Алтын мектебим


"Курбуну курбу сагынса,
куюлат экен көздөн жаш"

Ак мектеп арзып бизди турат карап
Асынып сумкабызды жонубузга,
Ал күндөр баарыбыздын оюбузда.
Баарлашып бала-чакты эскерели,
Баш кошуп 20 жылдык тоюбузда.

Учканга бир уядан күүлөп канат,
Өтүптүр 20 жыл көрчү санап.
Келгиле, кечебизге классташтар,
Ак мектеп арзып бизди турат карап.

Урушуп жарашканбыз бала кезде,
Учурлар унутулбайт баары эсте.
Кеп салып бала - чакты эскерели,
Келгиле, кечикпестен кечебизге.

Нааматбек Үсөналиев
орто мектебинин
1992-жылкы бүтүрүүчүлөрү

Жакшы окуган
Додо
Нурмат Сыдыков деген тыпыйган классташ балабызды "Додо" деп койчубуз. Бою кипкичинекей, дайым таза, тыкыйып... Биринчи-экинчи класстан кум саатты коюп туруп минутага окутканда алдына киши салчу эмес. Кипкичинекей болуп алып баарыбыздан кыйын окуган бала эле. Анын окууну улантпай калганына өкүнөбүз.


Балдарды тепкилеген Урумкан
Урумкан деген классташ кызыбыз бар. Бою узу-ун, өзү болсо бир сонун кыз эле. "Митхун Чакраборти" деп койчубуз. Өңү бир татынакай, мүнөзү түз жана калыс… Тентек, жинге тийген балдарды айда сабап, жүрөгүнүн үшүн алчу. Бир ирет телефондон сүйлөшсөк, "Мен тепкилеген балдар чоңойдубу?" деп боорду эзди. Ал тепкилеген балдар азыр ата болуп калышты.


Сүйүү каттарды катырган Руслан
Алгачкы сүйүү мектепте башталат да. Ал убакта азыркыдай агент, уюлдук телефондун жыты да жок. Кат жазышчубуз. Айрыкча Руслан катты катыра жазчу. Достору үчүн да, өзү үчүн да далай каттарды жазды. Кат аркылуу, көз караш аркылуу эле сүйүүбүздү билдирчүбүз. Ошондогу таптаза, туптунук сүйүүлөр, ай.