"Бардыгына жагалдана берсек, анда өлкөбүз эгемендүү болбой эле, бир мамлекеттин кулу болуп калат"
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Коомдук телерадиокорпорациясына берген интервьюсу.

Кээ бир жигиттерди карасаң, тим эле чиренип миң коюм бар деп көкүрөк керип басышат. А энесинин же жубайынын колун карасаң, канча түйшүк тартканы билинип, колу муздак суудан жарылып кеткен... Бир-эки ирет ушул тууралуу дагы айткам. Жылуу суу койдуруу бир койдун баасынан арзан. Эне үчүн бир коюңду берип кой, өзүңдүн эле кириңди жылуу суу менен жуусун да


- Менин биринчи суроом, жакында парламент өкмөттүн өткөн жылдагы ишин жана жүз күндүк программасынын аткарылышынын отчётун укту. Сиз өкмөттүн ишин кандай баалайсыз?
- Эми өкмөткө баа бериш эртерээк­пи деп турам. Анткени, өкмөттү бир жылга чейин иштетип, жок дегенде күздө баа берсе болот. Депутаттар да ошол пикирге келди.
- Негизги тенденция кандай деп ойлойсуз, өкмөттүн иши кай жакка бара жатат?
- Өкмөт жакшы эле аракет кылып жатат. Премьер-министрибиз жаш, абдан аракет кылып жатат. Билесиңер, 24-декабрда парламент бардыгы толук бойдон аны бир добуштан колдоп, анан бир ай өтпөй премьер-министрди, өкмөттү кетсин дегенди баштады. Албетте, андай кырдаалда иштеш да кыйыныраак болот. Негизи, өкмөт аракеттенип жатат.
- Чындыгында өкмөт ишин жаңы баштады. Ошол эле убакытта оппозиция бир топ митингдерди өткөргөнгө үлгүрүштү - Жалал-Абадда, Ошто жана Баткенде. Бирок мына Кара-Балта, Караколдо өткөрөлү деген эле, анысы оңунан чыкпай калды. Деги ушул митингдерге, оппозициянын ишине кандай баа бересиз?
- Демократиялык өлкөлөрдө митинг деген болушу керек. Эгерде Грецияны алсак, бир жылдан бери 200-300 митинг болду. Болгондо да 5 миңден 50-100 миңге чейин киши чыгып жатты. Бирок биз мындайдан коркуп калганбыз да, "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, митингдин аркасынан эле бир төңкөрүш болуп кетеби деп эл коркуп калган да, анын үстүнө биздин кырдаал­да, бул митингдер инвесторлорду коркутуп жатат. Негизи, буга көнүш керек, эл да көнүшү керек, митингдер боло берет. Бирок, негизи, саясий күрөш, албетте, парламенттин ишинде болуш керек, мына ошону түшүнүп, көрүп жатасыңар, оппозициянын лидерлери да күрөштү парламентке көчүрдү, анткени оппозициянын айрым лидерлери бир жыл мурун бийликте болчу, азыр оппозицияда жүрөт. Мүмкүн, эртең кайра бийликте болот. Бул маселенин бардыгы парламент аркылуу чечилиши керек. Мисалы, илгери Акаев, Бакиев заманында, албетте, парламентте депутаттарга сөз берчү эмес. Мурда парламенттин депутаттарына микрофонду берген эмес, эскертип коёюн, Роза Исаковна Отунбаева бир жолу парламентке мегафону менен барган, айла жоктугунан. Азыр болсо сүйлөй бер, парламенттен болобу, телеканалдан болобу. Мындан ары тынчтык жолу менен, шайлоо жолу менен бийлик берилет. Оппозиция боюнча айтып кетейин. Оппозиция ичинде Кыргызстан өнүксүн деп жанын бергенге даяр болгондор да көп, бирок арасында, кээ бир мамлекеттердин кызыкчылыгын коргогон, керек болсо алардан акча алгандар бар. Ошол эле оппозиция болобу, саясатчы болобу бирөөлөргө иштеп, алган акчасын, гранттарын актап жатышат да. Кыргызстандагы кырдаал азыр ушундай.
