Токсон тогузунчу "днюха"

Туулган күн адам баласы үчүн пайдалуу экенин биздин окумуштуулар далилдеп чыгышты. Көрсө, кимде-ким туулган күнүн канчалык көп майрамдаса, ал адамдын өмүрү ошончолук узак болот экен.


Каскадер ит экен!

Эки кишинин сөзүнөн:
- Бүгүн бир таң калычтуу шумдук окуяга күбө болдум, - дейт биринчиси.
- Эмне болгон окуя?
- Менин "Мерседесимдин" дөңгөлөгүнө ит сийип кетиптир.
- Анын эмнеси шумдук окуя?
- Мен саатына 180 км менен зуулдатып бараткам да?!

Сөгүш жарыялайм!
"Колу-бутуңа шал тийип кал!"
Ууру-кески, каракчы, чоң муштум, кызыл камчы, колу туткактарга, кээде жараны "тырмаган" кошуна-колоңдорго каршы деле колдонула берет. Аралыктан, телепатиянын, жаман көздүн жардамы менен ишке ашырылат. Бул апааттан аман калыш үчүн, өз убагында: "Каргышың как башыңа!" деп шашылыш түрдө алдын кайрып жиберип, ары карап жатып албасаң, паралич болуп "пастелдик" режимдин курмандыгы болушуң толук мүмкүн. Ага жеткирбеш үчүн "жерден өйдө, чөптөн ылдый" маршрут менен жүрүшүң керек. Ошондо сага эч ким капилет каргыш ыргытпайт. Эмнеси болсо да эсиңден чыгарба, жогорудагы каргыш сөздүн канаттуу ракетадай как чыкыйга, алты саныңа, он эки мүчөңө капыстан тиймей капсалаң касиети бар… касиетиңен айланайын "канаттуу сөздөр".

Кышкы каникул кандай өттү?

Карышкыр, түлкү жана аюу болуп өтүп бараткан кыш жөнүндө кеп салып отурушат. Карышкыр менен түлкү жүндөрү түлөп, кебетелери кетип арыктап бүткөн, аюу болсо жылтылдап семиз дейт.
- Мен кышты тоокканада өткөздүм, - деп баштайт түлкү, - жумасына бирден тоок кармап жеп жакшы жашап атканда, кишилер билип калып, мага капкан салышты. Араң качып кутулдум.
- Мен болсо кышты малканада өткөздүм. Жумасына бирден кой жеп жакшы жашап атканда, кишилер билип калып, мага капкан салышты. Мен да араң качып кутулдум.
- Мен болсо чээнимде жаттым, - дейт аюу.
- Анда эмне мынча семиз чыктың? - дейт берки экөө.
Анда аюу айтат:
- Менин чээнимдин астында көмүр шахтасы бар, анда иштеген шахтерлор капкара болуп баары окшош. Улам бирден жоголуп атканын эч кимиси байкабайт экен…





Астапандан анекдот
Боюнда бар эркектана гинекологго келет.
- Эмне болуп башталды эле? - деп сурайт оозу ачылган врач.
- Балээнин баары чыны жуугандан башталды, - дейт тигиниси окшуп-окшуп алып.
***
Кудайдан кичинекей негр бала сурап атат:
- Кудурети күчтүү Кудай, эмне үчүн менин теримди кара кылып жараттың?
- Ак тери менен Африканын куйкалаган ысыгына чыдай алмак эмессиң.
- А эмне үчүн чачымды кыска жана тармал кылып жараттың?
- Узун чач менен Африканын чытырман токоюнда бутактарга илинип жүдөмөксүң.
- Оо, Кудай, анда эмнеге мен Бишкекте туулуп калдым?..
***
- Эмне китеп окуп атасың, балам? - дейт атасы.
- "Миң бир түн" дейт го.
- Койсоңчу калпыңды, кантип эле бир түнгө миң сурасын!
***
Бир сулуу келин врач-сексопатологго көрүнгөнү келет:
- Күйөөмө ыраазы эмесмин, эмне кылам?
- Ойнош күт...
- Ал деле бар, бирок аздык кылып атат...
- Дагы бирди күт...
- Менин беш ойношум бар болуп атпайбы!
- О кокуй, сиздики анда патология турбайбы!
- Ошентип жазыңызчы, патология деп! Болбосо, баарыле - сойкусуң, сойкусуң эле дешет...
***
- Шалман, Францияга кандай барып келдиң?
- Укмуш, баягы биздин досубуз галдир Салманды билесиңби?
- Ооба.
- Ошо кургурдун ашканасында бир катындын сүрөтү илинип турчуле го?
- "Жокондабы?"
- Ооба, ошо катын азыр Францияда, Луврда илинип турат, кудая тобо!..
***
- Корозуң канча сом?
- Короз сатылбайт.
- Келесоо го, базарга эмнеге апкелдиң анда?
- Мунсуз тооктор базарга чыкпайбыз деп чуу көтөрүп атат.

Короз тоокту тырпыратып атса, короого кожоюн кирип жем чачат. Короз астындагы тоогун таштай сала жемге чуркап келет. Анда ээси:
- Ушунчалык курсак ачкандан кудай сакта, - деп жибериптир.
***
- Эмне үчүн уйдун башы сүйрү?
- Бечара уйду күнүнө эки жолудан эмчегин ­чоюп, жылына бир эле жолу букадан чыгарышат.

Кимбайке







Норкабы же буркабы?..
Аялы күйөөсүнө мындай дейт:
- Кымбаттуум, сен мага канча мезгилден бери көптөн күткөн үч сөздү айтпай жүрөсүң.
- Кайсы үч сөз экен?
- "Сага сатып берем…" деген.

Абактагылар телефонсуз калат
Кыргызстандагы беш абакта уюлдук байланышка ­тоскоолдук кылуучу атайын жабдуу орнотулат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу Жаза аткаруу кызматынын маалыматына таянып жазып чыкты. Аталган жабдуу коюлчу абактардын арасында Бишкектеги №1 абак дагы бар. ­Система иштей баштагандан тарта уюлдук байланыш үзүлөт. Бул камактагы айрым адамдардын, криминалдык топтордун өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сырттагылар менен сүйлөшүп, өз "ишмердүүлүгүн" жүргүзгөнгө бөгөт коет.