Чынчыл, таза подполковник башына ок тийип жан берди
ИИМ кокустук дейт, анда неге эртеси дагы бир криминалист каза тапты?

16- майда, эксперт-криминалист, подполковник Надыр Абдырахманов ИИМ имаратындагы иш ордунда отуруп атылган октон каза тапкан. Ошол замат интернетке "ИИМ полковниги атынып өлдү, өзүн-өзү атыптыр" деген маалыматтар чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин анын өлүмү боюнча айтылган ар кыл маалыматтын аягы тыйыла элек. "Үй-бүлөлүк себептерден" деген да божомолдор айтылгандыктан, маркумдун кичи мекени Ат-Башы айылына барып, ата-энеси, жубайы, балдарына жолугуп кайттык. Подполковниктин жакындары дагы кокустан атынып алганына ишенбейт. "Киши колдуу болгонбу" деп шектенишүүдө. "Уккан кулакта жазык жок" дейт, Надыр Абдрахмановдун алдында пенсияга чыккан Талант Исмаилов деген эксперттин эртеси эле автокырсыктан көз жумганы да подполковниктин өлүмүнө байланыштуу божомолдордун күчөшүнө себеп болуп, "Надыр эмне болуп өлгөнүн ал киши билген, ошон үчүн анын көзүн тазалап коюшту" деген сөздөр жүрүүдө.


Жумадил Абдырахманов, маркумдун атасы:
"Чоңдор каргашалуу окуянын аягына чейин чыгышсын, уулум киши колдуу эле болду го.."
- Уулум Надыр каза болор замат журналисттер "Жеке жашоосуна байланыштуу өзүн-өзү атып алды" жана башка толгон-токой туура эмес маалыматтарды жазышты. Анан суук кабарды уккан ата-эне, жакындары эмне болот дешпейби, бизге угузушканча эле радио-теледен берип жиберишиптир. Байбичем экөөбүз кирди-чыкты тиричиликтен гана укпай-көрбөй калыптырбыз. Уккан жерден жыгылып калмак экенбиз. Жеке жашоосуна байланыштуу деп айтып ийишти. Менин балам үй-бүлөсү менен эч кандай чатакташкан эмес. Чатакташмак түгүл, келинчегине, балдарына катуу сүйлөгөн бала эмес болчу. Мына келиндин көзү турат, өзү деле айтсын. 12-июнда 43 жашка чыкмак. Ага жетпей калбадыбы… Балабыз Политехникалык институттун машина куруу бөлүмүн бүткөн. Бирок өз кесиби менен кеткен жок. Мамлекеттик органга иштеп кетти. Ишине так болчу. Кызматын кастарлагандыктан кызматтан кызматка көтөрүлүп, бир топ Ардак грамота, төш белгилер менен сыйланды да. Алган сыйлыктарын деле биз жакында билдик. Бизге айтчу эмес. Балабыз кызмат кылам деп жүрүп өтүп кетти. Же үйгө, же машинага кызыкпаптыр, байлык топтогонго умтулбаптыр. Чиедей үч баласы менен ар кайсы жерде көчүп-конуп, квартиралап жүрдү. Артында калган балдарына жетекчилери колдон келген жардамын көрсөтөөр. Баламды акыркы сапарга узатып жатканда жетекчиси Канат Иманалиевге да айттым эле, ал министр Зарылбек Рысалиевге айтса керек. Мен аларга ишенем. Баламдын өлүмүн ак, так чечип берет деп ойлойм. Чоңдор каргашалуу окуянын аягына чейин барып, ачыгына чыгышсын. "Кулак укса курсак кайнайт" дегендей, "киши колдуу эле болду го" деп ойлоп жатабыз.


Толкун мамбеталы кызы, жубайы:

"Үч баласын таштап, бизди сыздатып жанын кыймак эмес"


- КТРден ИИМдин ички коопсуздук кызматынын башчысы Айтмамат Рахманов жылмайып: "үй-бүлөлүк жашоосуна байланыштуу атынып алуусу мүмкүн" деп айтты. Рахманов биздин үй-бүлөнү жакындан билет бекен? Рахмановдун ушул сөзү азыркыга чейин орусча да, кыргызча да сайттарда турат. Мындай маалыматты массага жайганы үчүн бизге жооп берсин. Ал биздин кайгыбызга кайгы кошту. Үй-бүлөлүк укугубузду тебеледи. Айрым журналисттер "Кээ бир кесиптештеринин айтымына таянсак, кийинки күнү ал түнт болуп кетиптир" деп жазышты. Ал кесиптешинин аты-жөнү менен жазсын да анда. Биз дагы билели ал кесиптешин. Бизди канчалык жакындан билээрин сурайлы.
Мен эрке келин болдум. Балдарын аябай жакшы көрчү. Балдарын эч нерседен кем кылган жок. Атасына эркелеп, каалаганын кийип, каалаганын ичип-жеп жүрүштү. Үч баласын таштап, бизди сыздатып жанын кыймак эмес. Улуу балабыз Шабдан 16да, кызыбыз Айшоола 14тө, кичүү балабыз үч жарым гана жашта. Темирланды жайына ала барышып, "Сенин атаң ушул жерде жатат" деп коюшкан экен, ал жактан келгенден бери суроосу түгөнбөй жатат. "Апа, атам эмне өлүп калдыбы?", "Атам эмне топурактын алдында жашайбы?", "Эмне сен ыйлап жатасың?", "Эмне чо-оң жоолук салынып алгансың?", "Эмнеге кө-өп эл келип, сени ыйлатып жатат?" дей берет. "Элес-булас эсимде" деп атасын балам өмүр бою сурайт эми менден.