- Кийинки суроом тышкы саясат жөнүндө. Сиздин Түркияга, Россияга жана Азербайжанга жасаган расмий сапарларыңыздан кийин мамлекеттер аралык алака кадимкидей жанданды. Анан эми жакында Казакстанга сиздин сапарыңыз күтүлүп жатат деген маалымат бар. Өзгөчө карапайым элди, ишкерлерди кыргыз-казак чек арасындагы бюрократия катуу кыйнап жатат, ушул маселелер чечилеби?
- Негизи, ушундай сапарлар элди кыйнап жаткан маселелерди чечүү үчүн жасалат. Жакында 10-11-майда Казакстанга расмий сапарым болот. Казакстандын Президенти, урматтуу Нурсултан Назарбаев расмий сапар менен келип кет деп чакырды. Барып, ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүп чечкенге аракет кылайын деп жатам. Кудай буюрса, бир боордош өлкө Казакстан менен мамилебиз жаңы деңгээлге чыгабы деген үмүтүм бар.
- Орусия менен мамиле кандай өнүгүп жатат? "Дастандын" тагдыры кандай болмокчу? "Газпром" "Кыргызгазды" сатып алып жатыптыр деген маалымат пайда болду. Эгер "Кыргызгаз" сатыла турган болсо, кандай шарт менен кетип жатат?
- Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдырбайбыз, канчалык жакын, бир боор өлкө болсун, мындан ары Президент, Өкмөт жана мамлекет үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы бардыгынан өйдө турушу керек. 7-майда урматтуу Владимир Владимирович Путин өзүнүн кызматына киришет, инаугурациясы болот. Ошондон кийин бир топ маселелер оңоюраак чечилеби деп турам.
- Дагы бир тышкы саясатка байланыштуу маселе - бул транзиттик борбор тууралуу. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен айым жакында транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр башталып жатат деген маалымат таратты. Эгер сүйлөшүүлөр башталса, транзит борборунун тагдыры кандай болушу мүмкүн?
- Бул да бир жакшы белги. Буга чейин­ башка тараптар, Америка тарабы да ойлоп жаткан, кичине ижаранын баасын чоңойтуп койсок, Кыргызстан тим болот деп. Биринчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын караш керек, экинчиден, Ооганстандагы окуялардын таасири кандай болот деп. Үчүнчүдөн, биздин стратегиялык өнөктөш, бир топ дос мамлекеттерибиз бар, алардын да көз караштарын эсепке алыш керек. Баарын өлчөп, калчап туруп, Кыргызстан үчүн кайсынысы туура болсо, ошондой чечимге келиш керек. Бирок мен негизинен Америка тарапка айтканмын, "Манас­та" америкалык аскер базасы болбошу керек. Логистика, транспорт жагынан жардам берүүгө биз даярбыз, бирок жарандык борбор аркылуу, мисалы орустар Ульяновскиде ачып жатпайбы, менин оюмча, аскердик базалар Кыргызстанда канчалык аз болсо, ошончолук жакшы болот. Анткени Кыргызстан өзүн-өзү коргоого үйрөнүшү керек, даярданышы керек, өзүнүн аскер күчтөрүнө каражаттарды аябашы керек.
- Канттагы база боюнча да сиздин пикирлериңиз белгилүү. Катуу талкуу болду, аягында 15 млн. долларды Россия тарап которуп берди. Бирок оппозициядан ушул аркылуу кыргыз-орус мамилеси бузулуп калышы ыктымал деп сизди сындаган пикирлер да айтылды. Буга эмне дейсиз?
- Эми Кыргызстан эгемендүү мамлекет, өз кызыкчылыгын коргошу керек. Бардыгына жагалдана берсек, анда өлкөбүз эгемендүү болбой эле, бир мамлекеттин кулу болуп калат. Россия өзүнүн базалары үчүн төрт жыл ижара акысын төлөбөгөнү туура эмес болгон. Кээде Россиянын чиновниктери түз мамиле кылса туура болмок. Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргосо, аны спекуляция кылган саясатка буруп кеткен туура эмес да. Путин кызматка киришкен соң буларга чекит коюлат деген ойдомун. Анткени биз мурдагы сүйлөшүүлөргө кошумча эчтеме сураганыбыз жок, кагаздарга кол коюлган. Ошону эле аткаралы деп жатабыз. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошубуз керек. Биз эгемендүү мамлекетпиз, мындан ары да эгемендүү болушубуз керек.
