Чаңкаганда ичиңиз…

"Тянь-Шань Легенда" - жаңы формада!



Ичүүгө жарактуу таза суу күнүмдүк көйгөйлөрдүн бири. Дүйнө жүзүндө нечендеген адамдар күн сайын чай, кофе кайнатуучу чайнектерди колдонуп, баалуу суу тазалоочу фильтрлерди сатып алып, сууну тазалатып, кайнатып жатышат. Убакыттын учканы адамдарды ого бетер мезгилден калышпоого үгүттөйт. Ошону менен ден соолукка зыян келтирбестен, аны чыңдап, таза суу ичүүгө адамдар көп аракет жасашат.

Адам жигердүүлүгүнө пайдалуу суулардын бири - "Тянь-Шань Легенда".
"Тянь-Шань Легенда" - бул экологиялык таза, ичүүгө жарактуу, ошону менен катар накта булак суусу. Бул суунун сапаты эл аралык стандарттарга ылайык келип, суу курамындагы азыраак өлчөмдөгү туздар күнүгө ичүүгө ылайыктуу болуп саналат. "Тянь-Шань Легенда" суусунун даамы абдан жумшак келип жана суудагы оптималдуу минералдар балансы жашоо жигердүүлүгүн камсыз кылат. Күнүмдүк колдонууга идеалдуу болуп саналып, "Тянь-Шань Легенданын" өзгөчө табигый даамы табитиңизге төп келет.
Ошону менен бирге "Шоро" компаниясы суу чыгаруу тармагында дагы бир ыңгайлуу жолду таап чыкты. Элге таанымал "Тянь-Шань Легенда" булак суусу мындан ары жаңы формада чыгарылып, элдин назарына тартууланат. "Шоро" компаниясы полиэтиленден жасалган жаңы тамак-аш баштыгын даярдап чыгарды. 10 литрдик көлөмдөгү "Тянь-Шань Легенда" суусу менен толтурулган баштыктар колдонууга ыңгайлуу жана керектөөчүлөр диспенсердин үстүнө орнотууда көп күч-аракет коротпойт. "Тянь-Шань Легенда" баштык суусу үй тиричилигинде да колдонууга ыңгайлуу болуп саналат.
10 литр көлөмдөгү полиэтилендик "Тянь-Шань Легенда" баштык суусу контейнер аркылуу диспенсерге ­орнотулат. Кошо жүрүүчү товар катары үй тиричилигинде колдонгонго "Тянь-Шань Легенда" баштык суусунун өзүнчө чоргосу бар. Ал чорго колдонуу көрсөтмөсү менен кошо берилип, аны менен суу идишке куюлат. "Тянь-Шань Легенда" баштык суусунун сырткы көрүнүшү өзгөрүлгөнү менен, бул өзгөрүүлөр суунун табигый түзүлүшүнө жана касиетине доо келтирбейт. "Тянь-Шань Легенда" баштык суусунун жаңы формасы пайдалануу жолдорун гана жеңилдетип, суунун пайдалуу касиеттерин жоготкон эмес. Бирок бул өзгөрүүлөрдө эң чоң мааниге ээ болгон артыкчылык - 10 литр көлөмүндөгү баштыктар эки ирет эмес, бир сыйра гана колдонулат. Ошону менен сууну куюп жатканда баштыктар УФ-стерилизациядан өтөт. Бул суунун коопсуздугунун белгиси.
"Тянь-Шань Легенда" суусу Мамлекеттик улуттук Ала-Арча жаратылыш паркынын булагынан агып чыгат. "Тянь-Шань Легенда" суусу деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктиктен оргуп чыгып, жогорку сапаттагы технологиялык тазартуудан өтөт. Бул тазартуу суунун табигый касиетине таасир этпейт, коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат. Ошондуктан "Тянь-Шань Легенда" суусунун курамында табигый микроэлементтердин оптималдуу саны бар. "Тянь-Шань Легенда" суусундагы минералдар жана туздардын тең салмактуу курамы чай, кофе, тамак-аш жана балдар азыктарын даярдоого эң ыңгайлуу болуп саналат.
Адам күнүнө 2,5 литр суусундук ичсе, 1,5 литри - суу болушу керек. Мындай өлчөм адамдын жашоо жигердүүлүгүнө керектүү. Ошону менен күнүгө 1,5 литр "Тянь-Шань Легенда" суусун ичсе, даамына да, пайдасына да кумарлана алат.
"Тянь-Шань Легенда" суусу - жогорку позицияны көрсөткөн, имидж түзө турган суу.

Назима Жумаева