Жума цитаталары
Данияр
Нарымбаев:
Кезинде аша чаап кетпесин деп, саясатта эрежелерди таңуулабасын деп, президенттин бийлигин атайылап чектегенбиз


Нурлан
Мотуев:
Дегеле партиялык система дегенди жоюш керек. Ансыз деле бөлүнүп-жарылууга ыктуу элибизди бөлүп
Салышты


Кенжебек
Бокоев:
Азыр ЖК курамына негизинен улгайган адамдар кирет, алардын ою жалаң эле интрига менен бийлик үчүн күрөш. ЖКны тазаласак, парламент тазаланып, жаңы адамдар келет


Бабырбек Жээнбеков:
Мамлекет башчысы катары өзүңдү канчалык сыйлабайын (А. Атамбаевге кайрылып -ред.), "сиз" деп айтууга тилим да, дилим да бурулбай койду. Анүчүн кечирип кой, тоолук кыргыздын тоңмоюндугун калтырыш азап эле иш окшобойбу


Токон Мамытов:
Элдин жашоосуна кам көргөн коалициялык өкмөттү, жаңы коалицияны түзүшүбүз керек, себеби базарда баалар өсүп, элдин жашоосу оорлоп
Жатат





Бириңерден бириң - эр, премьер болчу - кимиңер?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун отставкасы талап кылына баштагандан тартып, ал кетсе ордуна кимдин келери көпчүлүктү кызыктыра баштады. Айрым премьерлик креслону ээлегиси келгендер эмитен даярдык көрө баштагандай. Жоомарт Оторбаев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана Шамиль Атахановдун талапкерликтери айтылууда. Вице-премьер-министр Аалы Карашев да бул кызмат ордуна аракет кылып, чуркап жүргөнүн эшиттик. Кимисинин канчалык мүмкүнчүлүгү бар? Кимиси премьерликке канчалык татыктуу?

Жоомарт Оторбаев
Интеллектуалдуулугу, билими жагынан тунгуч президент Аскар Акаевди элестеткен Жоомарт Оторбаевди ажо премьерликте көргүсү келген негизги талапкерлердин бири көрүнөт. Жоомарт Кайыповичти экономиканы мыкты түшүнгөн адис катары баалашат. Дүйнөлүк экономика, финансы маселелерин мыкты түшүнгөн жайы бардыр, бирок Жоомарт мырза биринчи кезекте теоретик, практика жүзүндө бир нерсе кыйратканын көрө албадык. Экономика, инвестиция маселелеринде жакшы кеңешчи, нускачы эле боло албаса, премьер катары өндүрүштү өргөлөтүп, экономиканы алгалатып ийчүлөрдөн эмес. Ошол эле мезгилде анын саясий оюндарга аралашпагандыгы, саясий кландардан оолактыгы, трайбалисттик сапаттардан куржалактыгы, коррупциялык көрүнүштөргө аралашпагандыгы, амбициясынын жоктугу бар. Бул жагдайлар анын пайдасына иштеши толук мүмкүн. Анан да эң башкысы, өз алдынча болбостон, президенттин айткан-дегенинен чыкпай иш алып барат.

Акылбек Жапаров
Биринчи талапкерге салыштырганда, микроэкономиканы мыкты түшүнгөн жайы бар. Демилгечил, жигердүү, аракетчил. Экономиканын, бюджеттин абалы начар болсо да, аны жакшы жагынан көрсөтүп, оптимисттик божомолдорду жасоонун устаты. Амбициясы аттын башындай. Премьер эле эмес, президент болсом деген оюн жашырбайт дешет. Акыркы эки бийликтин тушунда Кыргызстандын башкы кассири катары иштеп келатат. Бюджеттин таңсыктыгын келерки жылкы салык төлөмдөрүн жыйноонун эсебинен жабуу идеясынын автору. Аз күн мурда бюджетти аткаруу үчүн иштеген пенсионерлердин пенсияларын азайтуу демилгеси менен чыкты. Жеке бизнесинде чоң ийгиликтерге жетишти.

Жантөрө Сатыбалдиев
Кыргызстан эгемендикке келгенден бери бийлик сересинен түшпөй жүргөндөр болсо, алардын эң көрүнүктүүсү ушул адам. Эсибизде, Бакиевдин режимине каршы чыккан БЭКтин (Бириккен элдик кыймылдын) курамында болуп, кийинчерээк БЭКтен Бакиев тарапка өтө качкан. Кайсыл бийлик болбосун тилин таап, анын жасоол, камчы чабарына айланууну терең өздөштүргөн адам десек болот. Анын сырын өзү эле билбесе, биз билбейт экенбиз. Же ошого жараша бир кылган иши болсочу. Бирок өзүнүн, кожоюндун кызыкчылыгы үчүн опол тоодой кызмат кылчулардан. Ал сапатын эске алып, Атамбаев ушул кишинин талапкерлигине токтолушу да мүмкүн болуп турат. Эгерде премьерлик буюрган болсо, ажонун көзүнүн агы менен тең айланган премьерге ээ болобуз.

Аалы Карашев
Алгач Ак үйгө Акаевдик премьер Кубанычбек Жумалиевдин колдоосунда келип, андан ары Чолпон Баекованын жөлөк-таягы менен Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда бийликте жүргөн адам. Сөзгө чоркоктугу, жөндөп сүйлөй албагандыгы бар. Балким кыйын "аппаратчик " болгондур, бирок көзгө көрүнөрлүк, олуттуу кылган иштерин айтуу кыйын. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда Ак үй ичинде болгондугу маалым. Амбициясы чоң, ажонун көзү түз экендиги байкалып турат. Бирок президент Карашевди кийинки өкмөт башчы катары көрбөстүгүн ишенимдүү маалымат булактары дагы айтып келет, өтө опурталдуу. Себеби 2010-жылдагы апрель окуялары сууй элек. КСДП бул кишини вице-премьерликке алып келем деп көп сынга кабылды. Азырынча мүмкүнчүлүгү жок десек болот.

