Шерик КОЙЧУМАНОВ, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын директору:
"Президент үчүн үй бар, бирок Атамбаев келе элек"

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы качып кеткен эки президенттин тушунда тең жалаң чоңдордун, президенттин урук-тууганы жана эрке-талтаң балдарынын оюн-зоок очогуна айланып келгени жашыруун эмес. 7-апрелдеги революциядан кийин айылдык кеңеш депутаттары чогулуп, Максим менен Айдардын тайраңдап шарап иччү жерине айланып калган паркты коргой ала турган, кошоматчылыктан алыс, жүрөгү эл деп соккон адамды шайлайбыз деп, Шерик Койчумановду бул кызматка коюшканына 2 жыл болуп баратат. Шерик Койчуманов өмүр бою университетте сабак берип, бирок соңку жылдары Бакиевдик бийликтин акмакчылыктарына чыдабай, ал режимге каршы чыгып, окутуучу экенине карабай оппозициялык көз караштарын коркпой айтып, митинг жана пикеттерге да чыгып жүргөн болчу. Популизмден алыстыгы, иштин көзүн билгендиги, уюштуруучулугу жана чындыкты бетке айта билген тайбастыгы, калыстыгы менен Шерик Койчуманов айылдык кеңештин депутаттары шайлаган бул кызматында адал, үзүрлүү иштеп жаткан учуру.

