Жанар&Жыргал:

"Оюбузга койсо, 30 кишилик той өткөрмөкпүз..."


Бойго жетип, жигит күткүсү келген кыздарга суук кабар: белгилүү бойдоктордун саны 2-июнь күнү бир жигитке кыскарат. "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде иштеп жүргөн Жанар Акаев бул күнү расмий түрдө колуна нике шакегин тагынып, Жыргал аттуу сулууга баш кошкону турат. Ага чейин жетелешип жүргөн кыз-жигитке суроо узаттык.

- Жанар, өткөндө бир гезиттен Бакыт үйүнө ат араба менен бараарыңды окудум эле?
Жанар: - Ал тилегиме жетпей калбадымбы. Прагадан келсем эле дос-туугандын баары "той күнү менден мынча машина" дей баштады. Бирок анын баарын той күнү көчөгө чыгарып мактангым келген жок. Жөн гана бир автобус жалдадык. Үйлөнөр күнү шар илип кооздоп койсок жетет да. Дос-туугандын баары ошонун ичинде болот. Азыр даярдыктар болуп атат тойго. 2-3 күн мурун Жыргалдын айылына барып, кайын журттун алдынан өтүп келдим. Дос-туугандар кошо барган, чоң той болду.
Жыргал: - Жанар экөөбүз дүркүрөтүп той берип чоң чыгым болууну каалаган жокпуз. Тойдо сөзсүз төгүлүп-чачылыш керек деген түшүнүктү четке кагып, аз эле каражат менен өткөрүү идеясын көтөрүп жатабыз.
Жанар: - Бизди жайыбызыга койсо, 30 адамдын курчоосунда эле чакан той өткөрмөкпүз. Марк Цукербергге окшоп. Үйдөгүлөргө айтсам, "Мен мунун тоюна баргам, тигинин тоюна баргам. Эми аларды да чакырышым керек" деп чалкаларынан кетишсе болобу. Салт деген салт экен. Аргасыз макул болдум. Бирок баары бир тоюбуз өзгөчө болот. Ошол күнү ресторанга атайын карылар, жетимдер, майыптар үйүнөн конокторду алып кетип, тойлотолу деп атабыз. Алар дагы көңүл ачып кетишсин.
- Кантип таанышып калган­сыңар?
Жанар: - Баягы эле Цукербергдин Фейсбугунан тааныштык да. Жыргал "Манас" университетинин студенти болчу. Баракчасына жазган билдирүүлөрү аябай жакчу.
Жыргал: - Мага Жанардын кайда барганын, эмне кылганын баракчасына жаза бергени жакчу эмес. Мунун баары кимге кызык деп жиним келчү. Тагдыр экен, азыр жетелешип жүрөбүз.
Жанар: - Бир иш-чарадан бетме-бет көрүшүп таанышып атпайбызбы. Ошондон көп өптөй Жыргал бизге, "Азаттыкка" келип иштей баштады (Ред.: Жыргал Масалбекова кесиби боюнча журналист).
Жыргал: - Көпкө чейин жөн гана кесиптеш катары жүрдүк. Бирок жумуштан кийин ким кайда жүргөнүн телефон аркылуу тактап койчубуз.
Жанар: - Жыргалга чалганымда "үйдөмүн" десе, кадимкидей жаным жай алып, сүйүнүп калчумун.
Жыргал: - Бир күнү Жанар жумушка өңү купкуу болуп келди. Эмне болду десем, "ооруп, мобу дарыларды ичип атам" деп толгон-токой дары көрсөттү. Апам фармацевт болгондуктан, ушунча көп дары ичкен болобу деп сурайын деп телефон чалсам, Жанар колуман телефонду алла калып апам менен өзү сүйлөшүп кирсе болобу. Анан бир маалда эле "мага сиздин кызыңыз жагат" деп айтып таштады.
Жанар: - Мен негизи салтты кармап, кысылып жүрө бергенди жаман көрөм. Жыргалдын астына барганда деле күйөө баладай болуп шым-костюм кийбей, кеда, жынсы кийип, көйнөктүн жеңин түрүп алдым, башымда шляпа. Машинадан түшөрүм менен өзүмдүн эки жеңем ары алып барып, "Сенде костюм-шым деген жокпу, алдагы кебетең эмне?" деп лекция окуп келишти. Үйлөнгөн оңой экен деп жүрүптүрмүн. Жыргалдын үйүнөн аксакалдар бата берип, олуттуу сөздөрдү айтып атканда моюнума чо-оң жүк илингенин сездим.
- Тойдон кийин Прагага чогуу кетесиңер да?
Жанар: - Азыр Жыргалдын визасын жасатып атабыз. Бүтпөй калса, аркаман барат.
- Европага жашаганы кетип атасыңар. Ал жактын үй-бүлөгө тиешелүү кайсы сапаттарын жуктурабыз деп турасыңар?
Жанар: - Батышта "эл эмне дейт" деген түшүнүк жок да. Дагы бир өзгөчөлүгү - көр оокаттын артынан көп куушпайт. Мага ушул өзгөчөлүктөрү жагат. Мен да ата-энеме айттым, "Жакынкы он жылда менден байлык күтпөгүлө. Чачылып, бирок кедей жашайм" деп. Анткени, үй алам деп тытынып жүрүп өмүрдүн өтүп кеткенин билбей калат экенбиз. А менин саякаттагым келет. Жакшы эле акча табам, бирок аны жер көрүүгө коротом.




