Күйөө балдар "Кыз Буракты" куттуктайт
"Кыз Бурак" тобунун концерти 25-26-27-апрель күндөрү Ош шаарында, 9-10-майда Бишкекте өткөнү турат. Сахнага "Кыз Бурактын" 40 кызы чыгат. Андан тышкары, Садыбакасовадан тарбия алган ырчы жигиттер да даярданып турган кези. Мисалы, Ильяз Абдразаков Сайкал менен, Алишер Тоотаев Азиза менен дуэт ырдайт экен. "Ырчы жигиттер гана эмес, күйөө балдарым дагы ырдашат. Бирок кайсы кыздардын күйөөлөрү экенин азыр сыр бойдон сактай турайын" дейт Гүлшайыр айым. Баса, концертке азыркы "АГК" тобунан Гүлнара Калдарова менен Айжамал Кабылова дагы катышат.


Гүлжигиттен жандуу үн
Кумарлуу көздөрү менен кыргыз эле эмес, башка улуттагы кыздардын да жүрөгүн тынчытпай келген Гүлжигит Калыков күйөрмандарына жагымдуу белек тартуулайт. Май айынын 16-17синде кыздар гүлдөрү менен кошо камера, фотоаппарат, жүз аарчыларын даярдап турса болот. Ал күнү Гүлжигит жандуу үн менен үлкөн концерт берет.


Анара кыргыз намысын коргойт
Анара Ормонова учурда 3-класс­та окуйт. Жаш модель "Дизайн-Мода" агенттигинде тарбияланып жатат. Өткөн жылы күзүндө "Кыргызстандын жаш сулуусу" сынагынын гран-при сыйлыгын жеңип алган. Эми май айынын 21-27 синде мамлекет намысын Молдовада өтө турган эл аралык "Дүйнөнүн жаш модель сулуусу" сынагында коргогону турат. Ушу тапта Анара окуусунан тышкары англис тигин үйрөнүп, хореографиядан сабак алып жатыптыр. Агенттик жетекчиси Замира Ибраимова дизайнерлер кичинекей сулууга сынакта кие турган кийим-кечектерди тигип, тытынып атканын айтты. Анарага ийгилик каалап коелу.


Айсулуулар
Өткөндө АКШдагы сулуубуз Салтанат Кожомбердиева жөнүндө жаздык эле. Эми Орусияда өткөн "Кыргыз сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү Чынара Пратова жана анын биртууганы Венера менен тааныштырабыз.
Учурда эже-сиңди сулуулар Орусияда. Венера 2006-жылы, Чынара 2009-жылы Москванын ЖОЖдоруна окууга өтүшкөн. Экөө тең моделдик бизнеске кокусунан келип калышкан. Венера курбусу менен кастингге барып көзгө илинип калган. Ал эми Чынара эжесин ээрчип жүргөн кезде, капысынан эле ооруп калган моделдин ордуна чыгып берүүсүн өтүнүшкөн. Учурда Чынара "POINT", Венера "President MM" моделдик агенттигинде иштейт. Чынара Орусияда "Кыргыз сулуусу" титулун алып жүрөт. Венера 2010-жылы "Miss Fashion Photo KG" сынагынан 1-орун, "Miss Fashion Kyrgyzstan" сынагынан 1-вице-мисс титулун алган.

Сахнадагы 24 жылдык өмүр
КРнын эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева 27-апрелде жеке концертин бергени турат. Сахнадан түшпөй келатканына да, турмуш курганына да 24 жыл болуптур. Бул ырчынын башкалардан айырмасы - кечээ кандай жөнөкөй болсо ошо бойдон калды. Жибектей чоюлган ырчы айым "Камбаркан" тобуна жолдошу экөө алгачкылардан болуп кирип, кызмат өтөп келишет. Жолдошу Саадат урма аспапта ойнойт. Экөө ­быйыл жалгыз уулу Кубанычты үйлөнтүп келиндүү болсокпу деп турат.


Бек "Новая
волнага" барат
Былтыр "Бишкек" дуэти Юрмалада өткөн "Новая волна" сынагында 1-орунду ээлеген ырчыдан аз-маз упай менен айырмаланып, 4-орунду ээлеп, көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзып кайткан. Быйыл да жакшы көрсөткүчкө жетерибиз ажеп эмес. Кыргызстандын атынан 20-21-апрелде Юрмала сахнасына Ислам Акматов, Кайрат Пиримбердиев, Курал Чокоев сыяктуу 11 ырчы чыкты. Алардын арасынан 3 кыргызстандык финалга чыгып, өзгөчө ишенимди Бек Исраиловго артып турабыз. Анткени, бул жигитке Мирбек менен Гүлжигиттин продюсери Канат Култаев көмөк көрсөтүп жүргөн чагы. Дегеним, Култаев таланттууларды алыстан сезчү эле…

Бегимай БАКАШЕВА