ИИМ имаратында чекеге кадалган октон подполковник каза тапты



Кечээ, 16-майда, алгач интернетте "Ички иштер министрлигинин имаратында подполковник атынып өлдү" деген маалымат тарады. ИИМдин басма сөз кызматына кайрылып, ага эксперт-криминалист, милициянын подполковниги Надыр Абдырахмановго ок жаңылып, каза болгондугу тууралуу маалымат алдык.


Надыр Абдырахмановдун өлүмү тууралуу айрым маалымат булактарына "атынып өлдү" деп жарыяланып кеткен. ИИМ басма сөз кызматынан Бакыт Сейитов ал маалыматты четке какты. Окуя боюнча Бакыт Сейитов: "Кээ бир маалымат булактары "өзүн-өзү атты" деп тараткан маалымат туура эмес. Өлгөн убактысын да туура эмес беришкен. Бул кайгылуу окуя 16-майда, саат 10.45те болду. Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистика борборунун ага эксперти, милициянын подполковниги Надыр Абдырахманов иш ордунда болжол менен ТТ пистолетинен жаңылган октон каза тапты. Бир аз күн мурун баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн курал-жарак топтому келген. Анын ичинде анын өмүрүн алган, өлкөнүн ички иштер бөлүмдөрүнүн бири иликтеп жаткан кылмыш ишинде каралган пистолет да болгон. Экспертизанын тогуз түрүн жүргүзүүгө Надыр Абдырахмановго уруксат берилген болчу. Экспертиза маалында байкабастан өзүн-өзү чекеге атып алган. Учурда бул факты боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп, ар кыл экспертиза түрү каралып, окуянын жагдай-себептери такталып жатат",- деп билдирди. Бул иштин чоо-жайы экспертизанын бүтүмү менен аныкталат жана ал бүтүм болжол менен 21-майда чыгат. Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы жана Бишкек шаарынын башкы башкармалыгынын 1-май райондук ички иштер бөлүмү тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Андан тышкары, Эксперттик-криминалистика борборунун жетекчилиги, ИИМ жетекчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт. Иш учурундагы кокустуктан улам көз жумган Надыр Абдырахмановдун сөөгү кечээ кечинде туулуп-өскөн жери Ат-Башы айылына жеткирилди, эртең жерге берилет. Маркумдун артында эки уул, бир кызы калды.

Назира СААЛИЕВА




Каныбек Осмоналиев, ЖКнын "Ар-намыс" фракциясынын депутаты:

"Муфтияттагы сөзгө чечен "азаматтын" 40 чөнтөгү, 10 медресеси бар"


