Футболду жандай сүйгөн Меркелдин мекенинде


Германиядын дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү 3,968%. Евросоюз өлкөлөрүнүн ИДПгы үлүшү 30%. Ал эми өлкө ичиндеги ИДПсы жаран башына 35 миң доллардан туура келет.


Фридрих Эберт атындагы германиялык уюмдун демилгеси менен жакында эле Германияда болуп, Берлин жана Гамбург шаарларын көрүп келдик. Баш-аягы беш күн жүрдүк. Ушул кыска убакыт ичинде куржун толо маалымат топтоп, эстен кеткис таасир менен кайттык.


Элчиликтеги иштер
Берлинге 10-июнь күнү шашкеге жакын учуп келдик. Бул күнү Болот Отунбаев баштаган элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты. Июнь окуясынын эки жылдыгына карата желекти түшүрүп коюшкан экен. Элчиликте иштеген эжелер боорсок жасап, жыт чыгарып биздин астыбызда маркумдарга куран багышташыптыр. Болот мырзанын айтымында, акыркы кезде немис инвесторлору Гидроэлектростанцияга курууга кызыгууда. Айрыкча, альтернативдүү энергия булактарын өндүрүү жаатына көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Дүйнөгө таанымал Volkswagen, Bosh өңдүү ири компаниялардын өкүлдөрү жакын арада Кыргызстанга келиши мүмкүн. Болот Отунбаев акыркы кезде Германияда Кыргызстанга болгон кызыгуу күчөгөнүн, бул да болсо парламенттик, ачык системага өткөнүбүздүн акыбети экенин кошумчалады. Акыркы жылдары элчилик балдарга жардам берүү багытында иш алпарууда. Тубаса же кокустук айынан майып болгон балдардын көбү элчилик жардамы менен Германиядагы ооруканаларда дарыланып жатат. Мурдагы жылдары автокырсыктын айынан эки колун жоготкон Ширин аттуу кызга Берлинден жолуктук. Жакында эки колуна тең протез коюлганы турат. Учурда апасы экөө элчиликте жашап, жаңы колдуу болоор күндү зарыга күтүп жатышкан кези.

Фридрих Эберт ким болгон?
Фридрих Эберт Германия тарыхында биринчи жолу демократиялуу жол менен шайланган президент болгон. 1871-жылы Гейдельберг шаарында карапайым кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Ал жумушчулар менен буржуйлар ортосунда саясый жана социалдык теңаталыкты түзүүгө умтулуу менен жашап өткөн. 1919-жылы ал өлкө тизгинин колго алган. Бирок, ээрде көпкө олтурган эмес. Анын идеяларын сындагандар өтө көп болчу. Мындай тескери реакцияларды президенттин жүрөгү көтөрө албай, 1925-жылы көз жумган. Германия тарыхында андан кийин көп өзгөрүүлөр болду. Бүтүндөй дүйнөнү чөгөлөткүсү келген Гитлер келди бийликке. Анын айынан килейген мамлекет ири державалар тарабынан экиге бөлүндү. Узак жылдар бою ортосун дубал бөлүп, эркиндик көздөн учту. Фридрих Эберттин кадыры ошондо билинди. Эгер көсөм жол башчынын жүргүзгөн саясаты менен кете бергенде мындай болору арсар эле. Учурда анын атындагы фонддор дүйнөнүн чар тарабында иш алпарууда. Кыргызстанда фонд 1997-жылы ачылган. Негизги максаты: мамлекеттин экономика, саясат, маданият жана билим тармагына жардам берүү. Учурда кыргыз жаштарынын басымдуу бөлүгү фонддун жардамы менен Германияда билим алып жатышат.

Эргүү менен иштегендер
Германияда ушунча жылдык тарыхта бир да журналистке кол салуу, түрмөгө камоо сыяктуу фактылар болбоптур. Коомчулук маалыматтан ачка болбошу үчүн мамлекет ММКга болушунча шарт түзүп бериптир. Бир эле мисал: ушу тапта Гете менен Шиллердин мекенинде жамааттык радиолор катуу өнүккөн. Ар бир облустун, райондун, шаардын бир нече жамааттык теле-радиосу бар. Бизде деле бар дечи. Бирок, айырмасы асман менен жердей. Айталы, жамааттык радиодон реклама көрсөтүлбөйт. Шайлоо маалыматтары чыкпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү каалаган адам барып радио берүү же сюжет даярдаса болот. Анысы үчүн акы албайт. Болгону тажрыйба топтоп, үйрөнгөнү олжо. Бул жерге көбүнчө искусство адамдары, зериккен пенсионерлер, журналистика факультетинин студенттери барат экен. Балдар үчүн да өзүнчө бөлүмдөрү бар. Мындай радиолордун беш-алтоосуна бардык. Бекер, бирок эргүү менен иштеген адамдар. Тилекке каршы, мамлекеттик жана коммерциялык багыттагы ММКлар менен таанышууга мүмкүн болбоду. Гезит кабарчысы катары бул мага чоң таасир бермек.

