"Мекендештер"


форумуна чакырабыз



Ушул жылдын 2-3-августунда Бишкекте чет мамлекеттердеги кыргызстандык мекендештердин башын кошкон "Мекендештер" аттуу форум өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги маселелери тууралуу "Роза Отунбаева демилгеси" фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова айтып бермекчи.

Мисалы индиялык-америкалык мамилелердин бир азыраак курчушу жердештердин жардамы менен жумшартылып, жөнгө салынган. Индиялык америкалыктар өлкөнүн 10 жогорку окуу жайына чоң салым кошкону баарына эле белгилүү болсо керек. Индия бүгүн компьютердик программалаштыруу боюнча алдыга суурулуп чыкты. Түпкүлүгү армениялыктар өз өлкөсүн бутуна тургузууга белсенип киришишкен. Америкага түп көтөрө кеткен ирландиялык күчтүү жамааттын жардамы менен Ирландия өнүгүп кеткен. Бүт дүйнө ушундай жашайт.


-Жибек, айтсаңыз, "Мекендештер" форумун өткөрүүнүн негизги максаты кандай?
- Биз чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин биздин өкмөт жана бул жакта жашаган кыргызстандыктар менен пикир алышуу жайын түзүүнү көздөйбүз. Бул жерде улутуна карабастан, чет өлкөлөрдө жүргөн бардык кыргызстандыктар тууралуу сөз болууда. Алар - Кыргызстанда туулуп-өсүп, иштеп жүрүп, бирок ар кандай жагдайлардан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашап калган биздин жердештерибиз. Кыргызстан 20-кылымда көп улуттуу өлкө катары калыптанды, биз бири-бирибизди байытып, бири-бирибизге көп нерселерди бере алдык. Биздин оюбузча, өз ара пикир алышуу менен көптөгөн кыйчалыш кырдаалдарда жол таба алабыз. Сиркеси суу көтөрбөгөн улутчулдук маселесинде да. Бирок эң негизги максат - өз өлкөбүздү жандандыруу, дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттери менен бир катарга чыгуу, жердештерибиз аркылуу жаңы технологияларга, жаңы стандарттарга жетишүү.
- Эгерде фактыларга таяна турган болсок, дүркүрөп өнүгүп кеткен өлкөлөр чет өлкөлөрдөгү өздөрүнүн мекендештерин тартышат экен…
- Ооба, ушундай тажрыйба көп колдонулат. Россияда мекендештердин форумдары эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Украина, Армения, Тажикстанда да мындай жолугушуулар өтүп турат. Индияда да абдан кызыктуу тажрыйба топтолгон, ал жакта чет өлкөлөрдөгү индустардын иши боюнча атайын министрлик да иштейт. Индиянын бир миллиард калкына чет өлкөлөрдөгү 60 миллион индиялык туура келет. Латын Америкасындагы Тринидад жана Тобаго деп аталган, абдан өнүккөн өлкөнүн премьер- министринин кайсы бир мууну Индиядан чыккан экен, Суринама мамлекетинин вице-президенти, Малайзиядагы, Сингапурдагы көптөгөн депутат, министрлердин да түбү индиялык болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн мекендештери үчүн көп маселелерди чечип беришет. Мисалы индиялык-америкалык мамилелердин бир азыраак курчушу жердештердин жардамы менен жумшартылып, жөнгө салынган. Индиялык америкалыктар өлкөнүн 10 жогорку окуу жайы­на чоң салым кошкону баарына эле белгилүү болсо керек. Индия бүгүн компьютердик программалаштыруу боюнча алдыга суурулуп чыкты. Түпкүлүгү армениялыктар өз өлкөсүн бутуна тургузууга белсенип киришишкен. Америкага түп көтөрө кеткен ирландиялык күчтүү жамааттын жардамы менен Ирландия өнүгүп кеткен. Бүт дүйнө ушундай жашайт.
- Сиздер дагы Кыргызстанды алга сүрөй турган күч, лобби түзгүңөр келеби?
- Эгер биз да жердештерибизди ушундай иштерге багыттасак, биз дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча пайдалуу ресурстарды алмакпыз. Алар ансыз деле ар кандай жолдор менен, ар кандай деңгээлде өздөрүнүн айылдарына, шаарларына жардам берип атышпайбы. Алар чет мамлекеттерде көптөн бери жашап, ошол жерде бутуна туруп, Батыштын жашоосуна камыр-жумур болуп жуурулушуп калгандар. Көпчүлүгү алгылыктуу ийгиликтерге жетише алышты. Биз алардан интеллектуалдык капиталды, саясий жактан колдоо, инвестицияларды же болбосо жөнөкөй эле адамдык сүйлөшүү-алаканы күтөбүз. Башкача айтканда, күн тартибинде мигранттардын укугу, мамлекеттик сабаттуу саясат мигранттар маселесинде эле эмес, башка өлкөлөрдүн жараны болуп, ал жакта этникалык азчылыктын катарына кирген мекендештерибиздин да маселеси болот.
