"Кырк жылы кабарсыз кетсем да, Кыйкырып алдыман чыгаарым"



Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 20-майда алгачкы жолу Апалар күнү белгиленгени турат. Эми ар жылдын май айынын үчүнчү жекшембиси Энелердин энчилүү майрамы болот. Биз дагы ушул жагымдуу жөрөлгөнү утурлай, бардык энелерге куттук айтып, таанымал инсандардын эң кымбат адамы жөнүндө айтканына орун бердик.


Ибрагим ЖУНУСОВ,
Маданият жана туризм министри
Балалыкка кетеличи, апаке!


Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп түгөнбөгөн бүгүндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.

Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан
талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан
кезиме,
Кетким келет сени менен, апаке.

Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем эсимде.
Тажап кеттим мен бүгүнкү
бактымдан,
Балалыкка кетеличи, апаке.

Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да касташканым
жок эле,
Ошол күнгө алып кетчи, апаке.

Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Аркы айылга кызга кеткем эсимде.
Мен келгенче балам качан келет деп,
Күтчү элең го, эсиңдеби, апаке.

Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Тазалыкка алып кетчи апаке,
Бакыттын да бактысы экен ал
күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!


Аида САЛЯНОВА, Баш прокурор:
"Колум жетпей калган ишти кылган алтын адамым - апам"


- Колум жетпей калган ишти кылып, жасай албай калганымды бүтүргөн алтын адамым - апам. Апам бизге жакшы тарбия берди жана берип жатат. Бардык нерсени апам менен кеңешем, сырдашам. Апам башталгыч класстарга сабак берип, Нарындагы Токтогул атындагы мектепте мугалим болуп иштеди. Кийин соцфондго өтүп, ал жерде көп жыл иштеп, ошол жерден эс алууга чыкты. Кызымды карап бериңиз деп чакырып алганбыз. Балдар менен иштешип калгандыктан кызыма эң жакшы тарбия берүүдө. Андыктан көңүлүм ток. Негизи төгөрөгүң төп болуп, үй-бүлөң колдоп турса, ишиң да ойдогудай жүрөт экен.


Бегалы НАРГОЗУЕВ, коомдук ишмер:
"Апамдын насаатын туу тутуп жашап келем"


- Апам Түймүкан - Аксынын кызы. Эмгектин ударниги эле. Тамеки продукциясын, анын сорттуусун нормадан ашыра тапшырып, далай жолу сыйлык алган. Мектепте окуп жүргөндө шоктук кылып апамды көп эле капа кылдым окшойт. Кийин эр жеткенде апамдын көңүлүн алганга тырыша баштадым. Бирок ак сүтүн толук актадым деп айта албайм. Апам бу турмуштан эрте кетип, сыйымды жеткиликтүү көрө албады. Бүгүнкү күндүн чокусунан карасам да, апам беш класстык эле билими болгонуна карабай көрөңгөсү бай, акылы тунук, алысты көрө билген асыл адам эле. Бизден көптү үмүт кылчу. "Билим алып эл катарына кошулсаңар" деп тиленчү. Ушу күнгө чейин апабыздын акыл-насаатын туу тутуп жашап келебиз.


Зарылбек РЫСАЛИЕВ, Ички иштер министри:
"Канча жашка чыксам да, апама дагы эле баламын"
- Мени тарбияга салып туруучу эң кымбат адамым, жанымдай жакшы көргөн алтын апам - Баатыр эне. 74 жашта. Улгайып баратканына өкүнөм. Мен апамды аяйм, ал мени аяйт. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктардын баары менен тааныш. Жаңылыктарды калтырбай көрөт, радиону угат, гезиттердин баарын үзбөй окуйт. Кээде гезиттерге мен тууралуу ар кандай нерселер жазылып калса, мен барганча кирпик какпай күтүп олтурат да, "бери келчи, муну карачы" деп калат. Мен болсо, "андай эмес, мындай эмес" деп калган учурлар болот. Эне да. Баласы жөнүндө жакшы сөз гана уккусу, окугусу келет. Канча жашка чыксам да мен апамдын алдында баламын. Демек, мен бактылуумун.


Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ,
"Акыйкат" партиясынын лидери:
"Апамды эстегенде эң
биринчи балык жыттанган колун эстейм…"
- Апамды эстегенде эң биринчи балык жыттанган колун эстейм. Себеби, апам бизди багам деп кышы-жайы көчөдө балык сатчу. Колу дайыма балык жыттанып турчу, ошол жыт ушунчалык көкүрөгүмдө калыптыр… Cырдашым да, кеңешчим да апам эле. 1993-жылы, легендарлуу парламентте депутат болуп жүргөндө: "Токмокко мэр бол же Тышкы иштер министрине орун басар бол" деген сунуш түштү. Дароо апама чалып кеңешсем, үйгө чакырды. Үйгө барганда алтын апам мага буларды айтты: "Балам, сен мэр боло албайсың. Себеби сен пара бергенди да, алганды да билбейсиң. Мен сени таза жолго үйрөткөнүм менен түз келатасың, ушул калыбыңдан жазба. Андан көрө жанагы орун басарлыкка бар. Ал жерден сен элиңе кызмат кыласың. Элге ак кызмат кылган адам бол" - деди. Ушундай акылман апамдан ажыроо мага аябай оор болгон. Көз жумаарына эки күн калганда мени чакырып алып, "Балам, мен сага ыраазымын, сен дагы мага ыраазы бол. Бир үйдүн тунусуң, бир туугандарыңды жакшы кара" дегенде жүрөгүм болк этип, "Апа, антип айтпаңыз, сиз айыгасыз. Мен сизди чет өлкөгө алып барам" - деп жашып кеттим. "Кой, балам, ыйлаба. Мени алып барбаган жериң калган жок. Рак деген оору айыкпас дарт. Мени ары-бери сүйрөбөй ушул жерде эле калтыр" - деп кайрат айтты. Ажалга түз караган кайратына таң калгам.


Назира СААЛИЕВА