Цементтин баасы асмандады, "кызыл кулактарды" өкмөт жазалай албайт



Цементтин тоннасынын заводдон чыккан баасы 4700 сом болгон менен, карапайым калкка жеткенче 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин чыгып кетип жатат. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, өкмөт болсо бааны жасалма жол менен көтөрүп аткан "кызыл кулактарды" колго чаба албасы, аларды тескей турган мыйзам жок экени анык болду.

Быйылкы цемент тартыштыгынын себептери:
o Кыргызстанда жаз келгени цементке муктаждык күнүнө 10 миң тонна болууда. Ал эми цемент заводдору баары биригип бир күндө 6 миң тоннадан ашыгыраак гана цемент өндүрүшөт.
o Адистердин айтымында, былтыркыга караганда дагы быйыл курулуш аябай жанданган. Өткөн жылдардагы саясый окуяларга байланыштуу көп курулуштар токтоп туруп, баары быйылкыга чогулуп калган болушу мүмкүн.
o Кыштын узак болушунун да кайсы бир деңгээлде бул тартыштыкка тийгизген таасири бар. Анткени, цементтин өндүрүмдүүлүгү жакшы болушу үчүн завод кайсы мезгил болбосун тынымсыз иштеп турушу керек. Ал эми биздеги заводдор кышкысын токтоп калат.
o Иштебей калган учурда заводдун мештери нымдуулукту соруп алып, бети көчүп баштайт. Ушул себептен бул кышта Кант цемент заводунун эки меши иштен чыгып калган. Кант цемент заводунун эки мешинин иштен чыгып калышы цементтин тартыштыгына алып келген.
o Кыргызстанда алты цемент заводу бар болсо, анын үчөөсү гана иштейт.

Монополияга каршы министрлик не дейт?
Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бул сезондо цементтин тартыш болорун алдын ала билип, буга каршы чараларды көрүүгө аракет кылган. Министрликтин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт ­Исаевдин айтымында, сезон баштала электе эле министрлик Кант цемент заводуна өндүрүштүн көлөмүн жылдагыдан көбөйтүү керектигин айтып, анан дагы бузулган мешти тезинен оңдоп, ишке киргизүү керектиги тууралуу атайын кат жиберишкен. Министрлик бул заводго айына 65 миң тоннадан кем эмес цемент чыгаргыла деп тапшырма берген. Бул каттын таасириби же жокпу, соңку кездери Кант цемент заводу күн сайын 3 миң тоннадан цемент чыгара баштады, бирок баалар төмөндөгөн жок.

Алты ишкананын үчөөсү гана иштейт
Кыргызстанда цемент чыгара турган алты ишкананын үчөөсү гана иштеп турат. Алар:
- Кант цемент заводу
- Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Түштүк-Кыргыз цемент заводу
- Араван районунда жайгашкан Түштүк курулуш материалдар комбинаты
Бул ишканалардын баары курулуш сезондору башталганда гана иштешет. Анан дагы жылына канча цемент өндүрүлөрүн коммерциялык сыр кылып, коомчулукка ачык маалымат беришпейт. Бирок азыркы сезон учурундагы экономика министрлигине берген маалыматтарына караганда, Кант цемент заводу күнүнө 3 миң тоннадан цемент чыгарып жатат. Ал эми Кызыл-Кыядагы завод күнүнө 2200-2230 тонна чыгарып атканы тууралуу маалымат берген. Ал эми Араван заводунун кубаттуулугу азыраак, күнүнө 650 тоннадан чыгарууда.

Иштебей турган ишканалар кайсы?
- "Технолин" деген Кантта жайгашкан цемент завод бар, кубаттуулугу - жылына 320 миң тонна. Бүгүнкү күндө бул ишкана мамлекетке болгон карыздарынан кутула албагандыктан иштебей турат. Анан дагы бул жакта ­атайын адистердин жетишпестигин айтып келишет. Завод ээлери жакынкы арада бул көйгөйлөрдү жоюп, ишке киргизүүгө аракет кылып атышканын билдиришкен.
- Күрмөнтү цемент заводу Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булак айылында жайгашкан. 1954-жылы курулуп, ошондон баштап жогорку сорттогу цемент чыгарып келген. Жылына 120 миң тонна цемент чыгара ала турган кубаттуулугу бар. 2006-жылы аталган заводдун 83% акциясын казак компаниясы алган. Учурда бул ишкана завод негиздөөчүлөрүнүн ортосундагы талаш-чатактан улам иштебей турат.
- Ак-Сай цемент заводу Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жайгашкан. Бул завод 2008-жылы эле курулуп башталган, аликүнгө чейин ишке кире элек.

Түштүктөгү эки завод бааны аныктап койгон
Кыргызстандын Түштүк аймагында цементтин тартыштыгы анча байкалбайт. Түндүк менен салыштырмалуу цементтин баасы дагы дурус. Мисалы, Кызыл-Кыя цемент заводу дүңүнөн тоннасын 4900 сомдон, ал эми Араван заводу 4650 сомдон деп аныктап койгон. Элге чекене баада, ашып кетсе 6000 сомдон жетет.

