Тост-торгой
Тоо арасында жашаган бирөө ошондой эле тоо арасында жашаган дагы бирөөгө жолугуп калат.
- Ишиң кандай, жакшыбы? - дейт бири.
- Иш жакшыле болчу. Бирок жакындан бери биз тарапта бир жырткыч куш пайда болду. Беш жолу атмайын тырмагындагы кишини кое бербейт, эй!
- Эмне деген куш экен?
- Дельтаплан дейт го…
Дельтапланы жок достор, келгиле, таамай ок жана таза асман үчүн ичебиз!

Эригип отуруп бирөө жазган экен:
"Мен үчүн дос кымбат, бирок душман да пайдалуу: биринчиси акыл-эсимди, ал-күчүмдү баалайт, экинчиси карызымды эске салып турат".
Эмесе, акылың болсо, алдыңан чыккан кредиторду айланып өт, келгиле, ошол үчүн ичебиз!

Араптар айтат экен: "Жертөлөдөгү винонун акыркысы ичилип бүткөндөн кийин канча досуң бар экени билинет" деп.
Келгиле, анда, калган-катканын ичип бүтөлү да, канча калыппыз, санайлы!

Италиялыктар ишти баштагыча кыйын, немистер иш үстүндө кыйын, француздар иши бүткөн соң кыйын, ал эми кыргыздар канча кыйын болсо да "жакшы" дегенинен жазбайт.
Келгиле, анда, кыйынчылык азайсын, жакшылык көбөйсүн, алдык!

Жапондор айтат экен: "Ачууга жол бергениң, жарым акмак болгонуң" деп. Биз болсо ичип да, күлүп да, ырдап да турмуштун ачуу-таттуусун татып атабыз. Демек, биз кыйын экенбиз да!
Келгиле, оң колубуздун ачуусун сол колдогу ачууну алып жиберип жеңели, ошол үчүн көтөрдүк!

Элде мындай кеп бар: "Акчаң жоготсоң - эч нерсе жоготкон жоксуң, досуңду жоготсоң - жарымын жоготтуң, ишеничти жоготсоң - баарысынан кол жуудуң" деген.
Эмесе, бизди досторубуз эч качан таштабайт деген чоң ишенич үчүн ичели, ура!

Винонун жакшы бөтөлкөсү менен жакшы винонун бөтөлкөсүнүн ортосунда асман менен жердей айырма бар…
Эмесе, ошол асман менен жердей айырма үчүн ичели, бизге окшогон ичи жакшы кишилерди сыртыбыздан да жалаң ак көңүл ыспонсорлор курчап жүрсүн!


Жыртыкка тешик күлөт
Атасы баласына:
- Неңдурайын десе! Элдин балдары үжө экиден катын кетирди, а сен болсо али даараткананын жылчыгынан шыкаалап жүрөсүң! Бекитем мен ал жыртыкты, бекитем!..
Баласы:
- Бөлөк даараткана жок дейсиңби, беките бер!..


Тамыры кайдакен?!
Эгерде аялзаты башын оң жакка кыйшайтып басса, демек, анын ойношу бар деп кой.
Эгерде аялзаты башын сол жакка кыйшайтып басса, анын да ойношу бар.
Дегеле аялзатынын башы бар экени чын болсо, анда эле ойношу бар деп биле бер.


Иттин
гана баласы десе!
Психиатр:
- Айтыңызчы, итмин деген ой башыңызга качан келди эле?
Пациент:
- Күчүк кезимде эле…


Кийинки конокту
ким сүйөт?
- Менин күйөөмдүн жаңы секретары сенсиңби?
- Ооба, мен, - дейт жаш кыз.
- Күйөөмдүн мурунку секретарындай шуулдак боло көрбө, садага.
- Мурункусу ким эле?
- Мен болчумун.


Бильярд мелдеши башталды!
Лысый кишиге элдик табып лапшаны илип атат:
- Бул эң мыкты каражат, ишенип кой. Кечинде сүйкөсөң, эртеси бильярддын шарына да жүн чыгат, өлүп кетейин!
- Ишенем, ишенем. Бирок да, шар тоголонбой убара кылат го…


Керебеттин үстүндө кесме ичкендей тердедик!..
- Кечээ катының экөөң урушуп аткандай болдуңар эле?..
- Мага өзү тизелеп жөргөлөп келбедиби.
- Ии, аржагын айт?..
- Келип алып: "Керебеттин астынан чык, шүмшүк!" деп бакырды…


Бүсгалтириң кана, галдир?..
Бир келин терапевттин кабинетине баш багып:
- Кечиресиз, эмчеккабым сизде калбады бекен?
- Жок, кокуй!
- Анда, көз догдурдукунда калган го…


Аскерде болдуң беле?!
"Белгисиз жоокер" деген жазуусу бар таш эстеликтин жанында экөө турат.
- Бу белгисиз жоокердин ким экенин аныктаганга болбойт бекен? - дейт бири кабатыр болуп.
- Эмнеге болбойт, бул жерде Болжолбек Булатноев жатканын элдин баары билет.
- Анда эмнеге белгисиз жоокер?
- Жоокер болгон-болбогону белгисиз да?

Аф-оризмдер
Дөбөттөй жулунуп, иттей таяк жеди.
Ит адамдын досу, тумагы, тамагы…
Карышкыр көргөн иттин чаты кургабайт.
Чынжырлуу ит сөөктүн алдын кемирет.
Короочу итти көргөндө уурунун кулагы тикчийет.
Кожоюн ити менен, ити итаягы менен сыймыктанат.
Тоок жеген ит бир күнү ок жейт.
Чынжыры кыска иттин өмүрү узун болот.
Илибой иттин түбүнө ийне жетет.
Чынжырлуу иттин кругозору итаяктан кенен болбойт.