Арыба, Атай!
Атай Өмүрзаков, бийчи:

"Чехиядан уткан байгемди бий конкурсуна жумшайм"


Жыйырмадан ашуун өлкөдөн миңге чукул катышуучу келчү үлкөн фестиваль 11-12-майда борбор калаада өткөнү турат. Учурда мелдештин уюштуруучусу Атай Өмүрзаков күн-түн дебей даярданып жүргөн кези. Уюштуруу иштерине Кыргызстан бийчилер ассоциациясы жана "Let`s Dance Studio", "Ё", "We` ll Be" бий студиялары кол кабыш кылууда. Мелдештин биринчи бөлүгү 11-май күнү Кожомкул атындагы спорт сарайда, финалы жана гала-концерти "Спартак" стадионунда өтөт.

- Атай, бийчилер кайсы жанрларда күч сынашат?
- Брейк данс, поппинг, локинг, хип-хоп жана хаус стилдеринде.
- Калыстар тобу кимдерден турат?
- Заманбап бийлер боюнча дүйнөгө атагы чыккан мыктыларды чакырдык. Мисалы, Франциядан Salah, Les Twins, Япониядан Kite, АКШдан Adam Sevani келет. Ал эми гала-концертке Американын "No Mercy", Румыниянын "Morandi" топторун күтүп атабыз.
- Мындай чоң салтанатка оңбогон каражат керек да. Кайдан таптыңар?
- Чехиядан уткан 100 миң доллар байгемди салдым. Андан тышкары, демөөрчүлөр да бар. Байге фондубуз 15 миң долларды түздү. Дүйнө жүзү боюнча бий мелдештеринде мындай чоң байге 2-3 гана жолу болгон.
- Баса, өзүңдүн "Тумар каер" тобуң кантип атат?
- 12-май күнү, фестивалдын негизги бөлүгү болуп аткан кезде, менин окуучуларым Украинанын "Украина мае талант" сынагынын 2-турунда сахнага чыгышат. Мен аларга ийгилик каалаганым менен, бул конкурста 1-орунду алышын каалабайм. Анткени, биринчи эле сынакта ийгиликке жетишип алса, жеңиштин баасын сезбей калышат. Тажрыйба топтогонго үлгүрбөй, ушуну менен эле токтоп калышы мүмкүн.
- Мелдеште өзүң бийлейсиңби?
- Мелдешке катышуучу катары эмес, жөн гана ачылышын бий менен ачып берем.

Бегимай БАКАШЕВА