"Кырк жылы кабарсыз кетсем да, кыйкырып алдыман чыгаарым"


Ошентип өткөн жуманын жекшембисинде энелердин майрамын да белгиледик. Мурдагы саныбызда атактуулардын апалары жөнүндө жаздык эле. Редакцияга чалгандар көп болду. Ушул теманы уланткыла деген сураныч менен. Апа деген эч ким теңдешкис жан эмеспи. Окурмандардын суранычы менен президент баш болгон бир топ атактуулардын апалары тууралуу айтканына орун бердик.


Айгүл РЫСКУЛОВА, КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары:
"Апамдын колунан тамак жегенде жеңилдеп калам"

- Апам Кенжегүл Рыскулова - ­Абдразак аттуу мергенчинин кызы. Жайыл районунун Сары-Булак ­айылында туулган. Таенем кызматкер киши болуп, райондогу алгачкы аялдар советине мүчө экен. Апам да таенемдей эле кызматкер болуп, соода тармагында иштеди. Акыркы иштеген кызматы - Азык-түлүк, товарлар бирикмесинин генералдык директору болуп туруп, 1993-жылы пенсияга чыккан. Апам 18 жаш, атам 19 жаш кезинде эрте үйлөнүшүптүр.
Рыскулдун тукумдарында уулдар азыраак төрөлүп, апамды уул-кыз төрөп, тукумубузду көбөйтүп бер дешчү экен. Ал убакта балдар төрөлгөндөн эки айдан кийин эле апалары жумушка чыгышчу да. Үй-бүлөдөгү беш баланы тең чоң ата, чоң энебиз багып калчу. Азыр Энелер күнү дегенде мен чоң энемди да куса болуп эстейм. Ал эми өз апам азыр пенсияда. Энелер күнүндө көлдө эс алып жүргөндө беш баласы тең чогулуп барып куттуктасак, жетине албай сүйүнүп калды. Калган бир туугандарымды билбейм, бирок мен апамдын жанында жүргөндө өзүмдү бала кездегидей сезип кетем. Апам Бишкекте жашагандыктан, кээде жумуштан абдан чарчаганда же кыйналганда барып сүйлөшүп, анын колунан тамак жегенде, кадимкидей жеңилдеп, чыйралып калам. Cөз аягында айтаарым - беш баланы төрөп, чоңойтуп адам кылган, ооруп калган атамды алты жыл кабак-кашым дебей баккан апама таазим кылам.

Феликс КУЛОВ, ЖК депутаты:
"Менин апам актриса болгон"

- Менин апам Сайра Илипова менен Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарова эже-сиңди, эки бир туугандын кыздары болушкан. Апам 14 жашынан баштап театрда иштеп, ролдордо ойноп, Токтогулдун бала кезин, баланын ролун жаратыптыр. Негизи менин апам өтө таланттуу адам эле. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун I декадасына катышып, бардык кыргыз өнөрпоздор менен бирге Сталиндин кабыл алуусунда болгон. Беш балалуу болгондон кийин аларга тарбия берем деп жумушун таштап коюптур. Тигүүчүлүк курсту окуп, айрым учурларда тикмечи да болуп иштептир. Борборубуздагы "Тюльпан" ательесинде бычмачы болуп иштеп, ошол жерден пенсияга чыккан. Генералдык чинди атамдын көзү өтүп кеткенден кийин алдым. Ошондо апама сүйүнчүлөп барсам, "Атаң тирүү болгондо мындан дагы бактылуу болмок экенсиң" деген эле. Мен ата-энеме ыраазымын. Бардык ийгиликтерге ата-энемдин аракети менен жеттим.


Исхак МАСАЛИЕВ, экс-депутат:
"Менин апам бой көтөрбөгөн, жөнөкөй адам"
- Жашыбыздан ата-энебиз бизди жакшы нерселерге үйрөттү. "Уядан эмнени көрсөң, ошону аласың" дегендей, келинчегим экөөбүз атам-апамдын жолун басып келатабыз. Эсимде, кичинемде атам таң атканда кетип, биз уктап атканда келчү. Апам анын кызматын сыйлап, тамагын даярдап, тосуп алып, эртең менен кийим-кечесин үтүктөп, жасап-түзөп, анан бизди тейлеп, сабагыбызды окутуп, окууга узатчу. Апам аябай жөнөкөй, жумшак мүнөз, бой көтөрүүнү билбеген, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн алтын адам. Сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен бизге үлгү болуп келет. Биз апабыз менен сыймыктанабыз жана урматтайбыз.
Ата-энем улуу инсан Исхак Раззаковичтин урматына ысмымды Исхак коюшуптур. Ал кишини мен дагы көрүп калдым. Биздин үйгө конок болуп келгенде мен он жашта элем. Дасторкондо олтурганда менден "Атың ким?" сурап калды, "Исхак" десем, маңдайынан сылап койгон.

