Талант Султанов,
Борбордук Азиядагы Америка университетинин финансы маселелери боюнча вице-президенти:

"Биздин окуу жайды коммерциялык деген туура эмес"


- Талант мырза, кампусту куруу идеясы качан пайда болгон эле?
- Биздин университет сапаттык, сандык жагынан да өсүүнүн үстүндө. Студенттердин саны көбөйүүдө. Ошондуктан имаратты кеңейтүү жагын көп жылдан бери ойлоп келатканбыз. Биринчиден, донорлордун эсебинен курулганы жаткан кампустун курулушу менен өлкөгө инвестиция тартууга мүмкүн болот. Экинчиден, студенттерге да жакшы шарттар түзүлөт. Окуу жайдын азыркы президенти бул идеяны колдоого алып, буюрса, сөздөн ишке ашып атат. Бул үчүн Бишкектин четиндеги Асанбай кичирайону тараптан 3 гектар жер сатып алдык. Кампус 16 миң чарчы метр аянтка курулуп, бийиктиги 4 кабат болот. Анда административдик корпус, аудитория, китепкана, тамактануучу жай, спорт аянтчалары орун алат. Кыргызстандагы эле эмес, Борбордук Азиядагы өзгөчө курулуш болуп, кооздугу, көрктүүлүгү менен айырмаланган студенттик шаарчага айланмакчы.
Баса, бул кампусту тургузуу менен Кыргызстандын курулуш тармагына ноу-хау киргизилгени жатат. Эгерде Кыргызстандын стандарты менен курулганда, кампустун жылытуу системасы жылына 4 189 561 кВт-саат электр энергиясын керектемек. Биз мындан качып, жылытуунун геотермалдык системасын орнотобуз. Бул экологияга зыяны жок система болуп эсептелет. Муну менен 533 072 кВт саат же 87 %га электр энергиясы үнөмдөлөт. Жылытуу системасынын мындай арзан түрүнө өткүсү келгендердин баарына эшигибиз ачык. Кеңешибизди айтып, тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз.
- Долбоордун бюджети канча болууда?
- 20 млн. доллардан ашык. Акчанын баарын сырткы донорлор, демөөрчүлөр бере турган болушту. Биз да жөн жатпай, Кыргызстандын ичинен акча чогултуу максатында, кампустун холлунун дубалынын кыштарынын ар бирин 50 доллардан саталы деп чечтик. Кышты сатып алган жарандын аты-жөнү ага жазылат. Эстелик сыяктуу тура берет. Муну менен аз да болсо кампустун курулушуна жардам бергендерди ачыктаган болобуз. Албетте, мындай жол менен чоң акча чогултуу мүмкүн эмес. Минтип биз негизги донорлорго кампустун курулушуна жарандар да кайдыгер карабай, колдорунан келишинче жардам кылгандыгын көрсөткүбүз келет. Алар үчүн бул көрүнүш жагымдуу да, кызыктуу да болот.
- Курулуш иши качан аягына чыгарылат?
- Эмдиги жылдын күзүндө биз, окутуучулар жамааты, студенттер жаңы имаратка көчүп барабыз деп турабыз.
- Университеттин азыркы турмушунан кеп курсак, учурда канча студент билим алууда? Анын канчасы сырттан келгендер?
- 1000ге жакын студент окуса, калганы чет өлкөнүн жарандары. Алардын көпчүлүгү Орто Азиядан, азыраагы АКШ, Корея, Ооганстандан келгендер.
- Жакында эле студенттер окуу контрагынын көтөрүлгөнүнө нааразы болуп атышты эле...
- Биздин окуу жайдын бюджети аябай ачык-айкын. Студенттер нааразы болуп чыгышканда, алар менен жолугушуп сүйлөштүк. Болгону студенттер реалдуу окуу акысын билсин деп ачык айттык. Буга чейин студенттердин контрактысынын суммасы гана айтылып, донорлордун акчасы айтылчу эмес. Университеттин жылдык бюджети - 5 млн. доллар. Ар бир студентке жылына 5 миң доллар чыгымдалат. А студенттердин бир жылдык контракт төлөмдөрүнүн орточо акысы 2 миң долларга жакын. Бюджеттин 40 %ын гана студенттердин акчалары жапса, калганы демөөрчү, донорлордун эсебинен камсыздалат. Ошондуктан ата-энелер контракт 5 миң долларга чыгып кетиптир деп чочулабай эле коюшсун.
- Сиз муну менен буга чейин айтылып, жазылып келгендерди жокко чыгарып, БАУ коммерциялык эмес университет дегенди айтып жатасызбы?
- Түшүнбөстүктөн, билбестиктен улам биздин окуу жайды коомчулукта, эл арасында коммерциялык университет деп эсептешет экен. Бул такыр туура эмес. Биздин окуу жай кайрымдуулук акциясы сыяктуу формада түзүлгөн. Контракт­тык төлөмдөр бюджеттин 40%ын гана түзсө, кантип коммерциялык болмок элек? Жалаң чыгаша менен иштейбиз. Эч кандай киреше, пайда таппайбыз. Биздин башкы максатыбыз - сапаттуу билим берүү. Бул максатыбызды ишке ашырып келатабыз. Ошондуктан донорлор биздин ишибизди көрүп, көп жылдардан бери демөөрчүлүк кылып, колдоп келатышат.
Бизде студенттердин бардыгы эле контракт төлөп окушпайт. 150 студент акысыз билим алышат. Мектепти алтын сертификат менен аяктагандарды, тоголок жетимдерди бюджеттик негизде окутабыз. Мындан башка студенттердин финансылык абалдарына жараша ар кандай жеңилдиктер берилет.
- Окуу жайларда коррупциялык көрүнүштөр көп эле орун алары жашыруун эмес. Бул жагынан сиздердин окуу жайда кандай?
- Окууга болгон талап бизде өтө күчтүү. Плагиаттык көрүнүштөр кечиримсиз. Студенттердин плагиаттыкка барып, акча сунуштаган учурлары болсо, эң катуу чаралар көрүлүп, окуудан четтетилгенге чейин барат. Университет иштей баштагандан бери коррупциялык бир да факты болгон эмес. Болушу да кыйын. Анткени, бизде бюрократиялык көрүнүштөр жок. Президенттин эшиги да дайыма ачык турат. Студенттер каалаган убагында окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп сүйлөшүп, арыз-армандарын айта алат. Бардык окуу процесстери ачык- айкын жүргүзүлөт.
- Сиздердин окуу жай Кыргызстанда биринчи болуп АКШдан аккредитациядан өттүңүздөр эле. Бул аккредитация сиздерге эмне берет?
- Аккредитацияга ээ болуу менен БАУ Борбордук Азиядагы АКШнын да диплому берилгкн жалгыз университетке айланды. Биздин окуу жайды бүткөндөр бир эле мезгилде АКШнын Bard университетинин да дипломун ала алат. АКШнын өзүндө 50 миң долларга билим алууга мүмкүн болгон окуу жайдын дипломуна Кыргызстанда туруп эле ээ болушат.