- Шерик мырза, оболу "Ала-Арча" паркынын тарыхына бир аз токтоло кетсеңиз.
- "Ала-Арча" жаратылыш паркы 1996-жылы өзүңүздөргө белгилүү болгондой Токой чарбалыгынын курамынан Президенттин жарлыгы менен Президенттик иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Ага чейин "Ала-Арча" паркы өзүнчө, Альплагерь өзүнчө болуп кичинекей капчыгайда эки башка ишкана болуп иштеп келген. Кийин президенттин иш башкармалыгынын курамына өтүп, Альплагерь спорт федерациясынан "Ала-Арча" паркынын курамына берилген. 1996-2006-жылдар аралыгында "Ала-Арча" мейманканасы, Президенттик конок үй ж.б.курулган.
- Буга чейин президенттин үй-бүлөсүн, бала-чакасын коноктомой көп болчу да. Сиз келгени Атамбаевди канча жолу коноктодуңуз?
- Президент үчүн салынган үй тургандан кийин, ал үй-бүлөсү мененби же башка коноктор мененби, келип-кетүүлөрү күтүлөт. Бирок учурдагы президентибиз азырынча келип эс ала элек.
- Бакиев Кыргызстанда жок жаныбарларды аттырып, эчкинин сүтүн ичип, балык уулап эс алып келгени айтылып келет. Сиз Роза Отунбаева менен да иштешип калдыңыз да, экс-президент Роза Отунбаеванын жашоосу кандай эле?
- Бакиев эс алган "Ак сай" эс алуу үйүнө экс-президент Роза Отунбаева эс алмак турсун, баш баккан да эмес. Болгону үч-төрт жолу чет өлкөдөн келген коноктор менен жолугушууларды өткөрүп атканда Роза Исаковнаны көрүп учурашып калдым. Чынында эс алганга убактысы болду дейсиңерби? Кандай оор кырдаалда иштегенин баарыбыз билебиз да.
- Резиденцияны чет өлкөлүк коноктор келгенде уялбагыдай болсун деп жакшыртуу аракеттерин көрүп аткан экенсиздер?
- Ооба, Кыргыз улуттук илимдер академиясы менен биргеликте буга чейин отургузулбай келген 1000ден ашык балатыны отургуздук. Көбүнчө резиденцияга чет өлкөдөн келген делегация өкүлдөрү эс алгандыктан буюрса мейманканаларды жаңыласакпы деген оюбуз бар. Айрымдарын ремонттоп атабыз учурда. Андан тышкары, трактор ж.б. техникалардын бардыгы эскирип, жарактан чыгып калган экен, анын баарын мамлекеттин жардамы менен жаңырттык.
- Убагында Бакиевдер резиденциядагы жылкы, топоз ж.б. мал жандыктарын эсепсиз сойдуруп, той-топурдун аягы тыйылчу эмес дешет. Учурда бул жагы кандай болуп жатат?
- Учурда 48 жылкы, 55 топозубуз бар. Резиденциянын жалпы аянты 22 миң гектар жерди ээлегендиктен, топоз, жылкылардын баардыгы талаада болуп, ашыкча кол кармабайт. Өзгөчө топозду багууга абдан ылайыктуу экен. Ошондуктан, топозду көбөйтсөкпү деп жатабыз. Ал эми Бакиевдер союп жесе жегендир, бирок, биз топоздун букалары тентип жоголуп кетпесин деп сатканыбыз гана болбосо, башкасына тийбейбиз. Сатылган букалардан түшкөн акча болсо кызматкерлерге айлык бергенге кетет. Себеби бизде иштеген 76 кызматкердин айлыгын баарыныкы бюджеттен эмес, айрымдарына өзүбүз төлөшүбүз керек. Баса, биздеги малдын баардыгы КРнын иш башкармалыгынын көзөмөлүндө. Жетекчи Турусбек Коёналиев ар бир кадамыбызды кылдаттык менен текшерип, ал тургай өлгөн малдардан өйдө мал доктурга текшертип, көзөмөлдөп турат.
- Сизде иштеген кызматкерлердин айлык акысы канча? Таза абада, тоонун арасында иштеген жыргал болсо керек?
- Сырттан караганда иш оңойдой көрүнө бериши мүмкүн. Бирок биздин кызматкерлердин түйшүгү да, жоопкерчилиги да абдан чоң. Буга чейин айлыктар 3 миң сомдун тегерегинде эле болуп келген экен, азыр кичине көбөйүп, эң жогорку айлык акы 7 миң сом болуп калды. Чындыгында кызматкерлердин иши абдан оор. Кышкысын катуу суукка карабай иштешет, абдан эле оор.
- Сиз иштеген эки жыл аралыгында жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп атканын айтып атышат. Айрыкча жер маселесин жана тазалыкты сактоо жагына абдан көңүл буруп атыпсыз.
- Ооба, мен "Ала-Арча" паркын жетектеп келе жатканыма эки жыл болду. Ушул убакыттын ичинде өзгөрүүлөр жана реформалоо иштери болбой койгон жок. Азыркы убакытта биринчи милдетибиз бул жаратылышты коргоо, экологияны таза сактоо жана директордон баштап жөнөкөй жумушчуларга чейин өз ишин так аткаруу. Экинчиден, парктын чек араларын, ээлеген аянтын тактоо, аныктоо. 16 жылдан бери жасалбай келген токой жайгаштыруу иштери, "лесоустройство" деп коебуз, ошону жүргүзүп атабыз. 1996-жылкы токой жайгаштыруунун жыйынтыгын алсак, "Ала-Арча" паркынын аянты болгону 2205 гектарды түзөт. 1976-жылы чыккан Кыргыз өкмөтүнүн чечими боюнча 19 миң гектарды түзүшү керек эле, бирок ушул убакытка чейин жер маселеси толугу менен чечилбей келген. Мына ушул жерлерди чечүү боюнча райондор менен айыл өкмөттөрүнүн чечимдерин алуу абдан кыйынчылыктарды жаратты. Ошого карабастан Маевка, Аламүдүн, Партсьезд жана башка район, айыл өкмөттөрдөн тиешелүү жерлерди чечүү менен 16396 гектар аянтка жеткирүүгө жетиштик. Бул албетте, "Ала-Арча" үчүн чоң жетишкендик. Ушул жылдын аягына чейин бул иш толугу менен дагы такталып бүтөт.
- Ал эми тазалыкты сактоо үчүн кантип күрөшүп атасыз?
- Тазалыкты сактоо иштери жогоруда айтылгандай биздин биринчи милдетибиз. Жылдан жылга эс алуучулардын саны өсүп жатат, биз болсо тазалык үчүн болгон күч-аракетти жумшап эмгектенип жатабыз. Жумасына 20 тонна таштандыларды тазалап чыгарабыз жана жалпы жамаат жумасына 2 жолу ишембилик өткөрүп турабыз. Андан тышкары, жогорку окуу жайлары, айылдык мектептер, экологдор менен тазалык акцияларын уюштуруп турабыз. Жакында эле Кыргыз-түрк "Манас" университетинен 250 студент келип, тазалык акциясын өткөрдүк. Жаратылышты көздүн карегиндей сактабасак, жылдан жылга жоготуп алабыз да.
- Табият кырсыктар коркунучу да жок эмес да. Алдын алуу иштери кандай жүрүп атат?
- Азыркы убакта "Ала-Арчада" сел жүрүп кетүү коркунучу да тынчсыздандырбай койбойт. 1953-жылы Адыгене өрөөнүнөн чоң сел болуп, абдан чоң зыян алып келгени маалым. Азыр ушул коркунучтарды алдын алуу үчүн биздин илимий кызматкерлерибиз Илим изилдөө Академиясы менен биргеликте, Гидрогеология, ӨКМ менен тыгыз байланышта болуп, Ак-Сай, Ала-Арча жана Адыгене суусуна селден алдын алып белги бере турган аппараттар орнотулду. Альплагерден атайын бир бөлмө ачып бердик, ошол жерде негизги аппараттар орнотулган, ал жерди биздин илимий кызматкерлер менен гидрогеологдор көзөмөлдөп турат. Андан тышкары, Адыгене өрөөнүнүн башында чоң көл бар, ал көлдүн жээгинде чех адистердин жардамы менен 2009-жылы атайын станция курулган, бул жерде дагы атайын адистер тарабынан көлдүн ташкындап кетпеши үчүн көзөмөл жүрүп турат.
- Баса, жаныбарларга кантип кам көрөсүңөр?
- Келген эс алуучулар жан-жаныбарларды өлтүрүп же жаракат кылбашы абдан маанилүү. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баракчаларды да таратып, көзөмөлдөгөнгө аракет кылабыз. Илимий кызматкерлер бир жылда 2 жолу Ала- Арчада жашаган жапайы жаныбарларга санак иштерин жүргүзүп турушат, кышкысын кошумча тоют даярдалып берип турушат. Өткөн жылы Токой жандандыруу, питомниктерди кеңейтүү үчүн берилген 370 миң сом өлчөмүндөгү жардамы үчүн Чүй-Талас Экология башкармалыгына ыраазычылыгыбызды билдирип кетким келет. Быйылкы жылы жапайы жаныбарларга кошумча тоют берүү үчүн 351 миң сом беребиз деп жатышат. Мунун баардыгы биздин ишибиздин жүрүп жаткандыгы. Ошондой эле элдин эс алуусуна шарт түзүү үчүн аракетибиз чоң.

Маектешкен
Бегимай БАКАШЕВА