- Каныбек мырза, Акүй, Көкүйдүн дин саясаты боюнча жүргүзүп аткан иштерин катуу сындап жатасыз. Бул маселе ошончолук эле кооптуубу?
- Азыр диний абал мурдагы жылдарга караганда курч болууда. Кийинки кездери мамлекеттик бийлик, аткаруу органдарынын динге мамилеси кескин салкындай түштү. Жаңы Конституция боюнча аткаруу органы өкмөт болуп, дин маселеси боюнча өкмөт иш алып барышы керек болсо, эпчил, шылуун чиновниктердин аракеттери менен дин маселеси Президенттин колуна өтүп калды. Дин маселесин колго алыштагы кызыкчылык бирөө эле. Ал - ажылык сапарды уюштурууну колго алып, аны менен миллиондогон акчаларды жасоо. А чындыгында ажылык сапар дин саясатынын 10%га жетпеген эле бөлүгү. Диний башка маселелер толуп атса, кызылдай акчалардын кызыкчылыгы менен ажылык сапарды бетке кармашып, дин саясатынын башка маселелери менен такыр иш алып барбай калышты.
- Диний секта уюмдары көбөйүп, алардын мектептери да ачылып, ага агылган жаштардын саны арбып баратат. Ушуну Өкмөт көзөмөлгө алыш керек деп билдирүү жасадыңыз...
- Кыргызстан дин полигонуна айланып баратат. Диний секта, уюмдардын артында саясатчы, чиновник, министр же депутат, окумуштуу турат. Алар "крышовать" этип, мындай диний мекемелердин иштеринин илгерилешине көмөктөшүүдө. Ал эми алардын ар биринин артында сырттан каржылаган, моралдык, финансылык жактан колдоп келаткан кожоюндары бар. Мисалы, азыр 60тан ашык медресе бар, кээ биринин артында пакистандык таблиги жамаат, башкаларында Түркиянын, Сауд Аравиянын пансиондору турса, дагы бирин ирандыктар каржылайт. Кыргызстан алар үчүн ээн-эркин жүрүп, каалаганын кылганга боло берчү бейиштей да. Эгерде эртең Хизб-ут-Тахрир уюмунун кеңсеси ачылса, ага таң калбайм деле.
- Бул жердеги "крышовать" эткен адамдардын кызыкчылыктары эмнеде?
- Акча маселесинде. Мындай кызматтары үчүн алар арабдардан, сырткы уюмдардан накталай чоң акчаларды алып турушат. Арабдар ыраазычылык иретинде үй, машине сатып беришет. Балдарын окутканга акча берип турушат. Финансылык жактан колдоп аткандарды биринчи кезекте жерибиздин кооздугу, элибиздин ишенчээктиги кызыктырат. Өз максаттарын оңой ишке ашыра аларын билип калышты. Аларды кой, ай деп көзөмөлдөгөн эч ким жок. Кел дагы, чыныгы динге каршы келген диний баалуулуктарды, принциптериңди таңуулап, жайылта бер! Мындай көрүнүш бизден башка бир дагы өлкөдө жок.
- Учурда канча диний сектанын мектептери бар? Бул боюнча маалыматыңыз барбы?
- Муну эч ким билбейт. Президент, өкмөт башчы, муфтий да. Менин билгеним боюнча, алардын 60%ы муфтияттан каттоодон өткөн болсо, 40%ы эч кандай каттоосу, документтери жок эле мыйзамсыз иштерин жүргүзүп келатат. Билим берүү министрлигибизден лицензияны алып алышып, Токмокто жалпы билим берүүчү "Адвентисты 7 дня" деген мектепти ачып алышкан. Аны менен эч кимдин иши жок. Кадимки мектептегидей аттестат берилет. Мен барып таанышып келдим. 70-80% кыргыздын жаштары окушат экен. Негизинен христиан дини окутулуп, үйрөтүлөт. Минтип жүрүп олтурсак, 20 жылдан кийин түндүк-түштүк эмес, христианин-мусулман деп бөлүнүп каларыбыз бышык.
- Бала бакча, ФАПтардын имараттары медресе, секта уюмдарына өтүп кеткендигин айттыңыз. Буга кандайча жол берилип атат, ким күнөөлүү?
- Бала бакчалардын 60-70%ы диний уюмдарга берилип кеткен. Айрыкча христиан багытындагы диний уюмдар алып алышкан. Бала бакчалардын 70-80%ы мыйзамсыз түрдө өтүп кетсе, анын жарымын өкмөт өзү укук оргоо органдарына берсе, жарымын диний секталарга берип жиберген. Акча үчүн баарына даяр кээ бир чиновниктер диний секталарга арзыбаган акчага сатышса, кээ бири узак мөөнөткө ижарага берилген. Бул иштерди негизинен Акаевдин учурундагы президенттик администрация, өкмөттүн аппаратындагылар жасашкан.
- Буга окшогон көрүнүштөргө жол бербөө диний башкармалыктын милдети да. Алар эмне үчүн тиешелүү деңгээлде иш алып барбай атышат?
- Биринчиден, алардын шалаакылыгы. Экинчиден, муфтияттын да кызыкчылыгы чоң. Атын айтпай эле коеюн, муфтиятта өтө чечен бир "азамат" бар. Ал айтып атат: "Кепиндин чөнтөгү жок" деп. Өзүнүн 40 чөнтөгү болсо, жеке өзүнө тиешелүү 10 медресеси бар. Араб өлкөлөрүнөн акчаларды алып турат. Сөз ким жөнүндө болуп атканын окурмандар деле билип атса керек. Муфтияттагылар сөз жүзүндө бирди, иш жүзүндө такыр башканы кылганга өтүп алышты. Аларды да диний саясаттагы бул маселе эмес, ажылык сапарды уюштуруп, миллиондогон каражатты жасоо көбүрөөк ойлонтот, түйшөлтөт...
- Диний саясаттагы мындай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек?
- Кыргыз бир силкиниши керек. Ошого убакыт келди. Кыргыз эч качан диндин фанаты болгон эмес. Фанаты болбойт дагы. Маселени оң жагына чечүү үчүн ислам багытындагы жалпы билим берүүчү мектеп-лицейлерди ачыш керек. Анын бүтүрүүчүлөрү диний да сабаты бар башка кесип ээлери болушат. Ал эми медресени бүткөндөр Куранды жаттап, хадистерди билгенден башка эч нерсени билбеген караңгы калк болуп калып атпайбы.
Мирлан Дүйшөнбаев