"Чогуу иштеген криминалист эртеси каза болуп атпайбы…"


- Кечиресиздер, "эки жолу чекеге атылган" деген да маалымат бар, коштошкондо байкай алдыңыздарбы?
Жумадил Абдырахманов: - Жок, такыр андай эмес. Бир эле атылган октун изи турат чекесинде. Эки жолу атылса, башынан тамтык калбай калбайбы.
Батма Мамыралиева: - Чекесиндеги чачынын алдында үч тигиш турат, калганы бүтүн. Болгону көзүнүн алды бир аз шишип калыптыр. Ок тийип жатса шишийт да. Чачтары болсо капкара. Мага балам уктап жаткандай эле сезилди. Туруп кетчүдөй туялду. Ошол элеси өмүр бою көз алдымда калды…
Өмүрбек Жумабаев, досу: - Надыр менен чогуу иштеген криминалист Канат Исмаилов эртеси каза болуп жатпайбы. Машина уруп кетиптир. Надырдын өлүмү тууралуу ал билсе керек деген күмөн ой кетет экен. Аны биз эле эмес, элдин баары эле айтып жатат.


Батма Мамыралиева, апасы:

"Машина алып бере алган жокмун. Кечириңиз, ата" деген эле кагылайыным"


- Менин баламды "кийинки күндөрү түнт болуп калган" деп жатышпайбы. Ал туура эмес. Балам башынан эле токтоо, көп сүйлөбөгөн, аз сүйлөсө да саз сүйлөгөн бала эле. Боорукер болчу. Балдарымдын улуусу эле. Беш бөбөгүнүн кирин жууп, тамагын жасап, мага жардамдашчу. Мени аячу. Мен жумуштан келгенче нан, тамак бышырып коер эле. Өтө элпек болчу. Бир ишти айтсаң, ошол замат майын чыгара жасай салчу. Жароокер жан эле. Жубайымдын грыжасы бар деп Толкунду аячу. Ата-энесине, бир туугандарына карамдуу болчу. Ушундай сонун үй-бүлөсүнөн кантип кетет? Ушу кантип, кантип деген суроого мен жооп таппай келем. Балам мындан 42 жыл мурун жарык дүйнөгө келип кубантса, жаш кетип сыздатып кетти. Эне катары эч нерсеге ишенбей келем. Каза болордон бир аз күн мурун паспортун алганы келиптир. Паспорту менен кошо атасынын 70 жылдык юбилейин куттуктап кеткен. Ошондо: "Ата, бизди кичинебизден "адал жүрүп, ак иште" деп жакшы тарбияладыңыз. Биз ошол сөзүңүз менен түз жүрүп, таза иштеп, жашап келебиз. Сизге ыраазыбыз. Жумуш деп жүрүп сизди материалдык жактан камсыздай алган жокмун. Машина алып бере алган жокмун. Кечириңиз, ата" деген эле кагылайыным. Көрсө, ошол сөзү акыркы сөзү турбайбы. Ким ойлоптур ушундай болуп кетет деп. Мен "Балам, кайда жүрсөңөр да аман болгула. Бизге темирдин кереги жок, силердин амандыгыңар керек" деген элем. ­Баламдын аман жүргөнү бизге чоң бакыт эмес беле…


Канат ИМАНАЛИЕВ, ИИМдин эксперттик-криминалистика борборунун жетекчиси:

"Исмаиловдун өлүмүн Надырга байланыштырып жаткандары туура эмес"