- Жакында "Азаттык" радиосу баштаган айрым маалымат каражаттары Кадыржан Батыровдун байлыгын, мүлкүн санап, ошол боюнча маалымат беришти. Дагы бир маалымат, Москвада кыргыздар менен өзбектерди каршылаштыра турган атайын уюм пайда болду деп атышат. Ушул фондон алганда, жакында Екатеринбургда кыргызстандыктар катышкан жаман окуя болуп, ал жерде киши өлдү. Ушул окуяларды тизмектеп сыдыргыга салсак, бул тууралуу кандай пикирдесиз?
- Албетте, Москвада атайын уюм түзүлдү, Екатеринбургда ушундай окуя болду дегендер, кээде жөн эле имиштер да. Бирок, негизинен, албетте, чоң оюндар болуп атат. Оштогу окуялар жөн жерден чыккан эмес. Бир топ маалыматтар боюнча, алдын ала даярдалган. Мурун эле даярдыктар көрүлүп, анан башталган экен. Албетте, көздү ачыш керек. Анткени, эң коркунучту нерсе - улуттарды каршылаштыруу, эки бир тууган элди бири-бирине кол көтөрүүгө түртүү. Ушундай бир оюндар улутчулдуктан чыгат. Сепаратизмдин булагы да ушул, акырында бир эл сепаратисттер боло баштайт да, бири ашкере улутчул болуп баштайт. Аягында кан төгүлүп кетет. Буга өзгөчө маани бериш керек. Мамлекеттик концепция болуш керек. Биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошол эле түштүктөгү кандуу окуяны алсак, биринчиси 60-жылдары болуптур. Экинчиси 30 жылдан кийин 90чу жылдары болгон. Үчүнчүсү 2010-жылы 20 жылдан кийин болуп жатпайбы. Байкасаңар окуялардын арасы да улам кыскарып баратат.
Мындай сыноого туруштук бериш үчүн ар бир адамдын аракети болушу керек. "Биз кыргызстандыкпыз!" деп биригүү ар бир үйдөн, ар бир квартал, райондон, ар бир мектептен башталышы керек. Эгерде кичинекейинен баштап мен кыргыз, сен өзбек, сен орус деп бөлүнүп баштаса, аягы эмнеге барарын көрүп атабыз. Биз, баарыбыз, кыргызстандык болушубуз керек. Ал үчүн адегенде кыргыз тилин 1-класстан баштап үйрөнө башташ керек. Кыркка же элүүгө чыкканда үйрөнүш кыйын. Быйыл сөзсүз 1-класстан баштап биздин бардык жарандарыбызга кыргыз тилин окута баштайбыз. Кыргызстандын жарандары дегенди өзөккө өткөрүп туруп, ошондон барып элибизди бир эл кылышыбыз керек. Ошондо мобу оюндар токтойт. Гүлдөгөн, күчтүү Кыргызстан биринчи кезекте өзүбүзгө керек.
- Жакында Эне жөнүндө жарлыкка кол койдуңуз, энелердин күнүн белгилөө тууралуу. Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны өтө көп, ушул маселени чечүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Жарлыктын максаты мындай, көп өлкөлөрдө Эне күнү бар. Биринчиден, энесин унуткандар ошол күнү жок дегенде телефон чалат, эстейт. Ал эми мамлекетте, эгерде эненин күнү болсо, сөзсүз ошол күнү өкмөт даярданат, атайын программаларды түзөт. Өкмөткө дагы эскертип турган күн болот, энелер үчүн кандай камкордук кылып атабыз деп. Энелер тууралуу кандай чаралар болуп жатканы эске алынат. Албетте, энелерге мамлекет тарабынан да жакшы көңүл бурулбай келатат. Негизи, энеге башкача бир мамиле кылыш керек да. Кээ бир жигиттерди карасаң, тим эле чиренип миң коюм бар деп көкүрөк керип басышат. А энесинин же жубайынын колун карасаң, канча түйшүк тартканы билинип, колу муздак суудан жарылып кеткен... Бир-эки ирет ушул тууралуу дагы айткам. Жылуу суу койдуруу бир койдун баасынан арзан. Эне үчүн бир коюңду берип кой, өзүңдүн эле кириңди жылуу суу менен жуусун да. Куранда дагы аял - эне баарынан өйдө турат. Эгерде эне-ата эки кызды тарбияласа, бейишке барат. Аталар таарынбасын, ошондуктан энелерден баштап жатабыз...

Маектешкен
Кубат Оторбаев,
КТРК директору