Генри Майберг,
архитектор-дизайнер,
БААУнун жаңы кампусунун дизайнынын автору:

"Аймакта аналогу жок окуу имараты болот"



Кампустун архитектурасынын автору америкалык адис Генри Майберг экен. Ал 20 жылдан бери жалаң билим берүү мекемелерин курууга адистешип, көптөгөн билим берүүчү жайларын куруптур. Бишкектин четинде тургузулуп аткан бул кампус аймакта аналогу жок, Кыргызстандын меймандостугун арттыруучу жайга айланат дейт ал. Атайын интернет аркылуу Генри Майберг мырзанын өзү менен маектештик.

- Генри мырза, кампустун дизайны эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Кампустун дизайнын жасоодогу максат - эки элдин улуттук колоритин, өзгөчөлүктөрүн синтездештирүү менен эки элге тең жакын, жагымдуу болгон имараттын архитектурасын түзүү болду. Кыргызстан тууралуу эч нерсе билбегендиктен, алгач кыргыздын улут катары менталдык өзгөчөлүктөрүн окуп, үйрөндүм, тааныштым. Дизайнда кыргыз элинин улуттук баалуулук, колорити колдонулду. Спорт аянтчасы Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтын элестетет. Кыргыздарга жакын болгон кызыл, көк түстөргө басым жасадым. Кампустун артында тоолор тургандыктан, кампустун чатыры да тоолорду элестеткендей болуп жабылат. Тоонун фонунда бул аябай кооз көрүнөт. Ичиндеги аудиториялар көп болуп, аларды бөлгөн дубалдар болбойт. Ичиндегилердин бири-бири менен дайыма жолугушуп, сүйлөшүп туруулары үчүн ачык орундар, кенен жайлар орун алат. Окуу жайдын холлунда студенттер тамактанып, эс алып, окууга даярдана да алышат. Окутуучулар курамы студенттерди көрүп турушса, аларды студенттер дайыма көрүп тура алышат.
- Канча адамга ылайыкташтырылды?
- Болжол менен 1500 студент окуй алса, 500дөн ашык окутуучу, студенттер үчүн спорт комплекси, китепкана бар. Жалпысынан өзүнө 2 миңден ашык адамды батырат.
- Кандай курулуш материалдары колдонулат, кайдан алып келинет?
- Имаратты тургузууда биринчи кезекте экологиялык жактан таза курулуш материалдары, технологиялар колдонулат. Кампус жергиликтүү климаттын талаптарына жооп бергидей болушу зарыл. Негизинен жергиликтүү курулуш материалдарына басым жасалат. Бирок ошентсе да айрым заманбап технологиялар, материалдар сырттан алынат. Кыргызстанда курулуштун көркүн чыгаруучу таштар чыгат экен. Ошол таштар менен университеттин кире беришине AUCA деп жазылат. Жазуу жерден өйдө көтөрүлгөндүктөн, таштар жерден өсүп чыккандай элес берип турат.
- Буга чейин Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билбечү экенсиз. Сизге Кыргызстан кандай таасирлерди калтырды?
- Сиздердин өлкөнү БАУда (Борбордук Азиядагы Америка университети) иштей баштагандан бери биле баштадым. Үч жылдын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуум, жакшы көргөнүм артып, 12 жолу бардым. Ушул убакыт ичинде үйрөнгөн нерселеримди дизайнга киргизүүгө аракет кылып аттым. Бишкек жөнүндө айтсам, жашыл шаар экен. Көчөсүндө кетип баратсаң, эки тарабы тизилген бак-дарак болгондуктан, парк аралап бараткандай сезим болот. Шаарда ачык коомдук жайлардын көп болгону жакты. Анан бат куралып, кайра бат жыйналган боз үй өзгөчө таасир калтырды.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