- Канат мырза, Надыр Абдырахмановдун өлүмү боюнча ар кандай маалымат кетти. Кесиптешиңер Айтмамат Рахманов дагы "үй-бүлөлүк ­проблемадан улам" дегендей сөз айтыптыр. Үй-бүлөлүк проблемасынан улам өзүн-өзү атып салганына сиз ишенесизби? Кээ бир кесиптештериңер "ал түнт болгон" деп айтышкан имиш. Жетекчи катары кандай мүнөздөмө бере аласыз?
- Надыр каза болгон күнү ММКга Айтмамат Рахманов маалымат берип жатты. 5-каналдан "кокустук" дегенин гана уктум. Үй-бүлөлүк проблемасы жөнүндө сөз болгон эмес. Бул окуя боюнча тергөө, иликтөө жүргүзүлүп жатат, бүтө электе эле ар кандай сөздөр кетип жатат. Мага жөнөкөй жарандар чалып, "чекесине эки жолу ок атылды беле?" деп сурашты, интернеттен окуганын айтышты. Сайттарда чын эле ушундай жазылып жүрөт. Андан башка имиш-божомолдор толтура.
Бул эми кокустук. Надыр каза болгон күнү, 16-майда, мен кабинетимде болчумун. Орун басарым менен сүйлөшүп олтурганда пистолеттин үнү угулду. Экспертиза кылган кабинет акыркы кабинет, ал жактан пистолеттин үнү араң угулат. Бул ок даана угулду. Бирок жаман ой кеткен жок. Текшерип жатканда басылып кеткен окшойт деп шашылыш балдарга телефон чалып баштасам, "ЧП болду" деп орун басарым чуркап кирди. Барсак, Надыр иш бөлмөсүндө стулда отурган боюнча столго чекеси менен тийиптир. Пульсун текшерсем жан жок. Ага карабай "тез жардам, опер группаны чакыргыла" дедим. Ал учурда министр Грузияда командировкада болчу. Кураторубуз Мелис Турганбаевге билдирдик. Акырында бизди күнөөлөп койбосун деп мен дароо эле прокуратурага: "Бул иш боюнча экспертиза бизден болбосун, Минюсттун экспертизасына тапшыргыла" дегем. Учурда экспертиза жүргүзүлүп жатат. "Өзүн-өзү атты" дегенге биз да ишенбейбиз. Өлөм деген адам пистолетти оозуна такап атат. Надырды мен 93-жылдан бери жакшы билем. Дос катары иштешип жүрдүк. Үй-бүлөлүк катташ бар. Жакшы жигит болчу. Элге эч жамандыгы жок эле. Улуу-кичүү менен айтышканын көргөн жокмун. Надырдын мүнөзү түнт эмес, жоош болчу. Көп сүйлөбөгөн, көп ачыла бербеген, бир калыпта жүргөн жигит эле.
- Экспертиза эмнеге созулуп жатат? Анын бүтүмү качан чыгат?
- Мыйзам боюнча текшерүү, иликтөө мөөнөтү - бир ай. Надырдын экспертизасынын мөөнөтү андан ашып кетиши мүмкүн. Анткени бул "судмедэкспертизалык гистология". Гистологияда адамдар узун кезекке турушат. Кезек келгенче убакыт созулуп кетиши ыктымал.
- Надыр Абдырахманов пенсияга чыккан Талант Исмаилов аттуу криминалист-эксперттин ордуна которулуп келди беле? Анан ошол пенсияга кеткен эксперттин эртеси эле автокырсыктан көз жумганы айтылууда. Бул окуя Надыр Абдырахмановдун өлүмүнө байланыштуу божомолдордун күчөшүнө себеп болуп жатыптыр. Маселен, "Надыр эмне болуп өлгөнүн ал киши билген, ошон үчүн анын көзүн тазалап коюшту" деген сөздөр жүрүүдө. Бул боюнча да так маалымат берип койсоңуздар.
- Мындай маалымат да интернетке кетиптир, ошондон улам чыкса керек. Талант Исмаилов 1963-жылкы болчу, ал дагы ат-башылык, айылын билбейт экем. Милицияга 1993-жылы келген. Чогуу иштешкенбиз. 1999-жылы ага эксперт болуп Нарынга кетип, 2006-жылы бизге которулду. 2007-жылы майда мен бул жакка начальник болуп келгенде, ал менин ордума Чүйгө начальник болуп барган. Ал жерден балдарга үйрөтсүн деп орто мектепке которгонбуз, ошол жерден пенсияга чыкты. Акыркы жолу Талантты мен Надырдын сөөгүн айылга алып кетээрдин алдында көрдүм, тагырагы кечки саат жетиде моргдон жолуктурдум. "Талант, биз менен айылга чогуу баралы, жүр" десем, "Бул жерден эле узатып коеюн деп келдим, жумушка орношконума бир ай гана болду, сурангандан уялып жатам" деп бизди узатып калган. Биз таңкы саат төрттө Ат-Башыга жеттик. Анан саат ондордо Талантты Кызыл-Аскерден машина коюп кетип, 15 метрге чейин сүйрөп кеткенин уктум. Экөө удаалаш, бирок эки башка жагдайда көз жуумп отурат. Кырсык болду. Бири-бирине байланыштырып жатышканы туура эмес.
- Маркумдун сөөгүн жеткирип барганда "материалдык жардам беребиз" депсиз. Акчалай жардамбы же үй бересиздерби?
- Сөөктү алып бараардын алдында биз материалдык жардам катары 90 миң сом чогултканбыз. Ал сумманы Надырдын атасынын колуна бердик. Иш үстүндө иштеп жатып каза болгон кызматкерлерге компенсация сөзсүз төлөнөт. Мыйзам боюнча кичинекей баласы 18ге чыкканча компенсация төлөнөт. Надырды жерге берип келгенден кийин доклад жазып министрге киргиздим. Компенсация жана жок дегенде бир бөлмөлүү үй берилсе деп жаздым. Ал жагын мен чечпейм. Бирок оңго чечилээрине ишенем.

Назира СААЛИЕВА, Бишкек -
Ат-Башы-Бишкек.