Турсунбек Акун, Акыйкатчы:

"Анвар Артыковду сотко бердим"



Өткөн жумада ЖК депутаты Анвар Артыков менен Акыйкатчы Турсунбек Акун "Ар-намыс" фракциясынын жыйыны учурунда кер-мур айтыша кетишти. Акыйнек кызуусуна кирген эл өкүлү Акыйкатчыны "шизофреник" деп атап, Турсунбек Акун учурда аны сотко берип аткан кези. Дарегине мындай мазактоо узатканга эмне себеп болгон? Бул тууралуу Турсунбек Акундун өзүнөн уксак.

- Турсунбек мырза, Анвар Артыковдун сизди келеке кылышына эмне себеп? Элдин көзүнчө минтип айтканына караганда бир себеби бар го?
- Бизде 2009-жылы Одина Артыкова деген келин иштеген. Анвар Артыковдун кызы. Кандай иштегенин элдин баары билет. Жумуштан кетирейин десем, Анвар Артыков келип, "Турсунбек, азыр Бакиевдер куугунтуктап атат. Кызым үчүн мен кечирим сурайын. Жалгыз бой, күйөөсү да кесилип кеткен" деп суранган. Одинанын күйөөсү милицияда иштеп жүрүп соттолуп кеткен экен. Өмүр бою абакта кармоо чечими чыгыптыр. Боорум ооруп, эки жолу күйөөсү менен жолугушуу уюштуруп бердим. Ал ортодо революция болуп кетти. Парламенттик шайлоо башталды. Анвар Артыков "Ар-намыска" кошулду. Адина ошондо бул жакта иштегендерге айтыптыр, "атам депутат болду, эми жумуштан кетет" деп. Этика боюнча комиссия түзүп, териштирсек, Одина айтканын мойнуна алган. Ушундан кийин өзүм Анвар Артыковго барып астынан өткөм.
- Ал киши эмне деди эле?
- Баягы мага келгенден өзгөрүп калыптыр. Түз эле "сен эмне кызымды бөлүм башчы кылбайсың" деп омуроолоп кирди. Бөлүм башчыны мен дайындабайм да. Анүчүн конкурстан өтүшү керек. "Кызыңыз конкурстан өтпөй калса эмне кылайын" десем, "эч нерсе билбейм, ошол орунга койбосоң, сени кызматтан кетирем" деген. "Анвар аке, шантаж кылбаңыз" деп, кызын статья менен иштен кетиргем. Ошого өчөшүп калыптыр. Жыйында ошону эскертсем, мени мазактап атпайбы. Аны видеого жаздырып алганбыз. Учурда сотко бергенге камданып жатам. Андан тышкары, Анвар Артыковду мандатынан ажыратуу өтүнүчү менен фракция жана коалиция жетекчилерине, ЖК төрагасына кайрылуу жазып атам.
- Анвар Артыковдун го сизге жеке таарынычы бар экен, ал эми "Ар-намыстын" башында турган Феликс Кулов менен эмнеге тирешип жатасыз?
- Феликс Куловдун да мага жеке таарынычы бар. 2010-жылы "Х­аят" мейманкасында жыйын өткөн. Феликс Шаршенбаевич ошондо: "Жаныш Бакиев деген бандит, аны соттош керек" деп калды. Ошондо чыдабай кетип, "Качантан бери Жанышты бандит атап калгансыз, убагында "профессионал" деп мактап, МУККга кызматка сиз сунуштабадыңыз беле. Сизде уят барбы?" дегем. Мени билесиңер да, баарын бетке айтам. Феликс Кулов ошондон кийин мага тиш кайрап калды. Турсунбай Бакирди жөн жерден депутат кылды дейсиңерби. Мага каршы курал кылыш үчүн партиясына кошкон.

Санжи Туйтунова





Исмаил Исаков, ЖК депутаты:

"Атамбаевди кошоматчылар курчап алышты"


