Атаң тирүү кезинде …
Атаңдын көзүнчө балаңды өппө, эркелетпе.
Атаң тирүү кезинде сакал-мурут койбо.
Атаң тирүү кезинде өзүңдү "ата" деп айттырба.
Саламдашпай туруп сөз баштаба.
Өзүңдөн улуу кишиге бөйрөк таянып жооп бербе.
Улууга акаарат айтпа, улуулардан сөз талашпа.
Капталдан качырып сөз сүйлөбө.
Карыптарга күлбө.
Бирөө менен урушсаң, аны "чочко" дебе.
Улуу адамдын жолун кесип өтпө.
Отурган ордуңду, конгон журтуңду тазалап кет.
Жарым жолдон артка кайтпа.
Малды теппе, томаяк болуп каласың ("Мал боор эт менен тең").
Итке суу чачпа, бети-башыңды сөөл басат.
Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.
Чоң жолдо жаткан буюмду, жолдун четине коюп койсоң сооп табасың.
Эркек кишинин үстүнөн жана кийимдеринен аттаба.
Адамга бычак кесебе,
шерти болот.
Эшикти тээп ачпа.
Эшик түбүнөн жүгүнбө.
Келин алган тарапка баш (малдын) тартпа.
Келинди отко киргизгенде май жедир.
Адамды айланып чуркаба.
Эки кишинин ортосунан өтпө.





Жылдыздуу түн
Көл толкуйт, көлдөй толкуйт санаа дагы,
Жылдыздар жаайт сага, мага дагы.
Кылаада кызыл күүгүм, кыштак артта,
Көңүлдүн ушу белем самаганы.

Жылтылдап анда-санда чырактары,
Жымыңдайт терезелер ыраактагы.
Шыбактар шырп этишип, бизди тиктеп,
Шыбырап айтканыңды туят баары.

Жакындап утур эрдим эриниңе,
Жалындай баштадым эх, мээримиңе.
Жалбардым махабаттын кудайына,
Жанымды бүтүн арнап ээлигиңе.

Камгактай канат бүтүп учаарыма,
Каймактай эрип кеттим кучагыңда.
Жомоктой бул дүйнөгө желбиреген,
Жоолугуң теректин бир бутагында.
Аймалап ал ансайын өпкөнүмдө,
Айжарык жылт-жулт этти көздөрүңдө.
Көйнөгүң шуудурады камыштардай,
Көркөмдөп айткан ширин сөздөрүмө.

Керемет элең көргөн түшүмдөгү,
Кечирчи, кемчилигим үчүн мени.
Комуздай күүгө келген көкүрөктүн,
Кылдары араң турат үзүлгөнү.

Көл толкуйт, көлдөй толкуйт санаа дагы,
Көңүлдүн ушу белем самаганы.
Көрсөң эй, өзүңө окшоп бардыгы тең,
Көйкөлөт гүлдөр жайкын талаадагы.

Жылдыздар жайнайт баскан жолубузда,
Оролот жашыл нурлар оюбузга.
Кумарлуу келатабыз жайбаракат,
Куш тутуп алган өңдүү колубузга.




Машине оңдогон аял

Кара-Суу районунун Нариман айылында жашаган 39 жаштагы Мукаддас Маматазизова 4-5 жылдан бери автоунаанын "Golf", "Ventа", "Jetta" "Passat" сыяктуу маркаларын оңдоп, атагы чыккан уста айым. Биздин каарман устачылык гана кылбастан, кырсыкка учураган унааларды сатып алып, жарактуу тетиктерин пулдап, чакан бизнесин да ишке киргизген. Мукаддас эже ушундай ак эмгеги менен 3 баласын эрезеге жеткирип, ал ортодо кара жумушка жараксыз жолдошу Шавкатка да камкордук кылып, талаага жүгөрү эгип, дыйканчылыгына да жетишип келет.

- Мукаддас эже, автоунаа оңдоого кандайча кызыгып калдыңыз эле?
- Менимче автоунаага кызыкпаган адам болбосо керек. Авто ааламы өзүнчө кызык дүйнө. Кичинекейимден эле техникага жакынмын. Машина оңдоп-түзөгөндү үйрөткөн, ар бир тетикти таанытккан жолдошум Шавкат болду. Жашаган корообуз өтө кичинекей болгондуктан, унаа оңдоп-түзөө үчүн тардык кылат эле. Ошентсе да көрүп турганыңдай, тетиктерди нан жапкан тандырга жайгаштырып болсо да, ишти баштаганбыз. Кийинчерээк жолдошум майып болуп калып, бардык ишти өз колума алдым. Жардамчы шакиртим - өз уулум.
- Сизге келген кардарлар аял киши экен деп баш тартышпайбы?
- Мен атайын унаа оңдоочу ишкана ачкан эмесмин. Өз үйүмдө эле устачылык кылам. Ошондуктан атымды угуп эле үйгө келип, жакшынакай эле оңдотуп кетишет. Аял киши экен деп таң калгандар бар, бирок баш тарткандар жок. Мага келген кардарлар тетик издеп, базар аралап жүрүшпөйт. Көпчүлүк унаа тетиктери өзүмдөн чыгат, салыштырмалуу арзан баада.
- Сиз ал тетиктерди кайдан алып келесиз?
- Ош, Кара-Суу аймагында кырсыкка учураган же жараксыз абалдагы унаалардын дээрлик баарын мен сатып алам. Алардын тетиктерин жарактуусун өз-өзүнчө бөлүп алып, сатууга коем. Ушул күнгө чейин 200дөн ашык кырсыкка кабылган унааны сатып алдым.
- Өзүңүз да унаа айдайсызбы, автогонщиктерден кимдерди тааныйсыз?
- Жүрүп турган унаанын каерин оңдош керектигин билем. Айдаганды да билем, автогонщиктерден "Формула-1деги" Михаэль Шумахер, Себастьян Феттель, Дженсон Батон, Фернандо Алонсо дегендерди тааныйм. Учурда унаа айдаганды күйөөм тыюу салып койду.
- Устачылык, бала-чака, дыйканчылык дегендей, мунун баарына кантип жетишесиз?
- Ээ, иним, мээнет кылгандан эч ким өлгөн эмес. Баарына жетишсе болот экен, болгону жалкоолук кылбаш керек. Талаада 20 сотых жерде жүгөрүм бар. Аны да сугарып келиш менин милдетим. Эмгектениш керек, жатып алсаң бирөө акысыз тамак бербейт да.

Кайрат Жапаров, Ош облусу