Ысык-Көл сулуусу
табылды
16 жылдан бери сулууларды издеп жүргөн Бакыт Букаев 72 жолу сулуулар сынагын өткөрүп ийиптир. Анын ичинен үчөө республикалык деңгээлде болсо, эл аралык сынактарга кыздарды эки ирет жөнөткөн. Адатынан жазбай быйыл да Көл жээгинде "Мисс Ысык-Көл туризм - 2012" сынагын өткөрдү. Сынакка облустун ар кайсы жеринен 12 кыз катышты. Сулуулардын ичинен мыктылыгын көрсөтүп, барскоондук Адиа Искендербек кызы "Ысык-Көл периси" аталды. Жеңиши үчүн Адиага 20 миң сом акчалай сыйлык, Чолпон- Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияга эс алууга 2 кишилик жолдомо жана уюштуруучулардын плакат-календарына тартылууга сертификат ыйгарылды. Вице-пери даражасын ЫМУнун студенти Касиет Акунова, ал эми "Айдидар арзуу" наамын түптүк окуучу кыз Кубанычбек кызы Айзада утуп алды.

Айсулуу мекенин сагынды
Айтылуу балерина Айсулуу Токомбаеваны жаш муун жакшы тааныбаган менен, убагында далай бийик­тиктерди багындырган. Учурда ал Түркия мамлекетинде балеттен сабак берет. Кыргызстандан кеткенине быйыл 17 жылдын жүзү болуптур. Кайсы себептер менен белгисиз, айтор, 2 жылдан бери туулган жерине келе элек. Бирок "Азаттыкка" берген маегинде Кыргызстанды сагынганын, жашы өткөн сайын киндик каны тамган жерге тартылуусу күчөгөнүн билдирген. Эмнеси болсо да, алыста жүргөн сыймыгыбыз аман болсун дейли.


Каныбек Дарыялуу, Бекчоро Мадиналуу болду
Кыргыздын сыймыктуу жигиттери ата болуп, наристе жытын искеп отурган кездери. Бильярд чебери Каныбек Сагынбаевге 11-май күнү келинчеги кыз төрөп берип, атын Дарыя коюшту. Ал эми ырчы Бекчоронун аталык тажрыйбасы Каныбектикине караганда көбүрөөк эмеспи. Биринчи кызы Ясмина 2 жашка толгондо Мадина аттуу экинчи кыздуу болду. "Кыз атага күйүмдүү болот" деп бекеринен айтылган эмес, белгилүү атасына жөлөк-таяк болуп аман чоңойсун наристелер!


Назима ЖУМАЕВА