Европа ээси ким болот?
Европа биринчилиги кырдан ашып, кызыл үйгө да жакындап калды. Польша менен Украинада баш-аягы үч эле оюндун эсеби бар. Кечээ, бүгүн жарым финалдык таймаштар тамам болот. Аны өз көзүңүздөр менен көрүп, күбө болгула. Испания - Португалия жана Италия - Германия эрегишинде кайсы командалар утушка ээ болсо, финалга койкоюп чыга келери бышык.


Жаштын берсин тилегин
Жаштар арасындагы Азия биринчилигинде (21 жашка чейин) Кыргызстан курама командасы тайпалык оюндарды баштады. Биринчи беттешүүдө атаандашы Сирияга 0:1 менен алдырып жиберди. Ушул эле "В" тайпасында Сауд Аравиясы менен Пакистан курамасынын ортосундагы оюн деле 1:0 менен аяктады. Бул жерде жеңиш талаа ээси Сауд Аравиясы тарапта калды. Ал эми үчүнчү жуп Шри-Ланка - Палестина 0:0 менен ажырашты.
Экинчи турда жердештерибиз Сауд-Аравиясы менен кез келишип, оюн мына бүтөт деп атканда ызалуу голду киргизип жиберип утулуп калды. Эми үчүнчү турда, 28-июнь күнү Пакистан менен упай талашат.

Беш жылдык кантип аяктады?!
"Чоң шлем" тутумуна кирген салмак-санжыралуу турнирлердин бири Уимблдон тиреши Лондондо жүрүш алды. Алгачкы сенсация катары, аялдар арасында Уимблдондун беш жолку чемпиону Винус Уильямстын (АКШ) биринчи эле турда ыргып кеткени айтылууда. Аны тап душмандай жоготкон теннисчи - россиялык Елена Веснина экен. Оюн эсеби 6:1, 6:3. Дагы бир орус кызы, жакында эле болуп өткөн "Ролан Гаррос" мелдешинин жеңүүчүсү Мария Шарапова да экинчи турга ийгиликтүү чыкты.


Кличкого ким чыгат экен?..
Владимир Кличко 7-июль күнү Берн шаарында (Швейцария) чемпиондукка талапкер, америкалык Тони Томпсонго каршы муштум түйөт. Албетте, Тони Томпсондун кулачы Кличконун ээгине чейин жетерине эч ким деле ишенбейт. Ошентсе да, "Үмүтсүз - шайтан" деген кыргыздын макалы бар эмеспи, Томпсондун үмүт оту балбылдаппы же бүлбүлдөппү, айтор күйүп атса керек деп ойлойбуз. Калганын кара күч чечээр.

Э-эй, Быржыбай, бери чык!..
Убагында жеңилбес деп эсептелген атактуу орус мушкери Федор Емельяненкону ээрден биринчи алып түшкөн бразилиялык чоң муштум Фабрисио Вердум (16-5) дагы бир ийгиликке жетишти. Жаңыле Бразилияда аяктаган UFC 147 турниринде Фабрисио атаандашы америкалык Майк Руссо дегенди биринчи эле раундда оңкосунан сайып, тырпыратып баса калып, ай-күнүнөн мурда "аборт" жеңишке жетти. Мындай ийгиликке эрдемсиген Вердум эми ушул салмактагы чемпион Жуниор дос Сантостун өзүн (15:1) эрөөлгө чакырды. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болгону калды шекилди.