Айрым чиновниктер миллиондогон долларларды кымырып кеткен компаниянын кызыкчылыгын коргошууда
КР Президенти А.Ш.Атамбаевге "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасынын атынан

Ачык кат



Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Биз сизге ачык кат менен кайрылууга мажбур болуп отурабыз. Себеби, сизге "Ак-Кеме" мейманканасынын айланасында болуп аткан кырдаал боюнча туура эмес, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берип, башыңызды айландырып жатышат. Сизге "Кыргыз Республикасы "Систем Мюхендислик Иншаат Сенаий ве Тижарет А.Ш" деген жеке компанияга карыз" деп жалган маалымат беришүүдө. Керек болсо, бул "Систем …" фирмасы өзү мамлекетке ири материалдык чыгым келтирген.
Кыргыз Республикасынын мурунку бийлиги жана башка бир топ жогорку кызматтагылардын кийлигишүүсү менен "Ак-Кеме" мейманканасы "Систем…" жеке фирмасына арзыбаган баага сатылып кеткен. Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтү Түрк кредитин катардагы карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөп, мамлекет менен коомчулукка бир нече миллиондогон зыяндарды келтирген. Бул мыйзамсыз башаламандыкка экс-президент А.А.Акаев, экс-вице-премьер-министр Б.И.Силаев, КРнын экс-каржы министрлери С.О.Медеров жана Т.А.Акматалиев, Маммүлк фондунан "Ак-Кеме" ЖАКсына атайын администратор болуп ­дайындалган М.Кеңешов аралашкан.
Өзүңүз алдыңкы катарында турган 2005-жылдагы март революциясынан кийин "Ак-Кеме" мыйзамдуу кожоюндарына кайтарылган эле. Жогоруда айтылган маалыматтар боюнча бир нече документтерди келтиребиз:
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын "Мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгына каршы, мамлекетке бир нече ондогон миллион доллар зыян келтирген келишим тууралуу" 2002-жылдын 7-октябрындагы №874-11 токтому; 2001-жылдын 16-майындагы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын парламенттик угуусу "Систем…" фирмасы "Ак-Кеме" мейманканасындагы курулуш үчүн Түркиялык Экспорттук насыя банкынын берген 8.700.000 доллар кредитинен 5.092.500 долларды өзүнө кымырып алганын аныктаган. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 27.06.2005-жылдагы чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 02.11.2005-жылдагы токтому. (Бул документтердин көчүрмөлөрү тиркелет).
Андан сырткары, 1999-2005-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын бийлигинин башында турган экс-премьер-министр Н.Т.Танаев, экс-финансы министринин орун басары Э.Төрөмырзаев, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри А.С.Кулбаев сыяктуу мурунку жетекчилер "Систем…" компаниясынын жетекчилигинин бир топ оор кылмыш иштерди жасашына көмөк көрсөтүшкөн. Мындай кылмыштуу иштердин жыйынтыгында жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз түрдө 339 368 199 сом акчаны чыгарып кетишкен. Ал гана эмес, жогоруда аты аталган бийликтеги адамдардын катышы менен "Систем…" компаниясы тарабынан "Ак-Кеме" мейманканасынын баасы жасалма жол менен 12 миллиондон 24 миллион долларга чейин көтөрүлгөн. (Документтердин көчүрмөсү тиркелет).
Кыргыз Республикасында коммерциялык иш жүргүзгөн бул жеке компания мамлекетке милдеттүү түрдө төлөнө турган 49 669 508 сомдон ашык салык жана коопсуздук төлөмдөрүн төлөбөй койгон. Буга Бишкек шаардык прокуратурасы 05.08.2005-жылы "Систем…" фирмасынын жетекчилигине КРнын Кылмыш кодексинин 169-беренесинин 1-бөлүгүнө (Ири суммадагы акча уурдоо), 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш ишин козгоп, 2006-жылдын 19-майында айыбы угузулганы далил болот. Бул кылмыш ишинин алкагында 2005-жылдан бүгүнкү күнгө чейин компаниянын жетекчилигине Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Кыргыз ­Республикасынын Эсеп палатасынын 6.01.2006-жылдагы чечими, "Инаудит" компаниясынын аудитордук текшерүүсү боюнча 12.09.2005-жылдагы акт жана башка аталган документтер тиркелет.
