"Мегаком" тагдыры:


"Мегаком" маркасы менен белгилүү болгон "Альфа Телеком" уюлдук компаниясынын улутташтырылган 49% акциясын өкмөт май ичи сатыкка койгону турат. Акциянын старттык баасы компаниянын бир жылдык кирешесине, тагыраак айтканда, 109 млн. долларга гана бааланууда. "Бүгүн сатпасак болбойт, эртең баасы түшүп кетет" деп жанталашкандардын көздөгөнү эмне? "Мегакомдон" миллиондор уурдалган делген кылмыш иштердин максаты - аны банкрот кылып арзан сатуу. Ушул пикир учурда коомчулукта катуу талкууланууда. Айтор, кирешелүү бул компанияга байланыштуу чыр-чатактар көбөйүп, улам бир саясатчынын, чиновниктин аты аталып жатат. Мисалы, "Машкевичке алып бергенге Акматбек Келдибеков чуркап жүрөт", "арзан сатылышына Өмүрбек Бабанов кызыкдар", "Акылбек Жапаров баш болгон чиновниктердин да колу булганган" ж.б. ушул сыяктуу имиштердин артында чындык жатышы мүмкүн. "Альфа Телекомдун" айланасында не оюндар жүрүп атат? Биз "Мегакомдун" 1999-жылы алгач түптөлгөн күнүнөн берки тагдырын иликтедик, ошондой эле бүгүнкү кырдаал тууралуу айрым пикирлерге кулак төшөйлү.


"Мегакомдун" басып өткөн жолу, колдон-колго өткөнү


1999-жылы 9-апрелде
У. Байызбеков деген жаран "БиМоКом ЛТД" ЖЧКсын ачып, уюлдук байланышка лицензия алган.

2003-жылы 23-декабрда У. ­Байызбековдон акциялардын 70%ын Б.Бийбосунов, 30%ын Ankroft Limited компаниясынын атынан А.Саркишев деген сатып алат. (Бул экөөнүн тең артында Айдар Акаев турган. А.Саркишев деген Майрам Акаеванын сиңдисинин күйөөсү).


2005-жылы март окуяларынан кийин 23-майда Бийбосунов дагы, Саркишев дагы "БиМоКом ЛТД" ЖЧКсындагы акцияларын Penwell business Limited оффшордук компаниясына берип, акчаларын сыртка чыгарып кетишет. (Бийбосунов менен Саркишевге оффшордук аймактагы компанияга акчасын катканы үчүн кылмыш иши козголот).


2005-жылдын 18-июлунда, Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин уюлдук байланышка лицензия алуу үчүн Penwell business Limited компаниясы "БиМоКом ЛТДнын" акцияларынын 49%ын Максим Бакиевдин жакын адамы Алексей Кимге берүүгө мажбур болот. Бул үлүш гонконгдук оффшордук компания Forntek Enterprises Limitedке жазылат.


Ошентип Penwell business Limited (Айдардын компаниясы) - 51% акцияга, Forntek Enterprises Limited (Максимдин компаниясы) 49% акцияга ээ болот.


Бирок Максим Бакиевдин Forntek Enterprises Limited компаниясы 49% акцияга ыраазы болбой, калган 51%га да көз арта баштайт. Penwell business Limited компаниясын сотко берип, 51% акцияны дагы тартып алып коет. Ошентип 100% акция Максимдики болуп калат.


100%
акцияга ээ болгон Максим махинация менен бир жуманын ичинде эле атайын түзүлгөн компанияларга биринен бирине саттырат.

Андан соң акциялардын 0,01%ын Х.Мянху деген жаран алат. 99,99%ы Forntek Enterprises Limited компаниясында эле калып атат. (Бул операция жасалма түрдө гана жүргүзүлөт, иш жүзүндө Максим кожоюн бойдон кала берет).


2008-жылы 24-июнда Х.Мянху дагы, Forntek Enterprises Limited дагы акцияларын "Алькантра Трейдинг" ЖЧКсына сатат.


Алты күндөн кийин эле, 30-июнь күнү "Алькантра Трейдинг" "БиМоКомдун" 100% акциясын "Эрмен-Тоо ресурсы" ААКсына сатат. (Акматбек Келдибеков ЖК төрагасы болуп турганда сотко телефон чалып, ушул компаниянын кызыкчылыгына чечип бер деп суранганы тууралуу маалыматтар чыккан).


