Эки койлук алы бар
Украина менен Польшада Европа биринчилигинин тайпалык оюндары кызуу башталды. Орустар чү деген жерден Чехияны алкымдан алып жыгып, 4:1 эсебинде күлгө оонатты. Мактаган кыз тойдо "эметет" дегендей, көзүр катары эсептелген Голландия курамасын кыздын баласындай болгон Дания көлчүккө көтөрүп чапты! Жыйынтыгы 1:0 болуп бүткөнүн өзүңөр көрдүңөр. Дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону Испания араң дегенде Италия менен тең чыкты. Француздар менен англичандар да 1:1 болуп бүтүштү. Ал эми талаа ээлеринин бири Украина Киевдин Олимпиада топмайданында эрегиши Швецияны 2:1 менен оодарып түштү. Карыса да бир койлук алы бар дегендей, Украина курамынын чабуулчусу, "буурул чач" Шева эки голду шампандын тыгынындай аттырды.


"Алга" көк майсанда тайгаланды
Улуттук чемпионаттын 9-туру аяктады. Көп жылкы өлкө чемпиону "Дордой" өзүнө ыңгайсыз экинчи орунда келаткан. Сыйлуу төрдү акыркы турларда "уруксатсыз" ээлеп алган "Алга" клубу соңку оюнда "Абдыш-Ата" менен кез келип, эки тегерек (0:0) менен оюнду тамамдап, биринчиликти "буттан" алдырды. "Дордой" клубу болсо көч куйругунда жүргөн ФЦ-95 командасы менен серпише кетип, 3:0 менен мөрөй алды дагы, көч башына чыга келди. Эки упайы кем "Алга" экинчи орунга оодарылып түштү.


Мен-мен деген Мэнни капут болду
Лас-Вегас шаарында буга чейин жеңилгис деп эсептелип келген Мэнни Пакьяо (Филиппин) америкалык Тимоти Бредлиге каршы 66,7 кг салмак ченде муш салышып, чемпиондук титулун коргогонго аракет жасады. WBO жааты боюнча тирешүү толук 12 раундга созулуп, калыстар жеңишти Бредлиге ыйгарды. Үч калыстын экөөсү бул ­жаакташууда Тимоти жеңди деп тааныды. 2005-жылдан бери ыза болуп көрөлек Мэнни ушул жолкусунда жыдып калды. Эсеп-кысапчылар белгилегендей, Тимоти бул жеңиши менен 29-жолу удаа ийгиликке жеткен экен. Чиркин оой деп баш чайкагандан бөлөк эмне дейбиз.


Тумандан чыккан айга окшоп
Олимпиадага улуксат бере турган лицензия кагазына дагы эки спортчубуз татыктуу болду. Сууда балыктай сүзгөн Дарья Таланова менен Дмитрий Александров деген биздин "ихтиандрлар" эми Лондондун туман баскан бассейндеринде бирди көрсөтөт го деп чоң үмүт кылып турабыз. Ылайым эле бөлөк өлкөнүн суучулдары тумандан адашып, Темза дарыясына туш болуп, агымга каршы сүзалбай жээкке чыгып калышса экен. Ошондой эле футбол боюнча эл аралык калыс, ФИФАнын арбитри, жердешибиз Бахадыр Кочкаров да Олимпиадага аттанууга макулдук алды.


Жүрөк сокпой, муштум түйүлбөй калды…
Атактуу кубалык мушкер, эң оор салмак чен боюнча Олимпиаданын үч жолку чемпиону Теофило Стивенсон 60 жаш курагында дүйнө салды. Убагында америкалыктар Стивенсонго 5 миллион доллар сунуш кылышкан. Мухамед Алиге каршы рингге чык деп. Куба революциясына жүрөгү менен берилген Теофило мындай майлуу сунуштан баш тартканы белилүү.


"Просто Мария" дегендер катуу жаңылды
Атактуу деп эсептелип, Чоң шлем курамына кирген Франциянын ачык биринчилиги "Ролан Гаррос" турнири да аяктады. Аялдар арасында финалга Мария Шарапова (Россия) менен Сара Эррани (Италия) чыгып, орус кыз оюндагысын бербей жеңишке жетти. Жетип эле тим болбой, кыз-келиндер арасында бедели көтөрүлүп, биринчи ракетка деген даражаны кошо мыкчыды.
Эркектер арасындагы финалда Рафаэль Надаль (Испания) менен Новак Жокович (Сербия) тирешип, испандык теннисчи жеңип чыкты. Рафаэль ушул жеңиши менен "Ролан Гарросту" жетинчи жолу утуп, рекорд койду!