаковна өткөөл мезгилдин президенти болуп турганда бир топ элчилердин алмашканы чын. Бактыгүл Каламбекова да ошол учурда кызматка отурган. Ал эми "эч ким кызматтан ала албайт" деген туура эмес. Эгер натыйжасыз иштесе, мамлекет башчысы кызматтан кетире алат.
Айгүл Нурланбекова, Талас:
- Алмазбек Атамбаев менен Орусиядан келген Игорь Шувалов башында турган делегациянын жолугушуусу болуп өттү. Ошол жолугушууда Кыргызстандын 2005-жылдан бери келаткан 489 миллион долларлык карызын үстөк пайызы жок кечилери сөз болду. Орусия карызды жөн эле кече бербейт да. Кызыкчылыгы бар. Дагы эмнени соодалашты экен деп капа болуп жатам. Сизчи?
- Туура, эл аралык сүйлөшүүдө улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн сөзсүз соодалашуу болот. Шувалов баштап келген делегация менен сүйлөшүүлөр биз үчүн натыйжалуу аяктады деп ойлойм. Эки жылдан бери чечилбей келе жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу маселеси чечилип калды. Кол коюлган протоколго ылайык, тараптардын бул курулчу ГЭСтердеги үлүшү 50 пайыздан болот. Мурда Орусия инвестор катары 75 пайызын сурап жаткан. Буюрса, 1-ноябрга чейин Жогорку Нарын каскадын куруу иши башталары да протоколдо көрсөтүлдү. Башкаруу кеңешине да кыргыз тарабынан көбүрөөк өкүлдөр кире турган болду. Андан сырткары орусиялык аскерий базалар боюнча келишимди 45 жылдык эмес, биз сунуштагандай 15 жылдык мөөнөткө түзүү тууралуу макулдаштык. Бардыгы болуп ­ГЭСтер, аскерий базалар жана тышкы карызды кечүү тууралуу үч протоколго кол коюлду. Ал документтерде Орусия карызын кечкени үчүн кыргыз тарабы өзүнө бир да милдеттеме алган жок.
Нурайым, Бишкек:
- Руслан мырза, сизди бул кызматка досуңуз Өмүрбек Бабанов алып келгени чынбы?
- Ооба, досум. Бирок бул достук ал премьер-министр болгонго чейин эле бар болчу. Достугубуз жумушубузга эч бир таасирин тийгизбейт деп ойлойм. Анын премьер, менин министр болуп калышым кошумча жоопкерчиликти гана жаратат. Өз ишибизди өз алдыбызча аткарып жатабыз. Кандай аткарып жатабыз, аны эл бааласын, баасын берсин. Өмүрбек Токтогулович чечкиндүү, талапты катуу койгон жетекчи. Ал премьерликке дайындалганга чейин эле убактылуу өкмөттүн, техникалык өкмөттүн жана биринчи коалициянын курамында тышкы иштер министри болуп иштеп келе жаткам.
- Досуңуздун кызматтан кетишин парламент талап кылып жатат. Туурабы же туура эмеспи?
- Демократиялык өлкөдө бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби мындай көрүнүш буга чейин эле парламентте болуп келген. Азыр да өкмөттүн кетиши боюнча талаш-тартыштар болуп жатат. Эгерде премьер-министр жана министрлер өз ишин так аткара албай жатса же мыйзам бузууларга барса, же парламент коюп жаткан күнөөсүн мойнуна коюп, тастыктап берсе, анда өкмөт кетип, жаңы татыктуу министрлер келиши керек. Кызматтан кетүү трагедия эмес. Бирок өкмөттү бат-бат эле алмаштыра берүү саясий туруктуулуктун орноосуна жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет деп ойлойм.
Жайчыбек, Талас:
- Руслан мырза, сиздерде иштегендердин 90 пайызы кыргыз тилин билбейт дешет. Алар кыргыз тилине күйбөсө, сыйлабаса кандай болот? Жана башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылат дешет. Кыргыздар канча деги?
- Кыргыз тил маселеси кечээ же бүгүн чыга калган жок. Ал илгертен келаткан көйгөйлүү маселе. Бирок бул бир адамдын күнөөсү эмес. Союз убагында орусча окуп, тарбияланып калгандарды түшүнсө болот. Ал эми азыр заман башка. Бизде иштеген жаштардын көбү эне тилибизди жана башка көп тилди билет. Буюрса, ТИМде кыргыз тилинин мааниси бара-бара күчөп баратат. Иш-кагаздарды кыргыз тилинде да жүргүзүп жатабыз. Вебсайтыбыздын кыргызча баракчасын туруктуу иштете баштадык. Чет жактагы элчиликтерибизге да вебсайттарын кыргызчалоо тапшырмасын бердик. Журналисттер үчүн туруктуу брифинг өткөрүү салтын киргиздик жана анда маалыматтар кыргыз тилинде да берилип жатат.
Ал эми ТИМде башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылат деген маалымат туура эмес. Биз негизинен ишке алып жатканда талапкердин улутуна, динине же жынысына карабай илим-билимине, профессионалдык даярдыгына, кулк-мүнөзүнө, таалим-тарбиясына жана тил билүү жөндөмүнө карап алабыз. Ошондой шартта деле кадрлардын басымдуу көпчүлүгү уңгулуу улуттун өкүлдөрү.
