Маалымат майданындагы туңгуч турнир
Мелис Эшимкановдун кубогу үчүн футболдук таймаш өттү

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда мыкты саясатчы, чыгаан журналист Мелис Эшимкановдун элесине арналган массалык маалымат каражаттарынын арасында кичи футбол боюнча турнир ийгиликтүү ишке ашты. Турнирге 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүндү. Мелдеш ордо калаадагы "Дордой" спорт комплексинде уюштурулуп, өтө кызыктуу өттү. Тили так кабарчы калкы мынчалык курч оюн көрсөтөт деп ким ойлоптур. Журналисттер кабар жазып эле отурбастан, жумалак топ менен жашыл майсаңдан да алыс эмес экендерин иш жүзүндө далилдешти. Мекебиздин арбагы ыраазы эле болду болуш керек. Убагында өзү да футболду катыра ойночу эле, аттиң. Көзү тирүү кезинде журналисттердин биримдигин бекемдөө үчүн кабарчылар арасында футболдон, бильярддан турнир өткөрүп туруу зарыл экенин айтып, каражат таап ишке ашырабыз деп жүрчү эле. Мекебиздин тилеги ушинтип, көзү өтүп кеткенден кийин турмуштан өз ордун таап отурат. Эми, буюрса бул мелдешти салттуу турнирге айлантып, жыл сайын өткөрүп туруу жагы каралып жатат. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз.

Ал эми оюндун өзүнө келе турган болсок, тайпалык беттешүүлөрдөн кийин жарым финалга төмөнкү командалар чыкты:
КТРК - "Азаттык" 0:1
НБТ - "Кыргыз радио" 3:5

Финалдык оюн:
"Азаттык" - "Кыргыз радио" 3:3 (пенальти боюнча 6:4)

Сыйлык ээлери:
1- орун "Азаттык" үналгысы - Кубок жана 15 миң сом
2- орун "Кыргыз радио" - Кубок жана 10 миң сом
3- орун КТРК каналы - 7 миң сом
4- орун НБТ каналы - 3 миң сом

Атайын сыйлыктын ээлери:
Мыкты дарбазачы - Асан Алиев ("Кыргыз радио"),
Мыкты коргоочу - Султан
Жумагулов ("Азаттык"),
Мыкты оюнчу - Нурлан Сартов ("Кыргыз радио"),
Эң көп 14 гол киргизген -
Тимур Ногоев (НБТ).

Турнир соңунда Мелис Эшимканов атындагы фонддун төрайымы Асель Эшимканова сыйлыктарды тапшырып, демөөрчүлөргө, катышуучуларга, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирип кетти.
Турнирдин демөөрчүлөрүн да эстен чыгарбай айта кетели, "атын атаса, куту сүйүнөт" дейт эмеспи:
"Дордой" ассоциациясынан Аскар Салымбеков менен Шаршен Касенов, ЖК депутаты Феликс Кулов, Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев, Чүй ИИБнин башчысы Бакыт Жусубалиев, Экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев.