Германиядагы кыргыз хирургу Бакыт Көбөгөнов
"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан уюштурулуп жаткан "Мекендештер" форумуна даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кези. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргыздын мыкты адистери - музыканттар, хирургдар, илимпоздор жана башка атуулдарыбыз 2-3-августта Роза Отунбаеванын чакыруусу боюнча Бишкекке "Мекендештер" форумуна чогулушат. Мына ушул форумга катыша турган айрым мекендештерибизди сөзгө тарттык. Төмөндө Германиядагы "Кыргыз клаб" уюмунун жетекчиси, хирург Бакыт Көбөгөнов менен болгон маекке көңүл буруңуз.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз, кайсы жакта төрөлүп, билим алдыңыз эле? Бүгүнкү күндөгү ийгиликтерге кантип жетиштиңиз?
- Бишкекте төрөлгөм, ал кезде Фрунзе эле. № 67-мектеп-гимназияны аяктап, КММАнын дарылоо факультетине тапшыргам. Медициналык Академияда социалдык-коомдук ишти активдүү аткарчумун, биринчи курстан тартып КММА Сенатынын сенатору, андан кийин төрагасы болдум. Андан тышкары, Улуттук Кызыл чырым жана Жарым ай уюмунда волонтер болуп иштегем. Кийин КР жаштар парламентинин депутаты болууга да үлгүрдүм. Жыл сайын Германияга практика өтөгөнү барып турчумун. 2006-жылы КММАны кызыл диплом менен бүткөн соң, бир немис клиникасы ординатурага өтүүнү сунуштады. Ординатураны аяктаган соң, Германияда калып хирург болуп иштөөгө сунуш түштү. Менин максатым - албетте, эл аралык тажрыйбадан, тагыраак айтканда, немис медицинасынын тажрыйбасын үйрөнүп, өз чөйрөмдөгү мыкты адис болуу. Андан соң Кыргызстанга келип, ал билимдерди биздин медицинанын өнүгүшүнө, аны менен коомдун өнүгүшүнө салымымды кошкум келет.
- Германияда кыргызстандыктардын уюмдары барбы? Байланышып турасыңарбы?
- Германияда акыркы жылдары кыргызстандыктарды бириктирүү аракеттерин көрүп келүүдөмүн. Жакында эле "KyrgyzClub" коомдук уюмун түзүү идеясы пайда болду. Ал клубдун чегинде биз бири-бири менен жакын таанышып, улуттук каада-салтты колдой турган мекендештердин жолугушууларын өткөрө баштадык. Андан сырткары биздин максат - ар кандай кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, Кыргызстанга жардам катары гуманитардык, социалдык долбоорлорду жаратуу.
- Чет өлкөдө жашоо көз караштарга кандай таасир этет?
- Менимче, чет өлкөдөгү жашоо кыргызстандыктардын аң-сезимине жакшы таасир этет. "Чет өлкөдө жүрүп, баарынан жакшы эмнени өздөштүрдүм? Мекенимди сүйүп урматтоону үйрөндүм" - деген жакшы сөз бар. Андан тышкары дүйнө таанымы кеңейип, башка калктардын маданиятын көрө алышат. Бул жакта Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча идеялар пайда болот. Чет өлкөдөн билим алып жатып, же эл аралык тажрыйба алып жатып, көпчүлүк кыргызстандыктар келечекте өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колдоно ала турган билим алышат. Алардын көбү Кыргызстанга келсе, же жок дегенде сырттан жардам берип турса, өлкөнүн баа жеткис мүмкүнчүлүктөрү бар деп санаса болот. Менин оюмча, Кыргызстан билимдүү жана прогрессивдүү жаштарга басым жасашы керек.

"Баракелде"




Азамат Дамир, "Zaman Evropa" гезитинин кабарчысы:
"Биздин ар бир кыймыл Мекенге кошкон салым"
- Германияда жашага­ныңызга канча болду? Учурда кайсы жерде иштейсиз?
