Нургүл БЕЙШЕН
Президенттин кечиккен махабаты
- Мен айтпадымбы калбайм деп! - дароо өзүнө келе, башын чулгуп Президентке тике тигилди.
Капар Алиевичтин көздөрү жука жемпирге жана кыз дем алган сайын өйдө-ылдый термелген бийик көкүрөгүнө кадалды. Анан ылдый түшүп жемпир менен шымдын ортосунда көрүнүп турган аппак ичке белине... Бул кийим албетте, модалуу эмес, кечеге кийүүчү айымдардын азем көйнөгү эмес. Бирок Айжандын фигурасына, келбетине жарашып, эрте жетилген жогорку класстын окуучу кызына окшоштуруп турат.
- Мен мындай салтанаттуу кечеге даяр эмесмин... Ушул кебетем менен кантип...
- Эч кам санаба, менин досторум абдан түшүнүктүү кишилер. Алар сени көрүп сөзсүз кубанат.
Кайда-ан? Босогону аттап мейман залга кирери менен өзүн дароо башкача сезди. Колдоруна бокалдарын кармап маектешип отурган адамдардын бири калбай мелтейип Айжанга тигиле карап калышты. Кычырай кийинип кыдыратасынан отурган күркүлдөрдү көргөндө Айжан бул адамдар аны эч качан өзүлөрүнүн катарына кошпосуна дагы бир ирет ынанды. Эгер Капар Алиевич эшикти тосуп, белинен акырын сүйөп турбаганда шарт артка бурулуп, аттап-буттап сыртка атып чыгат беле... Эми кеч болуп калды, эч жакка кача албайт.
- Достор, таанышып алгыла, бул сулуу мен айткан Айжан деген бийкеч. Ал атайы кечеге катыша албайм деп айтканы келиптир. Мен болбой жатып үйгө киргиздим.
Минтип ачык айтканы кызды бир жагынан ызалантса, экинчи жагынан анын сырткы кебетесин түшүндүрүп актагансыйт. Бирок баарынан да отургандар жашырбай эле үстү-башын сынай карап жаткандарына кыздын жини келди. Элүүгө таяп калган бир эркек уялбастан эле тийишкенсип жылмая вино сунуш кылды. Айжанды көзү менен чечиндире:
- Чынын айтсам Капар Алиевич сиз жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Кантип табышып жүрөсүздөр? - деп сурады шилекейин кылк жутуп.
- Үйлөнүү үлпөтүндө таанышканбыз, - деп агайы Айжан оозун ачкыча озунуп жооп берди.
- Мына кызык! Кимдин үйлөнүү үлпөтүндө болду экен? - Эркек таңгала каштарын серпти, - Жакында эле министр Мамбетов уулун үйлөнттү деп уккам. Бирок биз ошол маалда Анталияда эс алып жүргөнбүз. Андан соң Парижде он күндөй кармалып калдык...
- Ой, Парижде болсоңор Эржан мырзага жолуктуңарбы? Ал биздин Кадыр инибиз менен биргелешип кымыз чыгаруучу ишкана ачтык деп аткан, - деп бир айым сөздү башка жакка бурду. Кудай жалгап, Айжанды унутуп башка темага өтүп кетишти. Алар ар кимдин аттарын айтышып, ар кайсы шаарларды эскерип, өз ара кызуу божурашып жатышты. Бир чети атайын эле Айжанга көңүл бурбай жатышкандай сезилип, ал өзүнчө бир кызык болду…
Капар Алиевич күтүлбөгөн жерден колун катуу кысты эле, Айжан чочуп кетти.
- Айжан, Мелис байкең эмне иш кыласың деп сурап жатат.
- Мен мектепте иштейм, - деп кыз атайы сыймыктана жооп берди.
- Окуучуларыңыз сиздей эжейди жанынан артык көрсө керек, - Мелис байке көңүл улап күлүп койду, - Кайсыдан сабак бересиз?
- Аз-аздан баарынан. Мен башталгыч класстарга сабак берем.
- А-аа, анда түшүнүктүү.
- Эмнеси түшүнүктүү?
- Менин айтайын дегеним, жаш балдарды башкаруу оңой, ал эми улуураак балдарды, тентек өспүрүмдөрдү тарбиялаш сиздин колуңуздан келбейт, сиз абдан назик экенсиз, кымбаттуум. Туурабы, Капар Алиевич?
- Э-ээ, достор, жаңылышасыздар, - кара көздөр күлмүңдөп Айжанды карады. - Бул токтунукундай көкүрөктүн астында илбирстин жүрөгү жатат. Абайлаңыздар, достор.
- Оо, анда илбирске шараптан куйгула, шараптан...
Айжан толкунданганынан баарынын көңүлүн бурдурбайын деп байкоосуздан бокалдан беш-алты ирет удаа-удаа ууртап жиберди. Бекер ичиптир, ошол замат ичимдик башына чыкты.