Өмүрбек БАБАНОВ, премьер-министр:
"Апам салтты катуу кармачу"
- Апамды эстегенде айылым, балалык чагым эске түшөт. Тамеки эгип, атка арабаны кошуп, талаада жүргөн кездер. Эки гектар эгилген тамекиде иштечүбүз. Тамеки чаап жөөккө түшкөндө эле каччумун. Апам урушуп, кууп келип ишке салчу.
Жети бир туугандын алтынчысымын. Беш эжем, бир карындашым бар. Апам салтты катуу кармачу. Кыздарына кыска көйнөк кийгизген жок. Атүгүл чачтарын кырктырганга да жол бербеди. Мен өтө тентек, бейбаш болчумун. Ат багып, тайган иттерди үйрөтүүгө кызыкчумун. Бүтүрүү кечесиндеги окуя эсимден такыр кетпейт. Бүтүрүү кечеси болоор күнү атамдын шоферу бошобой калып, машинасын мага айдатып алды. Атам бизди өмүрү отурушка жиберген эмес. Оюмдун баары бүтүрүү кечесинде болсо да, атама айта албай кыйналып, колхозго келген комиссия менен кечке жүрдүм. Күүгүм кирип калганда атамдан үйгө кете берейин деп суранып, машинаны таштап, далбастап апама чуркап келип сурансам, апам түнкү саат 12ге чейин эле уруксат берди. Мен сүйүнүп таңды тосуп кеттим. Эртең менен келсем, ата-энем эшикте ­отурат. "Эч жакка барбайсың, окубайсың. Сен эч нерсеге жарабайсың" деп атам мени аябай урушту. Эки күндөн кийин Москвага окууга кетмекмин. Классташтарыма айтып койдум эле, намыстанып жатам ичимден. Апам болсо ыйлап жатат... Акырында апам атамды көндүрдү...
Бир-эки күн бош убакыт табылса, эңсеп жүргөнүм: төрөлгөн айылыма барып, чаңын, абасын жутуп, үйдөгү төшөккө ээн-эркин жатып, апам менен атамдын жайына барып оюм менен сүйлөшсөм, айылдагы туугандарым менен жытташып, Чолпонбай айылыма, Талас жериме барып келсем, кичинекей арманым иш жүзүнө ашат эле деп ойлойм...


Аскар САЛЫМБЕКОВ, "Дордой" ассоциациясынын жетекчиси:
"Апамдын түнү менен мага кат жазганы эсимден кетпейт"
- Менин апам - Бүбүсайра Кыдыкова апаат согушту башынан өткөргөн адам. Нарындын Ат-Башы өрөөнүндөгү алгачкы китепканачылардын бири. 2003-жылы апамдын, айылдаштардын демилгеси, колдоосу менен Ат-Башыга китепкана ачканбыз. Ага апамдын атын ыйгарууну эл айтып, колдогон. Алтын апам 90 жашка чыгып отурат. Беш уулду тарбиялап өстүргөн, 30га жакын небере-чөбөрөнүн сүйүктүү чоң энеси. Азыркыга чейин радио угуп, телевизор көрөт. Кыргызстандагы жаңылыктардын баарынан кабардар болгусу келет. Апамдын: "Мен теле-радиодон жакырчылык менен күрөшүү туурасында көп угам. Ар бир адам жакырчылык менен эмес, жалкоолук менен күрөшүшү керек. Жалкоолук жоголсо эле жакырчылык жоюлат" деген сөзүн угуп, аябай таасирленгем. Кандай гана күчтүү сөз! Апам бизди айылдаштардан башкача тарбиялады. Китепти көп окутту. Мектепте баарыбыз тең жалаң бешке окудук. Үйдө болсо дайыма каралашып, мал-жанды өзүбүз бакчубуз. Кээде апам бизге атайын насаат каттарды жазчу. Мага Нарын облусуна губернатор болууга сунуш түшкөндө, апам менен кеңешсем, "Мындай жооптуу ишти тарта алаар бекенсиң?" деп сурап, эртеси 6 бет жазылган катты колума карматты. Көрсө, түнү менен мага кат жазыптыр. Апам катында ар бир районго мүнөздөмө берип, алардын ар биринин өзгөчөлүгүн санап өтүптүр. Анын алдына улай кыргыздын макал-лакаптарын жазып, эл алдына кантип чыгып, кантип сүйлөөдөн өйдө кеңештерин жазыптыр. Апамдын кеңешине ушунчалык ыраазы болгом. Апамдын ал акыл-насаат каттарын мен эч качан унутпаймын. Азыр деле убактым боло калганда аларды алып чыгып окуп калам.