Шамиль Атаханов
Тили бууруу "киргиз" Шамиль Атаханов да талапкерлердин ичинде. Атүгүл айрымдар президент премьерликке мелжеп аткан адам дал ушул Атаханов дешет. Эч бир саясий клан, топтордун катарында эмес. Түндүк-түштүк илдети менен оорубайт. Өз позициясы, сөзү бар, бирок ошол эле мезгилде ажо менен эсептешип, макулдашып иш кылчулардан. Өз алдынча болчулардын катарына кирбейт. Атамбаевди сарсанаа кылгыдай "президент болот элем" деген да амбициясы жок. Бирок экономика, өндүрүш жаатында бир күн да иштеген эмес. Азыркы учурдагы президенттин жакын, ишенимдүү адамдарынын бири. Учурда МУККны жетектеп тургандыктан, өкмөт башчы болуу мүмкүнчүлүгү да чоң. Атаханов премьер болуп калса, Танаев, Чудиновдон кийинки "киргиз" премьерге ээ болобуз. Өкмөттөгү иш кагаздардын баары орусча жүргүзүлүп, мамлекеттик тил дагы четке сүрүлө башташы мүмкүн. Эгерде Шамиль Атахановдун талапкерлиги көрсөтүлсө, анда депутаттардын басымдуу көпчүлүгү анын талапкерлигин колдобой койбойт. МУККнын жетекчиси катары анда ар бир депутатка каршы материалдар да болушу мүмкүн. Ал эми депутаттардын арасында калбырларын сүйрөгөндөр жетишерлик.

Башкысы - Бабановду кетирүүбү?
Жогорудагылардын ичинен эң эле мүмкүнчүлүгү көптөрү Атаханов, Оторбаев жана Сатыбалдиев десек болот. Президент булардын бирине токтолгон күндө депутаттардын колдоосуна ээ болуу маселеси жөнүндө сөз кылбаганыбыздын жөнү бар. Анткени Атамбаев үчүн кимди болбосун парламенттен өткөрүп аларында шек жок. "Ата Журт" фракциясы колдобогон күндө да башка фракцияларды колго алып, аларды добуш бердиртүү оңой эле. Парламентти таркатып жиберүү укугуна да ээ. Депутаттардын өздөрүн сактоо инстинкти ойгонуп, президентти колдогондон башка аргасы калбайт. "Республика" фракциясы үчүн лидери Бабанов кызматынан кетсе да, парламентте оппозиция болбой, коалиция курамында эле калып, президент сунуштаган талапкерди колдогон ыңгайлуу болуп турат. Ага себеп, биринчиден Бабановдун оппозицияга кетиши күмөн. Оппозицияга кетип, өз алдынча чоң күч болуп кете албайт, "Ата Журт" партиясы менен бириккен күнү даана "бакиевчил" атка конуп, бийликке кайра келүүсү кыйынга түшөрүн жакшы билет, ошондуктан аларга жолобойт. Экинчиден, "Республика" фракциясы учурда бир катар бийлик бутактарын колго алып, кирешелүү, май-талкан жерлерге таасирин күчөтүп алган кези. Оппозицияга өтүү менен анын баарынан куржалак калгысы келбейт. Андан көрө өкмөт курамын түзүүгө катышып, өздөрүнүн азыркы таасирин сактап калган оң.
Азыркы учурда элдин талкуусуна алынган бир эле маселе: Атамбаев Бабановдун кетишине өзү кызыкдарбы же бул анын тегерегиндеги оюндарбы? Акыркы учурда Атамбаевдин өкмөттү же Бабановду мактаган, колдогон сөзү угулган жок. Ошондуктан бул кишинин позициясын билүү кыйын. Бирок Атамбаевдин азыр ойлонуп, саясий абалды байкап турганы ачык, себеби колдосо буга чейин өзүнүн оюн билдирмек.
Атамбаевге Бабановдун кетишинин пайдасы: Бабанов буга чейин ажонун сөзүнөн чыкпай келгени менен саясий жана мамлекеттик ресурстарды топтоп күчтөнүп баратканы ачыктан-ачык эле көрүнүп турат ("республикачылар" стратегиялык кызматтарды ээлеп, жергиликтүү шайлоолордо көпчүлүк мандаттарды алганга үлгүрдү). Минтип жүрүп отурса "Республика" партиясы күчтөнүп, КСДПдан өтүп, бара-бара мамлекетте биринчи партия болуп калыптанышы мүмкүн. Ошондуктан Атамбаевдин командасы муну ажонун кулагына улам-улам куюп, жаш саясатчыны торпок кезинде сүзүп коелу деп турган учуру.
Ал эми Бабановдун кетишинин зыяны: Премьер болчулардын бири да Бабановдон мыкты иштеп кетет деп айтыш кыйын. Президент өз алдынча болуп аткан Өмүрбек Бабановду кетирүү менен анын ордуна экономиканын, өндүрүштүн абалын жакшыртып, Бабановдун катачылыктарын оңдой алчу адамды эмес, өзүнүн айтканынан чыкпаганды алып келиши мүмкүн. Мындай абалда президенттин командасы кайра уттурушу ыктымал. Себеби азыр Бабановго айтылып жаткан сындын бардыгы түз эле барып Атамбаевге тие баштайт. "Негативдин" бардыгын өз мойнуна алып жаткан "буфер" жок болот.

Мирлан Дүйшөнбаев