- Агай, - деп башкалар укпагандай шыбырады. - Сиз менен өзүбүзчө сүйлөшсөк болобу?
- Ананчы, - агайы акырын колтуктай четке алып чыкты. - Эмне болду?
Мелиске окшогон керсейген достору кызга жакпаганын Президент айттырбай түшүндү. Мелистин аялы Роза бүгүн келбей калбадыбы, ал тескерисинче, жаркылдаган маңдайы жарык, жароокер айым эле.
- Мен тамакка калбайм. Кетишим керек.
- Сага эмне, булар жакпай калдыбы?
Айжан эмнегедир өзүнчө апкаарып, алдастаган сайын аппак жүзү албырып ого бетер көркүнө чыгып калган. Колундагы шарапты бурчтагы үстөлгө койду да, Капар Алиевичке карады. Ал болсо кыздын ар бир кыймылын кунт кое карап турат.
- Мен өзүмдү сиздин досторуңуздун арасында ыңгайсыз сезип жатам, - деди кыз бир топтон кийин. - Көрдүңүз го, алар менен же сүйлөшө турган сөзүм жок. Булар көргөн-билгендин бирин да билбейм.
- Сен өзүңдүн баркыңды билбей жатасың. Сен деген жогорку билимдүү мугалимсиң... Жок дегенде бир-эки саат чыдап маектешип отурчу.
Капар Алиевич чынында кызды кетиргиси келбеди. Анын тал чыбыктай солкулдаган келбетин, бакырайган кой көздөрүн караса эле каалоосу тутанып жалындап бараткансыйт.
- Анан качан жолугушабыз? - Мындай кабыргасынан коюлган суроого кыз даяр эмес болчу. "Бул киши чын эле... Мени эмне кылат, артынан үйүр-үйүр болуп чуркап жүргөн кыздардын каалаганын чекеден чертип тандап алып жүрө бербейби? Же менин өжөрлүгүмдү жеңем деп куру намыска алдырып жатабы?"
- Сиздин колуңуз бошобойт экен...
- Мен сени менен күн тартибимди талкуулайын деген жокмун. Бүгүн минтип пландын баары бузулду. Андай болсо, эмки жолугушуунун убактысын, күнүн өзүң танда, өзүңө кара. Бирок ал күндү сен өмүрүң өткүчө ыраазы болуп, унутпагыдай кылыш менден.
Айжан Капар Алиевичтин чыкыйындагы кан тамыры көөп чыкканын байкаганда таң калганын айтпа. Чын эле бул кишинин ага ушунчалык жакын болгусу келеби?.. Ал жакындады дегиче кыздын да айласы алты кетип, эмне кыларын билбей калтаарый түшкөнү, бүткөн бою ымыр-чымыр болгону жалганбы? Анысын сыртынан билдирбегенге тырышып, жер тиктеген менен кыраакы киши баарын билип, туюп тургандай.
- Жума күнү кечинде, - кыз муздак колдорун укаламыш болду. - Мен жума күнү кечинде бошмун.
- Мен Касыке менен барам, анан Алматыга жөнөйбүз. Алматыда иштерим бар, кечки алтыдан сегизге чейин. Мейманканадан орун алып коем. Эс алып, ары-бери басып турасың, анан сегиз жарымда чогуу тамактанабыз. Буга эмне дейсиң?
Айжан алдастап калды. "Эмне деп айтам? Өзүмдү тааныбай турам. Башым таптакыр иштебей калганбы?
- Агай, чакырганыңызга рахмат, бирок...
- Эмне, дагы баш тартканы турасыңбы?
Президенттин жутуп жиберчүдөй суктана караганын байкап, айтайын деген шылтоолору азыр суу кечпей каларын билди. Ошентип агайынын сунушунан баш тарта алган жок, тагыраагы баш тарткысы келген жок!
- Сиз чын эле жума күнү мага келесизби? - Кыз жибектей саамайын кулагына кыстара, уялыңкы тигилди.
- Мен ар дайым чындыкты айтам.
- Мм-м… - Айжан ийиндерин куушуруп күлүп жиберди. - Сиздин "Лексусту" көрүп менин кесиптештерим эмне дээр экен?
- А эмне десе ошо десин. Сага баары бир эмеспи?
- Албетте. Анда мен бара берейин.
-Макул эми. Азыр үй кызматчыга айтайын, узатып койсун.
Президенттин артынан карап, кыз анын кең далылуу келбетине, жарашыктуу кийингенине суктанып турду. Бул кишинин турган турпатынан эле күч-кубаттын, бийликтин жана бакубатчылыктын шооласы чачырап тургансыйт. Алдыда боло турган жолугушууну элестетери менен денеси ток ургандай серпиле түштү. Келерки жума күнүнө чейин бир жыл бардай сезилди...

(Уландысы кийинки санда)