Чолпон Орозобекова:
"Апама болгон сагынычты жеңе албай жашап келем"
- Менин апам Бейшекан Буланова өмүр бою мугалим болуп иштеди. Немис тилден сабак берди. Ат-Башы районунун Казыбек айылынын Нааматбек Үсөналиев атындагы мектебинен пенсияга чыккан. Менин апам окуткан окуучулар азыр Бейшекан Буланова сабак бергени үчүн сыймыктанышат деп ойлойм. Окуучу менен бир тепкичте туруп сүйлөшүп, анын жан дүйнөсүнүн эшигин кагып кире алган, билим алууга шыктанта алган сейрек мугалим болчу. Бала менен бала болуп сүйлөшө билип, алардын тилинде сүйлөгөндү, тамашалаганды, кантип көңүлүн оорутпай, бирок намысына тийгидей, мээсине жеткире айтканды билчү. Окуучулар коркконунан эмес, немис тилин жакшы көргөнү үчүн окуп келишчү. Адатта мектепте мугалим жакшы болсо, окуучу ошол сабакты сүйүп калат эмеспи. Менин апам Буланова Бейшекан ошондой мугалим болчу. Апамды туурап мен да "келечекте апамдай кыйын мугалим болом!" деп башымды бийик көтөрүп сыймыктанып туруп айтчумун бала кезимде. Менин атам врач, апам мугалим болсо да, 6 баласын тең кара жумушка иштетип, эмгекке жаштайынан көндүрдү. Жыл сайын жайлата колхоздун чөбүндө иштедик. Кыздар чөмөлөдө иштечүбүз, балдар болсо араба айдайт, чөп жүктөшөт. Күзүндө чөптөн тапкан айлыгыңды мектепке алып келип таратканы чоң бакыт эле. Бир жылы 9 сом айлык алып дердейип, анымды улам айтып, улам түгөтө албай мактанып атсам, апамдын "сенин тапкан акчаң эмес, жумушка иштеп, эмгекке көнүп атканың маанилүү" дегени кулагымда калыптыр. Эсимде, апам пенсияга чыкканына анча кубанган эмес. Себеби мектепти сүйчү, окуучуларын сүйчү. Анан эле ооруп калды. 55 жашында колдон жулдурдук. Буркурап боздосок да, оорусу катуу экенин билгенден кийин жер чапчып күрөшсөк да шум ажал жулуп кетти. Рак деген азезил дартты кудай ушинтип билгизди… Энени жоготуудан өткөн азап жок бул дүйнөдө. "Бейиш - эненин таманында" дегендей, дүйнөң астын-үстүн болуп, бейиш сенден кетип калат экен. Апамдан айрылган 1999-жылы алгачкы кар дүпүйүп оор түштү. Эртең менен туруп алып, "апакем үшүдү го, кар басып калды" деп ыйлаган бойдон үйдөн "Асабага" чейин жөө келгем... Каза болгонуна быйыл туура 13 жыл болду. Күн чыккан сайын эстейм, күн баткан сайын эстейм… Ай чыккан сайын эстейм алтын апамды! Ошентип апама болгон сагынычты жеңе албай жашап келем. Меникиндей апа жок бул дүйнөдө!


