Картошканы катыра кууруп, шакылдата уй сааган Замир


Толук аты-жөнү - Арыкбаев Замир Асылбекович.
Туулган жери - Ысык-Көл областы, Тоң району, Ак-Өлөң айылы.
Туулган жылы, айы - 1981-жыл, 17-январь.
Билими - Жогорку.
Кесиби - Инженер, учурда жеке ырчы.
Сахнага качан чыккан? - 2003-жылы.
Репертуарында канча ыр бар? - Элүүдөн ашык.
Жакын достору - Достору көп, алардын ичинен эң жакыны - Съездбек Искеналиев менен Бакыт Байсариев.
Үй-бүлөлүк абалы - Үй-бүлөлүү. Эки кыздын атасы.
Унаасынын маркасы - "Тойота".
Аялын көбүрөөк жакшы көрөбү же унаасынбы? - "Ар бир нерсеге өзүнчө сүйүү болот. Мен унаамды жакшы көрөм, ­жубайыма болгон сүйүүм да өзгөчө".
Хоббиси - Сүрөт тартуу.
Мүнөзү - Токтоо, сабырдуу.
Кайсы тамакты жакшы жасайт? - "Куурулган картошка менен дымдалган кесмени катырам".
Уй саап көргөнбү? - "Уй сааган бизден калган, апама жардам берип далай саадым го".
Жубайы жокто үй иштерин кылабы? - "Жок, эптеп-септеп курсакты тойгузуп жүрө берем".
Эмне үчүн сахнадан бийлебейсиз? - "Биринчиден, турмуштук ырларды ырдайм, ага кыйшаңдаган жарашпайт. Экинчиден, бийлегенди анча жактырбайм. Бирок "Кош жылдыз" концертинде бийлегеним өзүмө жакты".
Кыялы - "Буюрса, кино тартып, өзүмдү режиссер катары сынап көрөм".
Оозунан түшпөгөн макал - "Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот".
Спирт ичимдиктерине кандай? - Такыр ичпейт, чекпейт дагы.
Кумир туткан адамы - Агайы Улукмырза Полотов.
Жаман сапаты - Ажыкыз, ишенчээк, анан ак көңүл.
Жактырган мезгили - "Бардык мезгил жагат, бирок эң жакшы көргөнүм - жаз".
Кой сойгонду билеби? - Билет.
Кызганчаакпы? - "Кызганам, бирок орду менен".
Сүйүүгө ишенеби? - "Сүйүү деген жөн эле беттен өбүү эмес, бапестеп карабасаң, баркын жоготот".
Жанын койбой тийишкен кыздарга кандай чара колдонот? - "Эки-үч жолу сөз менен түшүндүрөм, ага болбосо, катуу урушуп көңүлүн калтырам".
Жубайына кол көтөрөбү? - "Жок, кудай сактасын! Аялыңа кол көтөрүү үй-бүлөнү өз колуң менен уратканга барабар".
Жубайын кантип эркелетет? - "Жаным" деп.
Сахна кийимдери эскиргенде - "Инилериме берем. Алар сүйүнүп кийип алышат".
Таз болуп калуудан коркпойбу? - "Чачым түшүп жукарып кеткен учур болгон. Дарыгерге кайрылып жатып араң калыбына келтиргем".
Чач тарачка көп барабы? - 3 жумада бир барат.

Назима Жумаева