Кушубак Өмүралиев, Бишкек:
- Руслан мырза, Андрей Андреевич Громыко аттуу коомдук ишмер, дипломат Союз убагында тышкы иштер министри болуп турганда бир нече тил билген экен. Сиз канча тил билесиз?
- Кыргыз, орус тилин эсепке албаганда, түрк тилин жакшы билем. Англис тилинде оозеки сүйлөй алам. Англис тилин жогорулатуунун үстүндө иштеп жатам. Биздин министрликте чет тилин билбей туруп иштөө кыйын. Тышкы иштер министрлигинде иштейм дегендер жалгыз англис тилин гана эмес, көп тилди билиши шарт. Азыркы жаштар ошого умтулуп жатат, бул жакшы, заманбап көрүнүш.
- Индонезияда кармалып, камалган Жибек Сакееванын тагдыры эмне болду? Чет өлкөдө жүрүп, түрмөгө түшүп калган кыргыздардын саны канча жана аларга кандай жардам көрсөтүп жатасыздар?
- Толук санын айта албайм, себеби статистика боюнча саны күнүгө өзгөрүп турат. Жибек Сакеева боюнча айта турган болсом, аны мыйзам чегинде куткарып алганга аябай кириштик. Бул маселе боюнча омбудсмен Турсунбек Акун да, Малайзиядагы элчилик дагы жакшы иштеди. Тилекке каршы, анын кылмыш иши баңгизатка байланыштуу болгондуктан, соттолуп кетти. Анын абалы Малайзиядагы элчилигибиздин көзөмөлүндө болот.
- Тышкы миграция боюнча фирмалар көп. Лицензия берүүгө чектөө барбы?
- Тышкы миграция боюнча департамент бар, анын ичинде тышкы мигранттар боюнча лицензия берүү департаменти бар. Тышкы миграцияга жөн эле келип иштей бербейт. Ал жерге да атайын кесиби менен алынат. А эгер фирмасы болсо, ага сөзсүз лицензия берилет. Албетте, чектөө бар.
Эрзат Салиев, Бишкек:
- КГУСТАнын Кыргыз-араб факультетинин Чыгыш архитектура бөлүмүндө окуйбуз. Окууну бүткөндөн кийин кесибибиз менен чет өлкөгө барып иштегибиз келет. Биздин диплом сыртка жарактуубу?
- КГУСТА мамлекеттик окуу жай катары мамлекеттик аккредитациядан өткөн. Анын талаптарына ылайык, ЖОЖду аяктаган бүтүрүүчү чет мамлекетте иштей алат. Учурда бул ЖОЖду бүтүргөн бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерде иштеп жатат. Бул окуу жай Германиянын жана Индиянын ЖОЖдор аралык келишиминин негизинде да иш алып барат. Түркия жана башка мамлекеттер менен дипломдор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Сыртта окуган канча студент бар?
- Өкмөттөр, мекемелер, ЖОЖдор аралык келишимдин негизинде дүйнө жүзү боюнча бюджеттик негизде кыргызстандык 4 миңден ашуун студент билим алат. Ал эми өз жолу менен барып окуп жаткан жарандар боюнча так маалымат алуу кыйын. Анткени алардын арасында биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүзгө өз ыктыяры менен келип каттоого тургандары дээрлик жокко эсе.
Мирбек Акунов, Ысык-Көл:
- Руслан Айтбаевич, сиздерде иштеген кызматкерлердин айлыгы аз, ошого көңүл бурбайсызбы. Сиз кызматка тиешеси жоктор менен иш алып баруудасыз. МУКту бүткөн канча деген балдар жумушка орношо албай жүрөт.
- Биздин кызматкерлердин айлыгы чынында эле аз. Бу маселени дайыма көтөрүп келебиз. Бирок билесиздер, социалдык-экономикалык абалдын начардыгына байланыштуу маяналарды көтөрө албай жатабыз. Биздин дипломаттардын айлыгы КМШ өлкөлөрүнүн дипломаттарынын айлыгынан төмөн. Ачыгын эле айтайын, Тышкы иштер министринин башталгыч дипломаты 3500 сом алат. Ошого карабастан коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып жатышат. Ал эми ишке алуу боюнча жогоруда айттым, биз сөзсүз сынак жарыялап, ошонун негизинде алабыз. Бизде иштеп жаткан жаштар элдин кызыкчылыгы деп кызмат кылган кыргыздын чыныгы патриоттору деп санайм.
Султан, Бишкек:
- Руслан мырза, бардык малымды сатып, баламды контрактка окуттум эле. Бир жарым жыл стажер болуп жүрүп, таанышы жок экен, кыскартууга кетти. Мамбетов Базарбайдын баласын ишке алып, сыртка жибердиңер. Ал эмне МУКту бүттү беле?
- Мамбетов Базарбай биздин Түркмөнстандагы элчибиз. Базарбай Эстебесовичтин баласы да, кызы да бизде буга чейин иштеген эмес, азыр да иштебейт. Тышкы иштер министрлигине жумушка тааныш, тууган-урукту алуу деген такыр жок. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн, кызматка алуу боюнча жарнамаларды тез-тез берип турабыз. Эгер сиздин балаңызбы же башкаларбы, тест тапшырып сынакка катышам десе, эшигибиз ачык. А эгер кадр саясаты боюнча кенен сүйлөшөм десеңиз, жумушка келиңиз. Мен күнүгө кечки саат 19дан 22ге чейин жарандарды кабыл алам.

Назира СААЛИЕВА