Шам чырак
Асел Эшимканова, Мелис Эшимкановдун жубайы:

"Балким Мелис киши колдуу болдубу деген ой кыйнап келет…"



Түбөлүккө, биротоло келбей турган адамды сагынуу, күтүү кандай тозок?! Кандай азап?! Кайгылуу, муңдуу, азаптуу, көз жашка, арманга, кусалыкка, сагынычка чыланган күндөр ай! Түндөр ай! Жубайы Мелис байкеден ажыраган Асел Эшимканова да бир жылга жакын убакыттан бери жалаң ушундай күндөр менен өмүр кечирип келет.

- Мелис байкесиз бир топ айлар артта калды…
- Мелистин бизди биротоло таштап кеткенине дагы деле ишене албай келем. Дагы деле жаркылдап эшиктен кирип келчүдөй сезилет. Алыскы сапардан кайтып келчүдөй сезилет. Мен сыяктуу балдарым да атасын дале күтүп келишет. Сыртка бирөө келип домофонду басса, ким келгенин карайбыз. Жакында эле үйгө бирөө келип, атасына окшошуп кеткен экен, экөө тең: "Папам келди! Папам келди!" - деп кубанып алышыптыр. Ушинтип Мелисти эстебеген, элестетпеген, күтпөгөн күнүбүз жок.
- Түшүңүзгө киреби?
- Эки-үч ирет түшүмө кирди. Мен күтүп жатканда үйгө келип калыптыр. Мен болсо, "Мен айткам, мен билгем, тирүү экениңди сезгем. Бир ооз дайныңды билдирип койбойт белең" деп ыйлап, таарынып жатыптырмын. Мелис: "Кабарым билдире тургандай болбоду. Ок атылды. Кан төгүлдү. Мен көргөн күндү эч ким көрбөсүн" деп жатыптыр. Ойгонуп кетсем, түшүм экен. Эки жолу тең үйгө келип кетти.
- Балдарыныз канчада? Оор жоготууну бала жүрөктөрү туюп жүргөндүр?
- Уулум Адам көп нерсени түшүнүп калды. Бир айдан кийин жетиге чыгат. Быйыл биринчи классты аяктады. Мектепте жалаң бешке окуйт. Мектеп босогосун аттагандан бешке окуп баштаса, "Балам, баштаганда эле бааларың кызарат го" деп сүйүндү эле. Кызым да мектепке барам деп ыйлаганынан, кышында даярдоо классына берип койгом. Окуганды, жазганды байкесинен кем калышпай үйрөнүп, биринчи класска барам деп олтурат. Азыр төрт жашта. Бешке да чыга элек.
- Мелис байке баласаак беле?
- Эч ким ишенбейт болуш керек. Өтө баласаак болчу. Сыртынан билдирбегени менен, балдарды аябай жакшы көрчү. Улуурактары менен дос катары сүйлөшүп, кичинекейлерин ою менен болуп эркелетчү.
- Акыркы күнү кандай өттү?
- Акыркы күнү деле кадимки күндөрдүн бириндей болду. Акыркы убактарда "Шайлоо тынчыраак өтүп кетсе, кызматына деле барбайт элем. Эч нерсе деле сурабайт элем" деп көп айтчу. Америкага барып келели деген пландарыбыз бар эле. Кичүү небересин, Жылдызды төрт жылдан бери көрө элек эле. Телефон менен бат-бат байланышып турчу. Бирок аябай сагынып жүргөн. Сагынган бойдон кете берди. Ден соолугу деле ойдогудай болчу. Кичине эле бир жери ооруса, дарыгерге кайрылып ден соолугуна кам көрчү. Сак, сергек жашачу. Жаратылышка чыгып сейилдеп, футбол ойногонду жактырчу. Бир ирет жүрөгүн текшертип келип, "жүрөгүң 18 жаштагы баланыкындай экен деди" деп сүйүнүп келген. Мелистин өз өлүмү менен өлгөнүнө алигүнчө ишене албай келем. Балким киши колдуу болдубу деген ой кыйнап келет.
- Айтылбаган армандары болду беле?
- Чогуу жүргөн досторуна эле капаланбаса, андай деле чоң арманы жок болчу. Баарын кечире билген, жүрөгүнө кек сактабаган жан болчу. Бизди да ошого үйрөтчү. Ошон үчүн душмандары менен да тил табыша билчү. Акаевдин режиминде, Бакиевдин режиминде узак убакыт жүрүп, анан эле жакын достору бийликке келип алгандан кийин артын салышканда, далысына бычак ургандай эле оор тийди. Анткени алардын баарын беш колундай жакшы билчү да.




Сен чындыкты издечү элең тозоктон
Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй күлүп чыгып күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап кеткен ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Тоонун, суунун көрбөй, туйбай элесин,
Азап жоктур өлүп алып жаткандай.

Кадырлашкан достор менен үйүңдө,
Каалагандай каткыра албай түнүндө.
Кандай арман кайтпай калган ушинтип,
Каалгасы жок кара жердин түбүндө.

Балаң калды, жарың калды ак маңдай.
Баары калды сен өлүмгө шашкандай,
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол жактан тапкандай.

Көргөн-билген өлүптүр деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көнө алышпай дос-тууган,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл. Китеп. Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт...

А сен Мелис, кол-бутуңду чече албай,
Ала-Арчадан Асанбайга жете албай,
Кум жамынып, чым жазданып жатасың,
Курган башты үйүңө алып кете албай.

Ыйман элең ыйман качкан аз элге,
Ыраазы бол коркпой жаткын жат элде.
Балдар эмне көнөт, көнөт акыры,
Баарынан да кыйын болор Аселге.

Аздап-аздап тарар жалган, тарар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тиги жактан табарсың.

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз эл акыны,
Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты




Кубат Оторбаев, Коомдук каналдын башкы директору:

"Мелис Эшимканов карама-каршылыктуу инсан эле"


- Мелис Эшимканов жүрөгүңүздө кандай адам катары калды?
- Мелис Эшимкановдун кыргыз журналистикасына өзгөчө из салганын, "Асаба" гезитин чыгарганын, менеджер катары таланттуу адам экенин дайым белгилеп келгем. Эң негизгиси адамдар менен тил табышып, мыкты журналисттерди, мыкты адамдарды топтоп бир жерге иштете билгендиги өтө маанилүү болгон. Анан замандын агымын байкап, гезиттин, массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү каякта экенин туура баамдачу. Жакшы уюштуруучу болчу. Инсан катары карама-каршылыктуу инсан эле. Мен дайыма айтам, Мелис байкенин кемчилиги да көп болчу. Кийин Курманбек Бакиев менен чогуу иштешкени, анын командасына киргени, 7-апрелден кийин ошол кылгандарынын баарына ичинен сыйрылып, кемчилик кетиргенин мойнуна алганы - ушунун баары бул адамдын өзүнө терең анализ жасап, өзүнө сын көз менен карап баа бере билгендиги баалоого татыйт.
- Мелис байкени жоготконубузга бир жылга аяк басты. Гезит беттеринен, дегеле массалык маалымат каражаттарынан Мелис байкенин жоктугун, кандайдыр бир суздукту байкадыңызбы?
- Чындыгында болуп жаткан окуяларга ар убак өз көз карашын айтып келчү. Публицист катары, аналитикалык талдоосу күчтүү адам катары, мыкты журналист катары ал жазган материалдар жетишпей турат. Албетте, саясаттагы, басма сөздөгү өзгөчөлөнгөн орду аңгырап ээсин жоктоп турат.

Жамиля ТАШТАНБЕКОВА