Зыфаргүл АЙДАРБЕКОВА, Иманалы Айдарбеков атындагы фонддун төрайымы:

"Иманалы Айдарбековдун сөөгүн кителдеги кагаздан улам тапканбыз"



Иманалы Айдарбеков Кара кыргыз автономиялык облусунун пайда болушуна зор салым кошкон инсандардын бири. 1937-жылы ал "эл душманы" деген жалаа менен репрессияга кабылган. "Ата-Бейитте" репрессия курмандыктарына орнотулган эстелик-мемориалда анын да аты бар. Тилекке каршы, анын саясый-коомдук ишмердиги бүгүнкүгө чейин толук тарыхый баасын алалбай келет. Мамлекеттин түптөлүшүнө жанын аябай эмгек кылган кишинин ушу күнгө чейин эстелиги тургузулуп, көчөгө аты берилген жок. Бүгүн редакцияга келген атактуу инсандын небере-келини Зыфаргүл Мусулманкуловна ушул көйгөйдү айтып, кейип олтурду.

- Зыфаргүл эже, залкар инсандын канча уул-кызы бар?
- Иманалы Айдарбеков 1937-жылы кармалып, жалган жалаа менен камакка алынган. Жубайы Кичкен, Токтобүбү жана Рафа аттуу кыздары менен калып, "эл душманы" атыгып, куугунтукталган. Тырнактай кыздарын бооруна кысып, эптеп оокаты өтүп жатканда тун кызы Токтобүбү көз жумуп, анын жансыз денеси көчөдөн табылыптыр. Эмне болуп өлгөнү алигүнчө табышмак. Жүрөгү үшүп калган Кичкен апа экинчи кызы Рафаны поездге жашырып салып, Москвага качырган экен. Рафа Москвага барганда ооруканага бала багуучу болуп иштейт. Кийин мединститутка тапшырып, 4-курс­та окуп жатканда, Улуу Ата Мекендик согуш башталып калат. Рафа атасын актап, күнөөсү жоктугун далилдеш үчүн өз ыктыяры менен согушка аттанат. Согуш талааларында канчалаган жарадарларды куткарып, Берлинге чейин жетет. Үйүнөн куулуп, эч бир жумушка алынбай, жокчулукта өмүр кечирип жаткан апасына посылка салууну да унутпайт. Ошол посылкалар менен жан сактаган Кичкен апа кызы Рафа менен 1946-жылы көрүшөт. Кичкен апа небереси Азаматты көргөндөн кийин, 1948-жылы көз жумган экен. Ошол Азаматтын жубайы мен болом. Ал 2005-жылы ашказан оорусу өтүшүп кетип, дүйнө салды. Ортодо Айжан кызыбыз, Чыңгыз деген уулубуз бар. Уул-кызым да, мен да медицина тармагында иштейбиз. Илимий даражаларыбыз бар.
- Кайын энеңиз атасын өмүр бою издеген деп угабыз?
- Апам 1996-жылы каза болду. Атасын туура 50 жыл издеди. Убагында апасы экөө сураштырса, андан эч майнап чыкпаптыр. Көрсө, алда качан эле атылып кеткен тура. Аны дагы, жадагалса кайда көмүлгөнүн да эч ким айтпаптыр. Чыңгыз Айтматовго рахмат, анын жардамы менен Иманалы Айдарбековдун кайсы жерде көмүлгөнүн билдик. Чоң-Ташта башка маркумдар менен чогуу көмүлүптүр. Сөөгүн китель чөнтөгүнө салынган өкүм барагынан улам таптык. Кайын энем көз жумаар алдында атасына эстелик тургузуп, көчөгө атын берүүнү керээз кылган эле. Бул боюнча канча чуркасам дагы жылыш жок. Көңүлүм аябай калды.
- Эстелиги кайсы жерге орнотулса дейсиңер?
- Маданият жана туризм министрлигинин маңдайындагы, көрүнүктүү коомдук-мамлекеттик ишмерлердин бюсттары орнотул­ган аллеяга коюлса дегенбиз. Эстеликтин эскизин чийдирип, тургузууга кеткен чыгымын да дайындап берген элек. Ал кишини атууга алып кеткен акыркы жол Тынчтык проспектиси болуптур. Ошонун резиденцияга чейинки бөлүгүнө атын берүүнү өкмөттөн сурап атабыз. Тилекке каршы, жооп жок. Мурдагы жылдары 125 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү маселеси көтөрүлүп, 400 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берүүгө чечим чыккан. Ал да болбой калды. Бир гана Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылына музей ачылып, айкел тургузууга айыл тургундары, жергиликтүү бийлик макулдугун берди. Май айында болсо, Иманалы Айдарбековго арнап марафон өткөргөнү турабыз.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Президенттин кеңешчиси Султан Раев менен болгон былтыркы бир баарлашуубузда Иманалы Айдарбеков туурасында да сөз кылсак, Султан Акимович ал кишинин алгачкы ажо болгонун танбастыгын, эстелик тургузууга татыктуу инсан экенин, бул боюнча мурунку парламент токтом чыгарып, аны аткаруу өкмөткө тапшырылганын, каражат жоктугунан жылып, 2012-жылга пландалып жатканын айткан эле. Аны быйыл кайра эстетип сурасак, дагы эле аракет кылып жатышыптыр, "алгач марафонун өткөрүп алалычы, эстелигин анан сөз кылабыз" деген кыска жообун берди. "Аракет кылса берекет" дегендей, быйыл Иманалы Айдарбековдун айкелин көрөт окшойбуз…





