Банк уячасынан алынган 21,5 миллион доллар кайда сиңген?


Убактылуу өкмөт бөлгөн 7 миллион доллардын 3 миллион 327 миң 95 доллары пайдаланууга берилген. Анын 2 миллион 587 миң 174 доллары сарпталган, Баш прокуратурага кайтарылганы - 733 миң 965 доллар жана 274 миң сом
(5 миң 900 долларга
чукул - ред.).


Убактылуу өкмөт тарабынан 2010-жылдын апрель-май айларында банк уячаларынан алынган 7 миллион доллар кандай чыгымдалып, кайда жумшалганы тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Баш прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин колу коюлган документ Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетине келип түшкөн.


Эсиңерге сала кетсек, экс-президент Курманбек Бакиевдин туугандары жана тарапташтарына кылмыш иши козголгондо, банк уячаларынан 21,5 миллион долларга арест коюлуп, алынган. Документке таянсак, 2010-жылдын 13-майында Убактылуу өкмөт №341 токтомду токуп, 7 миллион долларды өлкөдөгү абалды турукташтырууга жана күч органдарын каржылоого бөлгөн. Убактылуу өкмөттүн токтомуна ылайык, ар бир бөлүнгөн каражат үчүн акт түзүлүп, ага жогору жакта олтургандар кол койгон. Бирок каражат кайда сарпталып жатканы көзөмөлгө алынбаганын Баш прокуратура аныктап олтурат. Төмөндө акча кайсы органдарга бөлүнгөнүнө көз салсак.


Бекер акчадан ким канча алган

МУКК (Коопсуздук кызматы) 900 миң доллар алган. Пайдаланылбай кайра кайтарылып берилген акча туурасында маалымат жок.


ИИМге 1 миллион 30 миң доллар берилген. Анын 177 миң доллары жана 274 миң сому Баш прокуратурага кайтарылган.


Баш прокуратура 50 миң доллар алган. Мамлекетке кайра кайтарылган же пайдаланылбаган каражат туурасында маалымат жок.


Коргоо министри 250 миң доллар алган. Бул сумманын 100 миң доллары аталган мекемеге берилген. 150 миң доллар экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун жардамчысына берилген. Бул каражаттар Коргоо министринин буйругу менен түштүк аймактагы күч органдарынын жетекчилерине, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, үч облустагы ооруканалардын башкы дарыгерлерине жана губернаторлорго берилген.


Убактылуу өкмөттүн тобокелдиктер менен иштөө тобу 25 миң 555 доллар алган. Бул каражат топтун жетекчиси Чолпон Ногойбаевага берилген. Акча максаттуу жумшалганы боюнча финансылык отчет тапшырылган.


Эмилбек Каптагаевдин жардамчысы 20 миң доллар алган. Каражат сомго которулуп, тамак-ашка, транспортко, желекче, колго байлаган оромолдор үчүн кездеме, түтүкчө алганга жумшалган. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Убактылуу өкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Эмилбек Каптагаев 2010-жылдын 13-майындагы буйрук менен 53 миң доллар алган. Бул каражатты ал жардамчысына берген, ал 42 миң 95 долларды элдик кошуундардын лидерлерине жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда жардам берген адамдарга бөлүп берген. Акчанын 10 миң 905 доллары жумшалган эмес жана Баш прокуратурага кайтарылган.


Улуттук телерадиокорпорация (азыркы Коомдук канал - ред.) 20 миң доллар алган, бул каражат Кубат Оторбаевге берилген. Анын 2 миң 960 доллары Баш прокуратурага кайтарылган;


Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 13-июнундагы буйрук менен 20 миң доллар алган. Бул каражаттын 10 миң долларын Базар-Коргон районунун экс-акими Кубат Артыков, ушул эле райондун жашоочулары - Олжобай Боронбаев менен Нурбек Мурашов 5 миң доллардан, ал эми Сайдулла Нышанов 2 миң доллар алган. Олжобай Боронбаев менен Сайдулла Нышанов "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрү болушкан.


Жалал-Абад мэриясы 100 миң доллар алган. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


10 миң доллар ЭлТР телеканалынын жетекчиси Шайырбек Абдрахман уулуна берилген. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Убактылуу өкмөттүн Республикалык штабы 500 миң доллар алган. Бирок ал пайдаланылган эмес жана Баш прокуратурага кайтарылып берилген.


Убактылуу өкмөттүн маалыматтык-координация борбору 8 миң 540 доллар алган. Каражат борбордун жетекчисинин орун басары Роза Даудовага берилген жана ал акча Ош менен Жалал-Абадда пресс-борборлорду ачууга жумшалган. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Бишкектин Ленин районунун элдик кошууну 15 миң доллар алган. Бул акчанын пайдаланылбай кайра кайтарылганы туурасында маалымат жок.


Мамлекеттик каттоо кызматына 120 миң доллар берилген. Бул сумманын 20 миң долларын мекеменин экс-жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусуна берүү үчүн алган. 100 миң доллары Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановдун колуна тийген. Жумшалбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Бишкек мэриясы 100 миң доллар алган. Бул каражаттын баары мэр Иса Өмүркуловдун буйругу менен 21 жеке адамга берилген. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Жаратылыш жана айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттигинин жетекчиси, Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү Топчубек Тургуналиев 5 миң доллар алган. Каражатты өзүнүн "Эркиндик" партиясынын 4 мүчөсүнө берген. Пайдаланылбай кайра кайтарылган акча туурасында маалымат жок.


Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Алик Орозов (учурда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси - ред.) Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 23-июлдагы буйругу менен 100 миң долларды атайын операция үчүн алган. Анын 43 миң доллары Баш прокуратурага кайтарылган, 57 миң доллары бир спецназды жалдоого жана ал тарабынан күжүрмөн даярдыктагы белгисиз үч топту түзүүгө жумшалган. Бирок көп узабай бул операция токтотулган.


Буга чейин парламенттеги бюджет жана финансы комитетинде Башпрокурордун орун басары Нурлан Жээналиев банк уячаларынан акча алуу маалында видеокамерага түшкөн жазуулар тергөө учурунда жоголуп кеткенин кабарлаган эле. Учурда банк уячаларынан алынган 12 миллион 384 миң доллар Улуттук банкта сакталып турат. Анын 5 миллион 800 миң доллары Баш прокуратуранын эсеби аркылуу мамказнага которулган.

Санжи ТУЙТУНОВА