кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 79
п»ї
"Саратан" өзүнчө сатылбайт!
Урматтуу окурмандар!
Өзүңөр күбө болгондой, "Dе-фактонун" өткөн санынан бери "Саратан" деп аталган тиркеме -гезит ичине салынып, акысыз таркатылууда.
Тиркемеси менен кошо "Dе-фактонун" сатылган баасы-20 сомдон .
Айрым окурмандар редакцияга кабарлап аткандай, жер-жерлерде, айрыкча элет жерлеринде, "Саратан" тиркемеси өзүнчө сатылып атыптыр. "Саратандын" өзүнчө сатылганы туура эмес, аны гезит ичинен гана окуй аласыздар.
Ошол себептүү "Де-фактого" жазылып окусаңыз да, күркөлөрдөн сатып алып окусаңыз да, "Саратан" тиркемесин кошо талап кылыңыз!
"Dе-факто" редакциясы




Куттук сөз
Айт маарек болсун!
Жайдын саратанында аппак таңдан кеч күүгүмгө чейин оозуна наар албай, Жараткандын жаркын күнүнө шүгүрчүлүк айтып, жакшылыкка ниет кылып келген, отуз күнү туткан орозо соңуна чыгып, босогодо Айт майрамы турат. Муфтияттын өкүлдөрүнүн айтымында, Айт келаткан жекшемби күнү, 19-августта башталат.
Айт майрамы мусулман калкын жакшылыкка, сабырдуулукка, аруулукка, ынтымакка чакырган жашоонун, тирүүлүктүн майрамы.
Биз дагы бардык окурмандарыбызга "Айт маарек болсун!" - деп айтмакчыбыз. Ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга, мекендештерибизге изги тилектерди каалап, Ата Мекенибиздин асманында чыр болбой, ыр болуп, нан болуп, бакубат жашоо кечирели дешели.

"Dе-факто" гезитинин эмгек жамааты




КР Тышкы иштер министри
Руслан Казакбаевге
суроо бериңиз

Кыргызстандын тышкы саясаттагы абалынын күңгөй-тескейи, америкалыктардын "Манас" аэропортундагы транзиттик борборунун тагдыры, сырткы өлкөлөргө болгон Кыргызстандын карызы, тышкы иштер министринин өкмөт башчы менен достугу, жеке турмушу, үй-бүлөсү, дегеле Руслан Казакбаевге берчү сурооңуз болсо, анда эртең 17-августта, ­саат11.00дөн 12.00гө чейин Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаевдин өзү менен байланышыңыз. Ал гезит редакциясына өзү келип, сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берет. Сурооңуздарды (0312) 59-20-54 номерине чалып бериңиздер. Ага чейин (0778) 12-46-14 номерине СМС жазып , алдын ала сурооңуздарды калтырсаңыздар да болот.







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 140

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 140

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/df/12/0823_1.htm on line 140


а ­е¦Є.НҐй«