- Өткөн жумада КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков сизди партиядан чыгаруу маселеси көтөрүлгөнүн, бирок сиз оңолом деп сөз бергенден кийин партбилетиңизди албай кое турууну чечишкенин айтты. Көп өтпөй сиз ал партия­га мүчө эмес экениңизди, чыгаруу маселеси көтөрүлгөндүн өзү туура эмес экенин айтып чыктыңыз. Эмне үчүн мындай эки түрдүү маалымат чыкты. Фракциялаштарыңыз сиздин ал партияга мүчө эмес экениңизди билбейби?
- Мен бул маалымат чыккан учурда чет мамлекетте иш сапарда болчумун. Кыргызстанда эмне болуп атканынан кабардар болуп туруу максатында интернет баракчаларына баш багып турдук. Чыныбай Турсунбековдун "берген маалыматын" окуп алып, мени менен чогуу болгон депутаттар да, өзүм да аябай таң калдым. Командировкадан келгенден кийин тактайын деп Чыныбайга барсам, ордунда жок экен. Төрага Асылбек Жээн­бековго барсам, ал: "Чыныбай Акунович антип айткан эмес экен, маалымат туура эмес кетип калыптыр" деп, өзү барып тактагандыгын айтты. Чындыгында Чыныбай Турсунбеков менен дагы, фракция депутаттары менен дагы эч кандай сөз болгон эмес. Фракция депутаттарынын бардыгы менин КСДПга мүчө эместигимди жакшы билишет. Ошондуктан, мен ал партияга мүчө болбогондон кийин партиядан чыгаруу тууралуу сөз болушу дагы мүмкүн эмес.
- Фракциялаштарыңыз менен кайсыл учурларда позиция­ңыз келишпей калып атат?
- Башка депутаттарга караганда мага азыр өтө кыйын. Анткени, ордум башка. Мен эки президентке тең каршы чыгып, эки революцияга катышкан адаммын. Өкмөттүн курамы жаңы түзүлүп атканда дагы, коалиция болгонубуз менен, мен каршы чыктым. Анткени, алардын арасында кечээ эле, 2010-жылы 7-апрелде элди атып атканда ошол кездеги бийликке "ок атканыңарды токтоткула" деп айтканга жарабаган, тескерисинче, аларга көмөктөш болгондор, министрлик деңгээлге ылайык келбеген, тиешелүү тажрыйбасы жоктор министр болуп бийликке келип атса, кантип унчукпай кое аласың? Азыр Атамбаевди кошоматчылар курчап алышты. Мына ушундай маселелерге келгенде кээ бир фракциялаштарым менен позициям келишпей калгандыгы баарына белгилүү.
- Фракциялаштарыңыз менен келишпей атканыңыз тууралуу Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштүңүзбү?
- Мен командировкадан кечээ эле келдим, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок мен Атамбаевге кетирген кемчиликтерин жана туура иштерин дайыма эле бетине айтамын. Мисалы, өкмөт түзүлүп атканда дагы "Алмаз Шаршенович, мына бул кылганыңыз туура эмес. Бул министриңиз болбойт, тигиниси мындай, эл арасында өзгөчө режимге каршы чыккандар, бизди колдогондор туура кабыл албайт, уят болобуз, алардын бетин кантип карайбыз" деп, аттары менен ачык эле айткан болчумун. "Өзүңөр чечкиле" деп басып кетти. Ал эми фракциянын депутаттары маселени чечкендин ордуна толук колдоп беришти. Эгерде Алмаз Атамбаев тазаланууну ойлосо, ошол кемчиликтерди башында эле ырбатпай чечип, мен айтканды колдосо болмок.
- Сизди, Бөдөш Мамырованы "жердешчил" деген кесиптештериңиздер болду. Бул сөздү Акмат Келдибековду спикерликтен кетип атканда болушунча коргогонуңуздар менен байланыштырып айтышкан. Ушундай "оору" менен ооруйсузбу?
- Муну айткандар - баягы эле кошоматчылар. Мен эч качан жердешчилик менен ооруган эмесмин. Келдибековду ошондо эмнеге колдоп чыкканымды ачык-айкын Жогорку Кеңеште айткам, дагы бир жолу кайталап коеюн. Биринчиден, коалицияга кирген КСДП, "Республика", "Ата Журт" бизге окшогон депутаттарга көрсөтпөй эки жыл ичинде коалицияны бузбоо келишимине кол койгон экен. Аны бузган ким? Албетте, биз - КСДП. Экинчиден, телевидениеден, бүт маалымат каражаттарынан "Келдибеков криминалдар менен өбүшүп-жытташып жүрөт экен" деп айтып туруп алышты. "Ал криминалдар менен бир, ошондуктан аны спикерликтен алыш керек" деп келишимге кол койгондор өздөрү чыкты. Ал боюнча далил көрсөтүп бере алышкан жок. Оперативдүү маалымат дешет, оперативдүү маалымат деген эмне? Оперативдүү маалымат менен сот адамды күнөөлөй алабы? Акаев менен Бакиев оперативдүү маалымат деп отуруп эмне болушту? Башында келишим түзүп атканда Атамбаевге: "Алмаз Шаршенович, "Ата Журт" партиясы Убактылуу өкмөттү жамандоо менен көп добушка жетишкен эле, алардын идеясы башка, биз алар менен коалиция түзсөк туура болбой калат. "Ата Мекен" партиясы менен режимге каршы бирге күрөшүп келдик эле, идеябыз, максатыбыз бир, ошолор менен коалиция түзөлү" - деп нечен жолу айттым. Анан, келишим түзгөндөн кийин, аны аягына чейин сактап жигиттик сөзүнө туруш керек да.
- "Исмаил Исаков камалган учурда ошол Келдибековдор каяк­та эле, алар колдошту беле?" деп айтышты кесиптештериңиз. Ушул позициядан алып карадыңызбы?
- Мен мындай позициядан да алып карап көргөм. Эгер "мени ошол учурда колдогон эмес, эми менин колумдан келип турган учурда өч алайын" деп иш кылсам, анда Бакиев менен Акаевден айырмам кайсы?! Анда кекчил болуп калмакмын, ал Кудайга да жакпайт. Кыргызда "Таш менен урганды аш менен ур" деген жакшы макал бар.
- Сиз камакта отурган кезде Бакиевдин командасында жүргөн жердештериңиз Акматбек Келдибеков менен Марат Султанов сизди көмүскө колдоп келгени чынбы?
- Эл арасында ар түрлүү ой-пикирлер айтылып жүрөт, бири "жардам беришкен" десе, экинчилери "жардам бербептир, тескерисинче, спорттук машыгууларды өткөрүп, элдин чыкканына атайын тоскоолдук кылышкан" деп айтышат. Ал эми өздөрү "ошол учурда колдон келген жардамды бергенбиз" дешет. Эми кандай болбосун, алардын ал учурдагы акыбалын түшүнүшүбүз керек. Эң негизгиси - алардын мага жамандыгы болгон эмес.
Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА