Саясий анекдоттор


"Кризис" акенин саякаты
"Кризис" Американы талкалап, андан учуп чыгып Европаны талкалап, андан чыгып Россияны талкалап, жолдон казактардын эсин оодарып, анан Кыргызстанга учуп келе жатып, асмандан карап туруп: "Апеей, менден мурда бирөө келип кеткен го" - дейт имиш.


Чык татырбас Чыныбай
ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков тердеп-кургап бир күнү банкка чуркап келип, өз эсебиндеги акчанын баарын чыгарып кетиптир.
Туура 3 сааттан кийин күшүлдөп кирип келип, акчаны чыпчыргасын коротпой кайра өткөрүптүр.
- Чыныбай мырза, сиз бир да сомду короткон эмессиз го?! - деп таң калып карап калат банк кызматкери.
- Мен жөн эле, силерге сактаган акчам толук бекенби, текшерейин деп алып кеткем. Баары жайында экен, бүт эсептеп чыктым, айла­найын! - деген экен бышылдап.

Бобик шайтанды да алдайт го
Шайтан астынан чыгып, Бобикти коркута баштайт. Сен кыйын, мен кыйын болуп калышат. Шайтан айтат:
- Мен жер каймактаганда 7 жашта болчумун.
Бобик алайган көздөрүн жашылдантат дагы шайтанды кучактап ыйлаптыр:
- Ой секетим менин, мен ошол жер каймактаганда 7 жашар баламды жоготкон элем, ошол сен экенсиң да…

Куловдун "передачалары"
Журналистка спрашивает на пресс-конфе­ренции у Кулова:
- Феликс Шаршенбаевич, скажите, какие Вы любите передачи?
Кулов:
- Ну-у-у-у... сигареты, чай...

Санчо менен
Дон Кихот
Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов, качан көрбөйлү, эгиз козудай ээрчишип жүрөт. Айтылуу Сервантестин каармандары Дон Кихот менен Санчону элестетип. Айрыкча, Өмүрбек мырза Дон Кихоттун эле өзү. Бою куркуюп узун, анан оюна келгенин айтам деп көптөргө жаман көрүнөт. Равшан мырза болсо, Өмүкени астыга түртүп коюп, өзү күлүп-жайнап ээрчип алат. Узун-кыска бул эки депутат "Ата Мекен" партиясынын катарынан да чогуу чыгышты. Көпкө чейин түрткүнчүк болушуп, "кантиш керек, эмне кылсак" деп баш оорутушту эле. Жакында эле, өз арбайыбызды өзүбүз соголу деп, жаңы партия түзүштү.

Саясий анекдот
Өмүке менен Равшан узакка командировкага кетип, бирин-бири көпкө көрбөй калат. Бишкекке келгенде "Карамболь" деген кафеден "жолугууну" белгилеп, өкүртө ичишет. Бир маалда Өмүрбек Равшанды бүшүркөй карап: "Мен сени бир жерден көргөндөй болуп атам" - дейт имиш ыткытып.


Ээрчишкен "ар-намысчылар"

Депутат болгону "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары Абдрахман Маматалиев менен Анвар Артыков ысык досторго айланышты. Качан көрбө, Ак үйдүн коргонунун ичинде ары-бери басып, жайбаракат сейилдеп жүрүшөт. Гезит сатып алса да, чай ичсе да чогуу. Бири-бирисиз тамактарынан аш өтпөйбү деп кетесиң кээде. Бирөөгө чабуул кылганда бир муштумга бириге калганын айт! Өткөндө фракция жыйынынан Акыйкатчы Турсунбек Акунду экөөлөп омуроолошту. Абдрахман мырза тай-цзиге барат экен. Анысын досуна мактай берип, акыркы кезде Анвар мырза да катуу ниеттенип калыптыр.
Саясий анекдот
Ич кийим саткан дүкөндө:
- Бул бюстгаль­териң канча турат? - дейт Анвар Артыков.
- Беш жүз сом,- деп жооп берет сатуучу.
- Койчу, ичи бош турбайбы, ошо кантип беш жүз болсун?..

"Ата Журттагы" үчилтик
ЖК депутаттары Роман Шин, Бахадыр Сулайманов жана Хажимурат Коркмазовду дайыма чогуу көрөбүз. Арабага чегилген аттардай болуп үчөө дайыма чогуу. Сөздөрү деги түгөнсөчү! Чай үстүндөгү сөз аздык кылат көрүнөт, жыйында олтуруп алып деле шыбыраша беришет. Сессия­да бүтпөй калган сөздөрү кабинетте уланат. Бирок ишке келгенде үчөө тең момун. Талаш учурда ойлорун айтпай, талкан сугунуп олтурушат го чиркин. "Силер бизге тийбегиле, биз силерге тийбейбиз" деген принцип менен. Анан аргасыз, бул үчөөнө мандат бизнес үчүн эле керекпи деп ойлойсуң. Ушуларга корогон бюджеттин кайран акчалары. Андан көрө балдар үйүнө жумшалсачы.

Саясий анекдот
Бахадыр Сулайманов балык кармоо учурунда Хажимурат Коркмазовдон сурайт:
- Сиз чоң сөөлжандарды кайдан казып аласыз?
- Эч кимге айтпа, сырымды сага ачайын: кадимки батарейканы алып, эки зымды жерге тыгасың. Сөөлжандар өздөрү байкелеп чыгат, чогултуп жетишалбайсың.
Бир жумадан кийин Бахадырдын бети-башы таңылып, гипстелип балыкка келет.
- Сага эмне болду? - дейт Хаджимурат кытмыр карап.
- Сиз айткандай батарейка таппадым, бирок зымды жогорку вольттогу линиядан алып жерге тыктым. Чын эле сөөлжандар чыга баштады, артынан кроттор, алардан кийин шахтерлер сөгүнүп чыга башташты... Анан ортого алып тепкилешти…

(Бул анекдоттор интернеттен жана Фейсбуктан алынды)