Бишкекте "Тойота борбору" ачылды


Өткөн жумада Бишкекте адистешкен "Тойота борборунун" расмий ачылышы болуп өттү. Бул кабарды Toyota унаасын сүйгөн кардарлар кубануу менен кабыл алаары талашсыз.

Кыялдан жаралган унаа… Дүйнөдө Тойота унаасы жөнүндө ушинтип айтышат. Баары Сакиши Тойода аттуу адамдын кыялынан башталган. Сакиши 1867-жылы орто чарбалуу адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Жапондордун салты боюнча уул ата жолун жолдошу керек. Бирок Сакиши эр жеткен кезде салт-санаага болгон мамиле өзгөрүп калган эле. Бул анын кыялын ишке ашырууга түрткү берип, токуу станокторун жасай баштаган. Сакиши атайын билим алган эмес. Баарын башынан өткөн тажрыйба аркылуу үйрөнгөн. 1894-жылы анын уулу Кииширо жарыкка келген. Ата-бала 20 жыл өткөндөн кийин токуу станогун автоматташтырууга жетишкен. Ошентип Тойода үй-бүлөсүнө таандык Toyoda Automatik Loom Works компаниясы түптөлгөн. Сакиши өмүрүнүн акырына чейин унаа өндүрүшүн ачуу кыялы менен жашаган. Өлөөр алдында бул кыялын уулуна керээз кылып табыштаган экен. Кииширо аны аткарыш үчүн автоматташкан токуу станогунун патентин англичандарга 100 миң фунтка сатып, акчаны өндүрүшкө салат. Ошентип 1936-жылы Toyoda А А үлгүсүндөгү унаа, кийинки жылы "Toyota Motor Company" компаниясы пайда болгон.
"Тойота Мотор Казакстан" компаниясын жетектеген Като Шинго маалымат жыйында кыргызстандыктар үчүн сапаттуу, жогорку деңгээлде кызмат көрсөтөрүн жарыялады. Демек, мындан ары Тойотаны же анын тетиктерин алуу үчүн чет өлкөгө каттаган ортомчуларга жалдырап убара тартпайсыз. Алып келүү акысын да эки эселеп төлөштүн кереги жок. Дилердик борборго барып заказ берип коюу гана жетиштүү. Экинчиден, жаңы унаа айдоо мүмкүнчүлүгүн аласыз. Батышта 20 жыл айдалган эски унааны алгыча, үстүнө биртике тыйын кошуп жаңысын тепкенге не жетсин? Кокус жаңы алган Тойотаңыз бузулуп калса, түз эле борборго барсаңыз, сапаттуу кылып оңдоп беришет. Мындан күмөн санабай эле койсоңуз болот. Жапондор чынчылдыкты жана тактыкты сүйгөн калк эмеспи. Алардын Кыргызстанга ишеним артып мындай борбор ачып жатышы көп нерседен кабар берет…

Санжи Туйтунова





Кырсык айтып келбейт

Алмончоктой Азирет кайдыгерлик айынан көз жумду



Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн астына курулган менчик бейтапкана, дүкөн-кафелер жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Ага ич күйдүлүгүбүз деле жок. Бирок бизнести көздөп аткан соң имарат коопсуздук эрежесин да сакташса. Дегеним, айрым имараттардын электр зымдары ачык эле самсаалап, жамгыр төккөн сайын чыртылдап жүрөктүн үшүн алат. Жакында эле ушундай чубалган зымдын айынан 1-класстын окуучусу Азирет Узакбаев токко урунуп, каза тапты.

Окуя 19-апрель күнү түш оой болгон. Наристесинен ажырап кайгыга баткан ата-эне Азиреттин өлүмүнө 126-үйдүн 1-кабатына курулган "Тынчтык" тиш дарылоочу менчик клиникасын күнөөлөп жатат. Көргөн күбөлөрдүн айтымында, Азирет клиниканын тепкичине чыгып ойноп жатып, электр зымын кармап алган. Биз барганда Азиреттин таенеси Аккыз Канаева үйдө экен. Ошол күнү болгон каргашаны ый менен эскерип олтурду.
- Кызым менен күйөө балам кечке иштен бошобойт. Ошол күнү Азирет ойноп менчик клиниканын жанына барып калыптыр. Анүстүнө эшиктин алдында балдар ойноочу аянтча жок. Ал болсо да бала алаксыйт беле... Мындай болорун биз да күткөн эмеспиз. Болбосо, "Тынчтык" клиникасына киргизилген үч фазалуу ток зымдарын күндө эле көрчүбүз. Үч ача болуп сыртка чыгып турчу. Клиниканын ээсине аябай нааразыбыз. Ата-энелерге эскертип айтпаса да, "бул жерде ток зымы бар, абайлагыла" деп жазып койсо болот эле го. Болоору болуп, боёсу кангандан кийин, Талас шаардык электр тармактарынын жетекчилери, жумушчулары келип ток зымдарын жыйнап кетишти. Анын баарын видеого тартып алдык. Ошол ток зымдарына караганда кир жайган жип жакшыраак. Ар кайсы жери үзүлгөн, түйүндөлгөн, клеёнка менен байланган экен. Бала токко урунганын көрүп кызым ыйлап эшикте жүрсө, клиниканын ээси Тынчтыкбек Тыналиев жардам бергенге да жарабаптыр. "Тез жардам" бир жарым сааттан кийин зорго келиптир -дейт күйүп-бышкан Аккыз Канаева.
Жабырланган тараптын айтымында, №126 үйдүн жашоочулары бир нече жолу шаардык электр тармагына арыз менен кайрылган. Бирок алардын көйгөйүнө эч ким баш ооруткан эмес. Менчиксиңер, өз киндигиңерди өзүңөр кескиле деген таризде карабай коюшкан. Балким ошондо монтер келсе, ачык турган зымдарды көрсө, кырсыктын алдын алууга болот беле деген ойго жетеленесиң.
Чырак баланын сөөгү келбес жайга узаган үйдөн чыгып, окуяны андан ары териштирүү үчүн "Тынчтык" клиникасына бардым. Аталган имараттын ээси, тиш догдур Тынчтыкбек Тыналиев баланын өлүмүнө тиешеси жок экенин айтат.
- Ошол күнү иште болчумун. Аңгыча эле бирөө эшиктен чуркап келип, "үстүңкү кабаттан бала кулап түштү" деп айтты. Чуркап чыксак, бала зымды кармап калыптыр. Таяк менен токтон ажыратып, машинанын полиги менен кармап жерге түшүрдүк. Клиникага киргизип, "Тез жардам" чакырдык. Ал келгиче өзүбүз да жүрөккө массаж кылып жаттык. "Тез жардам" кечиккенде, машинага салып ооруканага алпарган элек. Тилекке каршы, баланын өмүрүн сактай албадык. Чынында үч фазалуу токтун мага тиешеси жок. Аны көп кабаттуу үйлөргө киргизишкен. Мага болгону бир фазалуу счетчик коюп беришкен, - деп жооп берди Тынчтыкбек Тыналиев.
Кандай болгон күндө да бул кесепеттүү окуя акырына чейин иликтенип, күнөөлүүлөр аныкталат, шаар бийлиги эсине келип үй куруу­чуларга талапты күчөтөт деген ойдобуз. Бир гана бейкүнөө наристенин өлүмү өкүндүрөт. Кайдыгерлик айынан чымын жан чыркырап учуп кетти...

Мира Сейдикеримова,
Талас