Алмазбек Атамбаев, КР президенти:
"Апамды аяй берчүмүн"
Президент Атамбаевди апасы жашы 40тан өтүп калганда кадимки Арашан айылынын эле ооруканасында төрөгөн. Апасынын аты - Ырсалы кызы Канымгүл, Чоң-Таш айылынан, моңолдор уруусунан. Шаршенге турмушка чыгып, Айнура, Валыйбек, Калыйбек, Алмазбек аттуу уул-кыздуу болушкан. Ата-эне 12 рубль пенсия алса да, балдарынын баарын алыстан, Москва, Ленинграддан окутуп, илим-билим алышына өбөлгө болушту. Бир ирет президент Алмазбек Атамбаевге журналист: "Эмнеге сиз атаңызга караганда апаңыз тууралуу көбүрөөк эскересиз? " деп суроо берген. Анда президент Атамбаев апасы тууралуу: "Апам тууралуу көбүрөөк айтканымдын себеби бар. Кыргыз аялдарынын тагдыры эркектердикинен миң эсе оор, бооруң ооруйт, бала төрөйт, тиричилик, оокат-аш. Албетте, атам мени жакшы көрчү, атына өңөрүп алып ары-бери бастырып жүрчү. Эң кичүүсү элем. Ал киши сыртта, аркы-берки шерине, тойлордо, анан молдо болуп эки жакта жүрчү. Апам үйдө калып, бардык оокатты кылчу. Апам байкушту аяй берчүмүн. Менин апам бир кесиптин да ээси эмес, жөнөкөй гана колхозчу болчу. Бирок мага көптү үйрөттү, көптү берди. Эсимде, студент кезимде каникулга келип, жатып алып адатымча китеп окуп жаткам. Бир маалда апам чуркап кирип, "Алмаз, бол, бачым! Эшикке чыксаң",- деди. Ордумдан ыргып туруп, сыртты көздөй чуркадым. "Карасаң, күн кандай сонун болуп батып баратат, тим эле укмуш!",- деди суктанганын жашыра албай. Ушул кичинекей эле эпизод менин энемдин кандай адам экендигин түшүндүрүп турат. Жаш кезимде мага айткан акыл кептерин, алгач анча көңүлгө алчу эмесмин, бирок кийин алар мага турмуштук кырдаалдарда тиешелүү чечим кабыл алганга жардам берип, жол көрсөттү", - деп эскерип жооп берген эле.
Арашандагы айылдаштары президенттин апасын эскергенде, көбү Канымгүл апанын эртең менен уйлар бадага кеткиче эле буркулдап кайнап турган самоорун, эшик алдында көз жоосун алган апакай ландыш гүлдөрүн, сирендерин көп эстешет. Аялдар болсо иштүүлүгүн, үйүндө апасынан калган тигүүчү машиналарын, апаман калды деп көзүнүн карегиндей сактаган күмүш сөйкө-шакектерин эмдигиче кеп кылып айтып жүрүшөт.


Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты:
"Апам тагдыр сыноосун өжөрлүк менен жеңе алган кыргыз аялзаты"
- Апамдын аты - Тилла, жакында, буюрса, 80ге чыгат. 1933-жылы төрөлгөн. Агезде документтер болбогондуктан, "өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм" деп калат. Ошол себептен, апамдын туулган күнүн жаз айында белгилейбиз. "Тилла" - бул биздин региондун диалектисинде "алтындын" синоними. Балдарымдын бирине атамдын, кыздарымдын бирине апамдын ысымын берейин деп жүргөн элем. Бирок атамдын ысымын коюуга апам да көнбөй, аялым да: "Мен аны кантип чакырам" деп болбой койгон. Кичүү кызым төрөлгөндө апамдын атын коем деп калдым. Апам өзү да бул ойду жактырбады. Бирок, баары бир оюмдан кайтпай, Айсара ысымын бердик. "Сара" иран тилинде "алтындай", еврей тилинде "кубаттуу ханыша, кожейке" дегенди билдирет экен.
Атам да эрте жетим калып, апам да жетим чоңойгон. Апам Сузактын Кара-Дарыя айылынан, атам Базар-Коргондон. Автобус жүрбөгөн, жол жок убакта экөө кантип табышып калганын билбейм. Алар үйлөнгөндө апам 18де экен, балким, андан да жаш болгон болсо керек. Анткени, атамдын достору: "Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың, Совет өкмөтү сени бул үчүн камап коет" деп тамашалашчу экен. Ошондон улам, атам өзүнөн үч жаш гана кичирейтип, апамдын жылын 1930-жыл деп жаздырыптыр. Апам пенсияга чыкканда атам: "Көрдүңбү, ошондо мен көрөгөчтүк кылган экенмин, пенсияга үч жыл эрте чыктың" деп тамашалап калчу. Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат. Апам Социалисттик эмгектин ударниги болгон. Нормаларды ашыра аткарчу, өзгөчө күзүндө атаандаштык күч алат эле. Колхоздун радио түйүнүнөн пахта теримдин күнүмдүк жыйынтыгын чыгарып, айтып турушчу. Атам баш болуп ошону угуу үчүн түнкү саат 12лерге чейин уктабай сводканы күтүп отурчубуз. "1-бригададагы Текебаева Тилла 140-150", кээде "200 килого чейин пахта терди" деп колхоз боюнча биринчи же экинчи орунду ээлегенин айтат эле. Аны угуп, биз апабыз менен сыймыктанчубуз. Ошол сыймыктуу сезим ал кезди эстегенде азыр да дал ошол калыбында менде пайда боло түшөт. Апамдагы намыскөйлүк, өжөрлүк, мээнеткечтик, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн сапаттар, азыр ойлоп көрсөм, бардык эле кыргыз аялдарына таандык экен.

10-11-бетти даярдагандар Айгүл Бакеева, Назира Саалиева
De-факто гезити