Монополисттин цементи асмандап атат
Республиканын түндүк аймагын цемент менен толук Кант цемент заводу камсыз кылууда. Дал ушул заводдон чыккан цементтин баасы асман чапчып, тоннасы 12 миң сомго чейин чыгып кетип атат. Бул завод монополия субъектиси болуп саналгандыктан, Экономика министрлиги анын ишине түздөн-түз кийлигише алат. Анткени, Кыргызстандын рыногунун 35%дан ашыгын алган субъектиге автоматтык түрдө монополия мыйзамдары иштей баштайт. Ошондуктан, бул заводдун ишине министрлик түз кийлигишип, өндүрүш көлөмүн, баасын аныктап бергенге акысы бар. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги 2010-жылдан бери цементтин тоннасынын баасын 4700 сом болсун деп аныктап берген. Завод ошол баа менен эле сатып атканын айтып карганат. Анда неге баа асман чапчыйт?!


Бакыт Исаев, Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары:
"Экинчи рынокту көзөмөлдөй албайбыз"
- Бул жерде бааны алып сатарлар ортодон жасалма жол менен көтөрүп атат. Завод ээлери ушул белгиленген баа менен эле берип атканын айтышууда. Бизде экинчи рынокту, тагыраак айтканда, 4700 сомдон алып, кайра кымбат сатып аткандарды көзөмөлдөгөн мыйзам жок. Бул жерде эч кимдин күнөөсү жок. Кант цемент заводунун болгон кубаттуулугу - күнүнө 3 миң тонна, ал өзүнө тиешелүү көлөмдү чыгарып атат. Ал эми муктаждык болсо күнүнө 10 миң тонна болуп жатат. Суроо-талаптын көп болуп атканынан эле баа көтөрүлүп атат, эч кандай башка себеби жок. Эгерде алып сатарлар менен завод ээлери сүйлөшүп алып, атайын бааны кымбаттатып атышканы аныкталса, аларды жоопко тартууга болот.
- Кандай чара көрүү керек эми? Өкмөт бааны көзөмөлгө алуу үчүн кандайдыр бир аракет кылып атабы?
- Жакынкы күндөрү цемент өндүрүүчүлөр менен келишимдери бар, цементти дүңүнөн сатып ала турган ишкерлерди жолугуштуруп бааны көтөрбөө туурасында сүйлөшкөнү жатабыз. Эгер бул аракеттен жыйынтык болбосо, анда антимонополдук механизмдердин жардамы менен өндүрүлгөн товарды дүңүнөн сатып ала турган ишкерлер менен цемент керектөөчүлөрүнө бөлүштүрүү жолун кароого мажбур болобуз. Эми цемент өндүрүүчүлөр жума сайын өндүрүшүнүн көлөмү тууралуу маалымат берип турмай болушту. Анан дагы, Бажы кызматы Кыргызстанга цемент импорттоонун жолдорун бир аз жөнөкөйлөтүшү керек деп ойлойм. Ошондо башка жактардан дагы цемент кирип, муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда Түштүктөгү заводдордун Тажикстанга да цемент экспорттогону тууралуу маалыматтар бар. Курулуш сезону учурунда мындайга тыюу салган эрежелер болсо жакшы болмок. Анан эл өзү дагы чарбачылыкты уюштурууну үйрөнүшү керек. Мисалы, мен деле, өзүм экономист болгонум менен, кыш келип, кар түшкөндө гана көмүр издеп баштайм. Албетте, ал убакта көмүрдүн баасы асмандап кеткен болот. Цемент деле ошондой, кышында баасы арзан болуп турганда алдын ала сатып алып коеюн, жайында кымбаттап кетет деп эч ким ойлонбойт. Элибиз чарбачылыкты уюштурууну үйрөнсө, баарыбызга жеңил болмок эле.

Турат МАДЫЛБЕКОВ, ЖК депутаты:
"Өкмөт сүткорлорду тескебейби?"
- Цементтин баасы тез темп менен кескин кымбаттап кетти. Азыр цемент аябай керек болуп турган чагы. Себеби, курулуштар жүрүп атат. Өзүнчө иликтеп көрсөм, цементтин заводдон чыккандагы баасы 4700 сом экен, бул аябай жакшы баа. Бирок бул баа менен карапайым калк барып ала албайт экен. Жөнөкөй эл 8 000-12 000 сомдон алып атат. Ортодогу кызыл кулактар цементти өз баасында сатып алып чыгып, каалаган баасын коюп атат. Өздөрүндө Кант цемент заводу туруп, ысык-аталыктар да кымбат баа менен алып отурат. Башка райондорго жеткенче баага дагы кошулат. Заводдон өз баасында алып чыгып, элге кошуп сатып аткандардын баарынын жогору жакта колдоочулары бар. Заводдун ээлеринде күнөө жок, алар арзан баа менен эле чыгарып атышат. Өкмөт алып сатарларга каршы атайын чараларды көрүп, жергиликтүү бийликтин жардамы менен атайын түйүндөрдү ачып койсо болот да. Өкмөт сүткорлорду тескебейби?


Дилбар АЛИМОВА