Кең талаада төрөлүп,


кыргыздын багына


жанган Майра


Каракол шаарынын жаштар кыймылынын демилгеси менен бир жарк этип өчкөн, эгиз тилдеги эргүүлөрдү толкуп-ташып кыргыз, казак калкына жеткирген төкмө акын, обончу Майра Керим кызынын ысымы облустун ордо калаасынын бир көчөсүнө берилди.


Ал, ырас, башымды мен ийип келдим,
Көңүлгө көп сырларды түйүп келдим.
Он миллион казак баткан кең талаадан,
Кыргызга сөөгүмдү кыйып келдим, - деп өлөөр-өлгөнчө касиеттүү Ысык-Көлдү, түптүү кыргыз элинин салт-санаасын, санжыргалуу тарыхын ырга айландырган Майра Керим кызы Каракол шаарында бир топ жыл өмүр кечирген эле. Анын чыгармачылык алгачкы тушоосу К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында акындардын облустук кароо-сынагында кесилген болчу. Домбранын коштоосунда жүрөктүн тээ түпкүрүндө буулугуп, ачыла албай жаткан көңүл сырларына, сезим кайрыктарына жан киргизип төккөн саптары дале жадыбызда. "Кыз кезде эңсегенди кыргыздан жолуктурдум", "Кагылам кыргыз калкынан", "Аруагы Райымбектин колдоп жүргөн, Манас пен Токтогулдун келинимин"… Эмнени ойлоп турса, ошону гана көпчүлүктүн көөнүнө салып, тартынбай ырдаган Майранын таланты Жумагул Сааданбеков баш болгон "мен-мен" деген дөө-шаалардын шаштыларын далай кетиргендиги тууралуу аңыз кептердин учугу дале үзүлө элек. Кыргыз кыз-келиндеринин арасынан Майрадай төкмө акындардын дээрлик жоктугунан уламбы, айтор, 90-жылдары ансыз маараке-тойлор өтчү эмес.
Майра өлөөр-өлгөнчө эң биринчи жолу сыйлыкка алган кою кантип жипке муунгандыгы тууралуу окуяны айтып өттү. Көпчүлүккө тааныла элек кезинде Жети-Өгүз районунун Шалба айылындагы чарбада башкарма болуп иштеген, санжырачылардын алгачкы кароо-сынагын уюштурган Турат Султанов ага бир кой берет. Койду болсо, Тоңго эртең алып кетем деп кечинде жип менен байлап коюшат. Эртеси эртең менен манасчы, төкмө акын Майранын устаты Сапар Касмамбетов комузун толгоп, Корголдун обонуна салып:
Учук өтпөс ийнеден,
Майражан, Султанов берген ак коюң,
Учуп кетти дүйнөдөн,
Жибек өтпөс ийнеден,
Майражан, башкарма берген ак коюң,
Сызып кетти дүйнөдөн, - деп ырдап, шакиртин уйкудан ойготот.
"Жакшы мал жанга аралжы, кайнагам кечээ ак кой берсе, бүгүн ирик берет, ошого да кайгырамбы", - деп Майра менен Сапарбек аба ал күнү да Шалба айылына өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Майра кайда жүрбөсүн сөзсүз күлкүлүү окуяларга кездешпей койчу эмес.
Өмүрүнүн акыркы күндөрү айыкпас дартка чалдыкса да, эркти башкарып, асылган оору менен жакшы эле кармашты. "Рак болсом да брак болбоюн", - деп дембе-дем дары ичип, укол сайдырып, анан сахнада жаркылдап ырдап, төкмө акындардын республикалык айтышында баш байгени жеңип алганы эстен чыкпас.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
өз кабарчы, Ысык-Көл облусу