Чет элдик бизнесмендердин кылмыштуу иштери айкын болуп турганына карабастан, Кыргыз ­Республикасынын айрым бийликтеги адамдары (Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков жана башкалар) "Систем…" фирмасынын кызыкчылыгын ачык эле коргоону улантып келишүүдө. Муну менен сизге дагы "Ак-Кеме" тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды берип, башыңызды айлантып жатат. Бизге болсо ­"Систем…" компаниясынын кызыкчылыгын коргоону президент өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган деп кыйытышууда.
"Систем…" компаниясынын "Ак-Кеме" мейманканасын курууга берилген кредиттик каражатты жеп коюшканына карабай, алардын карызын бүгүнкү күнгө чейин "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасы төлөп келет. 2005-жылдан баштап "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасы Финансы министрлигине 2 600 000 доллардан ашык акча, ал эми ага чейинки төлөмдөрдү кошкондо 3 000 000 доллардан ашык которду. Андан сырткары, мейманкана мамлекеттин бюджетине салык катары 192 млн. сом төлөгөн.
Жогорку Кеңештин комитети 30.06.2011-жылкы №15218 чечими менен Финансы министрлиги менен "Ак-Кеме отель" КМБИсине "Систем…" компаниясы тарабынан уурдалган 5 092 900 доллар өлчөмүндөгү кредиттик каражатты кошуп, карызын кайрадан эсептеп чыгуу тапшырмасын берген. Бирок, мурункудай Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 7-октябрындагы №874-11 токтому, КРнын Биринчи вице-премьер-министри А.М.Муралиевдин 04.09.2010-жылдагы буйругу сыяктуу эле Жогорку Кеңештин комитетинин 2011-жылдын 30-июнундагы чечимин тоготпой коюшту. (Документтердин көчүрмөлөрү тиркелет). "Систем…" компаниясынын кылмыштуу иштерине көмөктөшкөн айрым аткаминерлер эми жоопкерчиликтен качып, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын көздөп жатышат. Алар кайрадан ар кандай тоскоолдуктарды кылып, ар түрдүү шылтоолор менен чечимдерди аткарбай келишүүдө.
Азыркы учурда жогоруда айтылган фактылар боюнча КРнын ИИМ алдындагы тергөө башкармалыгы тарабынан республиканын жана Финансы министрлигинин айрым мурунку жетекчилерине кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
"Систем…" компаниясынын Кыргыз Өкмөтүнө каршы берген доо арызы боюнча жүрүп аткан Эл аралык арбитраждык соттогу (МЦУИС) иштерге кеткен чыгымдарды "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасы өз каалоосу менен бүт мойнуна алганын белгилей кетүү зарыл. Ал эми "Систем…" компаниясы менен болгон талашта өкмөттүн кызыкчылыгын коргоп бир дагы мамлекеттик жетекчи чыккан жок. Мисалы, "Систем…" компаниясынын МЦИУСтун чечиминин негизинде акча талап кылып атканына каршы алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп аткан учурда коррупциялык иштерге малынганы тууралуу фактылар келтирилген эмес, МЦУИСтин чыгарган чечимине толугу менен каршы келген, эчак эле мыйзамдуу күчүнө кирген улуттук жана эл аралык арбитраждык соттун чечимдери көрсөтүлгөн жок.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту тарабынан (Третейский суд) "Систем…" компаниясынан 11 460 000 доллар өндүрүлгөн. (Эл аралык бейтарап сотунун чечими тиркелет). Бул сумма "Систем…" компаниясынын тарабына Кыргыз Өкмөтүнөн өндүрүлгөн акчадан алда канча көп экенин айта кетпесек болбойт.
Эгер керек болсо, "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасы "Систем…" компаниясынан 11,46 млн. доллар өндүрүү тууралуу чыгарган Эл аралык третейлик соттогу чечимин талап кылуу боюнча өзүнүн укугун Кыргыз өкмөтүнө берүүгө даяр.
Кудай карап турат, биз Кыргызстандын элинин алдында дагы, Кудай алдында дагы тазабыз, жана дагы укуктарыбызды кайсы жерде болсо да талашканга даярбыз.
Урматтуу Алмазбек ­Шаршенович! Сизди президенттик кызматка киришкен биринчи күндөн тартып коррупция менен күрөшө баштаган адам катары, бул кайрылуудагы фактыларга көңүл кош болбостугуңузга ишенебиз. Бул маселе боюнча сизге туура маалымат жетпей, калыс чечим чыгарууга тоскоол болуп атса керек деген ойдобуз. Сизди адилеттүү башкаруучу катары билгендиктен, айрым аткаминерлерге сиздин атыңыздан туура эмес иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербөөңүздү суранабыз. Чындык биз тарапта экенин далилдеген керектүү документтерди алып келүүгө даярбыз.

Сизди урматтоо менен жана түшүнөт деген ишеним менен, бир нече адамдан турган жамааттын атынан "Ак-Кеме отель" кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишканасынын президенти Р. Сарымсаков