Жылдыздын хоббиси

Дайыр боулингдин сазайын берет



Ырчы Дайыр Исмадияров бош убактысы боло калса эле досторун чогулта калып боулинг ойногону жөнөйт. Бул жолкусунда биз менен чогуу барды. Жедеп колу көнүп бүткөнбү, айтор, ташты таамай ыргытып атты. Оюн учурунда Дайыр шарды түз ыргытуунун сырларын ачып, ал тургай боулинг ойноп кыздын жүрөгүн кантип ээлесе болорун айтып берди.

- Дайыр, кыздар менен мамиле түзүүгө жардам берет деп атасың. Ой бөлүшпөйсүңбү жигиттер менен…
- Ал үчүн боулингди таптакыр ойноп көрбөгөн же жакшы ойной албаган кыз болсо жакшы (күлүп). Анткени үйрөтүмүш болуп аны өзүңө тартып, жылуу мамилеңди билдирип, сага болгон көз карашын байкасаң болот. Орусча айтканда, кадимки эле "флирт" да бул оюн. Эгер өзүңдөн жакшы билген кыз болуп калса, анда бул "номер" ишке ашпайт.
- Түшүнүктүү. Өзүң жакшы ойнойт экенсиң, сыры эмнеде?
- Өзүңдүн шарыңды табышың керек. Дегеним, салмагыңа, колуңдун кубатына жараша ташты тандаган туура. Мисалы, мага 12 килограммдык шар туура келет. Кыздарга 7-8 килограммдагысы эле ылайыктуу, бирок таш канчалык оор болсо, ошончолук көп кегли кулайт.
- Боулинг сага эмнеси менен жагат?
- Бир чети спорт. Ташты ыргытканга дагы күч керек. Экинчиден, таш туура эмес кетсе, кадимкидей санаа тартып ойлоном. Эмоционалдык жактан жакшы таасир этет. Дагы бир жакшы жагы - бул универсалдуу оюн. Достор, үй бүлө, кесиптештер менен ойной берсең болот. Үчүнчүдөн, азыр иштерим аябай көп болуп атат. Спорттун башка түрүнө убакыт жок. А боулингди бир саат ойноп койсоң эле жетиштүү.
- Оюндун ырым-жырымдары барбы?
- Жеке өзүмдү айтсам, шарым жакшы ыргыбай атса, колумду ушалап коем. Бирок маселе анда деле эмес. Негизгиси ойноп атканда оюңду бир жерге топтошуң керек. Ой келди сүйлөп ажыкыздансаң, албетте, түшпөйт. Мен досторума тоскоолдук кылганды жакшы көрөм. Шарды ыргытаарда тийишип, шарын кармап, кыйкырып иймей адатым бар.
- Колум көп бошобойт дедиң. Эмне иш кылып атасың?
- Чыгармачылык эле. "Досторум" деген ырымды ди-джей Кориге ремикс вариантын жасаттым. Буюрса, жакын арада угуп каласыңар.
- Жеке жашооң кантип атат?
- Тыптынч. "Качан үйлөнөсүң" деген суроодон аябай тажадым. Туугандардын баары "Үй алдың, качан аял аласың?" деп мээмди жеп салышты. Мен азыр өзүмдү толугу менен ишке арнап салдым. Кыз жандап, мамиле түзүш үчүн ага көбүрөөк убакыт бөлүшүң керек. Кыздардын №1 талабы ушул экенин билесиңер да. Бирөөнү сүйүп, убакыт бөлбөй жоготуп алгым келбейт. "Качан үйлөнөсүң" дегендерге "күздө" деп коем. Бирок кайсы күздө экенин өзүм да билбейм.

Назима Жумаева




"Көпөлөк"


Каныкей адатынча ырларына сыр катмайын улантууда. Жакында "Көпөлөк" деген ырынын клибин көрө аласыздар. Өзүнүн айтымында, ырда кадимки көпөлөк, анын кылык-жоругу, кыска жашоосу тууралуу ырдалат. Бирок ырдын түпкү маанисин чечмелеген ырчы: "Мен көпөлөктүн артына жеңил ойлуу кыздарды жашырдым. Анткени, мени да бир келген жайын татыктуу жашай албаган "көпөлөктөр" маселеси катуу ойлондурат", - дейт.

Стамгүл небере күтүүдө


Ырчы Стамгүл Турдалиеванын тун кызы Айпери Аксыга келин болгон. Учурда Айпери ай-күнүнө жетип, ырчыны таене кылганы турат. "Чын эле неберелүү болорума ишенип-ишенбей толкунданып жүргөн кезим. Дарыгерлер кыз деп атышат. Күн санап күтүп атабыз", - дейт Стамгүл.

Токтобектин мектепти бүткөнүнө 20 жыл болуптур


Ат-Башынын кулуну Токтобек Асаналиев июнь айынын он сегизинде өзү туулуп-өскөн Ача-Кайыңды айылына барып, 20 жылдыгын майрамдайт. Аны менен катар жеке концерт бере келейин деп пландап жүрөт. Ал эми ага чейин бишкектик күйөрмандары үчүн 16-июнда Опера жана балет театрында өнөрүн тартуулайт.