- Германияга 1998-жылдын аягында келгем. Мурун Yadigar, кийин IKBAY деп аталган коомдун стипендиантымын. Кийинчерээк бул коомдун стипендиясы менен Кыргызстан, Казакстан жана башка Орто Азия өлкөлөрүнөн келген 30га жакын улан-кыз Германияда окуду. Өзүм Дюрсбург Университетинде Саясат таануу факультетинде окуп баштап, кийин Берлиндеги Гумбольд Университетинин социалдык билимдер факультетине которулдум. Гумбольддо окуп жүргөндө эл аралык "Zaman Evropa" гезитинде стажёр болчумун. Университетти аяктагандан кийин гезиттин Берлиндеги кабарчысы болуп дайындалып, күнү бүгүнкүгө чейин ишимди улантып келем.
- Берлинде кыргыздардын бирикмеси барбы? Чогулуп турасыңарбы?
- Жалпы Германия боюнча кыргызстандыктардын саны көп эле болсо керек, негизи миңге чукул деп айтылып жүрөт. Ал эми Берлиндин өзүндө 200дөй кыргыз жараны бар. Элчилигибиз уюштурган ар кандай иш-чараларда кездешүү мүмкүнчүлүгү болот. Анан дагы үйлөнүү той, жентек той же башка иш-чараларда жолугуп турабыз.
- Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар ынтымактуу келет дешет, сиз да ошол көрүнүштү байкадыңызбы?
- Бул пикирге кошулса болот. Кыргызстанда жүргөндө түндүк-түштүк, бул же тиги уруу деген дискуссияларга көп күбө болот элем. Бул жерге келгенде андай майда-чүйдө сөздөр абага сиңип кетээрине көзүм жетти. Башка өлкөлөрдө кандай билбейм, бирок, Германия жана Түркиядагы кыргыздар абдан ынтымактуу.
- Сиз топтогон тажрыйба, билимиңизди Кыргызстанга жумшоо аракетин көрдүңүз беле? Же ал жөнүндө ойлоно элексизби?
- Албетте. Германияга келгенден бери Кыргызстанга кандай салым кошо алам деген ой-санаа ар дайым жүрөктө. Университеттерде Кыргызстанды таанытуу кечелерин уюштурдук. Илимий конференция, кечелер, айтор, ар кандай иш-чараларды колубуздан келишинче ишке ашырууга тырышып жатабыз.
- Мекендештерди бир аянтка чогултуп, алардын тажрыйба сунуштарын колдонуу максаты менен жасалып жаткан форум тууралуу уктуңуз беле? Ага катышууга кызыкчылыгыңыз барбы? Бул форум кандай натыйжа алып келет деп ойлойсуз?
- Форумга көз карашым түз. Журналист катары жумуштар менен Немис жана Түрк форумдарына катышып жүрөм. Алардын натыйжа берээрине жеке өзүм күбө болдум. Бул форумга катышууга кызыкчылыгым бар. Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп ойлойм.
- Негизи эле чет жерде жашоонун аң-сезимге таасири кандай? Кыргызстандыктар сыртта эмгектенип, окуп жүрүп, мекенине кандай салым кошо алат?
- Чет жерде жашоо мекенчилдик сезимди тереңдетип, анын өнүгүшүнө жардам берет деп ойлойм. Бул жактагы ар бир атуулубуз - Кыргызстандын элчиси. Кыймыл-аракет, баскан-турган, аткарган иши, жетишкендиктери башкалар менен болгон мамилесине чейин Кыргызстандын атынан сүйлөп, жасайт. Ошондуктан бизди эл кандай таанып билсе, Кыргызстанды ошондой билет. Эч нерсе кылбасак да бир жылмаю менен Кыргызстанга жаңы досторду табууга көмөктөш боло алабыз. Германияга келген түрктөрдүн өз өлкөсүнө кандай чоң салым кошуп жатканын көрдүм. Биздин чет жердеги атуулдарыбыз дагы Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алат. Мен буга ишенем.