Андан соң "БиМоКомдун" активдери үч жасалма юридикалык тараптарга сатылат. Ал компаниялар кайра эле биригип, "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун түзүшөт. Акциялардын 100% ээси Максим Бакиевдин жакын адамы А.Елисеев болуп калат.


Апрель революциясынан кийин келген бийлик, "Мегаком" уюлдук операторунун айланасында болгон махинациялык иштер боюнча кылмыш ишин козгоп, компаниянын бүт мүлкүн камакка алган. Компания ээлери Максимге тийиштүү деп 49% акцияны өз каалоосу менен мамлекетке өткөрүп берген, ал акциялар улутташтырылган. Ал эми 51% акцияны кылмыш иши аягына чыгып, соттон алар өздөрүнүн мүлкү экенин далилдей алса гана ала алышат, болбосо бул дагы конфискацияланат деген аракеттер болгон. Бул учурда Убактылуу өкмөт тарабынан сырттан башкаруучу катары дайындалат.


Кылмыш иши ачылган учурда жарандык иш каралбашы керек, бул мыйзамсыз болуп саналат. Буга карабай, жогоруда айтылган жасалма түзүлгөн компаниялар калп эле бири-бири менен соттошумуш болуп келишти. 2010-жылы 9-сентябрда Бишкек райондор аралык соту Penwell business Limited компаниясынын арызын карап, 2008-жылы жүргүзүлгөн операциялардын баарын жокко чыгарган. Ал эми кылмыш иши ушул убакка чейин токтоп турат. Бийликтегилердин, Жогорку Кеңеш депутаттарынын кийлигишүүсү менен Биринчи май райондук сотунда аталган кылмыш иши "былк" этпей жатат.


Көп өтпөй УКМКнын Коррупция­га каршы кызматы тарабынан уюлдук компания "Альфа Телеком" текшерүүгө алынып, коррупциялык схемалар табылган. Мунун айынан мамлекетке 142 млн. 95 миң сом зыян келтирилгени маалымдалган эле. Буга байланыштуу компаниянын жетекчиси Азамат Мурзалиевге, анын кеңешчиси Алмазбек Абековго кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Жакында эле УКМК бул иш боюнча дагы бир чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын, аты аталган жарандар аркылуу оффшордук аймакта катталган компанияга 6 млн. доллар чыгарылып кеткенин ачыктап чыкты.


Камакта жаткан Алмаз Абеков менен Азамат Мурзалиев - азыркы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун жакын кишилери. Кечээ Абеков түрмөдө ачкачылык акциясын баштады. Адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, Абековдун дарегине "Мурзалиевге каршы көрсөтмө бересиң, болбосо жубайыңды дагы камап салабыз" деген коркутуулар түшүп жатыптыр. Абеков ага чейин президент Атамбаевге кайрылуу жолдоп, "Мегакомду" неге арзан сатканга ашыгып атасыңар?" деген суроо койгон.


а) Бул учурда "БиМоКом" ЖЧКсынын төрагасынын орун басары болуп Е.Гуревич турган. Ал аталган компаниянын активдерин биротоло чыгарып кетүү максатында 2009-жылдын 3-июнунда финансылык директору И.Макишовго "Ысык-Көл Инвест Банк" менен формалдуу инвестициялык келишим түзүүнү тапшырма берет. Ал келишимге ылайык, "БиМоКом ЛТД" жабдыктарды сатып алуу үчүн "Ысык-Көл Инвест Банктан" 80 млн. доллар алат.

б) Жогорудагы келишимге ылайык, "Ысык-Көл Инвест Банк" аталган сумманы "БиМоКомдун" эсебине которот.


в) 5-июнь күнү "Ысык-Көл Инвест Банк" берилген акчаларды кандайча сарптаганы тууралуу отчет сурап, жооп ала албайт.


г) Ошентип "Ысык-Көл Инвест Банк" түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, берген акчасын кайтарып алуу үчүн Бишкек райондор аралык сотуна кайрылат. Сот арызды канааттандырат. "БиМоКом" бул карызын төлөй албай турганын билдиргендиктен, сот алардын активдерин тартып алуу тууралуу чечим кабыл алып берет.