- Форумга кандай даярдык көрүлүүдө?
- Биз азыр чоң иштерди жүргүздүк. Кыргызстан элдери ассамблеясы менен, кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү ассоциациялары менен жолугуштук. Алардын айрымдары бизге кошулду, мисалы Америкадагы "Кыргыз клаб" уюму.
- Бул иш-чара кандай форматта өтмөкчү?
- Эки күндө өтүүчү бул конференцияга кыргызстандыктар өз үйлөрүнө келгендей эле келишет, ошол эле убакта биз уюштуруп жаткан бул иш- чарага да катышып кетишет. Бул конференция эки күн өтүп, анда төрт башкы тема талкууланмакчы. Биринчи күнү - бизнес-инвестиция-финансы, илим-маданият-билим берүү. Экинчи күнү жаңы технология, жаңы коммуникация, ошондой эле мигранттар маселесиндеги мамлекеттик саясат тууралуу сөз жүрөт. Анда министрлер чыгып сүйлөп, өлкөнүн абалы, кай тарапка бараткандыгы тууралуу айтып беришет. Ошондой эле көркөм бөлүгү да болот, ажайып кооз жерлерде кечки тамак, маданий-көңүл ачуу иш-чаралары менен коштолот.
- Ал иш-чарага канча адам келет деп болжолдоп жатасыздар?
- Биз каалоочулардын баарын чакырабыз. Бирок өлкөнүн азыркы абалын жана келечегин талкуулай турган жакшы иш-чара өткөрүү үчүн алгач 500дөй адам болсо жетишет.
- Ар бирине өзүнчө чакыруу жибересиздерби?
- Биз чет өлкөлөрдөгү ассоциациялар аркылуу, ТИМ, ММК аркылуу иштеше баштадык. Басма сөзгө кулактандыруу берип жатабыз. Ал түгүл интернет- форумдардын биринде форумга катышуу үчүн 200 доллар төлөш керек турбайбы деп бизди сындай башташты. Мындай иш-чарага катышууга акы төлөө кадыресе эле көрүнүш, Батыштагы кишилер үчүн кадимкидей эле көрүнүш. Донорлор баарын төлөйт деген ойдон арылыш керек. Донорлор төлөгөн бекер кофе-брейкке, акысыз иш-чараларга кынык алганбыз, бирок ар бир сомдун эсеби бар да, акча ээсинин деле чөнтөгүнө залал келет. Ошондуктан ар кимибиз өзүбүз үчүн төлөгөнгө көнөлү да.
- Ушул сыяктуу эле иш-чараны, бирок силердикинен эртерээк, "Замандаш" ассоциациясы уюштурууда. Силердин форум эмнеси менен айырмаланат?
- Биринчиден, мигранттарыбыз ар кандай форматта уюшуп жатканы кубаттоого татырлык көрүнүш. Экинчиден, алар - бизнес-ассоциация, саясий маселелерге да көңүл бурушат. Алардын күн тартибинде да абдан маанилүү болгон чет өлкөлөрдөгү мигранттар темасы. Алар мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүшөт жана катышуучуларды каржылап келишет. Конгресске келген ассоциация мүчөлөрү белгилүү максаттарды коюшат, ассоциация аларды иштеп чыгып, конгрессте отчет беришет.
Биздин мамилебиз саал башкачараак. Биздин форум мигранттардын гана маселесин чечпестен, аларды өлкөбүзгө жардам берүүгө да чакырат. Баарыбыз Кыргызстандын бакубаттуулугу, өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшү үчүн аракеттенели. Өлкө маданиятынын, билиминин өркүндөшүнө салым кошкон, дүйнө жүзү боюнча интеллектуалдык бизнестин бардык деңгээлдеринде иштеген белгилүү кыргызстандыктарды чакыруу болжолдонуп жатат. Биз өлкөгө жаңы технология, жаңы мамиле, инвестиция тарта тургандардын бардыгын чакырабыз.
Бул форум "Кыргызстандыктар Кыргызстандын өнүгүшү үчүн!" деген ураан алдында өтмөкчү. Мында бизнес, экономика, социалдык маселелер боюнча мамлекеттик демилгелер менен стратегияны ортого салып жана талкуулап гана тим болбостон, коомдук башталыштагы, жеке бизнес-долбоорлордогу, жеке демилгелүү башталыштарды да өзүнө камтыйт. Мисалы Google компаниясында иштеген кыргыз жигит жеке демилге менен алек болууда, ал Google котормосуна кыргыз тилин киргизүүдө. Чет өлкөлөрдөгү биздин академиялык элита да Кыргызстандын имиджин көтөрүүгө салым кошууда. Өлкөгө жардам берүү боюнча дагы кыйла аракеттер көрүлүүдө. Бул ишти максаттуу кылып, өлкөбүздү кантип бутуна тургузуу жолдорун биргелешип ойлоп табууну көздөйбүз. Мекендештердин форумун мына ушул максатта өткөрүүнү ойлоп жатабыз. Бул жаркын, жакшы, абдан пайдалуу иш-чара болот деген чоң үмүттөбүз.

Маектешкен
Айгүл Бакеева