(Уландысы кийинки санда)

Санжи ТУЙТУНОВА,
Бишкек-Берлин-Гамбург-Бишкек

Китеп текче болуп өттү жандүйнөм…
Ушундай ыр саптарым бар эле. 5 жашымда тамга таанытып коюшкан экен, ошондон бери окуп эле келатам, окуп эле келатам… Алгач көчөдөгү, сыналгыдагы жазуулар көз жаздымымда калчу эмес, анан колума кайсыл гезит, кайсыл китеп тийбесин, үтүр-чекитине чейин окуй берчүмүн, окуй берчүмүн. Үйдө, көчөдө, алыскы сапарда, жайлоодо, окууда, жумушта, деги койчу, көзү тойбогон чычкан бул жакта калсын, кемире эле берипмин. Кырктын кырына келип токтоттум окшойт. Окуган башка, түшүнгөн башка экенин кийин түшүндүм. Азыр ошол окугандарымдын 90 пайызын билбейм, жөн тамак сыяктуу желип кете бериптир. Анан жандүйнөмдөгү китеп текчедеги акын-жазуучу, кызыктуу кишилер, кинорежиссерлор, философтор жөнүндө ой бөлүшүп турууну туура көрдүм. "Жегениңен ала кел" деген сыяктуу, окуганыңды да айта жүрүш керек окшойт. Бирине маалымат, бирине таанып-билүү, бирине тек гана кызыгуу болоор…


Пауло Коэльо

Азыр дүйнөдөгү эң окумдуу жазуучу. Жалпы-жонунан 16 китеби жарык көргөн экен. 67 тилге которулуп,150 өлкөдө басылып, китептеринин нускасы 300 миллиондон ашыптыр. "Алхимик" деген китеби дүң болгондо, атайын сатып алдым. Чынын айтайын, жукпады. Жазган окуясы кызыктуу болгону менен, сөз байлыгы жок экени, өтө примитивдүү жазуучудай көрүндү. Атагы ашып-ташканынан улам башка чыгармаларын да окуп көрдүм. Жакты, эй. Өзгөчө "Бешинчи тоо" ("Пятая гора"), "Заир" жана "Жарыктын жоокери" ("Книга воина света") деген китептери толкундантып жиберди. Кайра сөз байлыгынын жоктугу жакты, жатык тили, окуяны жөнөкөй түшүндүргөнү, философия, психология, мистиканы жуурулуштура билгени мыкты экен. "Бешинчи тоодогу" кудайга болгон ишеним, "Заирдеги" теңирчилик, анан "Жарыктын жоокерине" берген аныктамасы көп ойлорго ортоктош болот. П. Коэльо "мындай кыл" деп акыл үйрөтпөйт, "андай кыл" деп кеңеш айтпайт, бирок көкүрөгүңдөгү көп нерселерди козгоп коет экен. Ошонусу менен көпчүлүк окурмандарга жакса керек да. Араң кырк жашында адабиятка аралашканы кызык. Пауло 1947-жылы Бразилиянын Рио-де- Жанейро шаарында, инженердин үй-бүлөсүндө туулган экен. Ата-энеси динчил болгондуктан, жети жашында иеузит мектебине берип коюшат. Бирок өзү чыгармачылыкка берилген бала болот. Ага болбой, чоңойгондо ата-энеси юридикалык факультетке тапшыртышат. Пауло андан качып кутулат. Ошондон тарта ата-энеси менен түшүнбөстүктөр башталып, ортолорунда "согуш" жүрө баштайт. Он жети жаштагы уулун жиндиканага күч менен жаткырышат. Чыккандан кийин көчөдө темселеп, башынан көп эле нерселерди өткөрөт. Кийин 60-жылдары модага айланган театр сүйүүчүлөрдүн кыймылына аралашып кетет. Журналистика менен нан таап жейт. Ыр жазып, обон жаратып жүрөт. Акыры кайрадан жиндиканага түшөт. Ошондон соң дүйнөнү түрө кыдыра баштаган экен. Барбаган өлкөсү да калбаптыр. Кийин англиялык мистик Алистер Кроули менен таанышып калат. Ал чымын-куюн болгон Паулого катуу таасирин тийгизет. Ошондон тарта 40 жашында көркөм чыгарма жазуу идеясына азгырылган экен. Баса 1965-жылдагы Бразилиядагы төңкөрүштө, жазган обондуу ырлары үчүн түрмөгө түшөт. Түрмөгө эле үч жолу жатып чыгыптыр. Бирок баягы "жинди" болгону куткарып кетип турган экен. Бала кезинен жашоо маңызын издеп, кудайын тааныгысы келгени чыгармаларында кызыл сызык менен өтөт. Коэльонун өзгөчөлүгү - кишини ойлондура билгендиги. Жаман менен жакшы, ак менен кара, өмүр менен өлүм, кудай менен шайтан, жашоо маңызы… чыгармаларынын дээрлик бардыгы ушулар менен сугарылган. Пауло Коэльо - бул жаштардын жазуучусу десем туура болот го. Жаштар анын китептеринен көп нерселерди алса болот, өз жашоосуна ой жүгүртө алышат. Азыр былтыр жазылган "Алеф", быйыл жазылган "Суу сыяктуу" ("Подобне реке") деген романдары дүңгүрөп жаткан маалы экен. Бирок азырынча орусчага которула элек.
Эрнис АСЕК уулу